"Дордой" Ассоциациясынын 20 жылдык юбилейи белгиленет
Кыргыз Республикасынын эгемен­дүүлүгү менен куракташ "Дордой" ассоциациясы өзүнүн басып өткөн 20 жылдык таржымалында калыптануунун татаал да, даңктуу да жолун басып өттү, мамлекеттин экономикасына, демократиялык кайра жаралуусуна, дегеле Кыргызстанда рынок экономикасынын өнүгүшүнө эбегейсиз салымын кошту. Бир кезде саздак, камыштуу ээн жерден башталган "Дордой" базары бүгүнкү күндө канат - бутагы кенен жайылган, көп тармактуу, мамлекеттин бюджетинин бир капшытын көтөргөн ири ассоциацияга айланды. Кыргызстандагы көптөгөн бизнесмендер үчүн мыкты мектеп болуп берди. "Дордой" ассоциациясы Борбор Азия гана чөлкөмүндө эмес, КМШ мейкиндиктеринде ке­ңири таанылган соода комплекси. Айтылуу "Форбс" жумалыгынын жарыялаган рейтингине ылайык, "Дордой" соода комплекси дүйнөдөгү эң ири делинген 52 базардын тизмесине №10 орунда турат. Базарда 55 миң туруктуу иш орундарынан тышкары жалпы жонунан800 миң адам , же тактап айтканда, Кыргызстандын калкынын төрттөн бир бөлүгү жанын багат. Бүгүн ассоциациянын курамында 30дан ашуун ишканалар, кампаниялар иштеп, Кыргызстандын калкына тейлөө кызматын көрсөтүшүүдө. "Дордой" ассоциациясынын майрамы - бул жалпы кыргызстандыктардын, ата-мекендик орто жана кичи бизнес өкүлдөрүнүн майрамы.
"Дордой" ассоциациянын президентинин жардамчысы Мукаш Осмоновдун бизге билдирген маалыматына караганда, "Дордойдун" 20 жылдыгына арналган иш-чаралар атайын программа боюнча өтөт. Юбилейлик майрам 7-декабрь күнү эртең мененки саат 11-00дө Аламүдүн кичи районунда жайгашкан ассоциациянын "Умай-Нур" билим борборунда, "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун ачып берүүсү менен башталат.
"Дордой" ассоциа­ция­сынын 20 жылдык юбилейлик маарекесине арналган негизги салтанат 7-декабрь күнү А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында саат 14-00дө башталат . Салтанаттуу жыйынга Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев , экс-президент Роза Отунбаева , өкмөт мүчөлөрү, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, ишкер чөйрөнүн, коомчулуктун өкүлдөрү жана Кытайдан, Бразилиядан, Кореядан, Россиядан, Өзбекстандан, Казакстандан келишкен коноктор катышышат . Расмий жыйындын аягында кыргыз искусство чеберлеринин жана эстрада жылдыздарынын чоң программадагы майрамдык концерти менен жыйынтыкталат.
Андан ары майрам катышуучулары ассоциация тарабынан 7 кичи районго салынган 800 орундуу Космопарктын ачылыш аземине күбө болушат жана ошол жерден той шаа­нисин чыгара тойлошот.




Экс-президент Роза Отунбаевага урмат
Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Алмазбек Атамбаев экс-президент Роза Отунбаева туурасындагы Указга кол койду.
Бул Указга ылайык, экс - президент Р. Отунбаева президенттин айлык акысынын 75 пайыздык өлчөмүндө ай сайын акчалай акы алып турат жана ал кызматтагы президенттин айлык акысынын жогорулашына жараша көтөрүлүп турат.
Мындан тышкары Р.Отунбаевага №1 мамлекеттик резиденциядагы дача, мамлекеттин эсебинен күйүүчү май куюлуп турчу автомашина айдоочусу менен, байланыш, жыйналыштарды акысыз өткөрүп туруу укугу менен залдар бекитилип берилет. Ошондой эле аталган Указга ылайык, экс - президенттин коопсуздугу УКМК тарабынан мамлекеттик коргоого алынат.




Азимбек Бекназаров "Манас" орденинен баш тартты
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров III даражадагы "Манас" орденинен баш тартаарын билдирди. Эмне себептен экенин айткан жок. Эскерте кетсек, буга чейин экс - президент Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттүн бир нече мүчөлөрүн II жана III даражадагы "Манас" ордени жана жүздөн ашык адамды "Апрель революциясынын баатыры" деген төш белги менен сыйлоо туурасында Указын чыгарып, баатырлардын тизмесинде Азимбек Бекназров жана анын уулу Руслан да бар эле.




Владимир Высоцкий жөнүндө тасма экранга чыкты
Улуу ырчы В.С.Высоц­кийдин өмүрүн, чыгармачылык таржымалын, инсан катары трагедиясын чагылдырган "Владимир Высоцкий: Здравствуйте, это я" аттуу көркөм тасма тартылып бүтүп, Россиянын киноэкрандарына чыкты. Тасма 5 жыл бою тартылган. Негизги окуялар В.Высоцкийдин экинчи жубайы, француз актрисасы Марина Влади менен болгон жашоосунун тегерегинде өнүгөт жана Высоцкий 1979 - жылы Өзбекстандын Бухара шаарына гастролго кыдырып барган кезде жүрөгү биринчи жолу токтоп калгандыгын көрсөтүүдөн башталат. Фильм буга чейин болуп көрбөгөндөй ийгилик менен жүрүүдө. "Бул жөн эле В.Высоцкий туурасындагы тасма эмес бул Высоцкийге карата элдин терең сүйүүсүн билдирген тасма" - дейт анын уулу Никита Высоцкий.




Жаш миллиардер чыгып келатат...
Ааламдын бул жылдагы таа­сирдүү адамдарынын тизмесинде бешинчи, миллиардерлерден экинчиде турган Билл Гейтстин (алдыңкы төрт адам - АКШ ажосу Барак Обама, РФ премьер-министри Владмир Путин, Кытай президенти Ху Цзиньтао, Германия канцлери Ангела Меркель) ордун Марк Цукерберг аттуу жаш миллиардер басат дегендер арбын. Бизнес тарыхындагы дароо миллиардды чапчыган эң жаш миллиардер деп табылган Марк компьютер бизнесинде атаандаштыкты катуу жаратууда. Башында компьютердик программалар, сайт ачуу менен шугулданса, эми башка тармактарын да алып кетүү далалатын жасап жатыптыр. Компьютердик бизнестеги эки мыктынын - "Майкрософттун" ээси Билл Гейтс жана маркум Стив Жобстун "Apple" компаниясына атаандаштык жаратуу аракетинде. Бирок азырынча алгылыктуу ийгиликтер бололек. Ошентсе да Марк Гарвард университетинен чатак менен башталып ачылган "Facebook" таанышуу жана баарлашуу сайтынан эле миллиарддаган кирешени таап жатат. Азыр бул сайт дүйнөнүн булуң-бурчун байланыштырган сайттардын алдыңкысы десек болот.




Кубатбек Жусубалиевдин көргөзмөсү ачылды
6 - декабрь күнү Улуттук китепканада жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин 70 жылдыгына арналган "Убакыт. Достор. Жазуучу" деген аталыштагы чыгармачылык кече жана көргөзмө өтөт. К.Жусубалиев кыргыз окурмандарына "Күн автопортретин тартып бүтө элек", " Муздак дубалдар", " Толубай сынчы", "Амбар китеп", Менин сүйүүм сага куш болуп учат", Кожожаш", "Жети сөз жана Конфуций" сыяктуу чыгармалары менен таанымал. Кыргыз элинин салттуу маданиятын чагылдырган "Саламатсыңбы, жайлоо", "Жайлоодо жолборс эки уйду жарып жатат", "Койчу жана туман", "Топоздор карда туулат" аттуу документалдуу тасмалардын сценарийин жазган жана бир нече көркөм тасмаларга тартылган.


А.Өмүрзаков убада кылынган үйдү ала элек
Ысык-Көлдүн кулуну Атай Өмүр­заков Словакияда көрсөткөн мыкты таланты менен биринчилик орунга татыды. Орусияда өткөн "Минута славы" конкурсунда экинчи орунга ээ болгондугу үчүн экс-президент К. Бакиев үй белек кылган эле. Тилекке каршы, Атай Бакиев берген үйдү 7-апрель окуясы болуп кетип ала албай калган.
Атай кыргыздын даңкын ааламга жайып келатат. Азыркы бийликтегилер бир бөлмөлүү үй берип коюшса болмок. Анын үстүнө Атай чет өлкөгө барган сапарларында бир да жолу өкмөттөн жардам алган эмес. Кыргыздын мындай уулдары көп болсун. Атайга ийгилик каалайбыз!
Кыргыздын дагы бир таанымал уулу, учурда Америкада кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткан боксчу Алмазбек Раимкулов да кыргыз бийлигинин колдоосуна муктаж. Анткени Алмазбек "Башка мамлекеттин желеги астында чыгасың, ал үчүн сага баары болот" деген сунуштан баш тартканы жана маңдай тери менен тапкан акысын каратып туруп жеп койгон менеджерин кызууланып кетип жаагын сындыра чапкан үчүн соттон сотко сүйрөлүүдө. Жеке документтерин алып коюшкан, кыргыздын кыраан жигитине дипломатиялык паспорт бергенге Кыргызстандын тышкы иштер министри эмнегедир чыгынбай келет.




Грузиянын президенти М.Саакашвили:
"Келечегиңерди жасаганга мыкты шарттар бар экен!"
"Грузиядагыдай эле иштерди Кыргызстанда да жасаса болот. Мен премьер - министр болуп дайындалганда адегенде эле туризмди өнүктүрүп баштагам. Ушундай эле потенциал Кыргызстанда да бар экен. Борбор Азияда биздин силердей өнөктөштөрүбүз болсо дейбиз. Силерде башкаларга караганда буга көбүрөөк мүмкүнчүлүгүңөр бар. Силердин бактыңарга көптөгөн кен - байлыктарыңар али иштетилбептир. Бактыңарга дегеним, адегенде мыкты демократиялык коом куруп алгыла, андан кийин реформаланган коом менен иштеген жеңил болот. Мен пенсияга чыккан соң Ысык -Көлгө балык уулаганы келсем дейм, бирок реформаларды силер өзүңөр жасашыңар керек, - дейт Грузиянын президенти сөзүн тамашага чалып.




Караколдон Омскиге, Новосибирскиге аба каттамдары ачылат
Ага ылайык 2-декабрда Каракол шаарынын аэропортуна эл аралык Алма-Ата-Каракол каттамындагы АН-24 самолету келип конду. Аталган аэропорт ЮСАИД эл аралык уюмунун жардамы менен реконструкцияланган. Каракол аэропортунун ачылыш аземинде аткарылган бул конуу 20 жылдан кийин кайрадан жаңырган алгачкы эл аралык каттам. Алма-Ата-Каракол каттамы Транспорт министрлигинин чечими менен кышкы туризм мөөнөтүнө карата ачылган. Анткени Каракол лыжа базасына келүүнү каалоочулар өтө көп. Ошол себептен облустук администрация кошумча каттамдарды ачуу максатында Омск жана Россиянын Новосибирск шаарларынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.