Табалды ЭГЕМБЕРДИЕВ
Атыңдан айланайын
Сары-Челек!
Жакында Аксынын Сары-Челек токой чарбасында жашаган Кадырбай кудамдыкына конокко барып, сексенге чыкса дагы баскан-турганы менден тыңыраак кудам менен адатымча элдин-жердин ал-абалы, өткөн-кеткени тууралуу түн оогуча кобурашып, чоң кумарга баттым. "Супара" этнокомплекси курула баштагандан бери, кайда барбайын өткөн замандын турмушун элестеткен эски-куску үй буюмдарын чогултмай мен үчүн айыкпас өнөкөткө айланган. Менин ал өнөрүмдү уккан кудам мен издеп таппай жүргөн бир оокатты жана мен эле эмес, ушул макаланы окуган көп кыргызды таң калтырчу, мен билбеген дагы бир буюмду көргөзүп, мени чексиз бакытка батырып, менин "Супарамдын" музейинин бөксөсүн толтуруп салды! Издеп таппай жүргөнүм буур­сун болчу. Кудам бир эмес, кошунасыныкын кошуп, эки буурсун таап берди. Мен билбеген буюм арча челек болду. Көп эле арча челек көргөм, бирок мындай жасалган челекти көргөн эмесмин. Жүздөгөн жылдарды башынан кечирген жоон арчанын каптал жагындагы бутагы жок боорунан, койдон керчөө чыгаргансып, туурасы арчанын диаметринин үчтөн бир бөлүгүнө, узуну туурасынан төрт эсе көбүрөөк кылып, калыңдыгы 5-10 см такта кесилип алынат экен. Ошол тактаны, жасалчы челектин ченемине жараша 6-10 мм кылып жукарта жонуп, анан тегерете ийип, кошулган жерин каттап туруп, чылгый териден тилинген көк менен көктөп салганда, челектин капталы даяр болуп чыга келет экен. Челектин түбүн болсо ошол эле арчанын бүтүн же, челек чоңураак болсо, эки-үч тактасынан кыналып, капталынын ич жагына туураланып, тегерете сомдолуп, ашталат экен. Жоон арчадан чоң челек (20-40 л) ичке арчадан кичине челек (2-10 л) жасап алса болот.
Бул челекте таңкалчу жагдай көп. Жыгачты көк менен көктөп идиш кылат деп ким ойлоптур. Бул өнөр, так ошол, илгерки аксылык усталарга гана тиешелүү өнөр дегенге негиз бар. Себеби, так ошол, азыркы Сары-Челек коругуна тиешелүү тоолордо көп өскөн картаң жоон арчалардан жакшы такталар кесилип алынгандыктан, ошол жерде жашаган усталардын жасаган челектерине суроо-талап көп болуп, эски заманда "кайда баратасың?" деген суроого "сары челек алганы баратам" деген жооп, жердин аты Сары-Челек аталып кетишине кепил болсо керек. Арчадан жасалган челектер сары челек аталып кетиши да жаңы жасалган челектин түсү сапсары болгонуна байланыштуу болсо керек.
"Сары-Челек" токоюнда боору кесилбеген эски арча өтө сейрек кездешет"- дейт кудам. Боорунан такта кесилип алынган арча өлбөй-этпей эле өсө берип кесилген жеринин чет жакасы карттанып калганын өз көзүм менен көрдүм. Өзөгү бүтүн болсо болду, арча бечара кың дебей, кылым карытып өсө берет экен. Ушундай жаратылышка зыян келтирбей, арчадан аялуу идиш жасап, жокту барга айланткан өнөрдү ойлоп чыккан аксылык ата-бабаларыбызга чексиз ыраазы болдум!
Мен дагы бир таңкалтырган, илгерки кыргыз усталарынын, кысталган турмуш пайда кылган, укмуштай чеберчилигинен кабар берген, арча челектердин кыргыздарга гана тиешелүү, дагы, эки түрү тууралуу айтпасам, сөзүм бөксөрүп турат. Бала кезимде көп эле арча челек көргөм. Алардын баары тең эле арчадан ашталганы менен, алкагы темир тилкесинен жасалгандыктан, алар совет доорунда жасалган челектер экенин эми түшүндүм. Мага, "Супарага" белек кылып, тааныгандар да, тааныбагандар да, эски буюмдарды алып келе башташты. Ошолордун ичинен эки челектин жасалыш ыкмасы окурманды деле таңкалтырса керек. Мени катуураак таңкалтырганы, менин өз айылым, Кызыл-Ойдон келген арча челек болду. Ал челектин мени таңкалтырган жалгыз өзгөчөлүгү - алкагы темир тилкесинен эмес, үч катар оролгон ичке кырчындан, жиги билинбей кыналып, мык пайдаланылбай жасалыптыр!!! Сураштырсам, ал челекти жасаган уста, азыр бизге белгилүү политолог Молдалиев Орозбектин таятасы Керимбек ата экен. Бала кезде Керимбектин тегирменинде кезекке туруп талкан тарткан күндөрүм эске түштү. Жыгачты жанчып, темирди алмаштырып, челек жасаганга акылы жеткен Керимбек атага түбөлүк ыраазы болдум. Көзү өтүп кетсе да азыркыга чейин анын тегирмени канча адамдын ажатын ачып, жашоосун жеңилдетип, элине кызмат өтөп келе жатат.
Мени таңкалтырган үчүнчү челек Жумгал өрөөнүнөн келди. Ал жөнөкөй көрүнгөнү менен жасалышы бир топ татаал, төрт чарчы сандык түрүндө мык колдонулбай ашталып жасалган арча челек экен. "Ой мунуна суу токтобойт го десем", "апам буга бозо салчы",- деди жумгалдык кудам Тилеш. Айласыздан макул болдум, себеби, ГАЗ-51 машинесинин радиатору тешилип, суу тамчылай баштаганда сууга кадимки эле калемпирди аралаштырып ийсе, ал калемпир тешикти бүтөп, суу токтоп калганын көргөм. Суу токтобогону менен, ал челекке бозо ачытса, анча-мынча тешигине бозонун шагы тыгылып, кышы менен далай жорочуларды жайлаган челекке айланаарына ишендим. Эми эмне дейин, азыр кылып койгон ишинин деле дареги билинбегени менен, "мени депутат же президент кылсаңар эле жыргатам" деп ой- тоонун баарын убада кылган кыргыз көп. Антип, элге эч нерсе убада кылбай эле, колунан келген иши - устачылыгын улантып, жок нерсени бар кылып, оор турмушта, сөздүн түз маанисинде элин багып келген, колунан көөрү төгүлгөн уста аталарыбызды унутпай жүрүү тирүү жүргөн баарыбыздын милдетибиз деп ойлойм. Себеби, ошол жогоруда сөз болгон арча челек менен тегирменден башка көчмөн кыргыздын болгон байлыгын түзгөн ээр, комуз, жыгач кесе-таa, көнөчөк, көөкөр, чарык жана башка толуп жаткан оокаттардын бардыгын текейдей арзан баада так ошол уста аталар жасап, элдин мүдөөсүн канааттандырып келген. Чоң усталар тубаса чыгармачыл адамдар болуп, алар үчүн устачылык эмгеги акча менен эмес, ошол элине керектүү буюмду жасоодогу чыгармачылык ыракаты менен жана элден чогулткан батасы менен ченелип, акысына күнүмдүк оокатына жеткидей эле азыноолак акча алганы менен эл ичиндеги тоодой кадыр-баркы көңүлүн да, көзүн да ток алып жүрсө керек. Бала кезимде апам менин керзовый өтүгүмдү Орозобек деген устага улам алпарып эле, үстү-үстүнө жамаачы салдыра берээр эле. Өтүктү алып барганда да, кийин алганы барганда да уста, апам акча берем десе албайм деп, апам берем деп, экөө көпкө талашып, анан уста апама макул болсо да, берген биртике тыйынынын жарымын кайта кайтарып бергени эсимен чыкпайт. Ойлосом өзү араң оокат кылып жүрсө да, жашайалмет устакем мени жетим деп аяса керек. Ошол жамаачы өтүгүм сакталбай калганына өкүнөм. Шераалынын өтүгүндөй кылып үйүмө илип койсом, балдарыма чоң сабак болмок экен...
Кудам менен усталар тууралуу сүйлөшүп отуруп, ошол кудам ­таап берген буурсундун темир тишин жасаган устанын көзү тирүү экенин угуп, андай тирүү эстеликти көрөрүмө кубанып, таң эрте үйүнө жетип бардым. Чокон уста, кемпири экөө, небереси менен караңгы тамында чай ичип отуруптур. Кемпири карбаластап жаңы төшөктөрдү салып, сандыгын аңтарып, тасмалды байыта баштады. Биз ал тасмалдагы тамакка көңүл бурууга ал жок, устакени кепке тарттык. "Карып калдым, бир күндө эки аттын такасына жеткидей мыкты араң жасайм" деди, устакем. "Быйыл буйруса токсонго" чыгам" деди. Бала болуп башыма жүн чыкканы колго жасалган аттын такасын көргөм, бирок таканын мыгынын колго жасалганын көргөн эмесмин. Кулагы катып баратыптыр, устакем менен кыйкыра сүйлөшүп жаттык. Мен азыр алтымышымда көз айнеги жок мык кага албасымды эстеп, устакеден көзү кантип мыкты көрөөрүн сурасам", "абышкам мык эмес, куранды деле көрүп окуйт" - деп кемпири абышкасын мактап койду. "Кана, окуганын көрөлүчү" дедим, кызык алдыда экенин сезбей. Жашы устакем менен тең эски баштыктан устакем чоң этияттык менен, өзүнөн да эски, көп колдонулгандыктан барактарынын четтери карарып үзүлө баштаган үч китепти алып чыкты. Үчөөнүн эң калыңы, эң эскиси куран китеби экен, ага анча деле таңкалган жокмун. Себеби, менин атам деле андай эски куранды кудайдын куттуу күнү кечинде окуп отурчу. Мени таң калтырганы ал куран китебинин он бети арабча жазылып, сол бетине араб тамгасы менен курандын кыргызча котормосу жазылыптыр. "Бул бетине кыргызча береваты менен тафсирлеп жазылган, муну менден башка окуй турган адам жок" деп устакем бизге кыргызчасын окуп жатты. Токсондун босогосунда туруп алып, караңгы тамдын күңүрт жарыгында көз айнек кийбей китеп окуган устакеге там берип, таңкалып жаттым. Кызык, дагы алдыда экенин билбей жаттым....
"Бул да куранбы?" дедим экинчи жукараак, бирок, чоңураак китепти көргөзүп. "Бул китеп азирети Султан кул Кожакматтын жазган китеби. Бул дагы кыргызча береваты менен жазылган" деди. "Кожакматыңыз ким болгон?" дедим оозумду ача эсим ооп. "Арсланбаб деген беш жүз жыл жашап өткөн зор адам болгон. Ошол Арсланбаб Мухаммед пайгамбардан "сизден кийин пайгамбар чыгабы?" деп сураганда, "чыкпайт, бирок төрт жүз жылдан кийин бир олуя адам чыгат" дептир. Анан төрт жүз жыл өткөндөн кийин Азирети Султан төрөлүп, алты жашында Түркиядан Арсланбабга келип саламдашат". Бул китепти ошол олуя жазыптыр деп, устакем азирети Султандын ыр түрүндө жазылган китебинин "береват" котормосун кырааты менен окуп жатты.
Курандын орусча котормосун эки жыл тынбай кызыгып окугам. Анын кыргызча котормосун да орусчадан которуп, китеп кылып чыгарып жүргөндөрдү да чала-була билем. Бирок курандын балким, орустардан мурда кыргызчага которулуп чыкканын мен эле эмес, биздин бүтүндөй окумуштуулар билбесе керек деп ойлойм. Ал эми азирети Султандын китебинин кыргызча котормосу, биздин тилчилер үчүн табылгыс кен экенинде шек жок, себеби кыргызчаны суудай билем деген мен деле, устакем ал китепти окуп жатканда, көп сөздөргө түшүнбөй калып жаттым. Устакем түшүнбөгөнүмдү сезгенсип кээ бир жеринде токтой калып комментарий берип жатты. Балким, ал китептер эски татар тилинде жазылышы да толук мүмкүн. Китептен тышкары устакем өзү сөздүн кенчи окшойт. Баштыктан чыккан дагы бир кутучаны көргөзүп "мунуңузда эмне бар?" десем, "анда жөн эле менин көр-шөрүм бар" деди. Ачып көрсөм эски бузук сааттар, сынык көз айнекке окшогон, керектен чыккан эле майда-чүйдө нерселер экен. Мен ал түшүнүктү "көр оокаттарым бар" деп айтмакмын. Бирок "оокат" деген сөз аз да болсо кереги тийчү нерселерди туюнткан сөз. Ал эми "шөрүм" деген сөз, кереги тийбесе деле ыргытып ийүүгө ич ооруган шорлуу көр турмушту элестеткен нерселерди так туюнткан сөз.
"Бул китептерди кайдан алды­ңыз?" десем, илгери намангандык бир эшенден алганын айтты устакем. Кайсы кыргыз бул китепти кыргызчага которгон, кайдан, качан басылып чыкканы тууралуу маалымат устакемде жок экен. "Бул китептериңизди мага сатпайсызбы, мен музейге коеюн" десем, "бул китептерди окуш керек, музейге койгондо эмне пайда, мен буларды күндө окуп турам" деп менин демимди суутту. Устакем үчүн бул китептери баасы жок байлык экенин түшүнүп уялымыш болуп калдым.
"Устанын тогоосу жок" деп бекеринен айтылбаса керек. Устакемдин үйүнөн эч деле эски оокат тапкан жокмун. "Атам жасаган буюмдун баарын эле эл алып кетет" деп койду небереси, уурудан уялган кедейдин кейпин кийип. "Башка байыса да уста байыбайт" деген сөз бекер айтылбаганына да ишендим. Кудамдын айтуусу боюнча устакемдин устачылыгынан да молдочулугу чоңураак экен. Чын эле, "үчүнчү китебиңиз эмне жөнүндө?" десем, "булар илгери мени окуткан молдолордун окуу китептери. Булар менен мен азыр да жаш балдарды арабча окутам" деди. Токсонго чыкса да мүнөзү тогуз жашаар баладай көрүнгөн, айкөл устаке-молдокемдин пейлинин тазалыгына, адамгерчилигине, китебин сатпай койгон жоругуна ыраазы болуп, убакыттын тарлыгынан кенен сүйлөшө албаганыма нааразы болуп жолго чыктым.
Ушундай эле көп кыргызга белгисиз дагы бир мен жолуккан тирүү эстелик тууралуу айтаар мезгил да келди окшойт. Төрт жыл мурун, мен Кытайдын Кызыл-Суу областында "Шоро" заводун куруп жүрүп, Aк-Суу районунун Каражул деген тоо арасындагы кыштагында жашаган Төлөк деген карыяда илгерки кыргыз китептери бар деген кабарды угуп, издеп барып, көргөн окуяга азыр да таңкала берем. Ал окуя тууралуу ошондо эле изин суут­пай жазсам жакшыраак болмок, бирок ана-мына деп чыгынбай жүрө берипмин, эми кеч да болсо жогорку айтылган окуяга толуктоо иретинде кыскача келтирейин.
Эсимде жок, бирок Төлөк абам сексендин ары же бери жагындагы карыя болсо да, акыл-эси тунук экенин сүйлөшө баштаганда эле түшүндүм. Менин эмнеге келгенимди уккандан кийин узуну эки карыш, туурасы бир жарым карыш, калыңдыгы бир соом келген чоң китепти сандыктан алып чыкты. Окуурдан мурун мени суратпай эле ал китептин таржымалын айта баштады. Бул китептен башка да китептери бар экенин жана аларды он алтынчы жылы үркүп Кытайга келген бир (мен атын унутуп калыпмын) кыргыздын казысы "менин тагдырым татаал болуп калды, бул байлыкты сага тапшырдым, сары майдай сактап жүр, урпактар дастандарыбызды унутпасын" деп Төлөк абамдын атасына таштап кеткени тууралуу жана ал китептерди илгерки кыргыздын байлары миң койдон чыгарып, казандагы таш басмадан басып чыгартышканын айтып берип эсимди оодарды. Бул китептерде "Манас" баш болуп, илгерки кыргыздын Курманбек, "Жаныш-Байыш", "Жаңыл Мырза" сыяктуу алтымыш дастаны жазылганын, эсим ооп, угуп отурдум. Уккан кулагыма ишенбегенимди билгизбей, "окуп бересизби?" десем, көз айнек тагынбай эле, китептин ар кайсы жеринен окуп бергенде айласыз ишендим. "Бул китептерди мен гана окуй алам, булар фарси арибинде жазылган" деген сөзүн угуп араб ариби менен фарси ариби башкача болоору мен үчүн жаңылык болду. Аттиң ай, эсимде жок, ал китептерде казалдардан башка дагы тарыхка байланышкан да жазуулар болсо керек эле... "Сизден бул китептерди кантип, кандай шартта алсак болот?" деген суроомо так жооп ала алган жокмун. Башка китептерин да Төлөк аба мага көргөзгөн жок, "көргөз" деп сураганга мен да батынган жокмун, себеби Төлөк абамдын кичине кырсыраак мүнөзү бар экенин жана ал кишиде баасы жок байлык бар экенин ал өзү да толук түшүнүп, мага окшогон салмагы ченелүү адамга "бир эле китепти көргөзгөнү жетишет" деген айтылбаган оюн сезип турдум....
Казань шаарындагы китеп басып чыгаруу маселеси 1800-жылы башталганын эске алсак, бул китептер ошол жылдан кийинки мезгилде чыкса керек. Ошентип, көргөн жана көрбөсөм да бар экенине ишенген китептер менен ошолорду чогулуп чыгарууга акылы жеткен илгерки ата-бабаларыбыздын баа жеткис эрдигине ыраазы болуп, эми ошол баасы жок байлыкты барып жолун таап алып келгенге салмактуу бийлик ээлеринин акылы жетпей жатканына капа болуп жолго түштүм...
Арча челекке уютулган айран-жуураттын, даамы берки бизге белгилүү бардык идиштерден башкача болоорун түшүнгөн кыргыз түгөнүп баратат. Бозо менен максымды кеп кылбай эле коелу. Өзгөчө даам берген касиетинен тышкары, арча челек куюлган суюктуктун температурасын көп убакыт өзгөртпөй сактаган касиети менен да ачытуу технологиясынын талабына жетишээрлик деңгээлде жооп бергендиктен, далай өткөн замандын өзүн сыйлаган тың чыкмаларынын үйүнө сары челектин ролу азыркы замандын муздаткычынан кем болбосо керек. Азыр жакшы муздаткыч издегендей эле, эски заманда, жакшы челек издегендер Сары челекке жөнөшкөнүн элестетүү табигый эле көрүнүш.
Менин да атаман жуккан анча-мынча усталык өнөрүм бар, бирок мындай челектин капталынын жасалышы көп эмгек талап кылса да, оңойдой көрүнгөнү менен, анын түбүнөн суу чыкпагандай кылынып капталына кыналышы чоң чеберчиликти жана муундан муунга өткөн, узун тажрыйбаны талап кылаарын түшүнүп турам. Себеби эгер челектин түбүн кургатып туруп капталына тыкыс кынап салсаң, суу тийип көпкөндө ал капталындагы тигишти жарып салышы мүмкүн. Ошон үчүн түбүнүн ченин ошол усталарга гана белгилүү болгон нымдуулуктагы тактадан жасабаса, же түбү түшүп калат, же капталын жарып кетет. Антип жарылган челекти да көрдүм.
Ошентип совет мамлекети орногондон кийин Сары-Челек коругу уюштурулуп, коруктун үстүндөгү "Тоскоол көлү" да "Сары-Челек көлү" болуп аталып калыптыр. Тос­коол атанын атынан аталган Тоскоол көлүнүн пайда болушу тууралуу илгертеден калган уламыш өзүнчө узун кеп. Көлдүн жээгиндеги дөңчөдө Тоскоол атага кийинчерээк кичине күмбөз коюлуп, ал жерге зыярат кылгандар кыйла көбөйүп баратыптыр.
Сары-Челекте бир күн түнөдүк, тагыраак айтсам, ошол жердеги токойчулар менен түн оодара коруктун таржымалын сүйлөшүп отурдук. "Баягы зубрлар барбы?" десем, токойчу жигит мыйыгынан күлүп, "бул жерде чөөлөрдөн башка эчтеке деле калган жок окшойт" деди. Отуз жыл мурун бала кезинде токойго кирип кеткен атты издегенден коркуп токойго кире албагандарын, доңуз челип өлгөн, бугу сүзүп өлгөн адамдар да болгонун айтып отурушту. Кийин чөөлөр пайда болуптур. Адегенде чөөлөр арык, жүдөө келишип, болгону тоокторго эле алы жетчи экен. Кийинчерээк козу-улактарга өтүптүр. Эми болсо койлорду кокуйлата башташыптыр. Минтип отурса эми токойчуларга тийише башташат окшойт. Сары-Челекте ит бакканга катуу тыйуу салыныптыр. Себеби иттердин үргөнү коруктун айбанаттарынын тынчын алат экен. Эми болсо иттин үнү угулбаганына сүйүнгөн чөөлөр таң аткыча каткырып, токойчуларды шылдыңдап жүрүшөт имиш... Алар доңуздун да, эликтин да жана бирин-серин сакталып калган бугулардын торопой- улактарын жаш кезинде эле жайлап салышат экен.
Ошентип окурман, буйруса, Сары-Челек коругунда жалаң эле токой, анан чөөлөр калат окшойт. Эмне үчүн Сары-Челектин токою жок болуп кеткен көп токойлордой болуп отунга кыркылбай илгерки абалында толук сакталып калганынын сырын да Сары-Челекке баратканда түшүндүм. Жайлоодон эл түшө баштаган маал экен, биздин астыбыздан эки жерден ылдый айдалып келе жаткан эки короо кой учурады. Бизди таңкалтырган нерсе, ошол койлордун асты жагында кыдыңдап келе жаткан, жонуна куураган кырчын жүктөлгөн беш-алты эшектер эле. Көрсө, Сары-Челектин токойунда, жоондугу билектей, бийиктиги үч метрче келген, мага белгисиз бир "март" деген бадал өсөт экен. Ал бадал куурайга окшоп, жыл сайын куурап калып, ордуна кайра жаңысы чыга берет экен. Мындай сонун отун болобу алганга да оңой, керткенге да оңой, жакканга да оңой, ташып келгенге да оңой. Ал бадал өскөн тоонун бооруна эшек менен эптеп жетип алсаң болду, отунду эшекке артып койсоң үйгө жетмейинче жүгүнөн кутулбасын түшүнгөн эшек, өзү эле ээсинен мурда үйүнө келет экен.
Айылга жакындаганда, жонуна бир таңгак отун көтөрүп алып, өрүүнү карай лыпылдап кетип бараткан бир кемпирге жолугуп калдык. Кичи кудам тааныйт экен, токтоп учурашып калды. Кемпир тимеле уурусу кармалгандай бизден уялып, отунун жерге таштап ийип, өзүн ыңгайсыз сезип карбаластаганын көрүп, биз, ал, оокатка бышык аялзатынын карыганына ишенгиси келбей, көнгөн адатына салып, жөн отурбай үйүнө оокат ташып келе жаткан өнөрүнө суктанып турдук... Кемпирдин өңүндөгү адамды өзүнө тарткан кандайдыр бир оор турмушту башынан кечирген, эски адамдарга гана тиешелүү жылуу сезим, терең адамгерчиликтин илеби бизге жетип турду. Атаңкөрү, бүт кыргыз ушул кемпирдей эмгек кыла баштаса, бат эле оңолчудайбыз деген ой кылт этти... "Үйгө кирип чай ичип кеткиле" деди кемпир, энелик нурун чачып. Чай ичпесек да ушундай, жердей жөнөкөй, таза, аракетчил аялзатын көргөнүбүзгө көңүлүбүз тоюп, ичибиз жылып, шашып баратканыбызды айтып кемпирден кечирим сурап жол тарттык. Сураштырсак кемпир жетимишке жетип калыптыр. Төрт кыз, жети эркектин энеси экен. Балдары кой десе болбой эле келининен жумуш талашкан, иштебей тура албаган адаты бар алтынга алмашкыс кемпир экен...
Ошентип окурман, биз мактанып жүргөн Сары-Челек коругу чөөлөрдүн жайытына айлана баштаптыр. Токой менен көлүнөн башка касиети деле калбай баратыптыр. "Чөп кайтарган итке" окшоп, "Сары-Челектин элге тиер пайдасын көрбөй жүрө беребизби, же аны туура пайдалануунун жолун издейбизби" деген табигый суроо туулбай койбойт. Бизде мурунку коммунисттик заманда жазылган, бирок биздин азыркы жашоо шартыбызга туура келбей, жашоо жарышында тушамышка айланган мыйзамдар көп. Мурда, чынында эле Маскөөдөн келген акчанын эсебинен чоң айлык алган токойчуларыбыз, корукту чындап эле коруп, жапайы айбанаттарга чөп берип, ал жер, жайында ченелүү чоңдорубуз барып бекер сайрандап кеткенинен тышкары, калганыбыз, "бизде ушундай укмуш жер бар" деп мактанганга негиз бар болчу. Эми болсо, биздин, туристтерге мактанып, тараткан рекламалык буклеттерибизде көздүн жоосун алы, Сары-Челек көлү көрүнгөнү менен, ал жерде туристтерди кызыктыра турган деңгээлде кабыл алчу сервис жокко эсе десек болот. Андай сервис жок болгондон кийин рекламалагандын өзү орунсуз нерсе. Рекламадан көрүп алып, далай туристтер ал жерге барып алып, сыртынан билгизбесе да ичинен бизди шылдыңдап эле экинчи келгис болуп кетип жатышса керек.
Чөөлөр мекен кылып алган корукка эмне үчүн турист кабыл алчу заманбап жайларды курууга болбосуна, башкасын билбейм, менин акылым жетпейт. Сары-Челек көлүнө 20 чакты чакырым жетпеген аралыкта жайгашкан Аркыт кыштагында туристтерге арналган жатаканалар курула баштаптыр. Анча-мынча келген туристтер ошол жерге токтоп, анан, ашмалтайы чыккан жол менен барып, көлдү көрүп келишет экен. Көлдү көрүп койгонго караганда, анын жээгинде түнөп, суусуна түшүп алган турист кымбатына карабай, кайра-кайра тынбай келип тураарын түшүнбөгөн адамды табыш кыйын. Сары-Челектин ылдыйкы көлүнүн тегерегиндеги жантаймаларда жайнаган жатаканаларды курууга болоорун байкадым. Азыр андай аялуу жердин экологиясына таптакыр зыянын тийгизбей жатакана кура турган технологиялар бар. Андай технологиянын жардамы менен суусу ченелүү өнүккөн өлкөлөр ажаатканадан чыккан сууларды тазалап кайра ошол сууну үйлөрдө тамакка пайдаланбаганы менен жуунганга пайдаланышат. Корук жөнүндөгү мыйзам, илгери андай технология жок мезгилде орустар тарабынан туура жазылса да азыр жаңыртып жазууга муктаж болсо керек. Чөөлөрдөн башка азыр корукта кенен-чонон жайылып, жүргөн, малды эсепке алсак, аларга караганда келген туристтер корукка, келтирсе да, миң эсе аз зыян келтирип, эл үчүн, бюджет үчүн миң эсе көп пайда алып келээрин санап кереги жок! Андан түшкөн акчага токойчулардын да айлыгын көбөйтсөк, алар чөөлөрдүн сазайын окутмак. Мен айласыздан күлкүнү келтирчи бир окуяны уктум. Сары-Челекти көрүп суктанган бир кыргыз бизнесмени бекер эле ошол жерге эл үчүн чакан ГЭС куруп бермекчи болот. Бирок корук жөнүндөгү мыйзамда андай тентектикке катуу тыйуу салыныптыр. Уруксат алалбай коюптур. Мен ал уруксат бербей койгон чиновникке толук түшүнүп турам. Ал уруксат берип чакан ГЭС курулгандан кийин мыйзамды көтөрүп алып, анын атасын окутаар текшерүүчүлөр бизде токойдогу чөөлөрдөн да көп. Бул маселе Жогорку Кеңеште жогорку деңгээлде чечилчү маселе. Эгер чечилбесе, ушуну чечиш үчүн эле эмкиде депутаттыкка барсамбы деген ой келип турат.