Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
Замандаштарыбыз
"Дордой" жөнүндө
Турдакун УСУБАЛИЕВ, Кыргыз эл баатыры:
- Аскар Салымбековду азыр кыргыз эли эле эмес, бир топ өнүккөн өлкөлөрдүн бизнес чөйрөсү жакшы билет. 1993-жылы Аскардын көп тармактуу "Дордой" фирмасынын башкы директору болуп, республикада искусство, маданият, спортту ар тараптан колдоого алган меценант болгонун байкап калдым. "Дордой", "Аламүдүн", "Орто-Сай" базарларынын өсүп-өнүгүшүнө олуттуу салым кошконуна ыраазы болдум. Аскардын мээнеткечтиги, өжөрлүгү, намыстуулугу, мекенчилдигинин натыйжасы Борбордук Азия чөлкөмүндө зор иштердин жасалышы болду. Азыр "Дордой" бир нече ири компанияларды баш коштурган зор ассоциацияга айланды. Кыргыз Республикасында бул окуя чоң мааниге ээ.
Жалпы элибиз менен бирге мен дагы иштерине көз салып, байкап жүрдүм. Мисалы, Аскар Нарын облусунун губернатору болуп турганда (2002-жылдын июнь айында) Соң-Көлдө Тайлак баатырдын 200, Муса Баетовдун 100 жылдык мааракелери жогорку деңгээлде өткөн. Бул иш-чарага Россиянын биринчи президенти Борис Ельцин катышып, баасын берген.
Аскардын "Теңир-Тоо-Нарын" ынтымак коомунун президенти катарында жүргүзүп жаткан уюштуруучулук иштери да мактоого татыктуу. Элинин ынтымагы, биримдиги үчүн баарын жасоого даяр турган чоң масштабдагы көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук, саясий ишмер.

Султан РАЕВ, кыргыз эл жазуучусу:
- Аскар Салымбеков... Дордой... Бул ысымды, бул аталышты билбеген же укпаган кыргыз баласы жок болсо керек... Биздин сөз Аскар Салымбековдун айтылуу базары же кайсы бир кирешелүү ишканасы жөнүндө эмес, анын жан-дүйнө байлыгы тууралуу болмокчу... Аскар Салымбеков азыркынын модалуу тили менен айтканда акыркы жыйырма жыл аралыгында өзүнчө бир Кыргызстандагы бизнес чөйрөсүндө материалдык байлыктын "империясын" жаратты. Аскар Салымбеков бир гана материалдык байлыктын гана жаратуучусу эмес, анын жан дүйнө байлыгы, руханий дүйнөгө өзгөчө мамилеси, жогоруда аталган байлыктан он эсе ашып түшөрү талашсыз. Аскар Салымбековду "Кыргыздын Шереметеви, Третьякову" деп атасак да жарашып турган шекилденет.
Аккан арыктан суу агат... угуттан данек, данектен дарак, дарактан мөмө... бу дүйнөнүн катышы да, бири-бирине чырмалышкан улуу цикли да муундан-муунга жалгашып арабызда жашап келе берет... А балким, бул касиет купуя замандашыбыз Аскар Салымбековдун көкүрөгүн, рух көкүрөгүн асылдандырып келгендир... Буга биздин ишенимибиз чоң, анткени, уюткулуу элдин учун чыныгы уулдар гана узартат... Алардын бири - Аскар Салымбеков.

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, оор атлетика боюнча дүйнөнүн бир канча жолку жана олимпиаданын чемпиону:
- Аскар Салымбековду 1972-жылдан бери тааныйм. Ошондон тарта азыркы учурга чейин биз үзөңгүлөш болуп, адамдык бир мамилелер менен катышып келебиз. Аскар студент кезде эле тың болчу. Жакшы окуп, комсомол комитетинде иштеп, ишмердүүлүгүн көрсөттү. Ошол кезде эле адамдарга жакшылык жасайын деген аракети бар болчу. Мен баскетбол, ал футбол секциясына катышчу. Кийин республикалык спорт комитетинде да чогуу иштедик. Ал шаардагы спорт комитетин жетектеп турганда базар экономикасы башталып, базар ачууну көздөп кетти. Көрөгөчтүк кылыптыр. Азыр анын үзүрүн көрүүдө.
Аскар Мааткабылович спортко көңүл буруп, аны каржылаганы менен башка бизнесмендерден айырмаланып турат. Өзү түзгөн "Дордой" командасында канча деген спортсмен бар. Алар чет өлкөгө барганда чыгымын көтөрүү бардык эле адамдын колунан келе бербейт. Өзүмдүн мисалымды эле алсам, мени Израилде жашаган тренерим Иткин Семен Давыдович менин жолуктуруп келди. Ага канча деген чыгым кетти. Спорт жагына чоң жардамдарды көрсөтүп келаткан адамыбыз мына ушу Аскар Салымбеков.

Кимсанбай ажы:
- Аскар Салымбеков туулуп-өскөн мекенине эмес, Бишкек шаарына да соопчулук иштерди жасады. Эки мечитти толугу менен куруп, дагы бир чоң мечитти медресеси менен кошуп бүтүрдү. Бүгүнкү күнү ал жерде мусулмандар беш маал намаздарын окуп, баталарын беришүүдө. Жаш өспүрүмдөр медреседен исламды үйрөнүшүп, мусулманчылык парздарын аткарышууда. Аскар Салымбековдун кылган иштерине токтоло берсек узун сабак. Жыйынтыктап айтканда, бардык атуулдарга кошулуп, жараткан кудайдан жакшылыктарды сурап, Аскардын ишине ийгиликтерди каалайм.

Тынчтыкбек Чоротегин, публицист, окумуштуу:
- Аскар Салымбеков эч кимдин эмгегин жеп, байлыгын тартып алган жок. Бардыгын базар экономикасынын нугунда маңдай тери менен тапты. Албетте, анын азыркы байлыгын көрүп, сырттан бычып, көз артып, кызгануу оңой, бирок күндөп-түндөп ал сыяктуу иштеп, ишкер чөйрөлөр менен мамиле түзүп, алдын-ала иш долбоорун даярдап кызылдай мээнет менен жүзөгө ашырууга бардык эле кишинин эрки жете бербейт. Маселен, менин андайга шыгым жок. Ошондуктан "Алакушту атынан чакырып", ар кишинин коомдогу салымына калыс баа беришибиз абзел.
Аскар Салымбеков облус борборунда маданий, илимий ажайыпканаларды куруп, каражат бөлүп, Кошой-Коргонду тарыхый жай катары сактап калууга, облуска чет элдик туристтерди тартуу үчүн инфраструктурасын жакшыртууга далаалат кылды, өз компаниясынын акчасын жумшады.
Башканы унчукпай эле койолу, Кыргыз спортуна, кыргыз футболуна, анын Азиядагы ийгиликтерге жетишине кошкон сүрөөнчүлүк бараандуу салымы үчүн гана анын ысымы тарыхта калууга тийиш. Ал эми археологиялык, этнографиялык жана башка илимий экспедицияларга каржылык жардамдары, ар башка айылдарда стипендиялар уюштурганы, чет өлкөгө окууга, тажрыйба өркүндөтүүгө же спорттук мелдешке аттанган далай жаштардын ажатын ачканы... булардын баарын бир макалада санап бүтө албастырсыз.
Албетте, базар экономикасына карай жол чапкан Аскар Салымбеков менен үзөңгүлөш Табылды Эгембердиев, Чыныбай Турсунбеков, Турусбек Мамашев сыяктуу ишкер инсандарды кантип эскербей кое алабыз? Кадыр Матказиев сыяктуу сырт жакта (Евразияда) көбүрөөк иштеп калган далай ала-тоолук ишкерлер бар, аларды да айта жүрүү керек. Сырттагы ишкерлер Ата журтун кыйыр колдоп жатышса (жок дегенде туугандарына жардам берүү аркылуу), ал эми Аскар Салымбеков өлкө ичинде туруп Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө кыйла эмгек жумшап келет.
Сыртта болуп, бул мааракеге катыша албай калдым, бирок каалаарым - улуттук маданий казынабызды сактоо жана байытуу жаатында талбай иш алып бара жаткан "Дордой" сыяктуу компанияларыбыздын өркөнү өсө берсин.

Майрам Дүйшекеева, КР эмгек сиңирген артисти:
- Кичинекей нерсени опол-тоого айланткан, атагыбызды алыска тааныткан Аскар Салымбековду чоң тамгалуу, мыкты инсан деп эсептейм. Албетте, андай ийгиликке чогуу жеткирген жубайы Гүлмира Мамбеталиева жана анын командасы. "Оорун колдон, жеңилин жерден алып" жеңилдетишти. Анын ысык-суугуна чыдаган жеңебиз Гүлмира Сулаймановна. Анын дагы бул утушка салымы чоң. Бул эки асыл адамдардын ата-энесине таазим. Сайраке чоң апабыз дагы токсонго келип, балдарынын убайын көрүп олтурат.
Бул эки адамдын колу ачык, берешен. Кайрымдуулук иштерди көп жасашты. Искусствону терең түшүнгөн адамдар. Чыгармачыл адамдарга демөөрчүлүк кылышты. Мага да көп жардамы тийди. Анан аларды алкабагандан башка аргабыз барбы. Аман болушсун. Салымбековдордун башы кемибей, көбөйө берсин.
Даярдаган Назира Саалиева






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргызстан маданияты"




Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика