Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


"Дордой" кыргыз бизнес-элитасынын учкан уясы
Максым - Шоронун биринчи эки челеги 1992- жылы 29- майда "Дордой" базарында сатылган. Күн ысык, эл көп, азыркыдай жайнаган суусундук анда жок болуп, эки челек максым эки саатка жетпей түгөнүп, эсибиз оогуча сүйүнгөнүбүз эстен кетпейт… Ошентип "Шоронун" тушоосу ошол "Дордойдон" кесилген.
"Дордойдон" биз эле эмес, далай бизнесмендердин тушоосу да кесилсе керек. Кыргыз эли кыйналып турган мезгилде "Дордой" базарынын кыйраган кыргыз экономикасынын кайра жаралуусуна кошкон салымын санасаң сан жетпейт. Негизи жаңы өнүгүп келе жаткан экономиканын өзөгүн эң ириде соода- сатык түзөөрүн көп эл катары мен деле кечигип түшүндүм. Көп кыргыз соода окуусун так ушул "Дордойдон" үйрөндү. Жанына миң доллар салып алып Кытайга бир барып келгенде эле миң доллары беш миң долларга айланган заман да болгон. Ошентип Кытайдын арзан оокатын "Дордой" аркылуу башка мамлекеттердин элине кымбат сатып байыган кыргызстандыктар азыркы улуттук бизнес-элитанын негизги өзөгүн түзөөрун эч ким тана албаса керек.
Аскар экөөбүз "Шоро" заводун курмак болуп, Кытайга Торугарт аркылуу жөнөп калдык. Торугарттын белин ашып, ийри жол менен түшүп баратабыз. "Табыке, тээтигил күңгөйдөгү өтөктөр илгери менин Дордой чоң атамдын Тоюн деген кыштоосу болуптур",- деп кеп салып, Дордой ата урук- тууганы менен жайында Ак-Сай менен Арпаны жайлап, кышында Тоюнду тойлоп, уулу Салымбекти Кашкардын медресесинде беш жыл окутканын айтып берди. Аскар айтпаса да, Дордой ата кашкарлык соодагерлер менен да мамиле түзүп, соодагерлик деле кылып жүрсө керек деген ой кылт этип, эмне үчүн эч кимдин оюна келбеген, сасып бекер жаткан саз жерди базарга айлантуу идеясы башканын башына эмес, так ушул Аскардын башына келгенин ошол жерден түшүндүм. Базардын аты да туура коюлганын түшүндүм. "Аккан арыктан суу агат" деген макалдын туура экенине да түшүндүм.
Аскар экөөбуз, көп ирээт самолет менен чогуу учуп жүрөбүз. Бирок, бир да жолу кымбат баалуу бизнес класста учкан жокпуз. Экөөбүз жалпы элдин арасында отуруп баратып, берки бизнес класстагы айрым чиновниктерди, же чиновниктердин көпкөлөң балдарын көрүп алып, "Ие Аске, биз экөөбүз эмне үчүн бизнес класс менен учпайбыз?",- деп бир жолу сурасам, Аскар: "Ээ Табыке, маңдай тер, таман акы менен табылган акча аялуу болот",- деп күлүп койду… Чынында эле Аскар экөөбүздүн көп жерге жасалган спонсорлук акчабыздын ондон бирин жумшасак деле дүйнөнү кыдырып жалаң бизнес класс менен учуп жүрсөк болмок, бирок, жеке жашообузга келгенде аз акчаны үнөмдөп, ал эми бизнеске жумшаган көп акчабыз аз көрүнгөн сараңдыктан эмес, сарамжалдуулуктан чыккан, бизнестин жазылбаган мыйзамына баш ийген мүнөзүбүздүн окшоштугу экөөбүздүн ортобуздагы өзгөчө жакындыктын негизги себеби болсо керек деп ойлойм…
Аскар экөөбүз чочугансып жубайларыбыз менен Чехияга курортко чогуу барып келгенибизке үч жыл болду. Мен өмүрүмдө биринчи жолу курортко келишим десем, мен дагы дейт Аскар. Курорт дегениң жакшы нерсе экенине экөөбүз тең түшүндүк. Аябай эс алдык. Жыл сайын курорт тандап дүйнөнү кыдырмак болуп келинчектерибизди катуу кубанычка батырдык. Бирок эмгиче эч жакка чыга элекпиз. Кол бошобойт. Кылаар иш көп. Убакыт аз, акча дегениң андан да аз. Антип айтсаң, "Силерге акча аз болсо, калган эл кантип жашап жүрөт",- деп калышат бизнестин азабын тартып көрбөгөндөр. Андай адамдарга жашоо үчүн алтымыш миң сом көп көрүнсө, бизге толгоосу бышып тынчыңды ала баштаган кезектеги бизнесдолбоорду башташ үчүн алтымыш миллион сом аз көрүнөөрүн түшүндүрүү мүмкүн эмес. Ал эми ал бизнеске жумшалган алтымыш миллион сом жүздөгөн адамдарга жумуш таап бергенден тышкары, салыктын көбөйүшүнө колтойгон салым кошоорун жөнөкөй адамдар эле эмес, бизнестин тушамышы болуп алган, айрым арам тамак чиновниктер деле түшүнбөйт же түшүнгүсү келбейт, себеби алар ээлеген кызматын бизнеске айлантып алышкан. Сөздүн чынын айтсам, биздин коомдо байларга болгон мамиле эл тарабынан деле анча жакшы эмес. Көчөгө баскандан айбыгып турасың. Тааныш эмес эле адамдар этекке жабышып, кайгы-муңун айтып акча сурап айлаңды кетирет. Андайлар азыр сайдын ташынан көп, каягына жетишесиң. Баарына жардам бере албаганыңа капа болосуң, кээ бир дайны жок жулунгандарга жиниң да келет. Иши кылып, көп адамга берсең да жакпайсың, бербесең да жакпайсың. Берсең аз берди дейт, бербесең сараң же дагы бирдеңке дейт…
Мага өзү айтпайт, бирок, Ат-Башылыктардын эле арасынан Аскарга таарынгандарды угуп да жүрөм, көрүп да жүрөм. Бирок, Кыргызстандагы бардык бизнесмендердин ичинен коомдук иштерге спонсорлук чыгымды Аскардан көбүрөөк жасаган адамды, мисал үчүн мен билбеймин. "Казга теңелип карганын буту сыныптыр" болуп, Аскарды туурап эки жыл футбол командасын багам деп чачылып кете жаздадым. Аскар болбосо кыргыздын футболу да, көк бөрүсү да азыркы деңгээлде өнүкмөк эмес. Башкасын айтпай эле коеюн...
Ошентип, курортко барганга убакыт таппай, өзү үчүн өгүздөй иштегени элине тоодой пайдасы тийген Асыкемдин "Дордой" компаниясына, буйруса, 20 жыл толгону тууралуу кабарды Нуралыдан угуп алып, ушул макаланы куттуктоо иретинде шашып жазып отурам. "Дордой" дегенде эле Аскарды, Аскар дегенде эле "Дордойду" түшүнөсүң дегендей, мен Аскар инимди өткөн жана келе жаткан ийгиликтери менен куттуктап, ал ийгиликтерге өтө керектүү ден-соолукту багыш үчүн мени менен дагы курортко сөзсүз барыш керек экендигин эскертип, анын жалпайып бою жапыз болсо дагы ою бийик экендигин, өңү кара, мурду жалпак болсо дагы ичинде арамы жок , ошондуктан кудайдан колдоо тапкан, жылдыздуу, кооз көрүнгөн, жолу ачык жигит экендигин өзүнө дагы, элге дагы эскертип кетким келет.

Табалды Эгембердиев, "Шоро" компаниясынын президенти




Бегалы НАРГОЗУЕВ, ишкер:
"Бардыгы ""Дордойдон" чыккан"
- Бегалы мырза, "Дордой" базарын түптөгөн белгилүү бизнесмен Аскар Салымбеков Кыргызстан экономикасына салым кошо алдыбы?
- Аскар Салымбеков өзүнүн "Дордой" базары аркылуу кыргыз экономикасында базардык мамилелердин орношуна эбегейсиз салым кошо алды. Эсимде, 90-жылдардын башында СССР кулап, улуттук-территориалдык негизде жаңы мамлекеттер түзүлүп, Кыргызстан күтпөгөн жерден көз карандысыздык алган. Социалисттик негизде түзүлгөн экономика кыйрап, мурда билбеген инфляция күчөп, болуп көрбөгөндөй финансылык кризиске кабылганбыз. Ошондо мен "Ак калпак" деген туристтик фирма ачып, кыргыздын биринчи ишкерлерин Индияга жөнөтө баштаган элем. Эң биринчи ишкерлер эмнегедир университеттин, институттардын мугалимдери, врачтар, министр­лердин аялдары болгон. Көрсө, ошол кезде бизнес баштоого биринчи капиталы бар кишилер ушулар болгон экен. Ошол ишкерлер Индиядан жүндөн, тыбыттан токулган свитерлерди, пахтадан токулган трикотаждарды жана башка товарларды алып келип кайда сатарын билбей ар жерге бир урунуп, Бишкектин чакан базарларына тыгылып, калганы Алматыга, Ташкентке, Тажикстан менен Россияга жер кезип кетчү. Ошондой күндөрдө, менден авиа­билет сатып алып Индияга уччу ишкерлер: "Аскар Салымбеков баштаган топ Бишкектеги тери заводунун ылдыйына базар ачыптыр, ошол жерге бара баштадык" деп айтып калганын уктум. Колум тийбей көпкө баралбай жүрдүм, бирок бир жолу барып көрүп келгеним эсимде. Менин баамымда бир 100-200дөй эле контейнер туруп, сатып алуучулар аз болчу. Ошондон улам бул базардын келечегине эч ким ишенчү эмес. Бирок Салымбековдор көгөрүп, тырышып жүрүп ошол базарды иштетип кетишти. Анын үстүнө ал кезде кыргыздар базарда туруп соода кылганды намыс көрүп, арданышчу. Аскар байкенин кардарлары көбүнчө дунган, орус, уйгур туугандар болор эле. Базар ачканды да намыс көргөн кыргыздын "мен ушу базарком болбой эле койдум" деп тыңсынгандары да көп болду. Бир жылдан кийин эле ал жерден орун алып, контейнер койгонго мүмкүн болбой калганын угуп жүрдүм. Анан Орто Азиядагы эң ири дүң соода базарына айланып, Кытайдан, Түркиядан, Индиядан, Европадан келген товарларын КМШ өлкөлөрүнө реэкспорт кыла баштады. Ал кездеги Кыргызстандын премьер-министри Апас Жумагуловдун: "Дордой" базары өзүнүн соода жүгүртүү көлөмү боюнча кыргыз мамлекетинин экономикасын бир тармагы болуп калды" дегенин өз кулагым менен уккам. Ал киши бул айтканын цифралар менен далилдеп берген. Бул базардан миндеген кишилер иш орун таап, мамлекеттин бюджетине миллиондогон сомдор салык иретинде түшүп келатат. Ошондуктан Аскар Салымбековдун кыргыз экономикасына салым кошкондугу бул талашсыз факт.
- Аны ак эмгеги менен бутунан турган бизнесмен деп жүрүшөт. Сиз кандай деп ойлойсуз? Дегеле ушундай мүнөздөмөгө татыктуу адамдар барбы?
- Албетте, Аскар байке өз эмгеги менен бутуна турган дегенге кошулам. Андай адамдар арабызда көп. Бирок аларды мамлекеттик кызматта иштеп, коррупцияга батып, туйтунуп, байып, бутуна тургандар менен чаташтырып алып, ажырата, айрымалай албай жаткан өзүбүз.
- Бул адам менен мамилеңиз кандай?
- Бул адам менен Жогорку Кеңештин IV чакырылышында чогуу депутат болдум. Экөөбүздүн мамилебиз аябай жакшы болчу. Мага боор тартып, экөөбүз бири-бирибизди сыйлап, жакын болуп кеткенбиз. Саясат деген саясат экен. Ал адамдын ысык мамилесин суутуп, алыстатат экен. Бирок, анын баары артта калды...
- 20 жылдык мааракеге каалооңуз?
- Аскар Салымбековдун "Дордой" империясы мындан 20 жыл мурун кыргыз мамлекети базар экономикасына өтүп жатканда кандай биринчи жол баштаса, эми да бүгүнкү заманбап кыргыз базар экономикасынын туу башы боло берсин. Бутуна туруп алганы эбак. Ошондуктан кыргыз экономикасын базардык традициялуу мамилелерден жаңы инновациялык мамилелердин денгээлине көтөрсүн. Буга Аскар байкенин интеллектуалдык потенциалы, адамдык, каржылык ресурстары жетиштүү. Ушунусунан жанбасын! Буйрусун!
Маектешкен
Назира СААЛИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргызстан маданияты"




Яндекс.Метрика