Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Кал чоң болсо, бай болосуң...
Кишинин бети-башы, денесиндеги кал көрк берип же тескерисинче өңүн бузуп турбастан, ар кандай божомолдоолорго бай. Албетте, бетте кал канчалык көп санда болсо, "тиешелүү" орунда жайгашса келишимдүү гана көргөзбөстөн, ал жакшылыктын белгиси болуп саналат.
Ооздун оң жагындагы кал - сүйгөнүңө жетесиң дегенди билдирет, сол жагында болсо, алдыда тоскоолдуктар күтүлөт.
Мурундун оң тарабындагы кал - жашоо, энергия.
Ээктин оң тарабында жайгашса, каалаган максатыңа жетип, бактылуу болосуң.
Ээктин ортосундагы кал сөзсүз бактылуу болоруңду билдирет.
Калың канчалык чоң болсо, ошончолук бай болосуң. Майда калдар көп болсо, турмушуңда ошончолук белектер көп болот.
Белгилүү инсандардын арасында Аскар Салымбеков, Акылбек Жапаров, Болот Шерниязов, Чолпон Баекова, Досбол Нур уулу, Өмүрбек Кутуев, Марат Кайыпов, Бөрүбай Жураев, Аскар Какеев, Ишенбай Кадырбеков, Жалгап Казакбаев, Камила Шаршекееванын бетинде калы бар. Алардын калы бетинин кайсы жеринде экенин өзүңүз карап алыңыз, окурман.
Ал эми калы чоң болсо бай болот дебедикпи, Майрам Акаева чоң калын кестирип салып, бакыт кушунан ажырады...

Адамдын сөзүнө эмес, көзүнө караңыз...
"Көз адамдын күзгүсү, жан дүйнөсүнүн ачкычы" делет эмеспи. Көзүңүздүн түсү боюнча келечекте ким болоруңузду билгиңиз келеби? Кеттик анда...
Карагат кара көз - турмушта сейрек кездешет. Мистикалык сырдуулукту, ашып-ташкан энергияны жана күчтүү мүнөздү аныктайт. Алар келечекте президент, дарыгер, таланттуу инсан боло алат.
Күрөң көз - сезимтал, жөнө­көй, ар нерсеге шыктуу келишет. Келечекте дипломат, журналист, шоумен, дегеле эл менен иштешкен адамдар.
Тунук күрөң көз - эки сүйлө­гөн, жактырган адамына жагалданган, өзүн өзгөчө орунга койгон адам. Келечекте артист болот.
Кой көз - эрке, иштин көзүн тапкан, колунан да, сөзүнөн да келген сөзмөр чапчаң, боорукер адамдар. Андыктан алар ар кыл кесиптин ээси боло алат.
Көк көз - ак көңүл, ишенчээк, боорукер, берешен. Кайрымдуулук иштерин жасагандыктан, гумандуу кесиптердин ээси боло алат.
Жашыл көз - акылдуу, бирок адамга жакшылыгы жок. Куу, өзүмчүл, карьера жасаганга, байлык топтогонго умтулган адам. Келечекте уюштургуч, ишкер болот.

АСКАР САЛЫМБЕКОВ 5 ДЕГЕН САНДА...
Маараке ээси Аскар Салымбековдун жолунда 5 деген сан көп кездишиптир. 1955-жылы 5-февралда Ат-Башы айлында таңкы саат 5де төрөлүптүр. Беш бир туугандын бешинчиси. Беш жашка чейин эмчек эмген. Жогорку окуу жайын беш деген баалар менен аяктап, бизнести да беш деген баага жүргүзүп жатат. 55 жашында "Дордойдун урпагы" аттуу китеп чыгарды.


Россиянын эң бай ОН адамы
Владимир Лисин 24.0 млрд доллар
Алексей Мордашов 18.5 млрд доллар
Михаил Прохоров 18.0 млрд доллар
Владимир Потанин 17.8 млрд доллар
Алишер Усманов 17.7 млрд доллар
Олег Дерипаска 16.8 млрд доллар
Михаил Фридман 15.1 млрд доллар
Вагит Алекперов 13.9 млрд доллар
Роман Абрамович 13.4 млрд доллар
Виктор Вексельберг 13.0 млрд доллар

Чачты тароо стресстен сактайт
Чачты тарак менен тароо организмге пайдалуу экендигин көпчүлүгүбүз биле бербесек керек. Ошондуктан таракты күнүнө бир канча жолу пайдалануу оң. Атайы убакыт бөлүп таранып туруу эч зыян алып келбейт. Тараныш үчүн тиштери жумшак тарактарды тандап алуу оң. Мындай процедура кан айлантууну жакшыртып, терини өлүп калган клеткалардан тазалап, чачтын түбүндөгү майды тегиз бөлүштүрүп, чачты жылтылдатат. Ошондуктан шашпай, чачты ар кайсы багытта тараш керек. Окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда ар дайым чачты тарап туруу стресстен сактап, баш оорудан айыктырат.


Куда депутаттар
Жогорку Ке­ңештин депутаттары Мамытбай Салымбеков менен Курманбек Осмонов кудай кошкон куда болду. Мамытбай мырзанын уулу Жумабек Курманбек мырзанын эрке кызы Нурзатка баш кошту. Эсиңиздерде болсо керек, Нурзат Осмонова "Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, көп өтпөй өз каалоосу менен мандатын таштап кеткен. Ал эми анын жолдошу Жумабек Салымбеков шаардык кеңештин депутаты.




Кыргызда байлар болгонбу?
Илгерки атам заманда кыргызда байлар болгонбу? Албетте, болгон. Кадимки кан Манас атабыздын атасы Жакып бабабыз бай болгон. Канча бодо, кара, майда малы болгону белгисиз. Кара кытай менен калмактар кактабай канын соруп, төө көтөргүс салык салып, ат көтөргүс айып алып турганы бай Жакыптын байлыгы оңой-олтоң эмесинен кабар айтып тургансыйт. Элим-жерим дегенде эбилип-тебилип турган жаш Манастын сырт душмандарга болгон жек көрүүсү алардын салган салыгы менен айыбынан башталганы да "Манас" эпосунда ачык-айкын айтылат.
"Манас" эпосундагы дагы бир зор каарман - Көкөтөй ата да бай болгон. Ташкен менен Чирчиктен Алайга чейинки жайлоо-кыштоолор Көкөтөй атага караган. Жанагы багып алган баласы Бокмурун атасына аш берем деп жыйнаган малын союп, байлыгын чачып, кыргыз, кытай, калмактан конок чакырып, аш бергенинен эле Көкөтөйдүн чоң байлардан болгону көрүнүп турбайбы.
Ал замандан бул заманга чейин чөп башылап тийип-качып сүйлөсөк он тогузунчу кылымдын аягында жыйырманчы кылымдын башында солто элинин Бошкой уулу Өзүбек бай чыккан экен. Өңгөлөрдөн өзгөчөлөнгөн Өзүбек бай Аламүдүндөгү жайлоосуна, Кордойдогу кыштоосуна күтүрөтүп жалаң эле мал бактырбастан, быягы Кашкар, тыягы Санк-Петербургга ат тезегин кургатпай каттап, түркүн-түс товар ташытып, андагы Пишпек, азыркы Бишкек шаарынын Дзержин гүл багына кыркалекей бойлотуп салдырган дүкөндөрүнөн алып келген товарларды кардарларга саттырып турчу экен.
Өзү орусча, кыргызча какшатып сүйлөгөн, жазуу жазган, китеп окуган сабаты ачылган киши эле деп эскеришчү экен илгеркинин илгеркилери.
Кадимки Салымбеков Аскардын Дордой чоң чоңатасы, же так айтканда бабасы Тагай уулу Дордой да өзүнүн заманында чоң байлардан болгон экен. Дордой Кеминде туулуп, Кеминде өскөн. Уругу азык, таята-тайы Сарбагыштын Жантайынан болгондуктан Кемин өрөөнүнө таасири күч Кубат, Белек, Темиржан деген үч бир тууган таята-тайларынын колдоосу менен Кордойдон Кеминге чейинки кыштоо-жайлоолорду ээлеп, короо-короо кою, үйүр-үйүр жылкысы өсүп-көбөйүп, акыр аягы Сары-Өзөн Чүйгө малы батпай, мал киндиктүү Ат-Башынын Арпа-Аксайына көчүүгө аргасыз болгон экен.
Ат-Башыдан он, он беш миң­ден кою, миңдеген жылкысы, кара малы, жүздөгөн төөсү бар черик Токсаба , сарбагыш Токсаба деген аты уйкаш эки бай өткөн экен. Черик Токсобанын байбичеси он миң койду өңүнөн ажыратып тааныган эстутуму тунук, зээндүү, чычканга кебек алдырбаган кыраакы, жаман-жакшыны бирдей көтөргөн акылдуу адам болгон экен деп эскеришет илгеркинин илгеркилери.
... Кайсы бир жылдын жазында Токсабанын байбичеси туулганына үч күн болгон эгиз тармал козусун жоготот. Үч жыл өткөндөн кийин үстүнө карышкыр ичик кийген, башына майда тармал кара көрпө тебетей кийген жашы отуздан оой берген жаш жигит Токсаба байдын үйүнө кудайы конок болуп түшөт. Токсаба байдын байбичеси жаш жигитти жакшылап коноктотуп, сапар карып аттанаар алдында суроо салган экен:
- Балам, алдагы башыңа кийген тебете­йиңин көрпөсүнөн таанып жатам. Мындан үч жыл мурун тармал жүндүү эки козумду жайыттан алдырган элем - десе, байбиченин кыраакылыгына аң-таң калган жигит:
- Ооба, энеке, аныңыз чын. Бир жинди жээниме тебетейге ылайык тери тап десем, эгиз козуну уурдап келиптир болчу. Бирок, кимден, каяктан уурдап келгенин сурабаганымды карабайсыңбы. Болбосо бул тебетейимди кийбей, бөлөк тебетей кийбейт белем,- деп уятына чыдабай жер карап кейиген экен.
Сарбагыш бай Токсаба эртең мененки, түшкү, кечки тамагына бирден козу сойдуруп жечү экен. Жыл өткөн сайын тамакка арааны ачылып, козунун этине каниет кылбай, кой менен тайдын этин кошуп жеп, жылдан-жылга семирип, жөнөкөй кыргыз аттары көтөралбай калганда кабелтең өгүз минип, өгүз да өчөйүп көтөрө албай калганда атан төө минип, төөлөр да жарактан чыкканда кош ат сүйрөгөн чийнеге салып жүршчү экен. Жетээр жерине жете семиргенде жаткан жеринен оонап-туралбай, аркасына кабат-кабат жаздык койдуруп башын эле өөдө кылганы болбосо, отура да албай калыптыр. Эти оор неменин сыртка чыкмагы кайда? Зааранын чоңун да, кичинесин да отурган жеринен эле коё берчү экен. Байбичеси менен токолу өмүрү өткүчө Токсоба байдын бок-сийдигин жаш баланыкындай жууп-тазалап, туурулуп-түлөгөн колдору кесиктен арылган эмес деп эскеришчү экен илгеркинин илгеркилери.
Көлдүн Тоңунда Тайлак аттуу чык татырбас сараң бай чыгып, колундагы байлыгын элден эле эмес, өзүнөн да аяп, өмүрү оозу майланышып кең-кесири эт жебептир, жайы-кышы жонунан түшпөгөн куур тонунан башка жарытылуу кийим кийбептир.
Залкар кинорежиссер Төлө­мүш Океевдин атасы Окей аксакал жаш кезинде Тайлак байга жалчы жүрүп, коюн багыптыр. Эсептешээр күнү келгенде Тайлак бай эч нерсе бербей айласын курутканда, бакандын башында илинип турган жарты карын майын күчкө салып жула качып, артынан куугун түшпөгөнүнө шүгүрчүлүк айтып жолуна түшүптүр...
Чоң-Кеминден Байтуума аттуу бай чыккан экен. Падышачылык Россиянын Кыргызстандагы өкүлү кадимки Шабдан баатырдын кабыл алган айрым чечимдерин Байтуума бай байлыгынын, мартабасынын күчү менен бузуп койчу экен...
Айта берсе сөз көп, санай берсе бай көп. Биз үзүл-кесил уккандарыбыздын эске түшкөндөрүн гана чөп башылап санадык...












кыргыз тилиндеги гезит "Кыргызстан маданияты"




Яндекс.Метрика