PRESSKG.COM



п»ї

Жай турмушта
Жашоонун өзү керемет. Баалап билген адамга ар күн кайталангыс. Ошо кайталангыс өмүрдү ар ким ар кандай өткөрөт. Кай бири тойлоп, дуулдап жүрсө, кимдир бирөө кылган кызматынан рахат алып дегендей. Анын сыңары бу керемет жашоонун ыргагында, чалды-куйду турмуш агымы бар. Андыктан, айрым инсандарыбыздын балалыгынан тарта баардыгын аңтарып көрдүк..

Замир Сооронбаев, Кыргыз эл артисти:
"Мурунга жеткире жүн тытып,
жылдыздын түшүшүн күтчү элек"
- Замир мырза, бала кезде кийиз тээп, басып көрдүңүз беле?
- Менин таенем ууз киши эле. Жылда жүн сабап, кийиз жасачу. Шырдак шырычу. Жаш балдар чогулуп алып жүн салгандан баштап, тээп, чийден чыгарганга чейин жардам берчүбүз. Өзгөчө жүн тыттырганда "Мурдуңарга чейин жеткирип тытсаңар, асмандан жылдыз түшөт"-деп алдап тыттырчу экен. Биз ошого ишенип алып, бат-баттан тытканга аракет кылчубуз. Анан жүн көбөйүп калганда эле таенем үстүн басып коюучу. Балалык баё сезим менен ошол сөздөргө ишенип, асмандан жылдыздын түшүшүн күтөт элек.
- Өмүр бою чыгармачылыктын чыйыр жолунда жүрөсүз. Эмне таптыңыз?
- Чыгармачылык бул биздин жашообуз. Ушул чыйыр жолдо жүргөнүмө отуз сегиз жыл болуптур. Дал ошол аралыктын ичинде мамлекеттен, эл тарабынан көптөгөн сыйлыктарды, алкыштарды алдык. Талбай эмгектенип келе жатам. Бирок, чыгармачылыктын туу чокусуна эч ким жеткен эмес. Бул кенен мейкиндик. Учу жок нерсе. Биз үчүн ыйык. Ошол эле маалда өмүрлүк жубайым менен да ушул тармактан табышкам. Бир уул, бир кызым, бир неберем бар.
- "Адам болуш үчүн өзүн-өзү таануу керек"- дешет. Өзүн-өзү кантип тааныйт?
- Биринчи кезекте ар бир кылган ишиңе өзүң баа берип, өзүңө-өзүң отчёт беришиң керек. Кайсыл тармак болбосун мактоо болот, ошону менен катар сын да болот. Мактоону мактоодой кабыл алып, сынды туура түшүнө билүү зарыл.


Динара Ошурахунова, укук коргоочу:
"Өзүмө көбүрөөк ишенем"
- Динара айым, эсиңизде калган эң кымбат белекти эстеп көрбөйсүзбү?
- Адамдын чын дилинен берилген ар бир белек мен үчүн кымбат болуп эсептелет. Быйыл эле 8-мартта мырза кесиптештер ар бир айымга арнап ыр чыгарып, анан концерт коюп беришти. Ушул белектери абдан балуу жана өзгөчө болду.
-"Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт"-делинет. Жаңылып, туура эмес сүйлөп алган учурларда кантесиз?
- Албетте, эл алдында жүргөндө кээде жаңылып сүйлөп алган убактар болот. Андай кырдаалда кечирим сурап, сөзүңдү улап кете бересиң. Ал эми кээде ЖМКдан сенин сөзүңдү башкача кылып берип салган мезгилдер да кездешет. Ал мезгилде жаның ачып кала бересиң.
- Жашоодо өзүңүзгө көбүрөөк ишенесизби, же жакындарыңызгабы?
- Турмушта ар кандай кырдаалдар болот. Жакындарымдын сөзүн угам, чечимди өзүм чыгарам. Бирок, билимиме иш тажрыйбама таянып, өзүмө көбүрөөк ишенем.


Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
"Ал убакта "атаман"- деген жок болчу"
- Жыпар мырза, колуңуз бошоп калганда эмне менен алек болосуз?
- Чыгармачылык менен алек болом. Ыр жазам, обон чыгарам, сүрөт тартам. Кийин сүрөт көргөзмө уюштурам деген тилектерим бар. Жан дүйнөң чыгармачылыкка жакын болгондон кийин айланып келип эле кайрадан чыгармачылыкка байланат экенсиң. Канчалык таштасаң дагы кайрылып келчү жол экен.
- Өмүрдүн кымбаттыгын, баалуулугун бир сөз менен кантип айтат элеңиз?
- Адам бул жашоого жаралгандан кийин анын өмүрү өтө кымбат. Ошол өмүрдө эч кимге көз каранды болбой, эч кимден коркпой, чөгөлөбөй, жан дүйнөң тынч жашап өтсөң бактылуу болосуң. Анан албетте, эң башкысы ден-соолуктун чың болушун тилөө зарыл. Экинчи орунда эркиндик керек. Качан адамда эркиндик болгондо гана чыныгы өмүр көркүнө чыгат.
- Сиз бала кезде "атаман"- деген сөз бар беле?
- Мен мектепте окуп жүргөн кезде "атаман"-деген сөз жок болчу. Анын ордуна лидерлер бар эле. Биз жакшы окуган үлгүлүү үч-төрт бала дос элек. Биригип алып лидерге да баш ийчү эмеспиз. Кийин 6-классымда шаардан окуп калдым. Ал убакта айылдан келгендерди абдан кодулачу. Бирок, мен жакшы окугандыгымдан ошол кезде эле акыйкаттык үчүн күрөшүп, лидерлерди өз ордуна коюп коёр элем. Эч ким өйдө карап сүйлөгөн эмес.


Саламат Садыкова, КР эл артисти:
"Япон ашканасын тандайм"
- Саламат эже, кыргыз эли нарктуу эл эмеспи, кай жерге барба сыйлуу устукан тартышат. Көбүнчө кайсы устуканга ээ болосуз?
- Эми бул жерде үй ээсинин дасторконунун беделине, пейилине жараша болот. Кээде атка минерлер менен табакташ болуп да каласың, анда айрым учурларда пенде эмеспизби кошоматчылык да болуп кетет дегендей. Бирок, мен эч убакта устуканга таарынган эмесмин. Таарынбайм дагы. Көпчүлүк жерден куймулчак, жамбаш алып жүрөм, анан төш да алып калган учурлар болот.
- Көп жерлерге барып жүрөсүз. Кайсы улуттун ашканасынан тамактанасыз?
- Кайсыл жерге барбайын япон ашканасынан тамактанам. Аларда биздин кесмеге окшош, ашказанга сиңимдүү, жеңил шорполору бар. Ден соолукка пайдалуу жашылчалары менен салаттары да абдан арбын. Ошондуктан япон ашканасын тандайм.


Гүласал Садырбаева,
ЖК депутаты:
"Келиниме апам
жоолук салды"
- Гүласал айым, жаңы келин келгенде жасала турган каада-салттар тууралуу айтып берсеңиз?
- Жаңы келин босогону аттап келээр замат "Ак жолтой, ак жүздүү болсун!"-деп оозуна сары май салат. Сөзсүз көшөгө тагат, андан соң кайын журтка жүгүнтөт. Ар дайым каада-салтты колдонууга аракет кылам. Анткени, бул биздин жашообузга эң керек нерсе.
- Ырым-жырымдарга ишенесизби?
- Ырым-жырымдарга көп деле ишене бербейм. Баары кудайдын колунда.
- Жаш келинге кимдер жоолук салыш керек?
- Келинге ак жоолукту бак-дөөлөттүү, кадыр-барктуу, бала чакасы көп, балдарына татыктуу тарбия берген байбичелер салат. Мына ошол байбиченин жолун жолдосун деп коюшат. Өзүм бир келин алгам. Келиниме апам жоолук салды. Анткени, апам баарыбызга татыктуу тарбия берди. Жоолук салганга татыктуу байбиче.


Мелис Карыбеков, парапсихолог:
"Көпкөн да, чөккөн да кудайдын сыноосу"
- Мелис мырза, кыргызда "Барга көппө, жокко чөкпө"- деп коюшат. Бул макалды сиз кандай түшүнөсүз?
- Адам өмүрүндө үч жолу көбөт, үч жолу чөгөт. Бул Кудайдын сыноосу. Андыктан сыноодон сынбай өтүшүң керек. Колго кайсы бир убакта байлык келет. Ал байлык эртең колдун кири болуп калышын унутпоо зарыл.
- Ата-бабаларыбыз "ок чонтой"- деген сөздү колдонуп келишкен экен. Маанисин айтып берсеңиз?
- Бул сөз эскирген сөздөргө кирип калат. Манас эпосунда ок салган баштыгын "ок чонтой" деп аташчу. Ырымдалып коюлган ат. Окту мылтыктан чыгарып өзүнчө баштыкка салып алат. Аял киши аны аттаганга болбойт. Боз үйдүн оң капталына мылтыкты бийик кылып илип жанына ок чонтойду да коюп коёт.


Даярдаган Назгүл ЭСЕНГУЛОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Кереге"









??.??