PRESSKG.COM



п»ї

Ширшов
жана анын периштелери
(Уландысы.
Башы 4-бетте)
Болбосо, Өмүрбек Токтогулович партия лидери катары да "Республиканын" өкүлү Кадыркулов Искендерге "Ширшов деген Кыргызстандын энергетикасын куруткан. Аны менен кызматташып, анын схемасын түзүп, бирге иштешип, мамлекетти талкалаган адамдарды бир күндө тегерегиңе топтоп алба"-деген сөздү айтышы керек эле да. Андай болгон жок. Тескерисинче Бабанов ушул иштердин анык башында турган өңдүү. Дагы бир мисал. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 2012-жылдын январь айында иштин көзүн билген адистер Кайдуев Нурлан Кеңешовичти жана Турдубаев Кубанычбек Апышевичти жумуштан "Политическое решение" деп айдаган. Ошол кезде бирничиси генералдык директор, экинчиси техникалык директор эле. Кайдуев менен Турдубаев жети айдан ашык соттошуп жүрүп, соттон "Ордуна кайтарылып олтурсун"-деген чечимди колуна алышкан. Бирок директорлор кеңеши тиштенип олтуруп Турдубаевди эле жумушка алышкан. Кайдуев Нурлан болсо дале жумушсуз жүрөт. Көрсө Бабанов менен Ширшовдун генералдык планы ошондо эле башталган өңдөнөт.
Макул, Бабанов кайрадан Ширшовчуларды "Түндүк Электрге" топтоду дейли. Бирок, неге "Түндүк Электрдин" директорлор кеңеши буга каршы чыгышпады? Анткени алар бул кадрларды эң жакшы билишет да. Анан да директорлор кеңешинин бекитүүсүсүз Кадыркулов эч кимди, атургай кароолчуну да кызматтан алып, кайра кызматка кое албайт. Анткени, директорлор кеңеши өз жобосуна 2011-жылдын декабрь айында өзгөртүү, толуктоолорду киргизген. Анда, "Бардык кадрдык дайындоолор директорлор кеңешинин бекитүүсү менен гана дайындалат"-деп турат. Демек, Кожеков башында турган директорлор кеңеши да Ширшовдун схемасын жактаган, анын акырынан жем жеген топко айланганбы? Өздөрү жетектеген тармактын мыкты адистерин кетирип, ордуна коррупциялык схемага чырмалган кадрларды дайындоого эмне себептен улам барышты? Дегеле, жеке кызыкчылыктарынан көтөрүлө албаган, өз пикирлерин ачык билдире албаган директорлор кеңешинин кимге кереги бар? Айтмакчы, ушул директорлор кеңешине жем болгон дагы бир адисти айта кетели. Ал генералдык директордун милдетин аткаруучу болуп иштеп турган Болоталиев Жанболот деген адис эле. Болоталиев так ушул директорлор кеңешинин көзүн карайм деп жүрүп, тескерисинче, кызматынан айрылып калган. Кызыгы айтылуу укук коргоочу Сапар Аргымбаев мырза да аталган ишкананын директорлор кеңешинин мүчөсү. Сапар агабыз бир нече жолу теледен чыгып, "Ширшовдук схемаларды жоготом, анын кадрларын жолотпойм"-деген эле. Бирок, жогоруда айтып өткөн "Химик" адисти (Ибраев К.С) ушул киши бекиттиргени айтылууда.
Айтмакчы, "Түндүк Электр" ААКтын 80% акциясы мамлекеттик мүлк фондусуна карайт. 13% акциясы социалдык фондго карайт. Анда эмне үчүн бул тармактар унчукпай олтурушат? Же бир кездери Кыргызстандын энергетикасын кыйраткан Ширшовдон кабарлары жокпу? Эгер эртең Ширшовчулар мамлекеттин бул стратегиялык объектисин да сыйрып тоноп, итке мингизишсе, ошондо көздөрүн ачабы?
Мына окурман калайык, сиз менен биздин камкордугубузду көрөт деп үмүт арткан аткаминерлердин кылып жаткан иштери. Булар минтип орун которуштуруп жатат. Мыкты адистер кайсы бир коррупциялык схеманын курмандыгына айланып, садага чабылууда. Жетекчилер жемсөөсүнүн айласын кылып, мамлекет, эл дегениңди уруп ойнобой туру. Алдыда кыш келатат…
Нурлан ЖУКЕЕВ




Эл душманы чакан банктарбы?
Күз айларындагы митингдердин экинчи бир багыты чакан кредиттик банктарга байланыштуу болууда. Чакан кредиттик жана ири банктарга карата митингге чыккан адамдар күнү кур койбой банктардын алдына ар кандай талаптары менен чыгууда. Алардын койгон талаптары канчалык деңгээлде ынанымдуулугун эч ким көзөмөлгө албай келет. Ошол эле убакта бул нерсени банк ээлерине карата даярдалган "атайын чабуул" катары да айтып келишет.

Насыяга байланышкан чырлар, кардар менен насыя берүүчүнүн ортосундагы карама-каршылыктар акыркы жылдары көп кайталанып жатат. Бирок, ушуга чейин өкмөт дагы, парламент дагы аны токтотуу үчүн токтом, же мыйзам кабыл ала элек. Кредит көйгөйүнүн биринчи толкуну Кыргызстанда 1995-жылдары болуп, андан карапайым адамдардын көбү жабыркаган. Жабыркаган дегенибиз, жаңы эле союздук курамдан чыгып, али коллективдик аң-сезимден чыга элек элибизге чет өлкөлүк компаниялар келип, кредитти бекер акча бергендей таратып, кайра мал-мүлкүн тартып алган. Ал банктарды деле ортомчу болуп ачып, пайдасын көргөн кыргыздардан эле чыккан шылуундар болгон. Бирок, ал адамдар бийлик менен колтукташ болуп жүрүшүп, кредит берүүчү банктардын ишин көзөмөлдөп, тескеген бийлик болгон эмес. 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин банк, кредит маселеси кайрадан көтөрүлдү. Бул жолу банктардын жана андагы жүргүзүлгөн алданма саясаттын негизинде жеке адамдар эмес, мамлекет өзү жабыркады. Себеби Улуттук банк акча системасын аныктаганы менен өлкөнүн финансылык ишмердүүлүгүн жеке адамдарга кызмат кылчу банктар жүргүзгөн. Нааразычылыктардын экинчи толкуну дал ошол бакиевдик режим кулатылгандан тартып күч алды. Бирок жеке адамдардын эмес, бакиевдердин колундагы банктагы акчалардын азыркыга чейин мамлекетке өтпөй жатканынан улам, карапайым адамдардын маселесин чечүүгө дагы деле убакыт жете электигин көрсөк болот.
Ушул жылдын август айында бир тарабынан кээ бир банктар "Орозого карата жеңилдик беребиз"-деп жатса, экинчи тарабынан "Микрокредиттик компаниялар жабылбаса, өрттөйбүз"-дегендер дагы чыкты. Ал тургай өрттөй турган жерин Өзгөндөн баштайбыз деп да аныктагандар болду. Митингге чыккандарга карата айтылган пикирлердин айрымдарына кайрылсак, анда булардын аркасында саясий күчтөрдүн турганын маалымдашат. Анткени, азыр тазалар миңдин бири болгондуктан, тикелей тиш кайрый албагандар насыядан жабыркап жүргөндөрдүн колу менен өздөрүнүн оппонентине карата каяша айтууда дешет. Анткени "Компаньон", "Финка", "Мөл булак" сыяктуу компанияларга барган пикетчилер дооматтарын коюу менен, күч колдонуп, банктардын имаратына чейин кирип барган учурлар бар. Бул саясий кызыкчылыктардан улам келип чыгууда делгени менен, аркасында социалдык көйгөйлөр жатканы бештен белгилүү болуп турат. Май айындагы Улуттук банктын аналитикалык изилдөөсүндө 2011-жылдан 2015-жылга чейин микрофинансылык уюмдардын кредиттик портфели эки эсеге көбөйөт деген маалымат бар. Ага ылайык Улуттук банктын изилдөөсү боюнча, калктын 7,1 пайызы майда кредиттик компаниялардын кызматын пайдаланат жана учурда алардын саны 390 миңге жетет. Ал эми келечектеги 5 жылда Кыргызстандын калкынын 600 миңи бул кызматтан пайдалана алышат. Бул стратегия Бабанов башында турган өкмөттүн ушул жылдын февраль айындагы токтомунда бекитилген. Белгилүү болгондой банктардын ишмердүүлүгүн анын келечектеги пландарын өкмөт гана бекитет. Демек, өкмөт стратегияны токтом менен бекитип жаткандан кийин, анын аткарылышын дагы өзүнүн жоопкерчилигине алышы зарыл. Банктарга лицензия берүүчү өкмөттүн жоопкерчилиги канчалык деңгээлде бар экендиги мыйзамда так көрсөтүлгөн эмес. Эгер банктар карапайым калкка зыян келтирип жатса, анда анын иштери кандай ыкма менен текшерилип жатканы жана лицензия алууда кандай талаптар коюлары көпчүлүккө түшүнүксүз... Мисалы, элдин акчасын сактыкка алып, аны кайтарып бербеген дагы компаниялар бар. Мисалы, Каракол шаарындагы "Моңолдор-Ата" микрокредиттик компаниясы 200 млн. сом элден акча алып, аны төлөбөй жүргөн. Анын негиздөөчүсү Чолпон Стамбековага апрель айында иш козголгону менен, жыйынтыгы азыркыга чейин чыга элек. Бул компаниянын иштеп келе жатканына 5 жыл болгондугун эске алсак, анда бул Бакиевдердин доорунда ачылган банк. Демек, ага уруксат алар тарабынан берилген. Айта кетүүчү нерсе, биз "Революция кылдык, жеп-ичкичтерди жок кылдык"-дегенибиз менен финансылык жаатта олуттуу эч нерсени өзгөртө албадык. Эң эле жөнөкөй нерсе, бийлик кулап жатканда банктагы акчалардын сыртка чыгышын жана акча операциялардын жүргүзүлүшүн көзөмөлдөөгө ала алган жок. Себеби, алардын ээлери "көмүскөдөгү" адамдар. Кыргызстандагы банктар канчалык деңгээлде объективдүү иштеп жатат, алар мамлекеттин, коомдун өнүгүшүнө кандай таасир этип жатат(?) белгисиз. Күн сайын ар кайсы банктын алдында чогулган элдердин максаты эмнеде, маселе канчалык деңгээлде туура коюлуп жатат, азырынча бул боюнча Өкмөт жактан толук кандуу пикир айтыла элек. Ушул кезге чейин банктарга ээлик кылуу маселесинин ачыкка чыкпаганы бир нерседен кабар берип тургансыйт.
Жакында Улуттук банк финансылык омбудсмендик тууралуу мыйзам долбоорун иштеп жатканын маалымдады. Анткени акыркы кездерде финансылык компаниялар абдан көбөйүү менен бирге, көйгөйлөр дагы өсүүдө. Кыргызстанда баш аягы финансы-кредиттик мекемелерде айланган акчанын суммасы 50 млрд. сомду түзүп, кредит алуучулардын саны 800 миңге жеткенин айткан. (Мурда билдиргенден эки эсеге көп). Алардын бир пайызы көйгөй менен жүргөн адамдар болгондуктан финансылык омбудсменди түзүүгө өкмөт мажбур болуптур. Бул акыркы кездери тынымсыз болуп жаткан пикет-митингдерге байланыштуу экенинде шек жок. Бирок, бул жөн гана элди алаксытуубу, же чыныгы иш алып баруучу кызмат болобу азырынча белгисиз.
Экинчи жагынан Кыргызстанда мамлекет канчалык көзөмөлдү жүргүзгөнү менен эли ошончолук акча каражатка муктаж. Аны токтотуп коюуга мүмкүн эмес. Дүйнөлүк акчанын айлампасында кааласа да, каалабаса да айлана берет. Микро кредиттик банкпы, же коммерциялык ири банктарбы, алар дүйнөлүк маанидеги банктардын "балдары". Ошондуктан, саясат таануучу Джульетто Кьеза айткандай: "Дүйнөлүк масштабдагы банктар мамлекеттүүлүктү талкалайт". Себеби акча системасы, акча агымы бул чек араны билбеген система, агым болуп саналат.
Элизат Турсунова







кыргыз тилиндеги гезит "Кереге"









??.??