Нуралы Капаров
Тузик
(аңгеме)
Салижан Жигитов агамдын жаркын элесине арнайм.
Ак койдун азабы көп. Өзгөчө эрте жаздын ала-шалбыртында көк кууган койдун азабындай азап бул дүйнөдө болбостур. Кышы бою кытыратып "чайнаган" байымы жок, каны качкан куу чөптүн "кулдугунан" кутулуп, жаз баарында жаңыдан кылтыйып чыгып келе жаткан көк чөпкө тиши менен тили тийгенде бүлкүлдөгөн бүйлөсүнө шилекей толуп, жаздын себелеп жааган жылуу жамгыры менен мемиреп тийген жылуу күнүнө көөп чыккан жер кыртышы менен чырымтал чөптүн кошул-ташыл буруксуган жыты каңылжарын жарып өткөндө айбан да болсо дээринде жүргөн аз-маз эс-акылынан толук ажырап, мас болгон немедей, жинди болгон немедей туш келди чачырап оттогон койду эр болсоң чогултуп ал! "Кош эле, кош!"деп тамагың айрылгыча айкырганыңды да, бакырганыңды да тоготпойт. Көзү көр, кулагы дүлөй. Шудуңдап көк кууган койду үркүтүп айдаш үчүн, чогултуш үчүн кандай гана айла-амалдарды жасабайсың. Калай челекке таш салып шалдыратасың. Эзели жону кургабаган сары плащыңды чечип, өйдө-ылдый далбактатып ыргытып "калдыратасың". Угуп да койбойт, сезип да койбойт. Обору ачылган ак кой көккө тоймоюн өзүң ыргайдай, атың торгойдой болуп арыктайт.
Кол кой десе бармагынын башын сыяга малып мөөр баскан кары-картаң чабандар биринин артынан бири жапырт куйрук улаш пенсияга чыга баштаганда, орто мектепти толук окуп бүтпөсө да, жети класстык билим алган, кат-сабаты жоюлган жаштар малчылык ишке келгени эчен кылымдан бери былк этпей жаткан малчылык иште да болоор-болбос өзгөрүүлөр боло баштады. Дагы бир тыңыраагы кайсы бир гезит-журналдан окуп калса керек, чет элдик чабандар койду итке айдатып, ит менен багат экен деген уу-дуу кеп тарады. Уккан кулак тим калабы, дагы бир ышкыбозу кадимки эле түнкүсүн короо кайтарган короочу кыргыз итин кой айдаганга үйрөтүп, анысы жалкоо жүрүш менен кызыл тилин салаңдатып ак койду аралай чуркаса, кулагы туюк, көзү көр болмоктон топтоголок топ болсо да, бөгүп чуркаган иттин бөрүнүкүндөй сүрү менен жытынан тулку-бою дүрүлдөп дуу жарылып үркүп, кишиге баш ийбеген койлор, иттерге баш ийип, кой багуу кыйла эле жеңилдей түшкөнсүдү. Бүгүн го койду итке айдатыш көнүмүш көрүнүш.
Ал заманда бул жөнөкөй эле жаңылыкты ишке ашырыш оңбогондой оор маселе эле. Иттин жардамы жок карандай каруу-күч, мээнет-тери менен мал баккан илгерки карыялар: "Малды да итке айдатчу беле, кызыл май кылып коет, жүрөгүнүн сары суусун алат, малдын денине дак кетет" дешип салпактатып ит ээрчиткен жаш чабандарды жемелеп, "Жогот алдагы итиңди!" деп итатайы тутулуп таягын кезеп, көзүнөн чаары чыгып матагандарын көп көрдүм. Адам баласы бир ээлигип алган ишин оңойлук менен токтотобу? Укканы укту. Укпаганы "ооба, сиздики туура" демиш болуп, ыгы келе калган жерден эле "ал, Киреше, ал!" деп ээрчитип алган итин айдактап, маңкасы кургабаган маңыроо койлорду будуң-чаң түшүрүп кубалатып, каршылык көрсөтүп жүргөн чалдардын көзүн кой кубалаган итке, кулагын "ал эле, ал!" деген айдактаган сөзгө көрүнөө да, көмүскө да үйүр алдыра берди.
Кары десе эле баары текши акылман болуп кетиптирби, суу тоскон тосмонун борпоң-бошоң жерин суу жырып чыккандай, чалдардын да кепке-сөзгө туругу жок оомолору "Малды итке айдаткан сонун эле болот турбайбы" деп, соп камчысын сороктотуп "ал эле, ал!", "айда эле, айда!" деп чычаңы жоор кашаң атын теминип, чепкенинин эки өңүрүн далбактатып эки жакка жайылтып чапкан бойдон коюн итке айдаткан тоң моюн жаш малчылардын катарына кошулуп кетишти.
Биздин чөлкөмдө кыргыз иттен башка иттин тукуму болбос эле. Жадакалса кандек иттин да тукуму жок болчу. Эчен кылым бөлөк элден кыз алышып, кыз беришпей, каны коюлган кыргызымдын дал өзүндөй кыргыз иттери да өзү менен өзү үйүгүшө берип, укум-тукумунун каны эскирип, ыкшоо тартып калганбы, айтор "ал эле, ал!", "айда эле, айда!" деп айдактап, тукуруп турсаң, илең-салаң чуркамыш болуп, көк кууган койду айдамыш этип, кара жанын көтөрө албай, кареги муңдуу, карааны кош көңүл кыргыз иттеринин. Күнү-түнү короо кайтарып, кой айдап чарчаган немедей четкерээк барып соксоюп отуруп алмай адаты да бар. "Өлөт алгыр, кош эле, кош!" деп коюңду бир, "арам өлгүр, ал эле, ал!" деп итиңди бир сөгүп, мурда бир убара болсоң, эми эки убарасың. Кээ күнү чөнтөк толо кургак нан сала чыгып, "ал, Киреше, ал!" деп чөнтөктөгү нандан улам бир үзүмүн аванса иретинде асмандатып алдыга ыргытсаң, абага асыла секирип жерге түшүрбөй "лак!" эткизип тосуп алып, анысын бирөө оозунан жула каччудай чала күрмөп "кулк!" эткизе жутуп, жалкоо көздөрү жадырап-жайнап жанданып, тула-боюна күч-кубат киргендей куунак жүгүрүп, "ал!" деп айта электе алып-учуп койлорду кубалап, көзүңдүн кареги менен тең айланган учурлары да жок эмес. Кара көңүлү кармаган күнү кашайып баспайт. "Ал, Киреше, ал!" деп дембе-дем демитсең, серең-серең чуркамыш этет. Коктунун таманындагы кара боз үйдө калган ит аягы менен чоң баш күчүктөрүн ээрчиткен канчыгын сагынганда качып кетмей да иттиги бар. Андай адатынан чочулаган жаныбыз мойнуна жип байлап жетелеп, жерден башын албай туш келди шудуңдап оттогон ак койго жок эле дегенде сүр болсун деп эртеден кечке тоо-ташты аралап салпактатып жетелеп ээрчитип жүргөнүбүз жүргөн.

* * *
Онунчу класста окуп жаткан эң улуу агам менен уруулаш агамдын теңтуш уулу экөө коңшу орус айылда Петр деген чалдын породалуу канчык ити бар экенин, ал породалуу иттер абдан акылдуу болорун, өзгөчө кой айдаганга мыкты экенин, ошол канчык жакында эле үч күчүк тууганын тамшанып сөз кылышып, үч күчүктүн бир күчүгүн кантип уурдасак деген максатта түркүн-түс план түзүп жүрүшкөндөрүнөн кабардар элем. Кантип уурдап чыгышканын майда-чүйдөсүнө чейин билбейм, айтор бир ыңгайын келтиришсе керек, акыры уурдап келишти. "Итти сурап албайт, уурдап алат" деген кыргыздын ырым-жырымы бар эмеспи, ошол себептен улам болсо керек, бирөөнүн чийнесин эмес, ийнесин сурабай алганга демейде каарын төкчү атам бул жолу итке караганда жандуу куурчакка көбүрөөк окшош бул жанга жагымдуу күчүктүн кандай жол менен келгенин көрүп-билип турса да лам деп унчуккан жок.
Денесинин чолоо жери калбай сапсагай жүн, тептегерек көзүнүн үстү каш, ээгинин асты сакал, "үймөк жүндүн арасында" бултактаган бул күчүк чын эле иттин күчүгү экенине көзүбүз көпкө чейин көнбөй жүрдү. "Борс-борс" үргөнү "борс-борс" күлгөн баланын үнүндөй жагымдуу, бултактап-бултуңдаган дени пружинадай серпилип, ыкчам, ылдам. Бир карасаң улак, бир карасаң күрпөң козу кебетеленген, арам ит тукумуна караганда адал мал тукумуна көбүрөөк окшошкон, адам баласынын мээрин ойготкон, жүрөгүн жылыткан мына ушундай бир тирукмуш жандыкка туш болдук.
Кадимки кыргыз иттерине окшобогон, бөлөк улуттун өкүлүндөй өзгөчөлөнгөн бул күчүккө Алгыр, Учар, Киреше, Жолборс сыяктуу аттар жарашпасын түшүнгөн агам кайдан-жайдан тапканын билбейм, Тузик деген ат койду. Бул аттын тарых-таржымалын, маани-маңызын сүрүштүргөн жокпуз. Тек гана, орус айылдагы мончого түшкөнүбүздө көзүнө самындын көбүгү кирген орус чалдар ачышканына чыдабай дагырадагы сууга "тазик! тазик!" дешип чуркашканын көп жолу уккан жаным, ошол тазик деген сөзгө уйкаш Тузик деген сөз кулагыма эбак эски тааныштай жылуу угулду.
Биз Тузикти бөпөлөп баккандай бир да кыргыз ит баккан эместир. Биз эмне тамак жесек, Тузик да ошол тамакты жейт. Биз акталган ак тамда жашасак, Тузик сырдалган көк "тамда" жашайт. Баладай бөпөлөп бакканыбызга жараша Тузик итте жок ымандуу, айбанда жок акылдуу чоңойду. Борбуюн толук көтөрө элегинде эле чөп-чарга чалынып, караган-черге тилинип, томолонуп-жумаланып кой айдаганды үйрөндү. Сергек, сезимтал. Көзүңдү карап турат. "Айт!" деген жагыңа алып-учуп жөнөйт. Алты айдын ар жак, бер жагында ак койдун азаптуу түйшүгүн Тузик толугу менен өзүнө өткөзүп алды. Кой айдаган да, кайтарган да, түнкүсүн короо күзөткөн да Тузик. Эрте жаздагы койдун көк кууганы, жай башында ылаалап баспаган койду кыркын пунктуна айдагандагы, жаандагы, бороондогу, тумандагы тарткан түйшүктөрдүн баары ушул Тузиктин мойнунда. "Атасынын көрү, Тузик бар" деп компоюп, көңүлүбүз ток. Алты жүз койдун айланасында кыбырап баскан жандын баары Тузикке ишенип, Тузикке таянабыз.
Тузик деген, ал бир өлбөгөн да, чарчабаган да өлөрман жан. Жанагы жаагын жанып маараган, шүдүңдөп бир жерге токтобой оттогон алты жүз коюң асмандын башына чыгып кетсе да, жердин жети катмарына кирип кетсе да куюндатып кубалап таап келээр Тузик бар. Атыңан айланайын Тузигим, затыңан айланайын Тузигим! Демейде кокту-колотко, жылга-жыбытка бөлүнүп житип жоголгон, ит-кушка жем болгон ак коюң азыр чакчыгайдай чакчайып чекте турган Тузиктин көзүн оңой-олтоң жазгыра албайт. Жалкоо Жолборс же Киреше эмес. Баарына сак, баарына так. Бөлүнүп калган ак койдун алыстагы караанын көзү менен, чөп-чарга илешкен чыла, чыбаш сыяктуу чубалжыган жытын мурду менен шимшип табат. Тигил кырга жайылып жетип калган койду кубалап чогулткан Тузик ошол кыр менен эле чектелбей, андан аркы кырды да аңтарып-теңтерип текшерип, качан гана бөлүнгөн-адашкан, жоголгон-житкен кой жок экенине чындап көзү жеткенде гана чабагандап артка кайтат. Тузикте тыным жок. Чарчадым, чаалыктым, үшүдүм, ысыдым дегенди да билбейт. Курсагын тойгузуп койсоң эле болгону. Калган түйшүк аныкы...
Улам жыл өткөн сайын Тузик адаттан тыш сөөктүү болуп өстү. Айылдын билермандарынын айтымына караганда Тузиктин тукумуна кыргыз иттин сийдиги да аралашып кеткендей. Болбосо мындай иттин тукуму мынчалык сөөк-саактуу болбош керек эле деп шек-шыба кылып жүрүштү. Ким билет? Алардын айтканы да чындыр. Бирок эмнеси болсо ошонусу болсун, эң башкысы кыргыз иттердей жалкоо болбой, тынымы жок иштерман болуп чыкканына ичибизден тобо кылып сүйүнүп жүрдүк.
Жүрө-жүрө Тузиктин тегерек-четке атак-даңкы тарап, ага кызыккандар, көз арткандар көбөйдү. Уурдап кетели десе бул чөлкөмдө кой айдаган андай тукумдагы бөлөк ит жок, бат эле билинип калышы ыктымал. Сат десе кожоюну сатпасы белгилүү. Бир гана айла: тукум алалы деп катуу аракет жасашты. Жараткандын амири ушундайбы, айтор, ал үйүгүшкөн кыргыз иттин тукумундагы канчыктар сапсагай жүндүү Тузиктин тукумун туубай, кыска жүн Кирешенин тукумун тууп туруп алды.
Ошентип кой айдап, кой баккан жагынан бул чөлкөмдө Тузиктей даңкталган, макталган ит чыкпай турган маалда аялы жаш төрөп ооруканада, жардамчы койчусу качып кетип өзү жалгыз бой тоодо калган, көк кууган субай койлоруна ээ боло албай жүргөн аталаш тууганыбыз датын айтып, он-он беш күнгө коюма каралашып турсун деп карабашыл киши эмес, кадимки ит тукуму Тузикти сурап келиптир. Койлор күр тууп, жайытка чыкпай кашарда багылып жатканына жана Тузиктин азырынча бош экенине карабай, ары карап ыйлап, бери карап күлүп жатып араң бердик. Антпесек ит үчүн таарынышып, бет карашпай кетчүдөйбүз. Ал агамдын жыргатып кой айдабаган, бирок кой айдашат деген аты эле бар Көк куба дөбөтү болоор эле. Ошол Көк куба дөбөткө кошуп, чылбырга байлап жетелеп кетти.
Шордуу Тузиктин тагдырына балта чабылаарына аз калганын биз анда кайдан билдик.

* * *
Убададан тайбаган агабыз Тузикти он беш күн өткөн соң тестиер баласынан жетелетип жибериптир. Алыскы шаардан аскерден же окуудан кайткан баласын атасы кандай сагыныч-сүйүнүч менен тоссо, биз да Тузикти ошондой сагыныч-сүйүнүч менен тостук. Тузик да "өз үйүн, өлөң төшөгүн" аралай чаап, канчалык шыйпаңдап-жагалданып, оонап-куунап эркелебесин, тамак ичкен ит аягын шимшилеп-жыттагылап сүйүнбөсүн, эмнегедир баштагыдай элпек-сергек болбогондой комсоо тартып, тептегерек тунук көзүнүн ак чели кызаргансып, тиешеси жок жерге башын сала калганда "чык!" деп айбат көрсөтсөк, азуу тиштерин арсайтып ырылдагансыган, тегинде жок керсейген кыял-жорук күткөнсүп келди.
Алгач анын мындай өзгөрүлгөн кыял-жоругун анчейин таңазар алганыбыз жок. Туут аяктап, субай кой жайытка чыккыча Тузик дагы бир жарым айча "кызматсыз" жүрдү. Көк көтөрүлүп, жер чымырап жылый баштаганда субай койлорду жайытка чыгарганыбызда, үч маал тамак ичкенден башка "жумушу" жок, үй күчүк сыяктанып жалкоо тартып шылкыя түшкөн Тузик тарткан жаадай чыйралып, "айт!" деген жагына алып учуп кой айдап, көрпө жүндүү куйругун шыйпаңдатып, төрт аягын тыбыратып, жыргап-куунап сүйүнгөнүн айтпа.
Күндөрдүн бир күнүндө үйдөгү бала-бакыра менен кашардагы сакмалчылар Тузик кой кууп баратат деп ызы-чуу түшүп калышты. Уккан кулагыбызга ишенбей коктунун таманындагы кара сазга бастырып барсак, токту койду тамактап өлтүрүп, канын жалап, моюн этин булкуп-жулкуп жеп жаткан экен. Айбан да болсо сестенет эмеспи, бизди көрөрү менен өлгөн койду кыйбасынан айрылып жаткандай кыйыла көз таштап карап, жыла басып четке чыга берди.
"Тигини, тигини, соксоюп олтурганын кара!" деп ачуум шакардай кайнап, каным башыма тээп чыкты. "Сениби, сени!.. Бул эмне кылганың?!" деп соп камчымды сороктотуп, карагер кашаң атымды теминип тап берген болсом, кайра мени жаман көргөнсүп жактырбаган көзү менен карап, чын эле чаап жибербесин дегендей тейде сактангансып өр таяп орун которуп барып соксоюп олтурду. Турган турушунда, соксоюп отурушунда дегеле бир жасаган күнөөсүн сезип койчу түрү жок. "Атаңкөрү, соксойгон бул шүмшүк итти соп камчы менен эси-көөнүнөн чыккыс кылып соёюн" деп, эчен жыл айбандай эмес, адамдай бөпөлөп баккан Тузигиме батынып баратып, эмнегедир койду кууп жеген Тузикти эмес, анча-мынча тентектик кылып койгон боор этим менен тең баламды, кара чечекей өз бир тууганымды сабоочудай болуп бараткандай туюм тула-боюмду аралап өтүп, капилет жүрөгүмдү жибиткен аёо сезим келди. "Ээ, ушул болбогон бир иш үчүн эзели кер-мур айтышпаган Тузигиме кол тийгизбей эле коеюнчу" деп ачуумду алыс кубалап, өзүмдү токтотуп, аттын башын бура тарттым. "Алты жылдан бери Тузигим көп болсо бир койго зыян келтирсе келтиргендир, ал эми канча койдун өмүрүн аман сактап калды" деп өзүмдү-өзүм жүйөлүү ишендирип жооткоттум. Алты жылдын ичинде ыраазычылык сөздөн башка сөз айтпаган Тузигимди бул жолу баламды кечиргендей, бир тууганымды кечиргендей кечирдим.
Бир апта өтпөй баягы окуя дагы кайталанды. Куйруктуу борукту койдон бөлүп кууп келип коктунун таманындагы кара таштын түбүнө баскан экен, тамактап эле тим болбой, кардын да жарып жибериптир. "Мунуң оңолбой калды. Атып эле сал!" дешип сакмалчылар туш-тушуман чурулдашты. Ушунча жылдан бери Тузикти жарытып чаап көрбөгөн жаным атып салмак кайда? Сакмалчылардын шыкагы жана шакардай кайнаган жинимдин күчү менен бул жолу Тузикти акырын алдап кармап, кендир жипке байлап алып колумдагы соп камчынын уусу өткүчө сабадым. Менден таяк күтпөгөн жана менден таяк жеп көрбөгөн Тузик иттей каңшылап, баладай боздоп ыйлады. "Ии, дагы кубалайсыңбы! Дагы жейсиңби!" деп күчөгөндөн күчөп сабадым. "Кой кууган кандай экенин эми түшүндү. Экинчи кой куубайт" деген адилет ой жанымды такай жандай жүрчү аёо сезимимди тула-боюма жолотпой, чыйралтып турду. "Сени элеби, иттин гана ити!" деп ого бетер кекерленип буркан-шаркан түшүп жиндендим.
Тагдырдын тараза ташы ооп, буга чейин Тузик койду кайтарып келген болсо, биз эми Тузиктен койду кайтарып калдык. "Ай, тур, тигини кара. Дагы кол салып жибербесин" деп шектенип, кооптонуп, коргонуп жашагандан өткөн кордук жок экен. Канчалык кооптонуп коргонбойлук, шектенип сак-сактап кайтарбайлык, алеки заматта Тузикке дагы бир койду алдырып жибердик... "Мунуңду жогот! Кой жегенди үйрөнүп келген турбайбы. Башка иттериңди да үйрөтөт! Башкаларды да бузат! Тезинен жогот!" дешти чыдамы түгөнгөн сакмалчылар.
Ошол күнү кечте айылдагы кызматкер агам семиз кой керек эле деп жолдош баласынын машинасын айдатып жакадагы сарайга келип калыптыр. Болгон окуяны болгондой айтып бердим. "Ит бир кой кууса, бүттү, оңолбойт. Жылуу кан ичип бузулуп калган турбайбы" деп чыкпай жаткан бүтүмдү так кесе чыгарды да: "Минтип жүрсөңөр Тузик экөөңөр койдун аягына чыгасыңар. Машинага салып бер, анын эсебин өзүм табам" деп агам алып кетти... Ошентип Тузик ың-жыңсыз жоголду. Агам аны ташка бастырып өлтүрдүбү, атып салдыбы, же бир ээн талаага таштап кеттиби, билбейм. Учурунда оозум батып сурай да алганым жок. Азыр сурайын десем агамдын өзүнүн көзү жок, арман дүйнө!..
* * *
Тузиктин кандайча кой кууп бузулуп калганын баягы он беш күнгө сурап кеткен аталаш агамдын баласынан уктум...
Тузик чымын-куюн чимирилип кой айдаса аталаш агамдын эзели кой айдап жарытпаган Көк куба кыргыз ити да салпактап кошо чуркап, ичи күйүп атаандашканыбы же акылдуу, элпек иттен өрнөк алганыбы, айтор, кошулуп кой айдай баштайт. Демейде кара жанын көтөрүп баскандан эригип, көлөкөдөн көлөкө тандап, кызыл тилин салаңдатып акактап жаткандан башканы билбеген ити мынтип серектеп кой айдап жатса, ким эле өз итине сүйүнбөсүн. "Көрсүн, үйрөнсүн, оңолсун" деген ниетте Көк кубаны Тузикке кошуп коет.
Күндөрдүн бир күнүндө күңгөйдүн көрүнөө жак бетине койлорду таштап, малчылар тамактанганы үйгө кеткенде, ушундай ыңгайлуу учурду көптөн бери күтүп жүргөн Көк куба жылга менен шек алдырбай жыла басып, жайылган койдун туура тушунан капилет чыга калып, кол салат. Дыр берип туш-тушка чачырап үрккөн койдун арасынан тик сайылып кокту ылдый качкан ала баш койдун артынан түшөт. Мындай "ызы-чууну" башынан өткөрүп көрбөгөн Тузик кой койдон бөлүнүп качып, Көк куба качкан койду жетип кайрып койго кошуш үчүн кубалап баратат, мындайда карап турганым жарабас, мен да жардам берип тосушайын деген ойдо Көк куба менен ала баштын артынан чымын-куюн болуп сызып жөнөйт. Ээн сайдын этегиндеги кара сазга жеткенде Көк куба ала баш койду басып жыгылып, сүрдүгүп жыгылган кой бар күчүн жыйнап турам деп обдула бергенде, тиштеген толорсугун кое берип, шамдагайлык менен тамактан алганда төрт аяктап өөдөлөнгөн койдун койгулжум көгүш күрөң көзү аңтарылып, кекиртегинен күр-шар этип кан чачырайт. Артынан чымын-куюн болуп жете келген Тузик окчунураак жерге тык токтоп, көчүгүн көк чөпкө таштап, Көк куба менен ала баштын "кармашына" түк түшүнө бербей, соксоюп отурган жеринде дал болуп катып калат. Ала баштын бут серпкенге алы келбей, көгүш күрөң көзү толугу менен агына аңтарылып, сулк жатып калганда гана Көк куба карышкан жаагын бошотуп, өңгүл-дөңгүл саздын оюгуна уюп толгон жылуу кандан эки-үч ирет "лак-лак" эткизип сугунуп жибергенден кийин гана көптөн бери көксөп жүргөн жылуу канга эми көөнү тойгондой, жүрүм-туруму токпейил тартып, "кандын жылуусунда сен да ашап ал" дегендей, четкерээк чыгып өпкө кагып соксоюп олтуруп калат. Тузик Көк кубаны үнсүз көз карашын түшүнгөнү менен "бирок, кантип?" дегендей суроо салып шыйпаңдайт. Өмүрү тирүү жанга кол салып көрбөгөн, кайнатылган жемдин кара жармасы менен анда-санда арып-ачып арам өлгөн койдун катыган, сасыган этинен башканы билбеген, аны да "ме!" деп ээси бөлө-бөлө чаап астына ыргытканда гана араңдан зорго батынып барып жеген Тузик мынабу тоодой томкорулуп жаткан ала баштын каңылжаарды жарган жылуу каны менен майлуу жумшак этине кантип тиш салат? Чын эле кантип? Тузиктин мээ тамыры лукулдап, муштумдай жүрөгү дүкүлдөп чыгат. "Кантип? Кантип?" деген сагызгандай шакылыктаган суроого жооп таппай, отурган ордунда төрт аягы тыбырап, кыйпычыктайт. Тээ көкүрөк түпкүрүндө мурда Тузикке белгисиз түйүлдүк болуп жаткан айбандык бир сезим акырын "көз жарып", ал сезим күңүрт үнгө айланып, "же, Тузик, же!" дегендей көзүн караңгылатып, кулагын чуулдатат. Көрпө жүн куйругу көчүгүнө кыпчылып, соксоюп олтурган ордунан туруп, арткы бутун, алдыңкы колун керилип түзөп, акырын алдыга баса баштайт. Жыла басып келатып эле денесин ток ургандай "дүр" эткен коркунуч аралап, тык токтоп калат. Ой-тоону аралап кой айдап күйүгүп чуркаганда нымшыбаган денеси нымшыйт. Ал көзү канга толуп кызарган Көк кубадан эмес, бейажал даңкайып өлүп жаткан ала баштан корккон сезим эле. "Леп-леп" этип үзүл-кесил желген жел жылуу кандын жытын Тузиктин мурдуна демеп, "кел-кел!" дегенсийт. Оңтойсуз жерден обору ачылып, жаагы ылдый куюлган шилекейи бүйлөсүнөн ашып-ташып, кызыл тилинен жерге "тып-тып" этип тама баштаганда, жылуу кан менен жумшак этти көздөй Тузик боортоктоп жыла баштайт... Уюган жылуу канга тумшугу терең малынып, аңырдай ачылган оозу оп тартканда, кочуштай кан таңдайына жумшак урунуп, токтоосуз кекиртегинен кызыл өңгөчүн карай чоюлуп барып "кылк!" этип куюлганда бул дүйнөдө чабагандап кой айдап жашап жүргөн Тузигим тула-боюн ысытып, жан дүйнөсүн балкыткан мындай ырахатты көрбөгөндүр! Мына, сага даам! Мына, сага тамак! Мына, сага жашоо!
...Ошол күндөн ушул күнгө Тузиктин оборун ороодой ачкан, "дагы, дагылап" мээсин жеген, кулагынын кужурун алган түбү жок напси оорусу бүткүл күч-кубатын, жашоосун, эркин ээледи. Ал баштагыдай эле жайылган малга ак санап каралаган, ээсине эркелеген Тузик болгусу келет. Башын чулгуп баарын унуткусу келет, көк жайсаң чөпкө оонап ойногусу, арсылдап, борсулдап үргүсү келет. Шайтан баскырдыкы, каяктан аякка барды эле, каяктан Көк кубаны ээрчиди эле. Чымга бастыргандай, сазга тыккандай чыгалбай жатпайбы... Карабайсыңбы, "дагы, дагылап" дагы келатат... Жылуу кандын жытын эңсеп, даамын сагынат... Тигине, ээн жайылган койдун калдайган карааны да чыга калды... Өзөгү үзө тартып, напсиси ойгонду... Көзү чычаладай күйүп, каны кайнап, бул дүйнөнүн бар-жогун унутуп, "атасынын көрү дүйнө бок, бүгүн көргөн эртең жок" дегендей, башын канжыгага байлап, кечээ күнкү кожоюндун досу, бүгүнкү душманы Тузик жайылган койго атылган октой атырылып жөнөдү...

* * *
"Ажо качты, ажо качты!" дешип дүң түшүп, толкуп алган эл токтоно албай турган кыйын чакта шаардын чок ортосунан Салижан аке экөөбүз жолугуп калдык. Салам айтып, алик алышкан жерден эле ажонун качкан окуясын талкуулай баштадык.
- Карачы, Кыргызстанды кандай карызга батырып качып кетти. Жегенин жеди, алганын алды, - деп каңырыгым түтөдү.
- Эй, Нуралы, - деди Салижан аке. - Ажо жесе жегендир. Түгөнбөгөн акча жок, түгөнөт. Эң жаман жери, жетидеги баладан жетимиштеги чалга чейин жегенди үйрөтүп кетпедиби! Эми жегендер түгөнбөйт... - деп улутунуп үшкүрдү. "Эми жегендер түгөнбөйт..." - деп дагы бир жолу нааразы үн менен кайталады.
"Чын эле..." дедим мен ичимен, - "эми жегендер түгөнбөйт"...
Мен эмнегедир Тузикти эстедим...