"Ак илбирс"
өз ээсин таптыбы?
Кыргызстанда кино тармагы бийиктиктерге карай багыт алды. Тактап айтканда, өлкөбүздүн борборунда 27-ноябрь күнү биринчи Улуттук "Ак илбирс" тасма сыйлыгы "Манас" кинотеатрында тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу кечеси "Манас" кинотеатрынын алдында төшөлгөн кызыл килемден кино жаратуучулардын жана белгилүү инсандардын басып өтүүсү менен башталды. Кино кызматкерлеринин жараткан эмгектери эл астына тартууланып өз баасын алган соң, мыктынын мыктысы деген наам бир нече тасма жаратуучуларына ыйгарылды.
Эң мыкты деген наамга режиссёрлор Молдосеит Мамбетакунов жана Артыкпай Сүйүндүковдун эмгектерине таандык "Көч" документалдуу көрүнүшү ээ болуп, алтын статуеткага арзыды.
Ушул эле тасманын чыгармачыл тобу эң мыкты сценарий, мыкты үн коштоо, мыкты оператордук жана режиссёрдук иш өңдүү наамдарга да ээ боло алышты. Буларга колодон жасалган статуеткалар ыйгарылды.
Ал эми, башка мыкты наамдарга "Күкүк Шахрезада", "Көк салкын", "Гу Чжун Пего кантип турмушка чыгуу керек" өңдүү кино ленталар татыды.
"Ак илбирс" тасма сыйлыгынын негиздөөчүлөрү Эрнест Абдыжапаров, Садык Шер-нияз, Актан Арым Кубат өңдүү бир катар киночулар бул сыйлык Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткандыгын жана жыл сайын өтүп тураарын билдиришти. Бир учурда алты коло статуэткасына ээ болгон "Көч" кино тасмасынын жаратуучулар тасма чындап өз ордун тапты деген ойлорун айтып өтүштү. Артыкпай Сүйүндүковдун айтуусу боюнча бул тасма эл аралык сынактарда да эң мыкты орундарды ээлеп келгендигин жана куржундарына алгач ирээт "Алтын статуетин" өз өлкөсүнөн алып жаткандыктарын айтып кубанычын тең бөлүштү.
Башкы сыйлык өз ээсин тапкан соң, кезекти катардагы калган кино тасмаларына ыйгаруу улантылды.
"Көрөрмандарга жаккан тасма" наамына комедия жанрын камтыган Тилек Чериковдун "Көк салкын " тасмасы ээ болду.
. "Мыкты сүрөтчү" Элдияр Мадаким, "Мыкты композитор" Назира Джалилова, "Аялзатынын мыкты ролу" Зарема Асаналиева өңдүү жаш кино кызматкерлерине буйруду. Ал эми "Эркектин эң мыкты ролу" сыйлыгына "Күкүк Шахрезада" тасмасында башкы ролду ойногон Евгений Тарановко ыйгарылды.
Атайын сыйлык менен кыргыз кино жаатына өз салымын кошуп келе жаткан оператор-коюучу Кадыржан Кыдыралиев сыйланды. Ата-мекендик кино тармагында кызмат кылып келген Нурлан Абдыкадыровдун айтымында, бул сынакка катышууга жалпысынан 50дөн ашык кино тасмалары катталып, жыйынтыктоочу бөлүмгө 16 гана кино тасма тандалып алынган. Алардын төртү толук метраждуу тасма болсо, сегизи кыска метраждуу тасмалар. Ал эми калыстар тобу 30 адамды түзүп, алардын 20сы кино тармагында иштеген кызматкерлер, калган он адамды көз карандысыз журналисттер түздү.
Бул сынак катышып жаткан тасмаларга эч кандай чектөөлөрдү талап кылбай, тактап айтканда толук метраждуу жана кыска метраждуу, ар түрдүү жанрды кучагына камтыды. Маңдай тери менен жасаган эмгектеринин акыбетин ар бир кино жаратуучу көңүл кубантаар сыйлыктар менен тосуп алышты.
Нурила Жумадилова