Маараке алдындагы сөз

АКЫНДАРДЫН АКАДЕМИГИ
Акын деген, албетте, илимпоз эмес. Ошол эле учурда көркөм өнөрдүн башка түрлөрүндөй поэзия деле түпкүлүгүндө илим өңдөнүп адам табиятына, турмуштун реалдуу көрүнүштөрүнө кайрылат, ошолорду изилдейт. Ошо себептен студент кезде табышып, анын талантына биринчилерден болуп тен берген теңтуштарынын бири катары досум Шайлообек Дүйшеевди бир курдай: "Сени өзү акындардын академиги деш керек",- деп тамашаладым эле. Эми удулу келип калды окшойт, ошол оюмду дагы бир ирет угуза айтып, мунун жөн-жайын биртке түшүнтүп койсомбу деп турам. Анын үстүнө бу тек гана маараке маалында адатта көңүл үчүн көтөрө чалып айта турган, жарымы жалган, жарымы чын сөз эмес. Шайлообекти минтип айтканга анын акындык өнөрүнүн өзү, аны башкалардан айырмалап турган поэтикалык өзгөчөлүгү жүйөө берет.
...Анда студент элек. Университеттин бешинчи жатаканасы биздин - филфакчылардын, азыркыча айтканда, "суверендүү анклабы" болчу. Ким бирөөнүн туулган күнү бекен, же стипендиядан кийинки адаттагы "сабантуй" бекен, кандай экени азыр так эсте жок, айтор, студентчиликтин дасторкону жарды, бирок көңкү дүйнө батып кеткидей көөдөнү ачык, көңүлү кенен кайсы бир үлпөт-күлпөтүндө Шайлообекке ыр кесе тийгенде - а кезде ыр кесе өзүнчө эле бир модага айланып бараткан эле - дегеле ырдап көргөн жан эмесмин, андан көрө ыр окуп берейин деп калды. Чөп чабыкта жүргөндө жазылган ыры болчу, кийин китебине да кирди, ошону окуп берди. Баарыбыз бапылдата кол чаап, "баракелделеп", уулдап-дуулдап калдык. Жалпы шарга кошулуп:
- Шаке, мен да жаман оюмда акын болсомбу деп жүрдүм эле, бирок байкасам сенден тизгин талашканга жарай албайт көрүнөм, ошондуктан акындыкты баш-оту менен ушу сага тапшыргым келип турат, - деп тапанданган элем.
Иши кылып, Шакем мага биринчи эле ырлары менен кадимкидей калыптанып, баралына жетип калган акын катары таасир калтырган. Болгону анын жан дүйнөсүндө жарыла албай, буулугуп-бугуп жаткан таланты оргуштап атыла турган маал али келе элек болчу. Андай маал саал кийинчерээк - университетти бүткөн соң келди. Кыргыз поэзиясына тубаса таланты бар, акындык боконо сөөгү катып, чыгармачыл чоң бокчо жыйнап алган жаңы автор келгенин, жаңылбасам, калеминен көөрү төгүлгөн, тилинен мөөрү көрүнгөн көйкашка акындарыбыздын бири Сүйүнбай Эралиев аксакал баарынан озунуп биринчи болуп байкап, биринчи болуп "ырасмий" батасын берсе керек эле.
Мен болсо ошондон кийин чын эле ыр жазбай калдым...
Көркөм өнөрдү деле түпкүлүгүндө илим деп койсо болорун жогорто айтпадыкпы. Анткени экөө тең барып-келип эле жарыкчылык дүйнөнү изилдеп, адам деген ким, ал эмнеге жашарын, тирүүлүктүн маани-максаты эмне экенин түшүнгүсү жана түшүндүргүсү келет. Бул үчүн экөө тең негизинен сөздү пайдаланат, сөздүн кудурети болсо айрыкча ушу акындык өнөрдө, поэзияда баарынан күчтүү көрүнөт. Чыныгы акын, нукура поэзия адамдын жан дүйнөсүндө бир да коомдук илимдин, кала берсе жашоодогу сыйкырдуу кубулуштардын, айтып бере алгыс көрүнүштөрдүн түйүнүн чечкенге дымактанган парапсихологиянын, атүгүл эзотерика менен теософиянын мурду жойлой алгыс өңүрлөрүнө сүңгүп кирип, ички бир изги сезимдерге, илме кайып кыялдарга чейин жетип, алардын алчы-таасын аңтарып таштай алат. Ошондон улам болуу керек, акындар көбүнесе бейтаасын (абстракциялык) түшүнүктөрдү көбүрөөк ырга кошот.
Шайлообекте да мындай ырлар бар, бирок алар кантсе да анын акындык эн белгиси боло алган жок. Шайлообек өз чыгармаларында азыркы турмуштун кадимки эле кара фактыларына, саясий, экономикалык, социалдык жана гуманитардык маанидеги конкреттүү, күндүн күйүп турган актуал проблемаларына арбын кайрылды. Болгондо да ошол карандай фактологияга эстетикалык бийик ырай берип, окуган же уккан адамдын көңүл-көкөйүндө кыттай уюп калгыдай кыяпка жеткирип, анык поэзияга айлантты. Дал ушул касиет аны башкалардан аттын кашкасындай айырмалаган акындык эн белгиси болуп калды. Атүгүл улуттук поэзиядагы жаңы агымга нук салды. Көз алдыда болуп жаткан же жаңы эле болуп өткөн күнүмдүк жаңылыктан, окуядан, фактыдан коомдук резонанска ээ болгудай жогорку сапаттагы ыр жасай алган акындар кыргыздын жазма поэзиясынын тарыхында буга чейин жолуга элек болчу, жолукса да адабий теорияда "публицистикалык поэзия" деп аталып жүргөн жанрды Шайлообектей көркөм деңгээлге көтөрө алышкан эмес.
Шайлообек тек гана трибун акын эмес. Ал көп эле ырларында социологдор, политологдор жеткире айта албаган турмуш фактыларын, орчун маселелерди ары кыска, ары нуска саптар менен ташка тамга баскандай кылып таамай сүрөттөп салат. Ушул мааниде алганда анын кеңири таралып, калкка алынып кеткен бир топ ырларын илимий эмгекке жеңдеш-теңдеш турган актуал көркөм изилдөө деп айтсак кадимкидей жарашат. Муну ырастаган саптарды, ырларды көзгө сайып көрсөтүп, устакандап алдыга тартсак болор эле, бирок муну кийинкиге калтыра туралы. Ансыз деле акындын андай чыгармалары, поэтикалык саптары укумчул учкул кепке, макал-лакапка айланып, эл ичине сиңип кетти. Акын үчүн мындан өткөн коомдук мартаба болобу да, мындан ашкан популярдуулук болобу?!
Жанараак айткандай, Шакем "өткөөл доор" деп атанган биздин азыркы мезгилдин буркан-шаркан түшкөн бурулуш учурларын, башмалдак атырган балакет-балааматын, мүшкүл-ташкилин, оош-кыйыш жактарын онлайн режиминде, же түшүнүктүүрөк айтканда, "түз ободо" ырга айлантып турду. Маселен, эркиндиктин өтүшкөн түрүн коомдук-саясий философияда ( Ортега-и-Гассет, Хью Хикло) "гипердемократия" (hyperdemocracy) деп коюшат. Анын ток этер маанисин кыргызчалай келгенде "кимди ким билди, Быржыбайды там басты" дегендей эле кеп болот. Саясий чөйрөдө, коом таануучулар арасында бизде азырынча бул маселе дээрлик сөз боло элек. Шайлообек болсо соңку жыйырма жыл ичинде Кыргызстанды бапанын алачыгына, баланын оюнчугуна айлантып таштаган ошо "быржыбайдын демократиясын" жетесине жеткидей, түбү түшкүдөй кылып эле жазды окшойт.
Кыскасы, филологдор менен адабиятчыларды мындай коёлу, кыргыздын эртеги жана ушу туштагы эгемен доорун изилдегиси келген философтор, социологдор, жалпы эле коом таануучулар Шакемдин ырларынан дапдаяр далай материалдарды таба алат. Шайлообекти "акындардын академиги" дегеним ушундан улам. Бул, арийне, каймана кеп, бирок калп кеп эмес. Андан калса Шакем азыр Омдун законун, Пифагордун теориясын баш кылып, так илимдердеги эрежелерди деле ырга салып, алардан эстетика жасап таштаганга жарап турган чагы. Буйруса, ал ушу сөздү ырастаган дагы далай поэтикалык туундуларды жаратат. Бери эле дегенде мен ушуга үмүт кылам, ушуну тилек кылам.
Атбашылык акын досума чыгармачылыктын дагы далай күрдөөлдүү дабаандарын аш, акындыктын дагы кенен кыйырларын ач деп айткым келет!
Эсенбай НУРУШЕВ





Анатай ӨМҮРКАНОВ, Кыргыз эл акыны:
"Төлгөгө чабылган Тайторудай дагы эле табында"
- Агай, Шайлообек Дүйшеев кандай акын?
- Шайлообектин кыргыз поэзиясына келиши менен поэзия утушка ээ болгон. Анын ырлары мурда кыргыз поэзиясында аз учураган, дегеле учурабаган турмуш чындыгын ачык жана көркөм, көркөм болгондо да жогорку деңгээлде эч кимге окшобой ачып берүүсү менен баалуу. Кайсы темада болбосун, мейли өмүр, өлүм же пейзаждык лирикада болсун, маска кийбей, ачык айтып жазганы менен ал кайталангыс. Ошонусу менен ал алгачкы ыр, алгачкы жыйнагы менен оозго алынып, көзгө көрүндү. Ал ырларында сырын жашырбайт. Сыр жашырбастык акындык өнөрдө кем учурай турган табылгыс касиет. Башкасын коюп мисалга "Карагайчы кемпирди" эле алалы. Ал жерде өзүнүн башынан өткөргөн жетимдик турмушу, ошол жетимдиктен көргөн эбегейсиз кайгысы айтылат. Албетте, бул жаңы тема эмес. Буга чейин далай акындар жетимдик жөнүндө жазышкан, бирок, ачылган эмес. Шайлообек өзүнүн жетимдигин жашырбай айтуу менен кыргыз поэзиясына мурда ачылбаган, көрүнбөгөн көркөм дүйнөнү ачты, жалпы кыргыз поэзиясы үчүн табылга алып келди. Окурмандын трафареттик ой жүгүрткөн аң-сезимине төңкөрүш жасады. Анын азабын окуп отуруп боорукер боло баштайсың. Бала жетим калбаса экен дейсиң. Трагедия гуманист болууга чакырат.
- Кандай адам?
- Илгеркилер:
"Актын агы билинбейт,
Болбосо түстүн карасы.
Жаман менен
жакшынын
Асман жердей арасы" дечү экен. Шайлообек жакшы акын болуу менен бирге улууну урматтап, кичүүнү сыйлаган жакшы адам. Талант даарыгандардын көпчүлүгү томпойдой талантын тоодой деп ойлоп алып, "мени тааныйсыңбы?" деп көрүнгөндү жакалап жүргөнү канча?! Шайлообек андай эмес. Өзүнүн карманган, тутунган, эч кимге жагынбаган эне сүтү, ата каны менен кошо келген позициясы менен жашап келатат. Алтымыш асыйында төлгөгө чабылган Тайторудай чарчоо, чаалыгуу эмне экенин билбей чуркап турган учуру. Баскан-турганы, сүйлөгөнү кадимки эле Саякбай манасчынын өзү. Кыргыз үчүн манасчы акындардан да, комузчулардан да жогору турат. Ошондуктан "башканы коюп манасты айт" дейт эмеспи. Шайлообек эпикалык таланты бар акын, демек, ал манасчы да. Жакында жарыкка чыккан "Эки дөөнүн күрөшү" Шайлообекти манасчы деп айтууга мажбурлап койду. Анткени айтылуу "Манас" эпосубуздун өзгөчөлөнгөн почерк, стили, көркөмдүгү ушул "Эки дөөнүн күрөшүнөн" даана билинип турат.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА