Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери




Экөө
""Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков жубайы Гүлмира Мамбеталиева менен. 1977-жылы баш кошушкан. Эки уулдун ата-энеси.

Аскар Салымбековдун өмүр­лүк жубайы Гүлмира Мамбеталиева менен ата-энеси, үй-бүлөсү, адабият, маданият тууралуу мындан алты жыл мурун жаңы жыл алдында маектешкен элем. Ошондо турмуштагы, жумуштагы маанайын сурасам, жумуштагы маанайы жалпы элдикиндей эле экенин, турмуштагы маанайын болсо он айга толгон Муса аттуу небересинин ар бир кыймылы, каткырыгы көтөрүп жатканын айткан эле. Ошол небереси чоңоюп, алты жаштын балалык кызыгын көрүп, бала бакчага барууда. Неберелеринин балширин тилине сүйүнгөн Гүлмира Сулаймановна "Балтаттуу" бейөкмөт коомдук бирикмесин ачып, балдарга камкордугун көрсөтүп келет. Андан тышкары, 15 жылдан бери жыл сайын Нарын дубанында өткөн "Жаш талант" аттуу кароо-сынакка демөөрчү болуп жүрөт. Ал жерден жеңишке жеткен таланттуу балдарды Түркияга эки жолу эл аралык фестивалга алып барып келди. Көптөгөн жаш таланттарды таптап өстүрдү жана өстүрүүдө. А мындай камкордукту бардык эле байлардын байбичелери жасай бербейт. Ушундай даражага жетүү оңойго турган жок, ал үчүн канча эмгек керектелгени ушул маекте айтылат.


- Гүлмира Сулаймановна, "Балаң жакшы чыкса - бакыт-таалай тапканың" дегендей, уулуңар Улугбек жакшы чыгып, белгилүү бизнесмен болуп калды. Кичүү уулуңар агасынын жолун жолдойм дейби?
- Берген тарбияң текке кетпесе, чындап эле бактылуу болот экенсиң. Улугбектин жакшы билим алууга жасаган аракетинен эч кандай каражатты аяган жокпуз. Анын үстүнө атасы: "Билим алуу - башкы капитал, билимге жумшаган каражаттын кайтарымы зор" деген сөзүн көп айтат. Мектепте жакшы окуду. Анан ошол жылдардан эле англис тили аябай керек экенин түшүнүп, биз балабызды англис тилдүү мектепке котордук. Кийин 9-класста Түркияга кетип, ал жактан бир жыл окуп келди. Өз жерибизге келип, мектепти ийгиликтүү аяктады. Кыргыз-америкалык университетте окуп жүргөндө, конкурстарга катышып, жеңип чыгып, бир жыл Америкадан окуп келди. Окуусун бүткөндө бир жыл иштеп, андан соң окуусун Монако мамлекетиндеги Түштүк Европалык-Америкалык университеттен улантты. Аны артыкчылык диплому менен ийгиликтүү бүтүрдү. Чет жактарга көп чыгып жүрүп, алардын үлгүсүн өз мекенине колдонуп жатат. Бизнес борборуна жана супермаркетке долбоор жазып, эларалык уюмдардан грант утуп алды. Ири мекеме салыш үчүн чоң каражат керек да.
Мындан тышкары, маданиятты көтөрөм деп "Синематика" жоопкерчилиги чектелген коомду ачты. Кинематография деле өндүрүштүн бир түрү да, мында деле жаңы технологиялар бар. Бул өндүрүш бир ордунда туруп калган жери жок да, бу тармакты алгалатыш үчүн издениш керек. Ошондон улам, "Октябрь" кинотеатрын чет өлкөлүк үлгү менен оңдоду. Кинотеатрдын ичине "Красный Октябрь" деген кафе ачты. "Красный Октябрь" болгондон кийин революциянын символу деп Ленин менен Сталиндин эзелки айкелдерин кайдандыр таап келип, аларды кооздотуп, коммунисттик мезгилдин турпатын көркөм жасалгада чагылдырды. Кайненемди ээрчитип барсак, Ленин менен Сталинди көрүп сүйүнүп: "Тарыхтын барактарын чийип салбаш керек, туура кылыпсың", - деп батасын берди. "Кулча иштеп, байча жашаш керек" деген атабыздын ураанын угуп, балабыз өтө иштерман, эмгекчил болду. "Материалдык байлыкты руханий байлык коштоп жүрсө жакшы" деген эненин сөзүн четке калтырбай, жандүйнөсү да таза чыкты. Бекерчиден безе качкан, илимпозду ээрчий баскан жигит болду. Кыскасы, өзүн өзү калыптандырды, суук көздөн сактасын кудай. Бир чети биздин тарбия-таалимди талаага калтырган жок. Бизди сыйлайт. "Дүйнөдөгү эң мыкты атага" деп атайын арноо сөзүн жаздырып, атасына саат белек кылган. Ыраазы болосуң.
Кийинки уулубуз Кубат Борбордук Азиядагы Америка университетинде 1-курста окуйт. Кубатыбыз кичинесинен чыгармачылыкка жакын болуп өстү. Кичинекейинде республикалык, эларалык балдардын чыгармачыл конкурстарына катышып, баш байгелерди алып келгени гезит беттерине далай чыкты, ошондуктан Кубат жөнүндө маалыматыңар бар болуш керек. Келечекте музыкант болобу, бийчи болобу - биз ал жагын караган жокпуз, тек гана балабыз көп кырдуу өнөрдүн ээси, кыргыздын дүйнөтаанымы кенен, кандайдыр бир шарттуулуктар менен чектелбеген жигиттеринен болсо дейбиз. Бирок ал өзү "мен дагы бизнесмен болом, супермаркет ачам" деп калат. Турмушта бардык жагынан Улугбек байкесин туурагысы келет, ошондой болуп чоңойсом дейт. Аман болушуп, эл керегине жарай беришсин деп тилеп келебиз.
- "Кайненелүү келин - кадырлуу келин" деп айтылат го элибизде. Кайненеңиздин канчанчы келинисиз?
- Аскар Мааткабылович беш эркектин эң кенжеси. "Көкүрөк күчүк келиним" деп кайненем мени абдан жакшы көрөт. Жаңы келин болуп барганда "киреше кирсин, акжолтой бол" деп айтса, ошол сөзгө көп маани бербепмин. Азыр ойлосом бул сөз чоң маанини түшүндүрөт экен. Мен келин болуп барганда, кайнатамдын каза болгонуна бир жыл болуптур - алгачкы көргөн жакшылыгы катары мени кайненем, кайнагаларым, абысындарым жакшы кабыл алышты, мен да аларды бийик туттум.
Ошондон бери канча жыл өттү, ошондогу мамилебиз ошо бойдон калыптанып калды, кудай ушуну кут кылсын.
- Кичүүсү болсоңор, анда айыл­да көп туруп калсаңар керек?
- Жок, он күн эле турдук. Себеби экөөбүз тең университетте окучубуз. Кийин каникул кезинде, иштеп жүргөндө, эс алууга чыкканыбызда дайыма айылга барчубуз. Жаңы жыл, март, май майрамдарын дайыма айылдан өткөрчүбүз. Апам бирок баарыбызды эле айылга калтырып иштеткиси келип жүрдү. Ага азыркы депутат кайнагам: "Баарыбыз чогулганда эмне пайда, андан көрө мен барайын айылга. Өзүмдүн кесибим менен иштей берем, андан көрө Аскар жаш эмеспи, шаарга барсын" - деп бизге уруксат бергенине азыркыга чейин ыраазыбыз, себеби а киши да айыл чарба институтун жаңы гана ийгиликтүү аяктап, институтка окутуучу болуп иштөөнү сунуш кылышкан болчу. Бирок бизге айкөлдүк кылып уруксатын берди. Биз деле жөндөн-жөн шаарга кеткибиз келип жаткан эмес. Аскар Мааткабылович деле окуусун ийгиликтүү бүтүрүп, мага болсо аспирантурага жолдомо беришкен болчу. Биз ошентип шаарга келип калганбыз.
- Жаңы жашоо кандай башталды эле?
- Чынында абдан кыйналдык, үй жок. Жети жыл батирде жүрдүк. Чоң кайнатабыздын тогуз уулунун канат-бутагы жайылып, укум-тукумдуу болуп, айтор бизге урук-туугандарыбыз көп келишчү. Анын үстүнө "өзүңөргө окшотуп окуткула, тарбиялагыла" деп бала-бакырасын да көп жиберишчү. Анан эле биз турган орус-корей-еврей кожоюндар "өзүңөр жакшысыңар, бирок тууганыңар көп келет экен" деп батирден чыгарып салышчу. Ошентсе да биз алардан көп нерселерди үйрөндүк, айрымдары менен алигиче кол үзүшкөн жокпуз. Батирден батирге көчүп-конуп, жүдөгөн күндөр болгон. Атүгүл наны жок да отуруп калган күндөр, чөнтөк-баштыгыбызды аңтарып-теңтерип калган күндөр болгон. Бирок үзүлбөгөн үмүт менен, алга умтулуп, жашообузду улап келдик.
- Аскар Мааткабылович менен КМУда (азыркы КУУ) чогуу окуган турбайсызбы. Группа­ла­шыңыз менен кантип таанышып калгансыз?
- Университетке тапшырганда, биздин убакта конкурс чоң болуп, бир орунга 20 киши туура келээр эле. Тарых сабагынан кирүү экзаменин берели деп турсак, бир бала менден "кайсы аудиторияда болот экен?" - деп сурап калды. Жалт карасам эле сакадай бою сары алтын, кара тору, кара көз, шуулдаган жигит турат. Көзүндө оту бар бала саамга көңүлүмдү бурду... Анан тарых факультетинде үчүнчү курстан баштап бир группада чогуу окудук, лагерге (Көлдө лагерь көп эле, ал убакта пионердик практика деген болчу) чогуу барып калдык. Практикага "Юность" деген лагерге барып, бир отрядда чогуу иштедик. Ошондо жакындан таанышып калдык. Баарлаша келсек эле, саясатты, спортту, тарых, турмуш дегенди чагып атат. Ошондо дүйнөтаанымы бийик жигит экенин билип, сыйлап калдым. Ошондон кийин экөөбүз көп жолугушуп, бири-бирибизге толуктоо киргизип, китеп беришип, кызыктуу темаларды сүйлөшүп жүрдүк. Экөөбүздүн дүйнөтаанымыбыз төп келип калды десем жаңылышпайм. Спортко кызыккандыктан, спорттун бардык түрүнө, айрыкча футбол, гандбол, волейбол дегендерине кызуу катышып, спорттук мелдештерден калчу эмес.. Биз болсо күйөрман болуп, барып турчубуз. Бир күнү гандболдон травма алды. Клара курсташым экөөбүз ооруканага жеткиргенбиз.
- Сиздин артыңыздан чуркаган жигиттер көп болсо керек. Сизди ошончо жигиттен кандай мамилеси менен каратып алды эле?
- Сөз айтып, жүгүргөн жигиттер көп эле болчу. Бирок алар мага кандайдыр олуттуу карашып, мени ириде жакшы бүлө болот деген ой менен, бат эле турмуш куруу жагынан кеп сала кетишчү беле, айтор. Мага ушундай сезилчү, негедир.
Ал эми Аскар Мааткабыловичте ошо кездери жаш баладай кыялкечтик мүнөзү басымдуулук кылчу. Бир окуя эсимде калыптыр. Кыз гүлгө жакын эмеспи. Менин туулган күнүм кыштын кычыраган кезине туш келет. Ошону билип алган соң, "сенин туулган күнүңдү куттуктап коеюн дегем" деп кошуна аудиторияга чакырды. Анан ал убакта азыркыдай эмес - гүл деген кыштын күнү бар беле, же жок беле... Портфелинен кыпкызыл, бажырайган пиондордон гүлдесте көтөрүп чыгып, колума карматты. Жыты да бир укмуш!.. Бирок баарынан да ушул гүлдөрдү кайдан таап келгенине таң калдым!..
Ошол гүл азыркыга чейин көз алдымда турат. Мага кымбат баа­луу белек болду. Кыялды козгогон ушундай мамилеси менин жүрөгүмдү толугу менен багындырып алды. Жандүйнөсү таза, мээримдүү болчу. Бу жигитте менин атамдын мүнөзү бар экен деп ичим жылычу. Мен жактагылардын ою кандай болгонун билбейм, бирок менин жеке кыялымда менин келечегим так ушул жигит менен бактылуу бийиктикке жетерине көзүм толук жеткен.
- Сиз жогоруда "батирде көп жүргөнбүз" дебедиңизби, ошондо "бардар балага эле чыкпай" деп өкүнгөн жок белеңиз?
- Биздин убакта "бай, кедей" дегендик анчалык оркоюп турчу эмес. Кыйналганда бираз ойлонуп калчум, ырас. Аны байкаган Аскар Мааткабылович "Сен каалаганыңды ичип-жеп, эркин өскөн жаның кыйналдың окшойт, көрөсүң го, баары жакшы болот" деп көп айтчу. Иштеп, 130 рубль тапчу. Ал убакта акчанын берекеси бар эле. Батирге төлөп, тамак-аш алып, тууган-достор менен катышып турчубуз. Бир күнү горкомкомсомолго инструктор болуп барды. "Жакшы кийиниш керек" деп да кейип кетчүмүн. Кыскасы, барчылык да, жокчулук да башыбыздан өткөн. Бирок жакшылыктан үмүтүбүз чоң эле. Максатыбыз бийик болчу, биргелешип жетебиз деген тилегибиз бизди бири-бирибизге ого бетер байлады. Кичинекей балабыз турмушубузду ого бетер чыйралтып, бизде бош убакыт деле болгон жок. Анан биерде кандай өкүнүү болушу мүмкүн?! Ага орун жок эле да. Биз ошентип өзүбүз аракет кылып жүрдүк, бирок биздин ата-энелерибиз да бизди материалдык жана моралдык жагынан колдорунан келишинче колдоп турушту...
- Жогоруда сөзүңүзгө караганда бардар жердин кызы болгонсуз го. Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз жөнүндө айта кетсеңиз.
- Мен Бишкек шаарында тө­рөлгөм. 7 бир тууган элек. Бир агамдын көзү өтүп кеткен, баары тең жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү. Атам Сулайман Мамбеталиев улуттук радиодо, кийин "Советтик Кыргызстан" гезитинде иштеди. Жооптуу катчы болуп иштеп жүргөндө "гезитти көтөргүлө, жергиликтүү кадрларды өстүргүлө" деп атамды Нарынга жөнөтүшкөн экен. Ошол убакта биз эжем экөөбүз биринчи класска бармакпыз. Мен алтыда, эжем сегизде. Эжем Роза эмнени кылса, мен ошону кылчумун. Ошондуктан аны ээрчип, мектепке барып, классташ болуп алгам. Атам азыр сексен төрткө келип калды. Жашына карабай Нарындан Бишкекке "Нива" менен келип калат. Апамдын көзү өтүп кеткен. Төрт-беш ишти бир алып барган, коомдук иштерде да иштеген мыкты адам болчу. Биз чоң энебиздин тарбиясын да көп көрдүк. Түпкү жашоо салтыбызды тереңирээк түшүнгөнүм да ошондон болсо керек. Атам 14 бир тууган болгон. Экөө согуштан кайтпай калып, калгандары ар түрдүү оорулардан каза табышты. Жалгыз карындашы Какен Мамбеталиева кыргыз элине белгилүү окумуштуу, кыргыз кыздарынан чыккан алгачкы этнограф болгон. Мен эжекем менен аябай сыймыктанчумун, илимге мынчалык жан-оту менен берилген адамды мен мурда-кийин көргөнүм жок. Менин илимий иштеримде, дегеле турмушумда эжекемдин жаркын элеси ченемсиз үлгү болуп берди.
- Искусствого жакын экени­ңизди билебиз... Ошондуктан кино, концерттерге көп барат болушуңуз керек?
- Албетте. Өзүбүзгө жаккан ырчылардын концертине барып турабыз. "Октябрь" кинотеатрындагы кинолорго барып турабыз. Себеби кино дегениң конкреттүү бир тасманын мазмуну менен эле чектелип калбайт - барып эс алгандардын атмосферасы, бири-бирин көрүп, баарлашып дегендей..
- Маегиңизге ырахмат.
Маектешкен
Назира СААЛИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргызстан маданияты"




Яндекс.Метрика