Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери




Экөө
Мамытбай Салымбеков
жубайы Асыл Токсобаева менен.
1973-жылы баш кошушкан. 2 уул, 1 кыздын ата-энеси,
6 неберенин чоң ата, чоң апасы.
Бул маек 2005-жылдын 30-декабры күнү алынган экен. Ошо күнү эсимде, гезитибиздин баш редактору Нуралы Капаров экөөбүз бул кишилерге чогуу барган элек. Нукеме "Шеф, байлардын жубайлары абдан капризи башынан ашкан, оңой менен биздей карапайым пенделерди жактырбаган текебер жандар болчу эле, бир жолу жазганыбызды жүз жолу оңдотуп, кайра-кайра чуркатып эсти оодарбаса болду" дедим. "Көрө жатаарбыз" деди Нуке камырабай. Бардык. Каар­маныбыз Асыл эже чынында атына заты төп келишкен аялзаты экен, карапайым мүнөзү, кийип алган жупуну пальтосу, жумшак үнү, айтор бүт турган турпаты ичибизди жылытты. Андан бери жети жылга жакын убакыт зуулдап өтүп кетиптир. Бүгүн Мамытбай аганын тагдыр кошкон өмүр шериги Асыл эже арабызда жок. Бул жалганда күлкү менен ый, кубаныч менен муң кошо жүрөт экен, айтылуу "Дордойдун" 20 жылдык маарекесине арнап чыгарылган бул гезитке Асыл эже менен болгон маекти кайталап басып жатканыбыз, биринчиден, а кишинин жаркын элесине көрсөткөн урматыбыз болсун дедик. Экинчиден, "Дордойдун" бүгүнкү жеткен бийиктигинде Салымбековдордун ынтымактуу чоң үй-бүлөсүнүн мүчөсү, жароокер инсан, карапайым мүнөз кыргыз аялы Асыл эженин да эмгеги, орду бар экенин окурмандарыбызга айткыбыз келди...

- Мамытбай ага, кыргызда "аккан арыктан суу агат" деген даанышман кеп бар эмеспи. Атагы далай жерге жетип аткан, нечендеген адамдар иштеп, турмуш-тиричилигин жүргүзүп жаткан айтылуу базар сиздин бабаңыз Дордойдун ысымынан аталган экен. Бабаңыздын таржымалына кызыккандар көп.
- Дордой Тагай чоң аталарыбыздын уулу. Алар Кеминде Кашкелеңди, Чоң Чүйдү, Кордойду жайлап турушкан. Кийин жер, жайыт тартыш боло баштаган заманда Аксай, Арпа тарапка көчүшүп, ошоякты жайлап калышкан экен. Дордой бабабыздын 9 уулу болуп, ар кимисинин өзүнчө так кызматы болгон дешет. Бири мал бакса, экинчиси жалаң соода-сатык менен алектенген, биздин Салымбек чоң атабыз болсо жашынан илим-билимге жакын, Кашкардан, Самаркандан окуган сабаты бийик билимдүү, молдо киши болгон. Кийин 37-жылдары "контр" аталып, ак жеринен репрессияланган, Оренбургка айдалып кетип ошо бойдон элге кайткан эмес. Өзүмдүн атам Мааткабыл да идиректүү, окуганга дилгир адам болгону менен "контрдун" баласы делинип, ошонун айынан окуй албай калган. Кийин согушка кетип алааматтан аман кайткан соң, бир топ жылдар колхоздун чоң устасы болду. Өмүрүнүн соңку жылдары ар түрдүү чарбалык иштерде жүрүп, согуштан ала келген жаракаттарынын айынан денсоолугу начарлап жүрүп кайтыш болду. Бу жашоода кубаныч менен арман кошо жүрөт турбайбы, өкүнгөнүбүз атабыз балдарынын жакшылыгын көрсө болоор эле, неберелерин жыттаса болоор эле, не кылабыз, тагдыр деген ушундай экен. Апабыз болсо уул-келиндеринин сый-урматын көрүп, бактыбызга аман- эсен, чоң бүлөбүздүн ардагы да, куту да ошо киши. Беш бир тууган элек, улуусунан, дагы бир инимден айрылып, үчөөбүз калдык. Аскар агаңар биздин эң кичүүбүз.
- Бала чактан тандаган өз кесибиңиз эмне эле?
- Кичинемден атамдын артынан калбай, устаканасына чейин ээрчип жүрүп темир-тезекке жакын өстүм, мектепти бүткөн соң адегенде колхоздо слесарь, кийин сельхозтехникада токарь болуп иштеп жүрдүм. Ошонун таасиринен болсо керек, слесарь болуп жүргөндө, 1971-жылы адегенде айыл чарба институтунун даярдоо бөлүмүнө кирип, институттун механика факультетин 1977-жылы бүттүм. Инженер-механик кесибине ээ болдум. Ошондон тартып 90-жылга чейин өз кесибимди аркалап, сельхозтехникада башкы инженер, директор, андан кийин Нарын областтык ПМКда беш жыл начальник кызматтарында иштедим. Агаларым, инилерим бул жакка, Чүйгө келип иш баштап, кол кабыш кылбайсыңбы дешкендеринен макул деп мен да келдим. Ошондон бери насип тагдырдын буйругу менен бул жердебиз.
- Адегенде ооматтуу бизнесмен, бүгүнкү күндөгү парламент депутаты Мамытбай Салымбековдун тылы бир топ бекем болсо керек? Анын "мамлекетин" билгичтик менен башкарып, куттуу үйүнүн коломтосун өчүрбөгөн жеңебиз кандай аялзаты болду экен?
- Жеңеңер экөөбүз тээ илгертен кошуна жашап, ата-энелерибиз жакын үйбүлөлүк катнашта болушкан. Анан аталарыбыз, эки жакшы жайлоого чыкса кудалашып түшөт дегендей, өзүлөрү эле сүйлөшүп бизди үйлөнтүп коюшту. Эжеңер кыз-келиндер пединститутунун мектепке чейинки билим берүү факультетин аяктаган. Бу киши окуусун бүткөндө мен окууга кеттим, беш жыл бою мен шаарда, ал Ат-Башыда иштеп, кайната-кайненесин да карап, балдарын бакты.
- Беш жыл шаарда эркин, "бойдок" жүргөнүңүздө жеңем сизди далай кызгангандыр, каникулга келген сайын "отчет" сурап, "маселеңизди" карап турса керек?
- Жо, андай деле болгон жок. Кызганып өйдө-төмөн сүйлөгөнүн уккан эмесмин. Дегеле өмүр шериктен өзүмдү жолдуумун десем болот. Мактагандай болбоюн, жеңеңердин токтоолугу, түшүнүгү өзгөчө жан. Андан көрө мен кызгансам болоор эле, бирок мындайга ал бир да жолу себеп берген жок.
- Эже азыр кандай жумуш менен алектенет?
- Билим берүү тармагында 25 жыл иштеп, эс алууга чыкты. Ошо тармакка эмгеги сиңди, "Даңк" медалы, башка да көптөгөн мамлекеттик сыйлыктары бар. Азыр пенсияда, 460 сом алат, (күлүп калды) өзүң айткандай, менин коломтомдун куту болуп "иштеп" жатат. Ишке эртең менен узатат, кечинде тосуп алат. Кийимимди жууп, тамагымды белендеп дегендей. Мындан артык бакыт барбы. Балдар болсо эчак ар кимиси өз-өзүнчө орун - очок алып кетишкен.
- Кечиресиз Мамытбай ага, балдар дегендей демейде бай, бардар адамдардын балдары көөп, кутуруп, шапар тепкенден башканы билбей чоңоет эмеспи. Сиз балдарыңызды кандайча тарбияладыңыз, алар азыр кандай жумушта иштешет?
- Балдарды сен байдын баласы­сың деп кулагына куюп, аң-сезимине сиңдирбеш керек. Эң чоң коркунуч мына ушунда жатат. Мындай ата-энелер эртеби-кечпи, бир күн барып бармагын тиштеп өкүнүшөт. Бала эмей эле балээ болду деген ошондо башталат. Орус калкында "не делайте из своих детей кумиров" деп коебу, мына ошо сөз мыкты айтылган. Баланы эл-журт катары, өзүнүн тегерегиндеги эле балдардай кийинтип, керек болсо, көп жерден чектеп эле өстүргөн оң. Акчаны тутамдап колуна бере бербей, өзү тапкыдай кылыш керек, мына ошондо алар акчанын баркын түшүнөт. Мен балдарымды эч качан чалчактаткан эмесмин. Өзүлөрү жамап, эски велосипедден велосипед курап, эски кийимдерди оңдоп - жамап кийип, элдин балдарындай эле чоңоюшту. Мына эми өзүлөрү ата-эне болуп, өз балдарына да ушундай тарбия бергенге аракеттенгендери, менимче жаман эмес деп ойлойм. Азыр улуу уулум Эркинбек, кызым Зыйнат өзүбүздүн ишканада мага жөлөк, таяныч болуп иштешүүдө. Эсеп-кысап жагында иштешет. Экинчи уулубуз Жумабек болсо шаардык депутаттардын тобун жетектеп иштейт, өзү да депутат.
- Орустар айткандай, бар-жоктун баары эсеп-кысапка негизделген бу заманда сиздей оокат-дүйнөлүү адамдар куда сөөгүн да өзүлөрүндөй жерлерден күтүшөт экен. Сиз кайсыл атактуулардан келин алып, кыз бердиңиз?
- Кыргыз муну нике кайып, буйрук деп коет. Кудай берген куданы ылгап тандаган болбойт. Күткөн кудасын сен менден артыксың же жардысың, кемсиң деген адамдардын катарына мен кошулбайм. Менин кудай кошкон кан кудаларым бардыгы тең нарктуу, мартабалуу кишилер деп эсептейм. Бир кудам Көл тараптан. Аты Билимбек. Кызыма нике кайып Көлдөн буюрган экен, ошоякка барды. Кийинки кудам Дүйшөк, өзүбүздүн Ат-Башыдан. Улуу баламдын кайнатасы Тойгонбай кудам, бу да өзүбүздөн, Ат-Башынын чыгаан уулдарынан.
- Сиз менен бир жыл узап, да бир жаңы жыл кирип келе жаткан улук күндөрдө маектешип отурабыз. Айтыңызчы, бөтөнчө тоскон кайсыл жыл жадыңыздан чыкпай келет?
- 1975-жылкы жаңы жылды мен шаарда, үй-бүлөм, ата-энем Ат-Башыда тостук. Арга жок, телефон аркылуу куттуктагам. Жаман эле болот экен киши. Ошондон бери такай чогуу тосуп келатабыз. Анан 1991-жылдагы жаңы жылды, эгемен, өз алдыбызча эркин мамлекет болдук деп бөтөнчө кубаныч менен тосконубуз эсимден кетпейт. Өзүң ойлосоң, алакандай кыргыз эмес, саны миллиондогон нечен улут калк же өз мамлекети жок, же өз жери жок, көрүнгөн жерде корголоп жүрөт. Биз, кыргыздар, бул жагынан бактылуу эл экенбиз деген өрөпкүгөн башкача бир сезим менен тосконбуз ошо жылды.
- Мамытбай ага, эми ошо алакандай кыргыз элибиз өзүнүн дагы бир жаңы жылын тоскону турат, эмне каалоо айтаар элеңиз?
- Келе жаткан жаңы жыл кыргыз элинин аң-сезими дагы бийик көтөрүлгөн, туура багыт алып жакшы турмушка умтулган ынтымак-ырыстуу жыл болушун тилейм. Асманыбыз дайыма ачык, бейкут, элибиз аман болсо экен!
- Айтканыңыз келсин, рахмат сизге. Эми сиздин урук­сатыңыз болсо, Асыл эжеге да камдаган соболдор бар эле. Эже, өзүңүз Ат-Башынын кызысызбы?
- Мен негизи жердигим акталаалыкмын, ата-энем турмуш-шартка байланыштуу Ат-Башыга көчүп келип туруп калышкан. Ошондуктан дээрлик Ат-Башыда чоңоюп эс тарттым. Мамыт байкеңер менен кошуна турчубуз. Бала кезден бери бири-бирибиздин көз алдыбызда чоңойдук десем да болот. Мен кыргыз, ал орус мектепте окучу. Студент кезибизде үйлөнгөнбүз. Аталарыбыз жакшы мамиледе дебатпайбы байкеңер, ата ыраазы, кудай ыраазы дегендей, ошолордун тилегин ишке ашырдык. Чогуу жашап келатканыбызга мына быйыл отуз эки жыл болуптур. Эсимде, Мамыттардын турган көчөсүн Дордой айыл деп коюшчу. Жакшылык, жамандыкта дегендей, туугандар дайыма чогула калып кеңеш курушуп, ынтымактары бир укмуш эле. Ыраматылык кайнатам акыл-кеңешке бай, элге кадыры артык киши болгондуктан, калган көпчүлүк ал кишинин сөзүнөн чыкчу эмес. Буюрса, бул ынтымак биздин Салымбековдордун чоң үй - бүлөсүндө алиге чейин сакталып келатат.
- Эже, чынын айтсам, мыкты байлардын бири Мамытбай Салымбековдун жубайын башкача элестеттим эле. Сиз болсо жөпжөнөкөй, карапайым мүнөз киши экенсиз.
- Менин кесибим мектепке чейинки балдарды тарбиялоо болгондуктан, бүт өмүрүм ушу иш менен өттү. Көп жылдар бала бакча башчысы болуп эмгектендим, адамдын мүнөзү негизинен кудайдан берилет деңизчи, бирок кесип да таасир этет окшойт. Дүйнөдөгү эң аруу, таза аалам - бул балдардын дүйнөсү. Мен ушундай дүйнөдө иштегениме бактылуумун. 1996-жылдан бери пенсиядамын.
- Сиздей жапжаш пенсионерди биринчи көрүшүм.
- Биздин Нарын бийик тоолуу аймакка кирет да. Көп жеңилдиктин бири катары пенсияга эртерээк чыгарышат. Ошондуктан жаш пенсионер көрүнүп атсам керек (күлдү).
- Азыр эмне жумуш кылып жатасыз?
- Пенсияга чыккандан бери үйдөмүн. Негизги жумушум жана өзү айтпадыбы, байкеңерди карайм. Бу кишинин иши ансыз да көп, депутат болгондон бери түйшүгү ого бетер арбыды. Өзү да үйгө жетип менин колумдан бир чыны ысык чай ичмейин алымсынбайт.
- Кечиресиз, байкеге кандай тамакты көп жасап бересиз, жакшы көргөнү кайсы?
- Кийинки кездерде денсоолугуна кылдат көз салып атам. Подагра (муун оору) менен бир аз кыйналып жүрөт. Андыктан мүнөздөп тамак ичүүгө туура келет.
- Демек, ал кишинин эң жакын жардамчысы да, таянычы да өзүңүз турбайсызбы. Кийимге чейин тандап бересизби? Демейде көп байлар обу жоктонуп атайын кийим тиккич күтүп, же чет элдик белгилүү фирмалардыкынан башканыкын кийбейт эмеспи, бу жагы сиздерде кандай?
- Андайыбыз деле жок. Кийимге кадыресе муктаждык катары гана мамиле кылабыз. Эми байкеңер мага караганда эл арасында көп жүрөт, парламент депутаты, кандай кийингенине карап баа беришсе, бул мага да берилген баа деп ойлойм. Кийимди мынабу өзүбүздүн "Дордой-Плазадан" эле алып киебиз. Башкысы ыңгайына, жарашыгына карайбыз.
- Сизди карасам "кыйкырып" турган деле жылтыр-жултуру жок, жупуну кийинет экенсиз. Көчөдөн көрсөм жөнөкөй эле аял демекмин. Үй тиричили­гинин баарын өзүңүз жасайсызбы же атайын жумшаган кызматчыңыз барбы?
- Баарын өзүбүз эле жасайбыз. Азырынча кудайга шүгүр, алдуу-күчтүү элебиз.
- Эже, аялдын бактысы дегенди кандай түшүнөсүз?
- Аялдын бактысы үй-бүлөсү менен тыгыз байланышкан деп ойлойм. Бул жагынан кудайга шүгүр, тагдырга таарынычым жок. Ошондуктан бактылуумун десем болот. Балдардын баары жакшы чоңоюшту, ыймандуу, ата-энеге күйүмдүү болушту. Уулубуз Эркинбек атасы депутаттыкка кеткени, ордун басып иштеп жатат, Жумабегибиз болсо шаар кеңешинин депутаты, кызыбыз Зыйнат да иштеп жатат, иши кылып колубузга кол, бутубузга бут болгон ушу балдарыбыз. Апам айтып калчу эле, мен бирөөсүн урушсам, силер да кошо урушкула дечү. Анан үчөөлөп урушчубуз. Көрсө, бу да өзүнчө тарбия экен, жөнү жок балдарга болушуп, жаман үйрөтүшпөсүн деген тура.
- Сыртынан Мамытбай ага ачуусу чукул кишидей көрүнөт экен?
- Байкеңер көп учурда бетке түз айтып, кээде катуураак да айтып жиберет, бирок ошо замат жумшарып, баягыдай боло түшөт. Эч качан бирөөлөргө кек сактаганын көргөн эмесмин. Негизи адамга кайрымдуу, боорукер, бирөөгө жок деп айталбайт.
- Бир туугандар Салымбековдордун ортосундагы ынтымак сиздер, абысындар, ортосунда кандай?
- Кудайдын өзгөчө куту - ынтымак биздин чоң бүлөнүн негизги түркүгү десем болоор. Бизде эч качан өөдө-төмөн карашуу деген болбойт, мындай болгон да эмес. Биз абысындар эмес, эже-сиңдилердей болуп калганбыз.
- Аскар Мааткабылович сиздин эң кичүү кайниңиз болот экен. Салымбековдордун кудуреттүү "мамлекетин" түптөгөн ушу киши эмеспи. Авторитети абдан күчтүү кай­ниңиз менен мамилеңер жө­нүндө айта отурсаңыз?
- Туура айтасыз, көп иштин башында Аскар Мааткабылович турду, эми да туруп келатат. Эң жашы болсо да, бир туугандары ансыз бир да маселени өз алдынча чечпейт, дайыма ал кишинин пикирин, сөзүн биринчи орунга коюшат. Биздин бүлөдө ушундайча кабыл алынган, Аскар Мааткабыловичтин авторитети талашсыз. А кишинин адамдык сапаттары бийик болгондуктан ини катары дайыма агаларын өтө урматтап, өзгөчө күйүмдүү, агалары десе ичкен ашын таштай салып чуркап турат. Аскар Мааткабылович биздин үй - бүлөлүк сыймыгыбыз десем аша чаппайм.
- Чет өлкөлөрдү көп кыды­расыңарбы? Эл арасында сиздерди кайсы бир жомоктой аралдарга барып эс алып келишсе керек дешет, чынбы?
- Чет мамлекеттерге негизинен "кожоюндарыбыз" барышат. Эми булар шапар тепкени, эс алганы эмес, ал жактан пайдалуу, керектүү бир нерселерди көрүп, үйрөнүү үчүн, аны бул жерде келип жасаш үчүн, анан көп учурда делегация менен расмий түрдө барышат. Ээрчитесиң деп жөнү жок жабышып, кошо жөнөп алмай деген адат бизде жок. Ыңгайы келгенде барып калабыз. Көп эле чет өлкөлөргө барганбыз, бирок чет жер канчалык кооз болсо да өзүбүздүн Ысык - Көлгө, тоо, токойлорубузга жетеби...
- Үйдө кол бошой калганда алекте­нээ­риңиз эмне?
- Мен гүл өстүргөнгө аябай ышкыбозмун. Үйдүн ичи дайыма жапжашыл болуп турганын жакшы көрөм.
- Ырчылардан бөтөнчө кайсыларын сүйүп угасыз?
- Гүлнур Сатылганова, Сыймык Бейшекеевдер жагат.
- Салымбековдор республикадагы таанымал адамдар эмеспи, өзүңөр жөнүндө ар кандай ушак-айыңды көп угасызбы?
- "Эл оозунда элек жок" дегендей, анча-мынча угуп калабыз. Бирок ага эч качан маани бербейбиз.
- Жөнөкөй турмушту да баштан өткөрүпсүздөр, бүгүнкү бардар, бай турмуш сиздерди өзгөрттүбү?
- Жокчулуктун азабын тарткан адамдар гана оокаттуу турмуштун баркын түшүнөт деп ойлойм. Биздин Салымбековдордун бүлөсү эч качан байлык топтосок, чөнтөгүбүз толсо экен деген максатты биринчи орунга койгон эмес. Акчаны улам жаңы долбоорлорго жумшап, аларды турмушка ашыруу, ошол аркылуу элге жумуш берип, элге кызмат көрсөтүп келатышат. Биздин байлыгыбыз элибизге кызмат кылсак деген гана тилек.
- Куттуу жаңы жыл астында эмне тилегиңиз бар?
- Элибиз аман турсун. Эненин жүрөгү, эси дарты балдарында болот экен, бардык энелер балдарыбыз менен аман бололу
- Рахмат, аман туруңуз, эже.
- Рахмат, өзүңөр да.
Бахтияр ШАМАТОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргызстан маданияты"




Яндекс.Метрика