Cалам кат
Урматтуу окурмандар. Гезитибиз чыккандан бери бизге куттук айткандар көп, редакцияга келгендер көп.Телефон чалышып, "чыгышыңар менен", "бешик боо бек болсун" дешсе, башкалары келип, колбузду кысып жатышат.
Окурмандардын ошондой куттуктоолорун, пикирирлерин, өтүнүчтөрүн чогултуп, "КМ-пейж" рубрикасын ачып жатабыз. Билдирүү, пикирлериңиздерди 62-15-70 телефонуна же km-press@yandex.ru дарегине жөнөтсөңүздөр болот.
1908-жылы төрөлгөн Жаңы-Жол айылынын тургуну Момунова Карачач апанын 100 жашка чыгышы менен куттуктайбыз. Азыр Карачач апабыздын беш уулу, беш кызы, 30 небереси, 71 чөбөрөсү, 4 кыбырасы бар. Балдарынын улуусу 80 жашка, эң кичүү кызы 38 жашка чыкты. Бардыгы аман-эсен иштеп-жашап жатышат. Энебиздин кылым жашы менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Апаке, куттук айтам жашыңызга,
Оргуган булаксыз да баарыбызга.
Жараткандын берген жашын көрүп дагы,
Эсен-соо жүрө бергин арабызда.
Балдар-кыздарынын атынан
Гүлжамал Муканбаева
А-1. Урматтуу маданиятчылар, чыгышыңар менен! Абдан жакшы чыгыпсыңар. Окурманыңар Абдылда.
А-2. "Кыргызстан маданиятынын" эмгек жамааты. Чыгышыңар менен. Эми "Маданиятты" эл кууп окуган тээ мурдагы деңгээлине жеткиргиле. Филфактын мугалимдери.
А-3. Оо, маданият чыгып, сонун болгон турбайбы! Колуңарды бекем кысам. Алик Акималиев.
А-4. "Маданият" кайра чыккан турбайбы. Бая күнү бирөөнүн колунан көрүп калдым. Бешик боо бек болсун деп айтайын дедим эле. Жолоочу Рысбаев.
А-5. Салам Неля, өтүп кеткен туулган күнүң менен куттуктайм. Бал шириниң Урмат Усенов менен бактылуу бол! Талантыңа таазим эткен фанаткаң Курманжан, Жаку.
А-6. "Кыргызстан маданият" гезитинин жалпы жамаатына чоң салам. Иштериңерге ийгилик. Ар убакта бар болуп, баскан кадамыңар ийгиликтерди коштоп жүрсүн. Супер окурманыңар.
А-7. А. Токомбаев атындагы орто мектебинде окуп жаткан Амангелди кызы Жазгүлгө салам жолдойм. Келе жаткан жаңы жылың кут болсун! Классташың Айжамал.
А-8. Кайыңды айылынын тургуну, сиңдим Сезимдин 18-декабрь туулган күнү менен куттуктайм. Сага кааларым: узун өмүр бакыт-таалай, чың-ден соолук, арчадай кырчын өмүр, Индия кызындай сулуулук. Бар бол, бай бол! Эжекең Гүлзат, Айжамал, ата-энең Советбек, Замира.
А-9. Кемин районундагы Кайыңды айылына жашап жаткан атама, апама жана эжем Чолпонго, сиңдилерим Бурулсун, Перизат, Калипага салам жолдойм жана о.э. келе жаткан жаңы жылыңар менен куттуктайм! Кызыңар Айпериң
А-10. Айла канча жүрөк сүйүп калыптыр,
Кан ордуна сүйүү дарты агыптыр.
Жаным болуп, жакын болуп сен мага,
Сагынганым, сагынычым сен гана.
Абласов Элмир, мен сени чексиз сүйөм! М......т!
А-11. Достукта жашаган Эрнистке чоң салам! Мен сени сүйөм. Кыз-жигит болорубузга көзүң жетеби? Бар бол, бактылуу бол. Жагымдуу үнүң менен ар убак адамдарды кубантып жүрө бер. Кеминден Ж...
А-12. Кемин районунун Кайыңды айылында А. Токомбаев атындагы орто мектебинде 8-класста окуган Гүлиза деген кызга салам жолдойм. Гүлиза, мен сени сүйүп калдым. Биз бирге бактылуу болобуз. Бишкектик А...
А-13. Кемин районунун Тегирменти айылындагы Чолпонго салам жолдойм. Мен сени чексиз сүйөм. Талант аттуу жигит.
А-14. Көлдүк жигит Аргенге салам!
Айка 93.
А-15. Чоң-Кеминдин Калмак-ашуу айылындагы 89-жылкы Чолпонбекке салам жолдойм. Кыздардын жүрөгүн орутпай, Бишкектеги окууңду жөн окусаң боло. Мейли бактылуу бол! Салтанат.
А-16. Каракөлдүк Чыңгызга салам! Айжамал.
А-17. Бишкектик тыпылдаган Адинайкага салам. Бейтааныш жигит.
А-18. Салам "Кыргызстан маданияты" гезити жалпы кыргыз элиме салам жолдойм! Бар болгула менин сүйүктүү досторум!!! Сүйүктүү курбуңар.
А-19. Бишкектеги жигиттер, силер суперсиңер! Айзада.
А-20. Токмоктук Эрниске салам жолдойм. Бар бол, сени сүйгөн айымга телефон чалып койчу. Окууңду аяктап, мыкты журналистерден болушуңа тилектешмин. Кылыктанган мүнөзүң менен ар убак аманчылыкта бар бол. Сени сүйгөн бийкеч.
А-21. Тыныбекова Жазгүл, мен сени чексиз сүйөм, бар бол, бактылуу бол! Сени сүйгөн бейтааныш жигит.
А-22. Бурулсун, келе жаткан туулган күнүң менен куттуктайм. Окууларыңа ийгиликтерди каалайм. Телефон чалып койчу, сураныч. Жакшы көргөн досуң.
А-23. Салам, Макуш-87, мен сени чексиз сүйөм. Неге мени кыйнайсың, жаным. Жолугушчу жерге кел, кучак жайып тосуп алам. Жаның Айка 93.
А-24. Кеминдиктер кайдасыңар! Бар болгула, силерди сагындым. Силер менен сыймыктанган уулуңар Аргенчик.
А-25. Кайыңды орто мектебинде окуган 9 "б" класстын кыздары Айжамалга, Айжамалга, Калипага, Жазгүлгө, Жазгүлгө салам. Бар болгула! Досуңар.
А-26. Кемин районундагы Кайыңды айылында жашап жаткан бир туугандарыма жалындуу ысык салам, о.э. чоң апама, атама, апама, иниме, сиңдиме салам! Мен силерди чексиз жакшы көрөм. Кызыңар Жазгүл.
А-27. Кемин районунун Кайыңды айылындагы жашап жаткан апам Керезге, бир туугандарым Эсенбек, Азизага салам жолдойм. О.э. классташтарыма жана А. Токомбаев орто мектебинин мугалимдерине салам жолдойм. Абдрахманова Жылдыз.
А-28. Кемин районундагы жашап жаткан атам Советбекке, мамам Замирага жана бир туугандарым Гүлзат, Жылдыз, Кундуз, Сезим, Бекбоосун, Айдайга ысык салам. Бар болгула. Замира.
А-29. Кемин микрокердиттик агенттиги (КМКА) өзүнүн кардарларын келе жаткан жаңы жылы менен кызуу куттуктайт. Үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине ийгиликтерди каалайт. Кемин микрокредиттик агенттигинин кызматкерлери.
Ким айтса да, жакшы айткан
А. Солженицын:
"Ак менен Каранын чек арасы жүрөктөн өтөт. Кээде каралар актарды кысып, чек арасын кеңейтет. Оңтою келгенде актар караларды кысып, чек араны кеңейтет. Жүрөктө туруктуу чек ара жок. Колдон колго өтүп турат. Ошондуктан адамдын жүрөгү бирде агарып тилек айтып, бирде карарып каргыш айтып согот".
Александр II:
"Тигинин да, мунун да пикирин ук. Бирок, чечимди өз алдыңча чыгар".
Девид Юм:
"Адамдар бири-биринин ич дүйнөсүн көз менен көрүү касиетине ээ болсо, анда бири-бирине жолобой качмак".
Асанкул Шаршенов:
"Тамак бирөөнүкү болгону менен курсак өзүбүздүкү, ченеп ичсеңер, кагылайындар".
М. Эшенбах:
"Кем акыл жаш кезинде окуганын карыганда түшүнөт".
Л. Мартынов:
"Ит таяк жеген жерин унутса да, тамак жеген жерин унутпайт".
Р. Гамзатов:
"Аксак асманды тепкиси келет".
Сократ:
"Каймактын даамын кашык билбейт".
Эпикур:
"Бир башты эки кол асырайт".
Козубек Наматов:
"Акчасы барда арак Аликти кубалайт, акчасы жокто Алик аракты кубалайт".
Кыргыз:
"Артыңда кызың калса - изиң калганы, артыңда уулуң калса - өзүң калганың".
Казак:
"Эшек барга саналса да, малга саналбайт".
Перси:
"Көрбөй турган нерсеге сокур болгун, укпай турган нерсеге дүлөй болгун".
Калмак:
"Былтыркы күйгөн кийиз быйыл каңырсыйт".
Телуги:
"Алтын өтүктү да шыбоосу буркураган бут кийет".
Түрк:
"Тогуз сокурга бир таяк жолбашчы".