Боордоштор

Төлөнбай Курбанов, Өзбек радиосунун кыргыз редакциясынын жетекчиси:
"Биз жападан-жалгыз кыргыз радиосубуз"
- Төлөнбай аке, алгач жумушуңуз тууралуу айта кетсеңиз.
- Мен Өзбекстан телерадиокомпаниясынын "Спорт" каналынын кыргыз редакциясын жетектейм. Башында бөлүштүргөндө бизди "Спортко" кошуп коюшкан. Бирок биздин спортко эч тиешебиз жок.
Биздин редакция мындан он жыл мурда түзүлгөн, "Эл аман" деген рубрика алгач жумасына бир жолу 20 минуттан чыккан. Азыр андан тышкары "Ак өргө" жана "Миң кыял" деген берүүлөр ачылган. "Эл аманда" биз Өзбекстандагы айрым окуяларды талдайбыз. "Ак өргө" таалим-тарбияга, адеп-ахлакка, кыргыздын каада-салттарына арналган берүү. "Миң кыял" кыргыздын акын-жазуучуларына, алардын чыгармаларына арналат. Жумасына 5 жолу эфирге чыгабыз.
- Жаңылыктар берүүсү барбы?
- Өзбекстандагы кыргыздар толук бойдон өзбек тилин түшүнөт. Өзбек тилиндеги жаңылыктар жетиштүү деп эсептейбиз.
- Кыргыз тилинде башка массалык маалымат каражаты барбы?
- Кыргызча ММКдан азырынча биз көбүрөөк иштеп келе жатабыз. Телеберүүдө "Жалгыз үй-бүлө" деген берүү бар. Айына бир жолу 10 минуттан чыгат. Ал эми менчик телерадиолордо кыргызча берүүлөр такыр жок.
Гезит чыгарганга аракет кылып көрдүк. "Борбордук Азия маданияты" гезитинин кыргызчасын чыгардык эле, эки саны чыккандан кийин кайра жабылып калды.
Негизинен Өзбекстандагы кыргыздардын керектөөсүн биздин радио гана канааттандырып келатат десем болот.
- Сиздердин радиого өзбектер кандай мамиле кылат?
- Өзбек коому жабык болгону менен эли ачык. Кыргызстанда коом ачык, эли жабык экен. Бизди дайым угуп жүргөн өзбектер бар экен. Алар бизге телефон чалышат. Биздин берүүлөрдү макташат. Өзгөчө таалим-тарбия багытындагы берүүлөрүбүз жагат экен.
- Радиоңуздарда канча кызматкер иштейт?
- Үч адам иштейт. Радио биздин үйбүлөлүк радио болуп калды. Мен, аялым жана биздин бир келинибиз (жакын туугандарыбыздын аялы) иш алып барабыз.
- Азыркы күндө Өзбекстанда жалпы канча кыргыз бар?
- Расмий түрдө 250 миң, ал эми расмий эмес түрдө 500 миңдин тегерегинде.
- Ошончо элге канча кыргыз мектеп бар?
- Жетимиштен ашык.
- Баары толук кыргыз тилиндеби?
- Жарымы толук кыргызча, жарымы эки тилде.
- Алардагы абал кандай?
- Кыргызстан менен тыгыз алака болбогондон кийин байланыш алыстап кете берет экен. Мисалы, Жиззак областында тоолуу аймактарда мектептерге барып көрдүм. Баягы эски материалдар, эски маалыматтар. Көп маалыматты биздин радиондон алышат экен. Убактысын көбөйтсөңөр деп суранышты. Ал эми Фергана, Анжиян, Наманган областтарында абал жакшыраак. Себеби, Кыргызстанга жакын, барып-келип турушат. Кыргызча телерадиону да угушат.
- Эгемендик алгандан кийин кыргыз мектептери көбөйдүбү же азайдыбы?
- Кыргыз мектептери башында көбөйгөн болчу. Бирок акыркы мезгилдерде азайып баратат. Биринчи себеп, мугалимдер жетишпейт. Деңгээли да төмөн болуп жатат. Экинчи себеп, жогорку окуу жайына кириш үчүн жалпы тесттен өтүш керек. Жалпы тест же өзбек, же орус, же каракалпак тилинде болот. Ошондуктан балдарга өзбек же орус мектептерде окуганга туура келүүдө.
- Өзбекстандын өзүнө кыргыз тилдүү кадрлар даярдалабы?
- Анжиян университетинде филология факультетинде кыргыздар үчүн 5 бюджеттик, 10 контракттык орун берилген. Былтыр биринчи бүтүрүүчүлөрү чыкты.
- Кадр даярдоо боюнча Кыргызстан көмөк көрсөтөбү?
- Кыргызстан чет өлкөдөгү этникалык кыргыздарга окуу жайлардан 75 орун берет. Анын 20сы Өзбекстанга. Ал 20 орундун 14ү гуманитардык багытка берилет.
- Биз 2008-жылды Айтматов жылы деп белгилеп, көптөгөн иш-чараларды өткөрдүк. Сиздер да китеп чыгарып, кечелерди өткөрдүңүздөр эле...
- Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгын биз дагы жакшы белгиледик. Өзбекстандагы бардык кыргыз мектептерде Айтматовго арналган кечелер, ачык сабактар өткөрүлүп, дилбаяндар жазылды. Биздин демилгеден кийин өзбек мектептерде да Айтматовго арналган дилбаяндар уюштурулду.
- Аны ким уюштурду?
- Муну Өзбекстан Элге билим берүү министрлиги менен Кыргыз маданий улуттук борбору уюштурду.
- Сизде тарыхый мекенибизге көчүп барсак деген ойлор болобу?
- Эми биздин тарыхый мекенибиз Өзбекстан болуп калды да. Биздин ата-бабаларыбыз 200 жыл мурда Баткенден көчүп келишкен экен. Биз кыпчактарбыз.
Анжиян тополоңу болгондо Кыргызстанга кетели дешкен болчу. Бирок биз Ташкенде тургандыктан эч жакка жылган жокпуз.
Маектешкен
Базарбай Гапаров


  Ырдай алат десе эле...

Ырчылар өз ырын түшүнөбү?
Бүгүн биз Кыргыздын идеологиясы андай болуш, мындай болуш керек, кыргыздын колорити сакталбай жатат, жаштарыбыз китеп окубайт, кыргызча сүйлөшпөйт жана башка улуттук кызыкчылыктагы көйгөйлөрдү айтып, кургак сүйлөп тургандайбыз. Алсак, азыркы кыргыз эстрадасындагы идеология менен иши жок ырчыларыбыз, "өнүгүп өсүп жатабыз, бул жаштарга жагат" деген түшүнүктөн улам, батыш стилине ыкташып, бирок биздин тилге салганда маңызы жок, жасалмалуулук, обужок тууроо, көчүрүп алып жаза коюу, өзүнүн талантына эмес алдындагы компьютерине көбүрөөк ишенип жаткандай.
Министрлиги баш болуп композитору, акыны, музыка таануучусу, обончусу, продюсери дагы ооздуктай албаган бүгүнкү эстраданын шойкомдуу ырлары менен каякка баратабыз? "Жаш ырчылардын катары арбып, кыргыз эстрадасы оңолуп баратат, же ушинтип барып мал болобуз" деген айрым продюссерлердин пикиринде, алар үчүн күндө эле концерт уюштуруп туруш керекпи? Акыркы концерттердин бирине барсаңыз, сахнада көйнөгүн көрсөтүп, оозун кыбыратып, фигурасын чыгарып, ары бери басып, керилип-чоюлуп аябай берилип ырдап жаткан жасалма артистерди көрө аласыз. Ал эми аларга суктангандар, музыкага болгон табиттери жок, көз караштары калыптана элек, китептен эмес көчөдөн билим алган, бүгүнкү заманга жеңил мамиле жасаган жаштардын жоон агымы. Алар кайсыл элдин маданиятын кубалап бараткандары дагы бүдөмүк. Бирок, сындап эле жатып албай, кыргыз жаштарынын арасынан суурулуп чыккан айрым таланттууларынын музыкага болгон кызыгуулары, аракеттери менен ийгиликтери артып жаткандары дагы бар экени кубандырбай койбойт.
"Кыргыз эстрадасы" деген эмне? Булар бизди кайда алып баратат, эмнени ырдап жатышат, бул ырлардан кандай тарбия таалим алабыз, таасири барбы? Булар кыргыз маданиятына эмне салым кошуп жатышат - деп тынчсызданган, элинин ырына да кайдыгер карабай сын пикир айтып, маселе көтөргөндөр жок болгону өкүнүчтүү болууда. Компьютерде жазылган, бир ыры менен миңдеген музыка угуучуларды алдап, акчанын артынан кубалап жаткан "эстрададагы көз боемчуларды" жоопкерчиликке чакырууга убакыт жетти окшойт.
Эстрадачы дейбизби же эси жоктор дейбизби айтор тарса-түрсө, даңка-дүңк чайылдаган үндөр коштолуп жазылган тексттердин бири-бирине байланышы жок, уйкаштыктары туура эмес колдонулгандыктан казак менен өзбек тилдеринен которулган ырлардын обону менен текстин салыштырып угуп көрсөңүз оркойгон техникалык кемчиликтери менен кулактын кужурун алып табитти бузуп жатканын биле аласыз. Эстраданы гүлдөткөнү келген ырчылардын баары ошол жамаачыламай жасалма нукка же оңой олжодон пайда тапканга түшүп алышып, көбүнүн музыкасы жана тексти башка улуттун белгилүү ырларынан алынып, аны ким билмек эле дегенсип, баланчанын жаңы ыры деп жарыя салып афишага сүрөтү менен кошо чапташат. Жеке концерт дешкени менен канча эл келсе ошончо ырчысы чыгып алышып айгайлап ырдамай концерттер уюштурулууда. Ал эле эмес уга келгенде биздин эстрададагы ырлардын автору ким, кимге таандык экени дагы белгисиз болуп, ким ырдап чыкса ошонуку аталып автордук укуктары бузулууда. Сөзүбүз кургак болбос үчүн булардын чыгармаларына далилдүү мисалдарды келтирип, ырчылардын ырларына, обондоруна, котормолоруна, аранжировкасынын ар бирине өзүнчө токтолуп талдап көрөлү. Алгач ырлардын тексттерине укурук салып көрсөк.
Убагында "жегениң шокалад өзүңө жарашат, жигитмин дегендер бир сени карашат" же "Ош-Бишкек жолунда айдаганым мерседес, жанымдагы сүйгөнүм мерседестен кем эмес" деп сыздап ырдаган кыргыз эстрадасынын көч башындагы ырчылардын ырларын айтып түгөтө албай келсек, алардын артынан "экөөбүз адеп таанышканда cүрдөп, жадакалса жаным сурабаптырмын атың ким деп", "90 60 90 менин фигурам", "атаң барбы, апаң барбы айтып койчу танцага", "бир ылдыйдан, бир өйдөдөн нота кармап, тандап ырдап берем, эквалайзер жаны тынбай", "телмирген махабатыма теңирим күбө дечү элең", "ажалга өзүмдү кыйсамбы, же укпастан кетип калсамбы" - деп жазылган ж.б. саптарды окуп, мындай примитивдүү тексттерди ким жазат деп ойлонбой койбойсуң. Жогорудагыдай саптары бар эстрадалык ырлардын тарбиялык мааниси жок, бир сөз менен айтканда эмнени айтып жатканы түшүнүксүз. Ким? эмне? кантип? деген суроолорго таптакыр жооп бере албаган сыздама ырларды угуп отуруп ыйлагың келет.
(Уландысы бар)
Бактыгүл Мундузова