PRESSKG.COM



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Мирлан Бакиров, ЖК депутаты:
"жашоодо достук мамиле,
адамгерчилик сакталууга тийиш"
Эл өкүлү Мирлан Бакиров менен саясаттын шарданы, дос-душман, бизнес, ушак туурасында баарлаштык. Депутат мырзанын ымандай сырына төмөндө күбө боло аласыздар.

- Мирлан мырза, депутат болгонго чейин кандай элеңиз жана азыр кандай болуп өзгөрдүңүз?
- Депутат болгонго чейин кандай болсом, адамдык касиетим ошондой эле бойдон десем жаңылышпайм. Албетте бааны эл, шайлоочулар берет. Тажрыйба жагынан депутат болгондон кийин мамлекеттик башкарууга болгон көз караш сөзсүз өзгөрөт экен. Себеби, ичине кирип көбүрөөк көрүп, билип турат экенсиң. Кай жерде эмне көйгөй болуп турганын жакындан билип, маалымат аласың.
- Буга чейин саясатка кызыкчы белеңиз?
- Мектепте окуп жүргөн кезимде эле легендарлуу парламенттин сессиясын уктабай көрчүмүн. Ошондогу айрым саясатчыларды кумир катары кабыл алып, аларды абдан урматтачумун. Кудайдын буйругу менен бүгүнкү күндө кээ бир кумир туткан саясатчылар менен иштөөдөмүн. Буга албетте сыймыктанам.
- Эки жылдан бери эл өкүлүсүз, кайсы иштин өтөөсүнө чыктыңыз?
- Негизи коомдук эки маселени көтөрдүм. Биринчиси, кичи Памирдеги боордошторду көчүрүп келүү маселеси. Буга чейин деле бул маселе көтөрүлүп келген. Бирок, мамлекет тарабынан чечим кабыл алынып, олуттуу иштер жүргөн эмес. Вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекованын жетекчилигинде өкмөттүк комиссия түзүлүп, мекемелерге тапшырмалар берилген. Кичи Памирге барууга мугалимдерди, медиктерди, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен адамдарды даярдап алып, "Мына жөнөйбүз"-деп жаткан убакта Тажикстанда кооптуу акыбал түзүлүп, ошонун кесепетинен барбай калдык. Бүгүнкү күнгө чейин ал иш токтоп турат. Кудай буйруса азыркы Өкмөт бул ишке кайдыгер карабай, аягына чыгабыз деген ишенимдер бар.
- Саясатка аралашкандан бери достор көбөйдүбү же душмандарбы?
- Саясатка келгени көп дос таптым. "Саясатта түбөлүк достук жок, бирок түбөлүк кызыкчылык бар"-деп жалпы айтылган сөз бар. Бирок, ошол эле мезгилде саясатка аралашканга чейин дос болуп жүргөн жигиттер менен да, саясатка чогуу келген досторум менен да абдан жакшы катышам. Алар менен түбөлүк калам деген ой бар. Себеби, саясат өз жолу менен кетиши керек. Ал эми жашоодо достук мамиле, адамгерчилик сакталууга тийиш.
- Чоң саясатка аралашыш үчүн көп суммадагы акча каражаты талап кылынат. Сиздин жеке бизнесиңиз барбы?
- Буга чейин мамлекеттик кызматтарда, өндүрүштө иштедим. Ар түрдүү кырдаалдар болуп калышы мүмкүн, чын эле азыркы заманда акчасыз бир маселени чечүү мүмкүн эмес. Ошол эле мезгилде карапайым калк да өз баасын берет. Шайлоонун жыйынтыгында Базар-Коргон районунан он эки миң шайлоочунун ишеничин алдык. Учурда менин байлыгым ишеним көргөзгөн шайлоочуларым. Жеке бизнесим жок.
- Маалымат булактарынан "Депутат Мирлан Бакиров эл өкүлү Азамат Арапбаевдин цемент заводуна көз артып жатат"- деген маалыматтар тарап кетти. Сиз бул маалыматтарды төгүнгө чыгаруудасыз. Ушул маселени өз оозуңуздан уксак.
- Бул маалыматты кайсы бир гезиттен окуп калдым. Андан кийин командировкага кетип териштиргенге убактым болбой калды. Мен бул маалыматтын техникалык ката экендигин түшүнөм. Бирок, муну калың журттун баары техникалык ката деп кабыл албайт экен. Андыктан тактап коюу ашыктык кылбайт. Буга чейин депутат боло элек кезимде эле Азамат Абдуллажановичти ири бизнесмен катары таанычумун, урматтайм. Азамат мырза алып сатар бизнесмен эмес, чыныгы өндүрүүчү ишкер. Бул киши Кыргызстандын кайсыл аймагы болбосун мыйзамдын чегинде өндүрүшүн жүргүзүүгө акысы бар. Анткени, мамлекетке салык төлөйт. Элди жумуш орундары менен камсыз кылат. Мен ишине ийгилик гана каалайм. Ошол эле мезгилде жергиликтүү калктын ой-пикирин угуп коюу да ашыктык кылбайт.
Маектешкен Назгүл ЭСЕНГУЛОВА





Чынар
Капарова,
тележурналист:
"Нукура
кыргызча
так сүйлөө
деле кыйын"

"Кыргыз тилин өнүктүрүү керек"-деп ураан салып эле келатабыз. Бирок, тилибиз өнүгүп кете албады. Эгемендикке ээ болгонубузга 23 жыл болсо да тилибиз итий кейпинен арыла элек. Дегеним, өз өлкөсүндө дале да болсо кодуланып келатканы анык. Кыргыз тили туурасында тележурналист Чынар Капарова айым өз ойлору менен бөлүштү.

Орус тили
тоскоол болуп жатат
- Ачыгын айтканда, кыргыз тилинин өнүгүшүнө экинчи расмий тил болгон орус тили тоскоол болуп жатат. Мамлекеттик иш кагаздар толугу менен кыргызчалана элек. Жогорку кызматтагылар кыргыз тилине караганда өз ойлорун, айта турган сөздөрүн орус тилинде жакшы, так жеткирем деп жалаң орус тилинде сүйлөйт. Мен жаз алды Азербайжанга барып келдим. Ал жакта бир гана тил - бул азербайжан тили. Жалаң өз тилинде жыйын да өтөт, маек да курушат. Бардыгы өз тилинде. "Мамлекетте бир гана тил болгондо өнүгүү болот экен"-деген тыянакка келдим. Албетте, орус тили деле керек. Анан калса башка тилдерди билүү деле келечек үчүн абадай эле зарылдык болуп калды. Бирок кыргыз тилин ар бир кыргыз гана эмес, кыргызстандык билиши керек.
Кыргызстанда
кыргыз тили
жок болуп кетпейт
- Кээ бир тилчилердин, адистердин "Кыргыз тили жоголуп бара жаткан тилдердин катарына кирет"-деген ойлоруна кошулбайм. Менин оюмча ЮНЕСКО, БУУ өңдүү уюмдар мындай жыйынтыкты ар башка мамлекеттерде, тарыхый ар кандай себептерден улам отурукташып калган кыргыздарга таянып айткан. Кытай болобу, Ооганстан, же Түркиябы, айтор башка мамлекеттерде такай жашап келген кыргыздардын көбү өз тилин жоготкондугу белгилүү. Ал эми Кыргызстанда кыргыз тили жок болуп кетпейт. Бирок, азыр башка өлкөлөргө мигрант болуп кетип, жашап, иштеп калган мекендештерибиздин балдары кыргыз тилин билбей калышы мүмкүн. Өз жеринде жашап жаткан көпчүлүк кыргыз билбеген тилди, башка жактагы туугандарыбыз кайдан билсин?
Көчөдөгү жарнактар тилди мыкты билген адамга уят эле көрүнөт
- Тил боюнча мыйзамда жазылган, "Бардык жерде көрнөк-жарнактар биринчи кыргызча жазылып, анан башка тилде жазылсын"-деп. Бардык жерде ушундай. Көп эле мамлекетте болдум, жарнактар да алгач өз тилинде жазылат. Маселен, Кытайда кытайча балтайта жазып, анан уйгурча ортосуна, аягына бүжүрөтүп кыргызча жазышат. А бизде тескерисинче. Жарнактарды кыргыз тилинде жаз десе, сөзмө-сөз которуп, маанисин жоготкон боюнча жазып, анан да балтайтып илип жүрбөдүкпү. Тилди мыкты билген адамга уят эле көрүнөт. Эми аракет таптакыр жок деп айтуудан алысмын. Бул багытта деле башка жылдарга салыштырмалуу жылыштар бар. Ошондуктан Тил комиссиясы болобу, мамлекеттик эмес тил коомдорубу, бардыгы аракет кылса, берекет болот.
"Киргиз талапкерлер" кыргызча сүйлөөгө мажбур болушту
- ЖК депутаттарынын, эл өкүлдөрүнүн кыргыз тилинде чала сүйлөгөнүнө күбө болуп эле жүрбөйбүзбү. Кыргыздарды күчкө салса эле кыйла иштер аткарылчудай экен. Дегеним, "Президенттикке койгон талапкерлерге мамлекеттик тил сынагынан өтпөсө болбойт"-деди эле, айрым "киргиз талапкерлер" кыргызча сүйлөөгө мажбур болушту. Балык башынан сасыйт дегендей эле кеп да. Элге, жаштарга үлгү боло турган адамдар, өзгөчө саясатчылар кыргыз тилин жогору коюп, дайыма кыргыз тилинде так жана даана сүйлөсө жаштарга сабак болот эле.
Нукура сүйлөө
деле кыйын
- Журналисттер бир гана кыргыз тилин эмес, көп тил билүүсү зарыл. "Канча тил билсең ошончо адамсың"-дегендей башка да элдин тилин билүү, түшүнүү жана ал тилде так сүйлөө бул чоң сыймык. Менин билишимче, учурда Кыргызстанда жашаган башка улуттун адамдары да кыргыз тилин үйрөнүүгө далалат кылышат. Мындай учурда кыргыздар өзүбүз эне тилибизде сүйлөөгө дайыма аракет кылышыбыз керек. Ошентсе да, нукура так сүйлөө деле кыйын. Анткени башка тилден келген заманбап сөздөр көп. Ошол сөздөрдү аралаштырууга туура келет. Маселен, "сотовый телефонду" "Уюлдук телефон" деп бир эле сөзүн которо алдык го. Ошол эле "айфон", "ноутбук" өңдүү сөздөрдү кантип которушубуз керек. Которуп, так, нукура сүйлөйлү десе, өз кезегинде обу жок которуулар пайда болду го. Автобусту-көңкө деп...




кыргыз тилиндеги гезит "Кереге"









??.??