Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Кыргыз байларына сабак
Бай болсоң Хондадай бол!
Кесиптешибиз Айгүл Бакеева убагында белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, көрүнүктүү кыргыз дипломаты Ишенбай Абдуразаков менен "Бишкек - таймс" гезитибизге сандан санга улап маек куруп, аларда Ишенбай агай Япон өлкөсү, табышмактуу япон улуту туурасында абдан кеңири баян курган эле. Ал макалалар гезиттин окурмандары тарабынан колдон колго талаша окулуп, акыры өзүнчө китеп болуп чыгып кетти. Айрыкча согуштан кийинки Японияны кайра жаратууда эбегейсиз салымдарын кошушкан япон бизнесмендери жөнүндө агайдын айтып бергендери окуган кишини таңдандырбай койбойт. Ошолордун ичинде бүгүн аалам бетин дүңгүрөтүп турган Хонда корпорациясын түптөгөн Соичиро Хонда туурасындагы баян кызыктуу да, бизнес жасап аткан жана келечекте жасай турган кыргыздар үчүн да абдан үлгү болоорлук деген ниетте ошол макалалардын сериясынан үзүндүнү окурмандарыбызга сунуш кылууну туура таптык.

- Ишенбай агай, Аденауэрге да, Йосидага да абдан оң баа бердиңиз. Бизде өз убагында аларды "терс каармандар" деп көрсөтчү эмес беле. Деги алар өз элинде урмат-баркка ээ болуштубу?
- Бул абдан кызык маселе. Биринчиден, бизде бул экөөнү тең желмогуздай көрсөтүп жүргөн себеби - саясат, идеология. Кыргызча айтканда, кыл чайнашып кырчылдашып турган заманда, биздин советтик идеологиянын түшүнүгү боюнча биз жакта эмес, Америка менен байланышкан саясатчылардын баары эле "терс каарман", ал эле эмес "душман" болгон. Ал эми ал экөө үчүн ыйык нерсе - өз өлкөсүнүн тагдыры болгон. Алар өз ишин жасады. Аденауэр бийликте 14 жыл, Йосида 7 эле жыл отурду. Алар эли үчүн келечектеги өнүгүү жолун чаап кетти. Ошонун өзү чоң эмгек, баа жеткис сыймык. Эл азыр көп убакыт өткөндөн кийин аларды урмат-сый менен эскерет. Йосида кеткенден кийин ал жашаган жер өзүнчө бир саясий Мекеге айланып, эшиги жабылбай, ар кандай адамдар зыярат таризде акыл-кеңеш сурап келип турган. Адам үчүн андан өткөн сыймык барбы?!
Биз азыр өткөн мезгилде башыбызга куюп койгон көп түшү­нүктөрдөн кутулушубуз керек, антпесек келечекти таасын көрө албайбыз, башыбыз туманга чүмкөлүп жүрүп өтүп кетебиз.
- Сиз айткандарга ишенип да, ишенбай да турам. Ошончолук кыйын кезде, айталы, коррупция деген болгон эмеспи?
- Албетте, болгон. Майдараак, чоңураак чыр-чатактар болгонун тарыхчылар көп жазышкан. Мен азыр жалпы абал жөнүндө эмес, ошол кездеги элге өрнөк көрсөткөн рух аристократтарын эскерип отурам. Жана айтып кеткенимдей Йосида менен анын айланасындагы пикирлештердин көбү самурай насилиндеги бардар үйбүлөдөн. Эл тагдыры ичке жипке илингендей болуп, оккупация шартында илең-салаң абалда турганда аларды түйшөлткөн ой да, койгон максаттары да күнүмдүк кызыкчылыктан алда канча жогору турганына ишенбей кое албадым. Йосиданын шакирти, кийинчерээк 8 жыл премьер-министр болгон Э.Сато бир ирет ошол насаатчысы менен иштеп жүргөн мезгилди эскерип, мындай дегени бар: "Биз, министрлер, премьерге көп чакырылчубуз. Анын кабинетине кирээрде дайыма апкаарып, кайсы кемчилигибизди айтып, уят кылаар экен деп кооптонуп турчу элек. А киши ар нерсени Япониянын эртеңки келечеги аркылуу баамдачу. Өлкө турганда өзүңөрдү унуткула, жарды өлкөдө бай министр болушу мүмкүн эмес, өлкө байыса калгандар да байыйт дечү. Ошондуктанбы, айтор, биз үчүн эреже болуп калган көнүмүш иш мындай болчу: биз кылган ишибизди өлкөнүн алдына коюлган максатка мээлеп, ошонун аткарылышына өлчөп, өзүбүзгө баа берүүчүбүз". Сато да самурай тукумунан. Бийликтен кеткенден кийин ага Нобель сыйлыгы ыйгарылды. Кийинчерээк самурайлардын этикасы жөнүндө, эгер окурмандар кызыкса, кененирээк айтып берем. Кийинчерээк, Япония күчүнө келген кезде чыр-чатактуу бир окуя болгон. Танака деген абдан жөндөмдүү, алдыга коюлган озуйпаны ишке ашырууда кадимки танк сыяктуу аракеттенген адам премьер-министр болуп турганда, анын Америкадан "Локхид" учактарын сатып алууда коррупцияга тиешеси бар экени билинип калып, прессада анын ийне-жибине чейин далилдүү иликтеп жазып чыгышкандан кийин коомчулук чуу көтөрүп, аны отставкага кетүүгө мажбур кылган. Иши сотко берилип, шерменде болгонуна чыдабай инсульт болуп, сот иши бүткөнчө каза болгон. Өзү ишкерликтен баштап, кийин көп жыл министр болуп жүргөн, оокат-мүлкү көптөрдөн жогору адам болчу, арам оокатты арбыныраак топтойм деп мойнуна оор иш илинип, ден соолугунан ажырап, жарыктык мезгилинен эрте кайтыш болду...
Япония деле идеалдуу өлкө эмес. Коррупция анда деле бар. Бирок ал билинип калса, далилденсе, кандай гана кызматта болбосун, бир да адам жазадан качып кете албайт. Айырмасы ушул эле.
- "Япон керемети" деп айтабыз го, бирок ошол кереметти айрым адамдар жасайт эмеспи. Японияда жүргөндө кимдер менен кезиктиңиз, ишкерлердин кимиси сизге зор таасир калтырды?
- Белгилүү магнаттардын ичинен кезиккендер көп эле болду. Кээ бирин жалпы кабыл алууларда көрдүм, айрымдарын бизден чоң делегациялар келгенде аларды коштоп жүрүп, алар менен маектешкен жерлерде, дагы бир далайын өкүлдүктүн ар кандай иш чаралары болгондо кездештирдим. Алардын көбү уникалдуу адамдар. Кооносукэ Мацусита деген белгилүү адам бар. Ал бизде көп адамга тааныш "Панасоник" деген фирманын негиздөөчүсү. Осакада биздин делегацияны кабыл алып, узак убакыт сүйлөштү. Көбүнчө эл аралык абал жөнүндө. Япончо кийинген улгайып калган өтө салабаттуу киши экен.
Ошолордун ичинде мага өтө чоң таасир калтырган Соичиро Хонда деген киши болду. Аны менен бетме-бет жолуккан жокмун. Ал Советтер Союзуна көп кызыкчу эмес. Аны мен бир гана жолу "Кэйданрэн" деген экономикалык уюмдардын федерациясынын жалпы чоң банкетинде көрдүм. Бул чындыгында эле легендага айланган адам. Мотоцикл, автомобиль жана толгон башка нерселер чыгарган "Хонда" корпорациясын ошол киши негиздеген.
Жөнөкөй эле мотоцикл мотороллер ремонттогон кичинекей цехтен баштап, дүйнөдөгү эң ири өнөржай империясын түзгөн адам. Анын заводдору дүйнөнүн көп булуң - бурчунда иштеп, жаңы технологиянын лидерлеринин бири. Ал адамга алтындан эстелик койсо да аздык кылат. 1906-жылы туулуп, кийин эле 93-жылы бекен, токсонго жакындап келип көз жумду. Ошо киши өзүнчө мотоцикл чыгаруучу компаниясын 1948-жылы болгону 3.3 миң доллар капиталы менен баштаптыр. 20 эле жылдан кийин 10 миллион мотоцикл чыгарып отурбайбы. Инсан катары да өтө кызык киши экен. Пакене бойлуу, буттары ийри, дене боюнда пропорциясы бузулган, кийген кийими да жөп-жөнөкөй, тим эле көчөдөгү айдоочулардай болуп жүрөт экен жарыктык киши, бирок жүзүнөн нуру чачырап, дайыма жылмайып турганы ар адамды өзүнө тартып турат экен. Көп эле япондордой болуп тиштери да бузулган, чолоо жери жок алтынга жаматып алыптыр. Япондуктар биздегилерче тишиң бузулса өзөгү менен сууруп албай, акыркы мүмкүнчүлүгүнө жараша алтын менен жамай берет экен. Бир карасаң менин Салижан досумдун эле өзү. Мен а кишиге суктанган себебим, биринчиден, бир адам өзүнүн кыска өмүрүндө дээрлик дасмиясы жок туруп чоң эле өлкөлөрдүн мамлекеттик байлыгынан ашып түшкөн өнөржай империясын түзө билгендиги. Экинчиси, ошончолук зор магнат болуп туруп таңкаларлык жупунулугу. Үчүнчүдөн, тынымсыз иштеп, ар дайым жаңылык ачканга дилгирлиги. Акырында, анын сейрек учурай турган ишкерлик философиясы.
Анын турмуштук эрежеси тө­мөнкүдөй болгон экен. Ар кандай бизнестин, япон экономикасынын аркасында сөзсүз дух болуш керек. Анын оюнча "Хонда" өндүргөн нерселер бүт дүйнөдө өзүнүн сапаты жакшы болгону үчүн эле белгилүү эмес. Анын себеби, алардын аркасында философия жатканында. Ал альтруисттик философия, аны эл кабыл алды. Өндүрүштө технология кийинчерээк келет. Анын алдында акыл калчап ойлонуу жолу болуш керек. Философиясыз бизнес биринчи мезгилде гана ийгиликке жетиши мүмкүн, акыры аягында ал каршылыкка такалат. Бирге болуп, ишкана аркылуу ар бири салым кошуу духу керек. Моралдык принциби, философиясы жок элге кызмат кылууну каалабаган ишкана оңолбойт. Биз эл кызыкчылыгы үчүн кызмат кылалы деген саясатыбыздан улам алга жылып келатабыз. Биз мына ушундай философиябызга маашыркана сыймыктанабыз, ал бизге, биздин жаш изилдөөчүлөрүбүзгө кубат берет. Биз кээде тамаша аралаштыра айтып калабыз: киреше үчүн гана иштеген компаниялардын болгону жакшы, себеби ошондойлордун аркасы менен биз ишибизди жемиштүү өркүн-дөтө алабыз".
Бул философиянын мааниси терең: мамлекеттик башкарууда эле эмес, бизнесте да бийик принцип, адеп-ахлак болбосо өнүгүү процесси өксүк да, аксак да, болуп калат.
Хонда 67 жашка чыкканда өзү түзгөн компаниянын президенттик постун башкага өткөрүп берип, "жогорку кеңешчи" деген ардактуу орунга өтүп кетти. А кезде атагы дүңгүрөп бүт дүйнө таазим кылып турган кез эле. Өзү жараткан компанияда башкы кызматты өз колунда кармап жүрө берсе деле болмок, бирок өз эрки менен "мен эми гольф ойноп, керт башым үчүн да өмүр сүрөйүн, компанияны жаңы муун башкарсын" деп кетип калды. Кетээринде чоң салтанат менен эл чакырып банкет берди да, бир аз туруп: "Мен эми бул жерде турсам элдин баары менин тегерегимден кетпей, жаңы президенттин аброюн төмөндөтүп коем, ошондуктан силер аны куттуктап, баркын көтөрүп койгула, мен кетейин" деп кетип калыптыр.
Ошол эле жылы бийликте турган либерал-демократтык партиянын жетекчилери Хондага ошол партиянын атынан парламенттин жогорку палатасына өткөрүлө турган шайлоого катышып берүүсүн суранып кайрылганда, ал киши салт боюнча баралбайм деп кечирим сурап жооп жибериптир. Катты жөнөткөн соң айтат имиш: "Мен өмүрүмдө биринчи жолу жамандык иш кылбасам да кечирим сурандым".
Ишкерлик өмүрүн жыйынтыктап келип айткан сөзү да эске алаарлык. Ал минтип отурбайбы: "Жасаган иштериме кайрылып карасам, мен көп эле катачылык кетирген экемин, жасай албаган өкүнүчтүү иштер көп эле болуптур. Бирок менин жетишкендиктерим да көп болгон үчүн сыймыктанам. Биринин артынан дагы кемчиликтер, каталыктар болгону менен, алардын баары бир эле себептен чыккан эмес. Мен эч качан бирдей ката кетирген жокмун, мен ар дайым колдон келгендин баарын жасап, аракетимдин үзүрлүү болушуна жетише алдым".
Хонда канчалык улуу, канчалык залкар адам болгонун ушул айткандары айкын далилдеп турбайбы.
- Япондордун чет өлкөлөрдө, Азия эле эмес, айрыкча Америка менен Европада экономикалык экспансиясы күчөп баратканы белгилүү. Өзүңүз да айта кеттиңиз, алардын чет элдик валюта резерви өнүккөн өлкөлөрдүн көбүн караандатпай көбөйүп баратат деп. Бул эмне, алардын экономиканы башкаруу ыкмасынын артыкчылыгыбы?
- Кийинки жылдарда Япония экономикасынын өсүш темпи өтө солгундап кетти. Бирок өтө чоң пайдубалы бар экономикада андайлар боло берет. Алардын чет өлкөлөрдөгү ишканалары жакшы иштеп, ошол өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнө чоң үлүш кошуп жатпайбы. Япониянын менеджментин өзгөртүү керек деген пикир да арбын. Бирок бүгүнкү күнгө чейинки натыйжасын алып карасак, анын көп жактары эффективдүү экенине ынанабыз.
Ушул өңүттөн караганда бир чоң жыйынтык жасоого негиз бар. Батышта, айрыкча Америкада, европоцентризмдин өзөгүнөн чыккан шектүү бир пикир бар. Ал пикир боюнча азыркы замандагы прогресстин өзөгү, анын кыймылдаткыч күчү индивидуализмде. Ал болбогондо өнөржай революциясы Европада тамыр байлабайт болчу, ал болбогон жерде, мисалы, Азияда же башка чыгыш маданиятына сугарылган өлкөлөрдө да андай революция болбойт дешет. Бирок турмуш аны далилдей элек. Кытай менен Индия азыр көтөрүлүп келатат. Япония болсо өнөр жай революциясына ХIХ кылымдын экинчи жарымынан баштап сүңгүп кирип кеткен. Азыр өздөрү өрнөк көрсөтүшүүдө. Бул эмне жөнүндө каңкуулайт?
Японияда азыркы Батыш өлкөлөрдөгү маркет (базар) экономикасын калыптаган институттардын баары бар. Конкуренция абдан курч. Бирок алардын иштөө стили башкача. Бул корпоративдик типте иштеген өлкө. Ишкананы анда иштегендер өзүнө таандык, өз үйү-өлөң төшөгү катары көрүп, бирге иштеп, чогуу салым кошсок, ийгилигинин үзүрүн да чогуу көрөбүз деген ойго көбү көнүп бүткөн. Чет жакка чыкканда япондор чогула калат. Япония булар үчүн өзүнчө бир магнит, аларды кайда болсо бириктирет. "Кеэй" деген түшүнүк бар, ал "бирге гүлдөп өсүү" деген маани берет. Бул жагынан алганда индивидуализм күчтүү болсо да анын маңызы башка, япончо. Япондордун ийгилиги Батыш менен Чыгыштын өзүнчө бир синтези десек да болот. Илгери конвергенция деген түшүнүк болгон. Ал социализм менен капитализм бири бирине жакындап, маркет экономикасы менен социалдык приоритет айкалышса жаңы бир жол табылышы мүмкүн деген ой болчу.
Ал болбой калды. А.Н.Косыгин Совет өкмөтүн башкарып турганда экономикалык реформа баштоого аракет болгон. Бирок партиялык босстор каршы болуп, жумушсуздук күчөшү мүмкүн, буржуазиялык психология күчөйт дегендей аргументтер менен аны "муунтуп" салышкан. Азыр так ошол жол менен Кытай баратат. Ушул темп менен жүрүп отурса 20-30 жылдан кийин дүйнөдөгү биринчи экономикалык держава болуп калышы толук ыктымал.
Мына ошол конвергенция, бирок башка мааниде, атап айтканда, Чыгыштын шартында Батыштын экономикалык принциптери ийгиликтүү иштей аларын Японияда далилдеп койду көрүнөт. Кененирээк ойлонсок, коомдун өнүгүшүндө көп нерселер ошол Батыш-Чыгыш синтезинин негизинде өнүгүүсү толук ыктымал. Аны биз жетиштүү түрдө ойлонуп, анализдеп көрө элекпиз. Бул келечектин иши.
- Сиз ири компаниялардын ишине ток­толдуңуз. Жанагы Хонда өңдүүлөр көп деле эместир. Жөнөкөй катардагы адамдардын шансы кандай?
- Ал деле адамдын акыл-парасатына, демилгечилдигине, ишке эптүүлүгүнө байланыштуу болсо керек. Негизинен япондор өтө үнөмдүү эл. Кирешеси канча болбосун, аздыгына-көптүгүнө карабастан бир бөлүгүн сактап акырындап чогулта берет. Акча деген дагы акча табыш керек да. Мүмкүн болушунча чогулткан акчасын ишке салат. Аягына туруп, кирешеси көбөйгөнүнө жараша өзүнүн жеке керектөөсүнө кайрылат. Мен көп эле орто масштабдагы бизнесмендер менен аралашып жүрдүм. Кымбат автомобилдерди, аксарай үйлөрдү жетишерлик байыгандан кийин гана сатып алышат экен. Башында эң эле жөнөкөй жашашат, негизги максаты - иш. Өткөндө Исикава деген адамдын айткандарын эскерип кетпедимби. Анын тагдыры да өтө кызык. "Маньчжурияда Квентун армиясында 17 жаш кезимде согуш бүтө жаздап калганда кошулдум - дейт ал. - Барарым менен жарадар болуп, тез эле туткунга түшүп калдым. Госпиталда жаттым. Уу берип коюшары мүмкүн дегенден улам тамак ичпейм. Медсестра мага боору ооруп, адегенде өзү ичип, анан мага берет. Жаш элем да, тез эле сакайып кеттим. Кийин Токиого келсем бүт баары астын-үстүн талкаланган. Эптеп жүрүп бир бөлмө сатып алып бир стол койдурдум да туткунда чогуу болгон курдашымды чакырып, чогуу иштеп бизнес кылып көрөлү десем, ийгилик болобу деп менден сурайт. Билбейм десем эртеси келбей койду. Ошентип бир тыйындан чогултуп жүрүп эптеп иш баштадым. Мына азыр орто фирмалардын катарындабыз" деп беш офиси менен тааныштырды. Бүт Японияда бир миңден ашык адам иштейт экен. Чет өлкөлөрдө өкүлдүктөрүм бар дейт. Анан өзүнүн ишкерлик принциптерин айтып берди. "Биздин фирмада иштегендердин балдарын же жакын-жаатын кызматка албайбыз. Экинчиден мен башкы консультант деген эле постту ээлейм. Контролдук акция меники болгондуктан башкаруу укугу өзүмдө. Бирок компаниянын президентин 4 жылга шайлайбыз. Ал улам алмашып турат. Экинчи, үчүн-чү, төртүнчү президентке чейин көпчүлүктүн пикирин эске алып чечип койгонбуз. Анын себеби бул келечекте президент болчу адам ошол мөөнөтү келгиче абдан даярданат. Компаниянын оң-терс жактарын изилдеп, эми эмне кылышты билип калат. Аларды мен илгери сатып алган бөлмөмө бир күнгө жиберип коем. Ал жерде эч нерсе жок. Тек гана ошол жерде отуруп ойлонсун дейм: канткенде жоктон бар кылып, кичинеден чоң бизнес кылса болот деген суроого жооп издесин. Кээде жаңы идея менен келишет, кээде эч нерсе таба албадым дешет. Мейли, кеп анда эмес. Кеп ар дайым алга кантип жылыш жолдору бар экенин унутпай ойлонуп жүрсө болду. Антпесең бүгүнкү жетишкен ийгилигиң эртең эле эскирип, артта калышың мүмкүн. Бизнесте дайым жаңы жол издеп туруш керек".
Бул да өзүнчө ишкерлик философия. Мындай ишканалар көп. Япониянын өзгөчөлүктөрүнүн бири - орто жана кичине ишканалар экономиканын тирөөчү, алар гигант компаниялардын стабилдүү иштешине ошолордун кызматы чоң өбөлгө болот.
Маектешкен Айгүл Бакеева









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргызстан маданияты"




Яндекс.Метрика