PRESSKG.COM



п»ї

Мал доктуруң барбы, малчы?
Жаныбек Султанов,
Мамлекеттик ветеринария
департаментинин директору:
"Ветеринар малды эле эмес, адамзатты дарылайт"
Быйылкы жыл Кыргызстандын мал чарбасы үчүн абдан оор болду. Кыштын узактыгынан жут болуп жүздөгөн малдар кырылса, Сузак районунда туура эмес сайылган вакцинадан 2200гө жакын жандык өлүмгө учурады. Бул окуя мал менен жан сактаган карапайым калктын жон терисин сыйрып өткөндөй эле болду. Анысы аз келгенсип бул каргашага улай Казакстан сүт азыктарын кабыл алууну токтотту. Деги эле көйгөйлөрү көп бул тармак тууралуу Мамлекеттик ветеринария департаментинин директору Жаныбек Султанов мырзаны сөзгө тарттык.

- Жаныбек Суранович, Кыргызстандагы ветеринариянын учурдагы абалына башканы айтпаганда да өзүңүз канааттанасызбы?
- Бүгүнкү күндө мамлекеттик ветеринардык абал эң төмөнкү акыбалда турат. Ушул убакка чейин болуп көрбөгөндөй эксперименттер болду. Учурда КР мыйзамында ветеринария тууралуу мыйзам жазылып, анда бул тармак бирдиктүү болсун делген. Бирок буга карабай бүгүнкү күндө ветеринардык көзөмөлдөө жана департамент болуп экиге бөлүнгөн. Ветеринардык көзөмөлдөө сүт иштетүүчү ишканаларды, кыскасы малдардан жуккан оорулардын алдын алат. Ал эми департаменттин аткарган кызматы малды дарылоо болуп саналат. Кыргызстанда жалпы ветеринардык кызмат көргөзүү 25%ды гана түзөт.
- Статистикалык маалыматтарга таянсак Кыргызстандагы мал чарбасы союз мезгилинен он эсе көп экен. Эмне үчүн 25%ды гана түзөт?
- Бизде азыр малдын саны көбөйгөндүгү чындык. Илгери колхоз-совхоз убагында ар бир колхоздо жок дегенде жети ветеринар иштеген. Мал чарбасына өзгөчө көңүл бурулчу. Учурда жылдан жылга малдын башы өскөн сайын ветеринардык кызматкерлерди кыскартуу күч алды. Быйылкы 2012-жылы эле Өкмөттүн чечими менен акыркы кыскартуу болуп өттү. Абал өтө оор. Айлык акы өтө аз. 3000-4000 сомдун тегерегиндеги айлык болуп жатат. Кадр маселеси курч маселе бойдон калууда. Социалдык жактан эч кандай колдоолор болбогондуктан жаштардын бул тармакка келиши кыйын. Жылына жүздөй студент ушул тармак боюнча билим алып чыгышат. Бирок тилекке каршы алар иштөөгө кызыгышпайт. Биринчиден азыр штат жок. Экинчиден мамлекет тарабынан дем берилип, кызыктыруу жоктугунун натыйжасынан ушундай абалга туш болдук.
-Деги эле жыл сайын план менен малдарды эмдөө болобу?
- Мамлекет малдын оорусунун 23 түрүн каттоого алып, жыл сайын текшерүүдөн өткөрүп турат. Өкмөт тарабынан ал ооруларга атайын дары-дармектер берилип турушу керек болчу. Тилекке каршы, ал токтом аткарылбайт. Дары-дармектерге болгон биздин муктаждыктын 20%ын гана мамлекет берет. Ошондуктан биз толук кандуу иш аткара албай жатабыз. Азыр 23 ооруну айтпаганда да акыркы жылдары чыгып жаткан шарп ылаңын жоё албай жатканыбыздын себеби да каражаттын жетишсиздигинен болуп жатат. Өкмөт керектүү акча каражатты тиешелүү өлчөмдө бөлүп берип колдоо көргөзүп койсо ветеринариянын абалы оңолмок. Биздин иштөө мүмкүнчүлүгүбүз жогорулап, мал оорулары менен күрөшкөнгө жакшы шарттар түзүлмөк.
- Жакында эле Казакстан Кыргызстандан сүт продукциясын алууну токтотту. Бул маселе эмне себептен келип чыкты?
- Чындыгын айтсак жогоруда айтып өткөндөй шарп ылаңы биринчи себеби болууда. Бизде 2006-жылдан бери бул абал туруктуу эмес. Жыл сайын чыгып жатат. Ал адамдардын грипп оорусу сыяктуу дарт. Бир жылы башка тип менен ооруса, кийинки жылы андан бөлөк түрү менен ооруйт. Быйылкы сайган вакцина кийинки жылга таасир бербейт. Шарп өтө тез тарай турган вирус. Казакстандын Кыргызстандан сүт алуусун токтоткону биздин экономикабызга олуттуу зыян алып келет. Себеби күнүнө 120 тонна сүт экспорттолчу. Сүт өткөргөн карапайым калкка кыйын жагдай түзүлдү. Жакында Астанага барып келдик. Ветеринардык абалы менен тааныштык. Аларда оорулар менен күрөшүү жакшы деңгээлде жүргүзүлөт экен. Эгер кайсы бир райондо шарп оорусу менен ооруган уйду билсе, вирус тарап кетпеши үчүн уйду ошол замат өрттөп ташташат. Уйдун ээсине мамлекет базар баасында компенсация төлөп берет. Биз андай нерсеге бара албайбыз. Керек болсо вакцинацияга тиешелүү каражат жок болуп калат. Экинчи маселе идентификация (эн коюу) маселеси турат. Бул ата бабалардан бери келе жаткан нерсе. Бирок, биздин айтып жаткан эн белги системалуу түрдө жасала турган маселе. Бул боюнча биринчи мыйзам кабыл алынышы керек. Көп каражат талап кылат. Казакстандын негизи койгон дооматы идентификация маселеси болуп турат. Эгер мындай система бизде кабыл алынса малдарды аймак-аймакка бөлүү менен алардын ички жана тышкы миграциясын маалыматтык базаны мал доктурлар билип турушмак. Базарларга сатылган мал кайсыл региондон келди, толук көзөмөл болот. Эгер оору бар жерден келсе базарга сатылууга тыюу салууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Иш алып баруу бир кыйла жеңилдемек.
- Кыргызстан эл аралык ветеринардык абалдын талабына жооп бербейби?
- Эл аралык келишимдерге ылайык продукцияны импорттогон мамлекеттен шарп ылаңы акыркы он сегиз айда катталбашы керек. Ал эми бизде учурда ылаң болбогону менен бирок, 2 ай мурун катталган. Биздин санитардык ветеринардык абалыбыз канааттандыраарлык эместигинен ушундай көйгөйлөр жаралып олтурат. Маселе абдан көп. Бул жерде ветеринарларды күнөөлөй берүү туура эмес. Негизги көйгөйлөрдүн көбү ветеринардык департаменттен эмес, мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселеде болуп жатат. Өкмөт мыйзамды карап, тиешелүү каражатты убагында бөлүп берсе жакшы болмок.
- Сузактагы жандыктардын массалык түрдө кырылышы карапайым элдин жашоосуна эң чоң зыян келтирди. Бул маселеге кандай комментарий берет элеңиз?
- Бул окуяны кенен караш керек. Мында ветеринардык кызматкерлер эмес, мыйзамдын дагы толук кандуу иштебей жатканы айкын болуп калды. Ар түрдүү тармактагы мекемелердин бири-бири менен байланышта эместиги мал ээлеринин кенебестиги, жеке менчик ветеринардык дарыканалардын ээлеринин жоопкерчилиги жоктугу элдердин мамлекеттин уруксаты жок вакцина сайып жатышында көп кемчиликтер жатат. Малдын ээлери жок дегенде мамлекеттик ветеринардык кызматкерлерден сурап койбогону чоң ката. Деги эле "Чечекке каршы вакцина керекпи, же керек эмеспи?"-деген суроолор болушу керек болчу. Бул окуяда ветеринардык кызматтын канчалык бир деңгээлде күнөөсү бар. Мисалы райондук, же облустук ветеринарлар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек эле. Бизде чечек оорусу акыркы беш жылда катталган эмес. Чечек ооруга каршы вакцина сайганга эч кандай негиз жок болчу. Бизде жыл сайын пландын негизинде Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен аймактарга мамлекеттин эсебинен бекер вакцина берилчү. Аны мурдагы оорунун очогу чыгып жүргөн жерлерге беребиз. Пландуу иштер жүрөт. Элдердин өздөрү билип сайып коюшканы туура эмес. Албетте, бул жерде Сузактык туугандарыбызга абдан оор болду. Аны айтпасак да белгилүү бирок, маалыматты тактоо керек эле. Бул боюнча бир тараптуу пикир айтуу кыйын. Ветеринардык кызматкерлерди күнөөлөөнүн кереги жок. Бардык кыйынчылыктарга чыдап жакшыдыр-жамандыр иштеп жаткандыгына ыраазы болушубуз керек. Алар патриоттук сезим менен иштеп жатат. Азыр саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлдү. Бирок, ветеринардык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлгөн жок. Орус окумуштуусу Павлов айткандай "Медицина дарыгери адамды дарылайт, ал эми мал доктур адамзатты дарылайт"- дегендей адамдын ден соолугуна мал чарбасынан өндүрүлгөн продукциялар түздөн-түз таасир берет. Малдан жуга турган сибирь жарасы, эхинокок, бруцеллёз жана башка оорулар малдан жугат эмеспи. Биз малдын ден соолугун чыңдап алсак элге да зыяны азыраак болмок. Экологиялык жактан таза продукцияларды элибиз колдонмок.
- Жогоруда Казакстан ооруган малды өрттөп, ордуна базар баасында компенсация төлөп берет дедиңиз. Кыргызстандагы вакцинадан кырылган жандыктар андан тышкары табигый кырсыкта (жазындагы жутта Ат-Башы жана башка жерлердеги) массалык түрдө малдар кырылды. Бул жагын мамлекет кандай чечип берет?
- Сузактагы кырылган жандыктар тууралуу ЖКда үч жолу маселе көтөрүлдү. "Элге компенсация төлөп бериш керек"- деди. Бирок бул жерде чоң маселе жатат. Азыр бюджеттин тартыштыгын кырылган малга эмес башкасына жеткире албай жатканда калп эле элди алдай берүүнүн кереги жок го дейм. Эгер каражат болсо төлөнүп берсе абдан жакшы болмок. Табигый кырсык боюнча да ушул эле жагдай, анын үстүндө бизде ушундай кырдаалдар тууралуу да мыйзамдар жок. Эң биринчи ушундай мыйзамдарды кабыл алып, анан иш баштоо керек деп ойлойм.
Назгүл ЭСЕНГУЛОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Кереге"









??.??