Салижан ЖИГИТОВ:
"Өлүп калбайын деп жазбай жүрөм"
(акыркы маегинен)
Мындан беш жыл мурда "Кыргызстан Маданияты" гезити жарыкка чыгып келатып, белгилүү себептер менен кайрадан токтоп калган. Анда ыраматылык Сакебиз башка авторлорго караганда гезиттин улагасын күнүгө аттап, чер жазылганча сүйлөшүп, боор эзилгиче күлдүрүп кетчү. Гезит үзгүлтүксүз жарыкка чыгышына активдүү катышып, күндө бир идеянын башын чубап, кудуреттүү сөздүн күчү менен күч-кубат, дем берип турар эле. Ошондой күндөрдүн биринде шефибиз - Нуралы Капаровдун кабинетинде адабият, маданият тууралуу кеп кылып отуруп төмөнкү маекти курган элек. Кийин ал эстен чыгып кетиптир. Бир жагынан "КМ" гезити убактылуу чыкпай калганы да себеп болду окшойт. Бир күнү эле диктофондун чаң басып жаткан кассеталарын тиягынан аңтарып, биягынан аңтарып отуруп, С.Жигитовдун маегин таап алдык. Эсил кайран Сакебиз тирилип келгендей сүйүндүк. Сакебиз баягысындай эле бакылдап сүйлөп арабызда олтургандай сезилди...


- Адабият өнүгүш үчүн экономикалык негиз керек. Ошол негиз болбосо, адабий процесс кашаңдайт. Кыргыз адабияты Совет өкмөтүнүн эсебинен жашап келген. СССР кезде адабият үчүн атайын акча каралып, аны жаратуучуларга гонорар берилип, андан соң айылдарга таркатылыш үчүн өзүнчө акча да бөлүнгөн. Дегеле жазуучулук кесипке камкордук көрүлүш керек. Илгерки орустун дворяниндеринин арасынан таланттуулары эле жадагандан ыр жазган. Кийинки 18-19-кылымдан тартып жазуучулардын көбү калем акы менен жашай баштады. Анан ошо китеп жазгандар үчүн басма үйлөрүнүн ээлери акча төлөгөнгө өткөн да, туурабы? Китеп бизнеси бара-бара ошентип өнүгүү жолуна түшкөн. Совет өкмөтү да жазуучулардын көңүлүн таап шыктандырып, акча бергенден адабият өнүгүп атпайбы. Анан бечара эгемендигибиз келгени - кыргыз адабиятындагы процесс токтоду десек болот. Өкмөт акча бербей, жазуучулар жазбай калды. Илгерки ырчылар деле акча бербесе ырдачу эмес. Эмне үчүн дегенде, Алексей Толстой айтчу экен: "Мен басма менен келишим түзүп, гонорарымдын 20%ын алып албасам, дегеле жазгым келбейт" деп. Байдыкең (Б.Сарногоев) да байбичеси менен аз убакытка ажырашып кеткен учурунда көп алимент төлөчү экен. Аны: "Бир ыр жазып жатканда тапкан гонарарымдын көбү эле алиментке кетет. Аны эстегенде ыр жазгым да келбей кетет" деп өзү айтып калчу. Байдыкем ошондо аракка каршы иш-чаралар жүрүп атканда да: "Өкмөттүн окуп токтомун, ошондон кийин токтодум" деп ыр жазыптыр. Кийин мени күлдүрөт: "...ушул ырдын гонорарына кайра ичип алдым" деп. Анын сыңары, гонорар болбосо, адабият өнүкпөйт. Азыр эми кыргыз адабияты токтоп калды дегенге болбойт. Кээси эски инерция менен токтоналбай жазып эле атат. Кээси саясатка, бизнеске кирип кетти, албетте, башы иштегендери. А башы иштебегендер түбөлүк жаза берет да. Көбү пенсиясы менен отурат. Акча болбосо, жашооң кыйнап турса, кайдан ойлоносуң? Эркин ой жүгүртүш үчүн курсагың курулдабаш керек. Бирок ага карабай китептер чыгып атат, анын эсебин алган да, окуган да жан жок. Бечаралардын көбү өзүнүн акчасына чыгарып атат. Анан кыргызда иллюзия көп да, көбүнүн "ыр жазсам тарыхта калам" деген түшүнүгү бар. Чыгарма жазган адам деле мындай болот: мисалы, курт өзү миңге жакын тукум таштайт. Аны башкалар жейт, өлөт, антип-минтип, 5-6сы эле тирүү калат. Жазуучулар деле ошондой. Жүз жылдан кийин кимиси калары белгисиз. Айтсак, Францияда жылына 1200-1300 роман жарыяланат экен. Жыйырма жылдагысын эсептеп көрүшсө, ошончонун арасынан бир-экөө гана окурмандардын суроосу боюнча кайра басылат экен. Анан эми бизде акын-жазуучу көп. Кичине байып алгандары жазып атат, бирок өзүнүн уруусунан киши чыкса ошону. Не дейт, "Ормон хан" дейт. Кыргыз эми, ханы жок болсо деле, ханы бар элдерди туурагысы келет да, бечара. Кыргыз өзү ар кимди хан дей берет. Мисалы, Рахманкул хан дегени бар. Аныкы хандык эмес, карамагында бир сельсоветке жетпеген эли бар экен.
- Кыргызды кантип китеп окуганга кызыктырыш керек?
- Кокус биздин эл байып кетип эле китеп окубаса, окубайт. Ошондо да адабиятка кызыккандары өтө аз. Эгер өлкө башчылары элим билимдүү болсун десе, китеп, гезит-журналдардын салыгын таптакыр алып салышы керек. Себеби, азыр китептин баасы бир кило эттен да кымбат. Эл ошол үчүн китеп сатып алганга караганда эт сатып алат да. Элибиз көбөйсө, адабиятыбыз өнүгүп кетиши мүмкүн. Жакында бизге келип кеткен бир еврей жазуучу айтат: "Эгер бир элдин 2 %ы китеп сатып алганга мүмкүнчүлүгү болсо, ошол элде адабият өнүгө берет" деп. Кыргыз азыр үч миллион эл. Демек, 2%ы 20 миң да. Эгер бизде 6 миң китеп окуй турган кыргыз чыкса эле, адабият өнүгө берет. Болжол менен 0,2% кыргыз китеп окуса, кыргыз адабияты өнүгүшү мүмкүн. Мисалы, эстондор 59-жылы кыргыздардан көп болчу. Бир млн. канча эле... эсимде жок. Азыр андан да азайып кетти. Менимче, бир миллионго жакын эл. Эми ушул элдин адабияты, совет тушунда деле, советтен мурда деле, азыр деле өнүгүп атат. Себеби, эл бай, билимдүү, өзүнүн тилин, өзүн сыйлаган эл. Мына ошонүчүн, тилин өнүктүрүп алган да. Эстон тилинде китептер чыгып, жазуучулар калеми менен оокат таап, адабияты азыр деле үзүлүп калган жок. Кыргыз эли кедей, билими жок, аракка өч, китепке жок. Окубайт. Билим алып алган кыргыздар башка тилдеги адабияттарды окуйт. Себеби, башка тилдеги адабияттар кыргыз адабиятынан алда канча мыкты. Алардын жазуучулары биздин жазуучулардан төөлүк өйдө. Мисалга, Толстой менен биздикилерди салыштырсак болбойт да. Илгери Түкөм (Сыдыкбеков) менен кээде тамашалашып отуруп, экөөбүз айтыша кетчүбүз. Тамашанын чындыгы да бар. Мен айттым да: "Эй, Түкө, кыргыз тили деп күйүп, жер сабап атканыңыздын себебин билем. Сиздин тилегиңиз - кыргыз кыргыз тилинен башка эч бир тилди билбесе. Кыргыз кокус башка тилди билип алса, сизди окуйбу?" десем, өзү да борсулдап күлдү. Алар ойлойт да, эл бизди эле окусун деп. Эл байыса, турмуш оңолсо, адабият оңолушу мүмкүн. Бирок кыргыз элинин байып кетиши да, Кыргызстандын гүлдөп кетиши да, кыргыз аракты таштап, жаман адаттардын баарын таштап, үйдө отуруп же автобуста баратып китеп окуп калары да өтө шектүү.
- Жазуучулар союзунун бүгүнкү күндө кереги бар деп ойлойсузбу?
- Союз эмне үчүн керек? Бул - Совет өкмөтү өзүнүн сөзүн сүйлөтүш үчүн, анын сөзүн сүйлөбөгөндөрдү жалпайта чабыш үчүн чыгарган уюм. Бүгүнкү күнү союздардын кереги жок. Эгер жазуучулар жамаат катары өзүбүздүн мүдөөлөрдү сактайлы, өзүбүздү өзүбүз коргойлу десе (еврейлердей болуп - С.Ж.), кээде өздөрүнчө чогулуп (профсоюз сыяктуу С.Ж.) талкуу менен чечкенге келгенде ынтымактуу, бирдиктүү болуш керек. Мисалы, басма үйлөрү гонорарды аз берип, алдап койсо же бир калемгердин тагдыры адилетсиздикке кабылган болсо. Анткени дүйнөдө басма үйлөрүнүн көбү жазуучулардын эсебинен байыйт да. Ошолорго каршы күрөшөлү, бири-бирибизди колдоп туралы дегендей... А бизде кандай? Жазуучулардын таптакыр ынтымагы жок, бири-бирин көралбайт. Ошонүчүн азыр алар төрткө бөлүнүп алган. Мейли, 5-6га, маа десе 20га бөлүнүп кетсин. Ал эми жазып аткан кишинин союз менен эмне иши бар? Бизге адабий журнал-гезит, анан китеп чыгып турса эле болду. Жазуулар союзунун кереги жок, жаңысынын да, эскисинин да… Союз пайдасын 5-6 эле киши көрүп келатат. Алар жазуучуларга кам көрүмүш болуп, өкмөттөн акча алат же дагы бир нерсесин алат, болду. Секретарлары жазуучулар өлгөндө барып элдин алдында сүйлөп койгону эле болбосо, а өлө элегинде эчкимисинен кабар албай атпайбы...
- Акыркы убактарда кыргыз жазуучуларынан кимдерди окудуңуз?
- Азыр тарыхый романдар көп жазылып атат. Колго тийгендерин окуп калам. Баары эле профессионал эмес. Төлөгөн Касымбековдун "Баскын" деген романын окусам, мурунку романдарынан биякка оодарыптыр. Төкөмдүн эң мыкты чыгармасы эле "Сынган кылыч" экен. Ошол эле "Келкелинде" - советтик идеология... Басмачылардын бары боктолуп, Токтогул менен Фрунзе макталат. Андан башка Абдулхай Алдашевичтин китебин окудум. Бирок ал көркөмдөштүрүлгөн мемуар. Адабиятташтырылган эскерме. Көркөм адабият деген фантазиядан чыгат. Мисалга, "Эр Төштүк" деген турмушта жашады дейсиңби? Фантазия жаратып атпайбы. О.э. желмогуз кемпир, жезкемпирдин элде образы жашап келет. Желмогуз кемпир, мастан кемпир, жезтырмак, Курманбек, Төштүк дегеле ошондойлор - фантазия, анан турмуш таасиринен, элдин кыялынан жаралган чыгармалар. Чыгармада көркөм фантазияң менен ышкың катышпаса болбойт. Алдашевдин чыгармасында өз көзү менен көргөн жерлер жакшы жазылыптыр. Анан а кишинин тили мыкты экен, бирок сөздүн толук маанисиндеги роман эмес. Адабий чыгарма да эмес. Кыскасын айтканда, тамшана турган же бир чалкаман кетер чыгармаларды окуй алганым жок. Поэзиясы деле ошол. Анан калса кыргызча китеп ушунча көп чыгып атат. Драматургиясы болсо өкмөттөн акча алып, заказ менен жазылып атат. Жалаң баатырларды жазып, баатырларды даңазалаганга кыргыз жазуучуларынын көзү желкесине ооп кетти. Адабият деген биринчи иретте өзүнүн заманын чагылдырыш керек да. Анан экинчи кезекте келечекти жазат, дагы бири артындагысын жазат. А биздин жазуучулар каарман кылып аткандар уруу башчылары менен эле колот баатырлары. Азыркы облус, райондорду бийлеген аким-губернаторлорду отуз жылдан кийин баатыр кылып алсак, эмне болот? Булардын бары паракор, элдин датын укпаган жегич баатырлар да, туурабы? Ошон үчүн адабияттын келечеги деле кыргыз элинин өзүнө байланыштуу. Чыгарма дегенди муюп отуруп жазыш керек, анүчүн курсагың ток болбосо, кантип? Көңүлү ток болбогон адамдан эмне чыгат? Жазуучунун китебим чыгат дегенге ишеничи болуш керек. Чыкпаса, кантип жаза берет? Кээси чоңдорго кошомат кылып китептерин чыгарып атат. Алар жазуучу эмес. Канчалардын өлгөнгө чейин эле чыгармалары өлүү болчу, өздөрү өлгөндөн кийин чыгармалары кошо өлүп, унутулуп калышты. Эгерде адабиятты асман десек, асманда жылдыз болуп жаныш өтө кыйын. Анда орун аз. Жүз жылдан кийин эгер кыргыз кытайлашып, кытай тилине ооп кетпесе, бул кейпи менен жок болот. Оруска кошулганга караганда 1,5 млрд кытайга кошулуп кеткенибиз оң. Азыр газеталардын баары, өкмөт да Кытайды мактап атпайбы, бул деген кытай бололу деген сөз. Кытай бизди кризистен чыгарып, көтөрүп кетет, колдоп кетет деп атышпайбы. Алар бизге темир жол куруп берсе, колдоп жатышканы, кытайлашып жатканыбыз ошол. Кытайлашып кетпесек, жоголуп кетүү коркунучу бизде реалдуу. Муну ортосуна сызыкча коюп жазып койгула!
- Сиздин оюңузча, кыргыз адабияты өнүгө албайт экен да?..
- Өнүгүшү мүмкүн, канткен менен көрөңгөсү бар да. 24-жылга чейин көрөңгөсү жок болчу. Көп жазуучу кыргыз тилин турмушту сүрөттөш үчүн колдонгон. Илгери орустарда деле баласы жазуучу болом десе, ата-энеси каргап, топурагын түйүп бергенге чейин барган. Мисалы, Некрасовго ата-энеси: "Кудай урган десе, бул сага иш эмес, жазуучу болсоң, кор болосуң, жарды болосуң" деген. Айланайын, азыркыдай заманда бизде деле ким баласын жазуучу-акын бол десин. Кой, андан көрө ашпозчу бол дейт да. Азыр ыр жазып оокат кылыш мүмкүн эмес...
- Акыркы жылдары кандай чыгарма жараттыңыз?
- Он жыл ичинде эч нерсе жараткан жокмун. Себеби, көр оокаттын айынан, университетте балдарды окутуп жүрөм, кээде макала жазып коюп, кээде интервью берип коюп. Анан эки-үч жылдан бери китеп жазып атам. Студенттер үчүн деп. Себеби, кыргыз адабиятын жаңыча карап чыгышыбыз керек. Болбосо биздин адабиятчылардын көбү баягы совет доорундагы аң-сезим менен эле калды. "Кыргыз адабияты буга чейин кантип өнүктү, Ч.Айтматовдой сүрөткердин аты ааламга кантип чыгып кетти?" деген суроо коюшубуз керек да. Азырынча ушул сыяктуу ойлорду жазайын деп жүрөм. Анан колум тийип калса, повесть деймби, роман деймби, эки-үч чыгарманы баштап койгом, ошолорду бүтүрүп, анан өлсөм деген оюм бар. Бирок, илгертен бери жазуучулар арасында айтылган бир кеп бар: аябай каалап, жазсам деп тилек кылып жүргөн чыгармаңды жазып бүтмөйүнчө өлбөйсүң деген... Ха-ха-ха-ха... Ошон үчүн мен да өлбөй узак жашайын деген ниетте жанагы баштап койгон чыгармаларымды жазып бүтпөй жатам.
(Өкүнүчтүүсү ушул жерден маегибиз үзүлүптүр. Диктофондо башка бирөөдөн алган маек уланып жүрөт).
Олжобай ШАКИР




Нуралы Капаровдун эскерүүсүнөн...
"Көрүнүктүү кыргыз акын-жазуучуларынын ичинен татыктуу бирөөсүнүн бейнесин кыргыз тилинде жаздырып, адегенде түрк тилине которуп, китеп кылып чыгарып, андан ары Европа тилдерине котортуп жайылталы деген жакшынакай идея менен акылдашканы түрктөр Салижан акеге келишет.
- Албетте, Чыңгыз Айтматовдон ылайыктуусу жок,- деп кеңешин айтат Салижан аке. "Кимге кайрылсак болот, ким жазат?" деген суроо чыгат. Кыргыз тилинде Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеп жүргөн жоон топ окумуштууларды акыл таразасынан өткөрүшсө, ылайыктуулары аз. Колунан келе турган окумуштууларга кайрылышса, көбү убактыбыз жок эле деп маданияттуу баш тартышат. Акыры айланып олтуруп Салижан акенин өзүнөн суранышканда, биринчиден, убактысы жок экенин, экинчиден, Айтматовду изилдеген окумуштуу эмес экенин айтып баш тартса да болбой, акидей асылышканынан аргасыз макул болот. Кыскасы "Чыңгыз Айтматов кыргыз адабиятына адеп келгенде" деген макаласын жаза баштады. Материал түрктөрдүн колуна тийгиче "Кыргызстан маданиятына" баса баштадым... Улам кийинки бөлүгүн алып келген сайын деги кандай жазып жатам деп пикиримди сурайт. "Мыкты!" деп баш бармагымды чычайтсам, "ошондой эле болсун" деп өзү да сүйүнүп жүрдү. Чынында эле өмүр бою Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеп, жазып, нан таап жеп жүргөн кыргыз "айтматововеддердин" бардыгын бириктирип чогултуп келсе да жазалбай турган мыкты эмгекти Салижан акем жаратты. Түрктөр да, биз да ыраазы болдук.
"Эми, Салижан аке, муну уланталы" деп акыл салдым. Ч.Айтматовдун сый-урматка жеткенге чейинки жана андан кийинки чыгармалары, табылгаларын, адашкандарын, ийгилик-кемчиликтерин так, даана ажыратып жазып, кыргыз окурмандарынын көзүн ачмай болдук. Бир топ башында бышырып жүргөн ойлорун ортого салып, ал ойлоруна өзү да каткырып-күлүп жыргап, ана жазам, мына жазам деп өзү да катуу камынып жүргөнүндө жанагы жаман оорунун диагнозу чыгып калды. Адегенде Москвага барып көрүнөйүн деп камданып жатып, түрк коллегаларынын кеңеши менен Түркияга барып текшерилип келди. Күтүлбөгөн кошумча түйшүктөр көбөйдү. Ичинен санааркап туталанганы менен, сыртынан баягысындай эле жаркылдап, жайдары жүргөнсүдү. Бир күнү "Салижан аке, Айтматовду кандай кыласыз, жазасызбы?" десем: "Нуралы, өпкөмөн жанагы жаман оорунун диагнозу чыккандан бери жазуу ишине сууп калдым" деп жан адамга айтпаган сырын айтты. Ал эми бөлөктөргө болсо, "күндүн жашоосуна беш эле миллиард жыл калды деген бир окумуштуунун макаласын окуп алып, түбөлүктүү эч нерсе жок турбайбы деп жазгым келбей калды" деп тамашага чалып күлдүрүп жооп берип жүрдү".