Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Эмир САРПАШЕВ, "Градиент" фирмасынын гендиректору:
"Дордой" жана "Шоро" компаниялары менен сыймыктанабыз"
- Эмир мырза, бизнесте атаандаштык бар да. Сурайын дегеним, Салымбековдордун өсүп-өнүгүп жатканына ич күйдүлүк, көрө албастык жокпу?
- Эмнеге ичибиз күйөт эле, дагы күчөсө экен деп сүйүнүп жатабыз. Анткени сыртка кыргызды таанытып жаткан да, тааныта тургандар да ушулар. Мен сыртта көп жүрөм, барган жерде эле "Дордойдун" атын угам. Ошон үчүн алар менен сыймыктанам. Бизнес десе эле агылып жаткан акчаны элестетпеш керек. Анын теориясын билиш керек, Маркстын "Капиталын" окуш керек. Бизнес баштоо оңой эмес. Алгач анын түпкү тамырын билүү зарыл. Ошол тамыры кайда экенин мен азыркыга чейин билбей келем. Аскар Салымбеков тамырын тапты. Элибиз эгемендүүлүк алып, коррупция күчөп турган кезде, валюталардын курсу түшүп, эл жумушсуз калып, жол таппай турган убакта, экономикалык базардан кабарыбыз жок кезде бул адам жолун тапты. Болбосо канча деген кыргыздар башка жакка тентип кетмек. Мындай мамилени мен эрдик эсептейм. Кыргызга эрдик кылган дагы бир компания бар, ал - "Шоро". Таабалды Эгембердиев менен Аскар Салымбеков кийинки муунга үлгү болчу чоң тамгалуу инсан-бизнесмендер.
- Сыйлаган инсандарыңыз менен мамилеңиз кандай?
- Чыны мамилем жок. Бири-бирибизди сыртыбыздан эле тааныйбыз. Аскар Салымбеков менен өтө тыгыз байланышта болбосом дагы анын анча-мынча заказдарын алып, иштеп жатам.
- Сиздин "Градиенттин" ачылганына 15 жыл болуптур. Кандай ийгиликтерге жеттиңиздер?
- "Градиент" фирмасы 1997-жылы февраль айында жарык көргөндөн бери өз ишин жүргүзүп келатат. Алдыда дагы көп пландар бар. Мында жакында эле дүйнөгө таанымал "ЛУКОЙЛ" нефть компаниясы бизге кол сунду. Бул компаниянын менеджери келип мага грамота берип, иштешели деди. Учурда Казакстандан тышкары, Россия ("Газпром" компаниясы), Украина мамлекеттери менен биргеликте иш алып баруудабыз. Келечекте Корея менен иштешсекпи деген ниет бар. Мотор майды кайра иштетүү ишканасын ачсакпы деп жатабыз. План көп, бирок ага капитал жок.
- "Градиент" сиздин чоң атаңыз эмеспи?
- (Күлөт). Атына кызыгып сурагандар көп. Мен өзүм койгом. Математикмин. Жөнөкөйлөтүп айтканда, мисалы, тоого чыгып баратсак кичинекей кадам менен чоңураак бийиктикке чыга турган багытты көрсөтө турган жалгыз вектордук чоңдук.
- "Градиентти" үй-бүлөлүк бизнес десек болобу?
- Болот. Үй-бүлөлүк бизнес күчтүү болуш керек. Өзүмдүн үй-бүлөмдү күчтүү дегенден алысмын. Башкысы ынтымак болушу керек. Бизнесте улуу-кичүү деген болбош керек. Жөндөм-шык болушу абзел. Салымбековдордо жөндөм бар экен, өсүп кетишти. Анын үстүнө Аскар Салымбеков мыкты уюштургуч экен, баарын уюштуруп, башында туруп башкарып жатат. Аны менен кошо бир туугандарын, анын балдарын дагы окутуп, билимдерин тереңдетүүдө. "Билимдүү миңди жыгат, билектүү бирди жыгат" деп бекер айтылбайт да. Үй-бүлөлүк ишкерлерге ийгилик, ден соолук, узун өмүр каалайм.
- Алгач эмнеден, кандай капитал менен баштадыңыз эле?
- 50-60 миң долларды кредитке алып, иш баштаганбыз. 1997-1998-жылдар эле. Ошол кездеги Россияда болгон дефолтту пайдаланып калдым. Алгач айыл чарба техникаларын, андан кийин оргтехника сатып жүрдүк. Кийин майга өттүк. Айтор, ал убакта бизнесмендердин башында колго илинбеген, көзгө көрүнбөгөн коррупция деген дөө турган. Андан тышкары, салык деген, эл деген бар. Андыктан бизнесмен болуу кыйын, чоң ишти чоң, чакан иште чаканы болот. А бирок учур талабына ылайык иш алып барышыбыз керек. Ушул жагынан "Дордой" ат чабым алдыда...

Маектешкен Назира СААЛИЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргызстан маданияты"




Яндекс.Метрика