PRESSKG.COM



п»ї

Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин депутаты:
"акылы тайкы ректорлор
дин эркиндигине каршы болуп жатат"
Ислам өтө эле саясатташып бара жаткандыгы боюнча бир чети ажы, экинчи чети саясатчы, окумуштуу эмеспи деген ойдо Эл өкүлү Турсунбай Бакир уулунун иш бөлмөсүнө маек алганы кирип барсам бир нече ажыкелер, алардын арасында мен жакшы тааныган Дүйшөн Абдылдаев, Жамал Фронтбек кызы, Турсунбай ажы сыяктуу эле президенттик шайлоо өтсө талапкерлигин коё берген Түптүк Өмүрбек Бөлтүрүков жана башкалар уй мүйүз тарта отуруптур. Каалгасын кагып, адатымча "Кандайсыздар?"-деп кирип барсам Дүйшөн ажы "Эшикке кайра чыгып "Ассалоому алеки"-деп мусулманча салам айтып кир, мен сага үйрөтө албай койдум го"-десе болобу жарыктык. Күтүлбөгөн сөздөн чыртыя "Силердей ажы болгондо ошентип саламдашам"-деп отуруп алдым катарларына. "Кандайсыздар?"-деп саламдашкандан алардын даараты бузулса бузулаттыр, асты меники бузулбайт. Алар чыгып кеткен соң, үстөлүндө ташбака жайнаган Турсунбай Бакир уулу менен азыркы дин маселеси жөнүндө масилеттештик.

- Турсунбай мырза, ажы катары эмес окумуштуу, саясатчы, философ катары акыркы учурда исламдын өтө эле саясатташып кеткендиги боюнча пикириңиз өтө эле кызык болуп жатат?
- Мен философия илимдеринин кандидаты, окумуштуу катары айтсам, өзү кыргыздар да, ой жүгүртүүсү бизге жакын элдер да себеп менен эмес, натыйжа менен күрөшөт. Мына "Ислам саясатташып кетти"-деген пикирлер азыр арбын. Аны саясатташтырган ким? Беш маал намазын үзбөгөн жөнөкөй мусулман эмес, акылы тайкы айрым мектеп директорлору, университеттин ректорлору саясатташтырып жатат. Алар окуучуларга, студенттерге билим берүүнүн ордуна, алардын кийип келген кийимине асылышып, "Жоолук салынба, узун көйнөк кийбе"-деп жатышат. Кимди кандай кийиндирүү университеттин функциясына кирбейт, алар болгону студенттерге жеткиликтүү билим берүүлөрү керек. Эгерде андай эле күрөшкүлөрү келсе анда элибизге жат нерселер менен күрөшсө болмок. Мисалы, кыргыздын кыздары илгертеден кыска көйнөк кийип, төшүн, санын көргөзүп, ачык жүрүшкөн эмес. Азыр болсо киндигине чейин ачып алышты. Ошондуктан биздин ЖОЖдордо, орто билим берүү тармагында жаштарга илим-билим менен бирге эле таалим-тарбия, ыйман үйрөтүүлөрү зарыл.
- Азыр конституция менен жашайсызбы же куран менен жашайсызбы?
- Мен турмушумда куран менен жашайм. Анткени, мен акыреттен корком, акырет күнү ал жактан "Сен конституция менен жашадыңбы?"-деп сурабайт, "Ыйман менен жашадыңбы?"-деп сурайт. "Кудайың ким? Пайгамбарың ким?"-деген суроолор болот.
- Сиз азыркы конституциянын негизинде депутат болуп отурасыз да?
- Мен азыркы конституцияга чейин эле бир нече жолу депутат болгом. Азыркы Баш мыйзам болбосо деле мен баары бир депутат болот элем.
- Ошентсе да сиз азыркы конституция менен жашап жаткан коомдун бир бөлүгүсүз да. Ошол биз жашап жаткан коомдун Баш мыйзамында "Дин мамлекеттен тыш"-деп айтылат... Балким сиз айткан ректор, мектеп директорлору ошол Баш мыйзамдын негизинде иш алып барып жатышкандыр...
- Жок, тескерисинче бүгүнкү күнү ректор, директорлор конституцияны бузуп жатышат. Анткени, Баш мыйзамдын 16-20-беренелеринде "Кыргызстандагы жарандардын укугу тең"-деп жазылып турат. Андан тышкары дин эркиндиги боюнча да берене бар. Ушул берененин негизинде алар Баш мыйзамды бузуп жаткандыктан жоолук салынып, хиджаб кийгендерге тыюу салган уюмдарга чара көрүү боюнча сотко кайрылгыла дедим.
- Макул, сиздин сөзүңүздө калет жок дей туралы. Бирок, ошол эле учурда ислам өтө эле радикалдашып, коомго коркунуч жаратып жатканын танбайсыз го дейм? Биз келечекте диний фанаттарды тарбиялап жаткан жокпузбу? "Хизбут-Тахрирдин" же "Аль-Каиданын" террордук чабуулдарынан бейкүнөө ажал тапкандарын кайда катабыз?
- Биз ошол үчүн исламды жамынып радикалдуу кадамдарга баргандардан чыныгы куран менен жашаган мусулмандарды ажыратышыбыз керек. Мындайча айтканда, эскиден калган пайгамбар алехи саламдын осуяттары менен жашасак туура болот. Азыркы тилге салганда ал классикалык ислам. Мен жогорудагы сурооңуздун аягын айтсам ректор, мектеп директорлору Баш мыйзамды бузбай, тескерисинче, чыныгы ислам менен жашаган мусулмандарга колдоо көргөзүшү керек. Экинчиден биз "Светтик мамлекетпиз"-деп алып анын тамырын терең түшүнө албай койдук. "Светтик мамлекетпиз"-деп аталганыбыз менен ал жерде динге тыюу жок, болгону "Дин мамлекеттик башкарууга аралашпашы керек"-деген гана түшүнүк бар. Бул жерде ректор, директорлордун динге аралашуусуна эч кандай жол жок. Ушул маселени туура түшүнүшпөй айрым акылы тайкы атка минерлер, ректорлор "Светтик мамлекетпиз"-дешип эле динге тыюу салып жатышат.
- Сиз тарыхты жакшы билесиз. Бизге ислам дини кайсы мезгилде кирген?
- Кыргыздар сегизинчи кылымда ислам динин кабыл алышкан.
- Кыргыздардын кайсы аймагы биринчи ислам динине киришкен?
- Түндүк тарабы. Көпчүлүк учурда исламга абдан берилген аймак катары түштүк тарапты айтып жүрүшөт. Бул менимче туура эмес. Тарыхты алып карасак биринчи Араб аскерлери Кытайга бара жатышып ал жакта чоң салгылаштар менен ары өтө албай калгандан кийин Талас аймагына ислам динин жайылтып кетишкен. Андан соң гана түштүк, анан жалпы кыргыз эли бул динге киришкен. Негизинен ошол учурда молдолор жетишпегендиктен тажиктер, татарлар келип диний сабатыбызды ачышкан.
- Сөзүңүзгө аралжы, маселен түндүк тарапта 17-18-кылымдарда бирин серин гана адамдар мусулманчылыкты карманбаса жалпы карапайым калк массалык түрдө исламды карманган эмес да?
- Ал туура эмес. Сиз советтик доорду айтып жатасыз жана ошолордун идеологиясын окуп-билип калгансыз. Бүгүнкү күнү Нарында, Көлдө ар бир кыргыздын санжырасын сурасаңар тукумунда чоң атасы, же таятасы чоң молдо болгону ачыкка чыгат. Мен муну сурап, эксперимент кылып көрсөм Нарындыктардын ар бир уруусунда чоң молдолор жашап өтүптүр. Бирок, совет доорунда атеизм идеологиясы тарап, бул аймактарда исламга берилгендердин саны азайган. Кайра азыр тескерисинче Нарында, Көлдө мусулманчылыкка баш койгондордун катары болуп көрбөгөндөй азайды.
- "Нарында, Көлдө чоң молдокелер көп болгон"-деп айттыңыз. Бирок, тарыхта алар сыныкчы, табып, шаманизмдин элементтерин кармангандарды жалпылап эле элдин диний сабаты алсызынан карапайым калк "Молдоке"-деп атап койгону белгилүү эмеспи?
- Мен кече жакында Көлгө барып, ал жактагы "Аке" атагын алып жүргөн улуу адамдарыбыздын кабырына куран түшүрүп келдим. Анан ал жерден "Аке" деген сөздүн таржымалын сурасам илимдүү, билимдүү, ыймандуу адамды алар "аке" аташыптыр. Түштүктө болсо "Аке" деп улуу кишилерге кайрылышат. Дагы изилдесем Чүйдө, Көлдө, Нарында "Аке" дешип диний сабаты бар, ыймандуу адамдарды айтышкан экен. Ушундан улам бул аймакта да илгертеден динди мыкты түшүнгөн адамдар жашап өтүптүр деп калдым. Ал эми бүгүнкү күнү биз адашып намаз окуган кишини гана "Молдоке" атап жүрөбүз. "Молдо"-деген бул дин кызматкери. Башка диндерге караганда диний кызматкердин исламда орду төмөн. Анткени, бөлөк диндердегидей биз диний кызматкерге сыйынбастан түз пайгамбарыбызга жана бир гана Аллахыбызга сыйынабыз. Молдонун бизде бир гана вазипасы бар, ал адам өлгөндө куран түшүрүп, жаназа окуп, же намазды баштап берүүдө гана молдонун ишине муктажбыз.
- Сөзүбүздүн акырындагы бир суроо. Сиздин оюңузча биз азыр мыйзам, конституция менен жашашыбыз керекпи, же шарият жолу мененби?
- Түпкүлүгүндө Баш мыйзам менен шарият жолунун андай деле айырмачылыгы жок. Баш мыйзам дин эркиндигине кепил болуп жаткандан кийин исламга эч бирибиз тоскоол болбошубуз керек.
- Дин эркиндиги деп коюп ошол эле кыргыз балдар башка динге, сектага, же ошол эле исламдын радикалдык багыттарына кирип кетип жатканын кандай дейбиз?
- Биз мамлекеттик саясат менен дин эркиндиги саясатын туура жүргүзүп, салттуу исламдын жакшы жактарын айтмайынча мындай көрүнүштөр боло берет.
Айдар САРМАТОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Кереге"









??.??