кыргыз тилиндеги гезит "Кереге"

п»ї

шайлоо шамалындагы Кыргызстан
2013-жыл Кыргызстанга эмне берет?! Бул суроону кабыргасынан кое калганыбыздын жөнү бар. Анткени Кыргызстан ажыдаар жылын адеттегисиндей эле итке минип өткөрдү. Минип эле тим болбой, бюджетинин болочокку "порциясына" да кол салып ийгендей болду. Кышты болсо, свет өчүрмөй, бензин кымбаттатмай кыйноосу менен өткөрөрүбүз турган иш. Анткен менен кыш дегениңди бу кыргызың жылуу пейили менен эле тосуп алып, шыйрагын жакса да өкмөтүнө анчалык залал келтирген эмес. Эми деле ошентет. Каратаман калк Бабановуна деле, Сатыбалдиевине деле, Өмүркуловуна деле ыраазы. Эл азыркы күндө баарына ыраазы. Айрыкча, шайлоо деген шарапатка андан бетер ыраазы. Себеби, бир ай болсо да анча-мынча "өзөк жалгамайга" шансы келип турат.
Шайлоо демекчи, жергиликтүү жана шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин түнү уйкудан, күнү күлкүдөн калган чагы. Шайлоо өткөрүү жагынан Кыргызстандын алдына ат чыкпайт. Ары-бери шымалана шайма-шай өткөрө салып, бийликке жакын үч партиянын жакасын оңдоп, багалегин күбүп отуруп калабыз. Багалегин Акүйдүн шишине айрыткандарды "эл душманындай" акырая карап...
БШК каттоосунан өткөн 23 партия ноябрды этектей эмненин ичинен чыгары белгисиз. Белгилүүсү 6-декабрь. Эмнеси болсо да өтөр шайлоосу өтүп, тынчыйбыз го десек, айрым партиялар тарабынан "6-декабрда парламент таркайт" деген кыйкырык угулууда. Бизде ушундай. Адегенде үн чыгат... анан барып "күн" чыгат. Демек, шайлоонун эпкининен жакынкы беш жылдыкта кутулбайт экенбиз.











??.??