Ажо, артка кылчайсаңыз?..
"Ким бийликти алгысы келсе, тосмодон секирбей шайлоого барсын"-деген ажо Атамбаев камактагы депутаттардын оңой менен боштондукка чыкпасын ачыктап койгонсуду. Ажонун айтканы "демократиялык принципти туу туткан өлкөгө бийликти таза жол менен митинг-пикетсиз, жол тосуусуз, нааразычылыксыз алмаштыруунун бирден бир үлгүсү"-дегендикке ыктап атканы түшүнүктүү. Бирок, тосмону аттап эмес, томкоруп барып ажолорду алмаштыруу кыргыздын көнүмүш ишине айланып калганы Атамбаевдин айтканына караманча каршы келүүдө. Аныгында Кыргыз эгемендик алганы качан эле шайлоо, тынч жол менен бийлик алмаштырды эле. Ушуну эстеп көрөлүчү?


Жылас алгыр жылаңач күрөш
Кыргыздар "ап-пиий"деп уялганча батыштын тарбиясын алып калган эл өкүлү Ширин Айтматова дагы бир иштин бетин ача салды. Анын айтымында таянсак "Бишкектин ар бир бурчунда сааты менен берилген мейманканалардын кээ бири биздин депутаттарга таандык". Бул пикирин ал кечээ ЖКнын мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Анын пикирин КСДП фракциясынан депутаты Эркин Сакебаев да колдоого алды. Ал белгилегендей, борбордун көптөгөн күркөлөрү порнографиялык басылмаларга жыкжыйма толгон. "Күркөлөрдү карасаңар, анда жылаңач сүрөттөрдөн гезит журналдар көрүнбөй калганын айтыптыр. Ал эми телеберүүлөргө сөз жок. Бул багытта кандайдыр бир чаралар кабыл алынып жатабы?"-деди депутат ИИМ өкүлдөрүнө. ИИМ укуктук бөлүмүнүн начальниги Пальмир Орозобеков бул боюнча "атайы кызмат түзүлөөрүн" билдирип, "Мисалы, жүрүм-турумду көзөмөлгө алган полиция, бул маселелерди чечүү үстүндө иш алып бармакчы"-деген жообун айтты. Деген менен коомубуз жылаңач жашоого курчалганы аз келгенсип бул демилге да дале болсо жылаңач сөз боюнча калып калбаса болду. Анткени, порно фильмдерди, интернет сайттарды жана сойкуканаларды жабабыз деген убадалары жылаңач эле бойдон калганын көрүп эле келе жатабыз.


Капчыгайды калчылдаткан митингчилер
Кечээ түштөн кийин беш жүзгө жакын адам Кубакы жана Боом капчыгайынын жолун тосуп митинг кылды. Алар бийликтен депутат Садыр Жапаровдун жана Камчыбек Ташиевдин камактан бошотулушун талап кылышууда. Бул топту Кыргызстанды коргоо комитетинин төрагасы Нурлан Мотуев жетектеп чыккан. Эгер бийлик булардын талабын аткарбаса үч күндүн ичинде Көлдүктөр көлдөй толкуп борборго агылабыз дейт.


Токтайым токтобойт
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева апрель окуясы боюнча талап-тоноочулук фактысын иликтөөдө айрым депутаттардын кызыкчылыгы болууда деп билдирди, себеби, "Эмне себептен "очная ставка" учурунда Ранону (чуулгандуу Абдулла Юсуповдун аялы) кармап жатасыңар? Бул жөндөн жөн болуп калган жок. Зарылбек Рысалиев ушул иш боюнча кызматынан кетти болушу керек"-деп да божомолдоп жиберди. "Өзүм "Ата-Мекен" фракциясына доо келтиргим келбейт, бирок сөздүн ачыгы айрым эл өкүлдөрүнүн бул ишке кызыкчылыктары болууда",-деп билдирди.


Аталышы өзгөрсө эле абалы жакшырабы?
"Башканы коюп ушуну айт"-болуп баштады көрүнөт, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында баштап келип эле баягы "Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү, алымча кошумчаларды киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, парламенттин кароосуна жиберилди. Баары эле бийликке келгени таза барактан баштап, таза иштейм деп баштайт. бул салтты Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы министри да жаңылануу менен баштады көрүнөт. Аталган мыйзам долбоорун коргогон өлкөнүн социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султановдун айтымында, эгер талкуудагы мыйзам долбоору кабыл алынып кала турган болсо, "майып" деген сөз -"мүмкүнчүлүгү чектелген", "карыгандар" деген сөз - "улгайгандар" деген сөздөр менен алмаштырылат деп айтып өттү. Бул мезгилге чейин бул сөздөрдү ким карабай жүргөнүн да баса белгилеп айта кетпептир. Деги биздин министр, аткаминер дегендерибиз качан күлкү болуудан арылып, анан да анык ишке баш урушаар болду экен?




кез дүйнө
Украина парламенти кимдерди тандады?
28-октябрь күнү Украинанын Жогорку Радасы үчүн өткөн парламенттик шайлоонун божомолдонгон жыйынтыгы чыгарылып, бюллетендердин 90 %ы саналып бүттү. БШКнын маалыматына караганда "Партия регионов" 31,82%, "Батькивщина" - 24,22%, КПУ - 13,88%, "УДАР" - 13,47%, "Свобода" - 9,61% добуш алган. Мындай көрсөткүч менен "Партия регионов" парламенттен 193 орун алаары айтылууда. Бирок бул мандаттардын саны парламенттик көпчүлүктү түзүүгө жана чечимдерди кабыл алууга жардам бере албайт. Анүчүн жок эле дегенде 226 мандат керектелет. Жалпысынан Украина парламентинде 450 депутат орун алат. Белгилей кетсек Украинагы парламенттик шайлоо партиялык жана мажоритардык системада өткөн. Ага ылайык 225 депутат партиялык системада шайланса, калган 225и бир мандаттуу аймактардан шайланат. Ошондон улам "Партия регионовго" жетпей жаткан добушту өз алдынча аттанган 44 талапкер кошоору болжолдонууда.

Прохоров төрагалыкты аркалайт
Россиянын президенттигине талапкерлигин койгон миллиардер Михаил Прохоров "Гражданская платформа" партиясынын саясий комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Партиянын ишемби күнү өткөн съездинде 106 делегат өз добушун Михаил Прохоровго беришкен. Прохоровдон тышкары партиянын саясий комитетине дагы он бир адам кабыл алынды. Алардын арасында белгилүү тележурналист, коомдук ишмер, чекист, депутат жана энергетика өндүрүүчү ишкананын директору болгон адамдар бар. Буга чейин Прохоров мырза бизнести жыйыштырып, саясат менен алек болоорун айтып келген эле. Анын ар тармактын адистерин чогултканына караганда саясатка чындап эле катуу киришкендиги айтылууда.

Ромни Обамадан ашты
АКШда президенттик шайлоо жакындаган сайын Барак Обама менен Митт Ромни ортосундагы тиреш кызуу жүрүүдө. Буга чейин теледебаттардан бири-бирине ар кыл сындарды айтып келген талапкерлер коомдук сурамжылоолордо биринен бири ашып, биринчиликти талашып келе жаткан. Акыркы күндөрү Обаманын рейтинги жогорулагандыгы да айтыла баштаган. Бирок шайлоо башталарына бир апта калганда жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча Митт Ромни президент Барак Обамага салыштырмалуу респонденттердин көпчүлүк добушуна ээ болду. Gallup Inc социалдык кызматынын маалыматына караганда респубиликачалардан аттанган Ромни Обамадан 4%га (50:46), ал эми Rasmussenдин сурамжылоосу боюнча 3%га (50:47), ABC телеканалы жана The Washington Post гезитинин сурамжылоосу боюнча 1%га (49:48) алдыда келе жатат. Башка сурамжылоо булактарынын маалыматында эки талапкерди тең Америка жарандары бирдей колдошот. Америка президентин шайлоо 6-ноябрга белгиленген.

Саакашвили Зураб Жваниянын өлүмүнө айыпталууда
Грузия революциясынын лидерлеринин бири Зураб Жваниянын өлүмүн Михаил Саакашвили жана анын тегерегиндеги адамдар уюштурган деген маалыматты Грузиянын раматылык премьер-министри Зураб Жваниянын иниси Георгия Жвания билдирди. Анын маалыматына караганда анын агасы расмий маалымдалгандай газдан ууланып өлгөн эмес. Мунун баары президент Саакашвилинин көрсөтмөсү менен уюштурулган. 2005-жылы каза болгон Зураб Жваниянын өлүмүн ошол кездеги башкы прокуратура да кылдат иликтеген эмес. Андыктан бул ишти азыркы башкы прокурор Арчил Кбилашвили аягына чыгараарына ишенээрин Георгия Жвания "Маэстро" телеканалынын түз эфиринде билдирди. Белгилей кетсек "Грузинская мечта" партиясынан депутат болгон Георгия Жваниянын партиясы парламенттеги көпчүлүктү түзөт.

Даярдаган
Темирбек МАТАЕВ