Поэзия

Салижан Жигитов

Элегия
Уйгу-туйгу шамалдуу күз түнүндө
Уктай албай кыйналам чоочун үйдө.
Теректери шуулдап шоокум салат
Терезеден калдайган тоо түбүндө.

Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай күйүттүү күү чыгарып
Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...

Тоо койнуна кысылган кыштагымда,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагында
Турар эле шуулдап миң түп терек
Тигип койгон атакем жаш чагында.

Оо, мен анда бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк - уулаганым.
Уктаганым байкабай калар элем
Угуп жатып теректер шуулдаганын,
Убайымдуу алдейлеп ырдаганын.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...

Каргадайдан бир өскөн моюндашып
Кайран агам экөөбүз коюндашып
Уктап жатсак, теректер ойготчу эле
Желбиреген жел менен шыбырлашып,
Жашыл көркүн жай гана шуулдатып.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...

Апам өлүп, артынан атам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп,
Ошондо да теректер шуулдаган
Коштошкондой көрүнөө капа болуп,
Кошок айтып жаткандай созолонуп.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...

Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман,
Кайрандарым, а силер жатасыңар
Терек муңун туйбастан шуулдаган.

Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ачышып каректерим
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..
1968-1978

Жаз
Жаркырайт так төбөңдөн күн күлүңдөп.
Капыстан шатыр-шутур өткүн келет.
Көк мейкин. Жылуу жамгыр. Шүүдүрүм чөп.
Туйлаган кулун болуп кеткиң келет.

Булайып булут көчөт, булут көчөт,
ээрчитип көлөкөсүн салкын төгөт.
Сыдырым. Торгой ыры. Чырымтал чөп.
Чалкаңан ойсуз, камсыз жаткың келет.

Көпкөк түс көзүңдү арбап чар тараптан,
түркүн жыт аптыктырып мурдуңду өрдөйт.
Жашаң жер. Жашыл дүйнө. Чаңкай асман.
Бир гана өлгүң келбейт, өлгүң келбейт.
1964

Сага
Айткан элем мажнун чакта сага мен:
"Апаң сени бир мен үчүн төрөгөн".
Айныбаймын ал сөзүмөн дале мен:
Жалгыз мага жаралган бир жан элең.

Сага тушташ көз жарган көп кишиден,
Сага жашташ жалпы балдар ичинен
Жалгыз сага жар болууга, а балким,
Бул жалганга келгендирмин ушу мен.

Баягыда баш кошкондо экөөбүз
Бассак-турсак балатыдай кош-эгиз,
Бир жагынан пейлибиз да бап келип,
Болбойт беле турмушта бир гөзөл иш.

Жагыныштуу азил айтсам жаркылдап,
Жаңырыктуу сенин күлкүң шаңкылдап,
Бирди-жарым коога түгүл, көр жеме
Биздин үйгө баш баккандан тартынмак.

Жан эркем ай, жарым болсоң эгер сен,
Өмүрдөгү өтүп далай белестен,
Көр оокаттын көп түйшүгүн экөөлөп
Көтөрмөкпүз кабак-кашым дебестен.

Уул тапсак, кут түшкөндөй кудуңдап,
Кыз болсо деп кийинкисин утурлап,
Басып жүрсөк балдар аман, баш аман,
Бакыт бизден качып кайда кутулмак?

Бирок тагдыр төлгөсүн терс таштады:
Анда менден артык көрдүң башканы.
Байкаштырсам, бак-таалайга тунган жок
Бай үмүттүү ак никеңдин арт жагы.

Көрүнгөн кыз аркасынан сүйрөлүп
Көпкө жүрүп, алдым мен да үйлөнүп.
Андан бери аламандап келемин
Опоосу жок оомал-төкмөл күн көрүп.

Кайран жаштык кайра жанса жаңырып,
Калсам эгер кайра сага кабылып.
Эч бир жанга ээлеттирмек эмесмин,
Эркем, сени ээрчисем да ак уруп.

Өмүр-дайра аркасына агылып,
Өзүң кайра калсаң мага кабылып,
Балким, сен да барбайт белең башкага,
Менин ысык мээримиме багынып?

Бирок жаштык колдон кумдай төгүлдү,
Калды чөгүп көл түбүндө көгүлдүр.
Бушаймандуу чындык ушул: чиркин ай,
Бу жалганда жашоо жалгыз, өмүр бир!

Атаганат, "аркы дүйнө бар" деген
Анык болсо, арзып жүрүп анда мен
Сага жетип, кошо тартып тозогун,
Бейишине кирбейт белем сен менен.

Өксөп-өксөп ыйлайт белек бул жерде
Өлбөй тирүү күн астында жүргөндө
Экөөбүз тең оңбогондой жаңылып,
Эки бөлөк өксүк өмүр сүргөнгө.

Бирок мунум - кур кыялда күйгөн от,
"Тиги дүйнө бар" деген сөз - бир жомок.
Бушаймандуу чындык ушул: чиркин ай,
Бу дүйнө бар, мындан башка дүйнө жок!

Жалгыз дүйнөм жапжаш бойдон кулпурат,
Жалгыз күнүм кеч бешимден түнт турат...
Артын эстеп, алдын тескеп өмүрдүн
Аз-аз калам ыйлаганга буркурап.

Чымырканып башка түшкөн шорума,
Чыгат окшойм тирүүлүктүн соңуна
Өмүр кайра жанбасына өкүнүп,
Арман кылып а дүйнөнүн жогуна.
1984-1985

Күз
Тоо чөбү саргыч тартып калды жатып.
Төгүлдү саргыч ыраң аңыздарга.
Саргайды сар аңыздар кайгы басып.
Саргайды суу бойлогон камыштар да.

Жаңгактын самсаалаган көркү сары.
Сапсары сөгөт-талдын бутактары.
Теректин жез сыңары барки сары.
Сай сары. Тоолор сары. Токой сары.

Табият өңдөн тайды - болду сары,
Саргайды жадагалса кайың, чыргай.
Бир гана өрүкзардын жалбырагы
өрттөнөт сарым өлүмгө моюн сунбай.

А балким, өлөр адам оюндагы
өмүргө эң акыркы аралжы үмүт
дал ушул саргаюунун фонундагы
кыпкызыл өрүкзардай турар күйүп?
1965
* * *
Ооруп жатам. Шайым куруйт алсырап.
Дем кыстыгат, нымшып муздак тер чыгат.
Уктап кетсем жаман сырдуу түш көрүп,
көңүлүм чөгөт, сарсанаага тумчугат.

Тышта дүйнө кадимкидей соо турат,
кылк-кылк этип тоо артынан күн чыгат,
өмүр, шаттык, көрккө тунган жер бети
ич бышырып, көз кызартып кулпурат.

Мен көз жумсам, кызмат ордум бош калар,
бирок дароо орун басар башкалар.
Турмуштун түк токтолбосун белгилеп
ошол күнү далай бөбөк көз жарар.

Мен көз жумсам, сыртта агайын, дос калар,
алар мени аз убакка эске алар,
бир гана арман: айтылбастан сөз калар
жомок болуп эл эсинде сакталар.

Мен көз жумсам, жарык дүйнө соо калар,
тыным албай жер өз огун айланар.
Тамак ичип,
эмгек кылып,
жер басып
соо жүргөндөн артык бакыт кайда бар?!
1961
* * *
Өткөн бир күн эске түшүп...
Жайдын күнү канат жайып
үстүбүздө айланып кечке дейре жалын бүркөт.
Түнү салкын.
Ай жарык.

Үч күн жатты эстен танып,
тили такыр байланып.
Үч күн жатты жан далбастап
узай албай кыйналып.
Үч күн бою бүткөн шамдай
даяр турду өчүшкө.
Төртүнчү күн.
Араң-зорго
кылды ишарат эшикке.

Алпчыгышты.
Көздөрүн тек
ачууга араң жарады,
асманды бир аянычтуу
айландыра карады.

Асман тунук,
асман тунук,
асман тунук, туптунук,
тоо башына барат жылып
жалгыз булут, ак булут.
Жарык дүйнө көз алдында
тегеренди кулпуруп,
жалыны өчкөн көздөр гана
турду тилсиз кыйкырып:

"Тоолор башы,
тоолор башы
көйкөлгөн көк шибердүү,
тоолор башы, садагасы,
кантип кыям силерди?!

Жолдор, жолдор,
жаркын жолдор,
үстүңөрдү чаңдатып
басып жүргөн,
басып жүргөн
баа жетпеген зор бакыт!

О күн нуру! О күн нуру!
Ушу сенден айрылуу
кандай гана,
кандай гана,
кандай гана кайгылуу!..

О адамзат! Адам заада!
Билбейсиң сен тирүүңдө
кандай сонун,
кандай сонун,
кандай сонун бу дүйнө!!"

А эртеси кайран апам
калды жердин түбүндө.
1964