PRESSKG.COM



п»ї

Ширшов
жана анын периштелери
Босогодо кыш турат. Кыш дегенде эле кыргыздарга эң биринчи көкөйүнө көк таштай тийген электр маселеси эске түшөт. Анткени, эгемендикке ээ болгондон тарта Кыргызстан бир да кышты свети өчпөй, жарык жана жылуу өткөрө элек. Күнү бүгүн да жарык, электр маселеси ара туулган баладай итий абалда экени ырас. Арийне, айрым серепчи, акылгөйлөрдүн айтымында биз өзүбүз өндүргөн электр менен эле элибизди кенен кесири жарык жана жылуу бага алат экенбиз. Бирок, маселе ошол элге кенен жете турган токту жеткирүүчү зым, карагай, трансформатор деген өңдүү техникалык жабдуулардын абалга жооп бербегендигинде болуп жатпайбы. Албетте бул жагын да оңдоого, жасоого болот. Бирок, эмнеге жасалбай, оңдолбой келет? Балким, бул тармакта чындап эле мамлекет, эл дегендин тагдырына күйбөгөн, өз көмөчүнө гана күл тарткан жегичтердин желе тору тартылып, ошондон улам ишибиз илгерилебей, ийрибиз түзөлбөй жатпасын?..

Зымга конгон
Зоотехник
Билсеңиздер керек, "Түндүк Электр" ачык акционердик компаниясы Кыргызстандагы электрдин 51%ын сарптайт. Мындайча айтканда өлкөнүн энергетика тармагынын 51%ын көзөмөлдөп, иштетет. Албетте, эң негизги электр пайдалануучу бул Бишкек шаары. Демек, Кыргызстандагы электр тармагынын оорудан айыгуусу дагы, же тескерисинче очорулуп жыгылуусу дагы ушул "Түндүк Электрге" түздөн-түз тиешелүү. Эми ушул "Түндүк Электр" ААКты ким жетектеп олтурат(?), ушуга келели… Мамлекет парламенттик башкарууга өткөнү бийликке келген партиялар болгон ырыстуу жерлерди энчилеп алганы баарыга маалым. Ошондо "Түндүк Электр" Бабановдун "Республика" партиясына тийиптир. Бирок, кашайып, Бабановдун партиясынан энергетика тармагын түшүнгөн бир да адис табылбаганбы, айтор Бабанов ушул жылдын 3-августу күнү "Түндүк Электрге" жетекчи кылып Кадыркулов Искендер Анарбекович деген адамды алып келген. "Түндүк Электрдин" учурдагы жетекчиси Кадыркулов Искендер мырзанын адистиги зоотехник экен. Туура элүү жаштагы Искендер мырза 1979-1984-жылдары Кыргыз айыл чарба институтунан зооинженер деген адистик алып чыккан соң илимий ишмер, Токмок шаардык аткаруу комитетинде сатык бөлүмүндө адис, "Нурсултан" аттуу жеке фирмада директор, сүт продукцияларын чыгаруучу "Урсус" жабык акционердик коомунда президент, андан соң 2010-жылдын 7-апрелине дейре Москва районунда аким болуп иштеген. Өмүр таржымалын карап көрдүңүз. Бир да жеринде "Лампочка бураган" деген электр тармагына тиешелүү эч нерсе жок. Мына өлкөнүн жарымын жарык менен камсыздоочу ишкананын жетекчисинин тажрыйба-таржымалы. Эми ушундан эле энергетика тармагынын ахывалын баалап, бычсаңар болот го. Демек, эмитеден эле кышка чырагыбызды даярдай берет өңдөнөбүз.
Кайрадан сахнада Ширшов
"Түндүк Электрдин" жетекчисинин кейпин учкай айтып өттүм. Эми маселе бул жакта жатат. Кылычын алып кыш келе жатканда "Зоотехник жетекчи" "Түндүк Электр" ААКтын жетекчилик негизги курамын дээрлик өзгөрттү. Албетте, өзгөртүү болгону жакшы деңизчи. Бирок, маселе кайсы тарапка карай өзгөргөнүндө болуп жатпайбы. Сөздү узарта чубабай ток этээрин айтайын. Билесиздер, энергетика тармагында Ширшов деген монстр пайда болуп, аталган тармакты оп тартып, кайсаган эмес беле. 2010-жылдагы революциядан соң ушундай монстрлардан тазаландык, эми Ширшовдун көлөкөсү да бул жактан көрүнбөйт деп алакан чапканбыз. Эрте сүйүнүп алыптырбыз. "Түндүк Электрдин" "Зоотехниги" жакынкы күндөрү жасаган кадрдык жүрүштөрүндө "Түндүк Электрдин" талылуу жерлерине жалаң Ширшовдун көздөй кадрларын күргүштөтө айдап келип, олтургузду. Сөз куру болбош үчүн айрымдарын мисалга тартайын. Айтылуу Ширшов менен бир табактан аш жеп, биргеликте энергетика тармагын эңшерген эрендердин айрымдары түндүктөн төмөндөгүчө түшүштү.
Үстүбүздөгү айдын башында "Түндүк Электр" ААКтын коммерциялык директору болуп Баймуратов Алымбек Дүйшөкеевич деген адам дайындалды. Бул адам 2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияга чейин техникалык директор жана коммерциялык директор да болуп иштеген. Революциядан соң "Ширшовдун куйругу" катарында жумуштан кеткен.
Революцияга чейин "Чыгыш Электр" ААКтын генералдык директору болуп иштеп туруп, революциядан соң "Ширшовдун куйругу" катарында кызматтан кеткен Мамбетжанов Азамат Дүйшөбаевич "Түндүк Электрдин" техникалык директорунун орун басары болуп кайрадан энергетика тармагына эрмешсе, революцияга чейин "Чыгыш Электр" ААКтын техникалык директору жана Мамбетжанов Азаматтын жардамчысы болгон Конкобаев Каныбек "Түндүк Электрдин" техникалык директорунун дагы бир орун басары болуп дайындалды. Айтмакчы Конкобаев Каныбек Мамбетжанов Азаматтын көздөй адамы делинет.
"Түндүк Электрдин" дагы бир эң талылуу, ары май-көл, сүт-көлдүү жери болгон өндүрүш техникалык бөлүмүнүн башчысы болуп Ибраев Кубан Сагынович деген адам барды. "Зоотехник" жетекчинин дагы бир табылгасы так ушул Кубан Ибраев. Анткени, Ибраевдин адистиги химик экен. Болгону жетекчисинен айырмаланып Кубан Ибраев энергетика тармагында контрольер, инспектор, анан алты ай Ысык-Ата РЭСинин башчылыгында иштептир. Кубан Ибраевдин бул жерге барышына агасы Кыргыз улуттук энерго тармагынын директорунун орун басары Ибраев Таалай Омукеевичтин салымы зор болуптур. Айтмакчы, так ушул адамды Ширшовдун көздөй кишиси деген да кеп бар.
Ал эми техникалык коопсуздук кызматынын башчылыгына Бердиев Аскат деген берен дайындалды. Бердиев Аскат да кудум жогоруда аты аталгандардай эле революцияга чейин "БишкекЭнергосатуу" тармагынын жетекчиси болуп турган. Революциядан улам кызматтан кеткен.
Мына калайык-журт, бир кездери Ширшов дегендин сыйыртмагынан кутула албай келген Кыргыз энергетикасы бир эмес, эки ирээт революция жасалса да бул сыйыртмакта муунуп туру.
Орун бошотуу жана эски кек
Суроо туулат. "Береги бешөө кызматка олтурду. Алардын ордунда иштеп тургандар кандайча кызматтарынан кетти?"-деген. Мисалы: Конкобаевге ордун бошотуп берген Манапбаев Уланбек Курманбаевич 30 жыл энергетика тармагында иштеп, анын ичинде акыркы 10 жылдан ашык убакыттан бери Бишкектин көйгөй маселесин чечип жүргөн адис. Бул тармакты ийне-жибине дейре эң жакшы билген адам.
Ал эми Бердиев Аскатка орду керек болгондугунан кызматтан кеткен Арыстанов Жалилбек Аманович 45-жыл энергетика тармагында иштеп, эмгек сиңирген энергетик деген наамга дейре жеткен, иштин көзүн билген адис.
Бул экөөнү тең "Кызматын аткара албагандыгы үчүн"-деп "Зоотехник жетекчи" жумуштан алып олтурат. Логика кайда? Өзү августа жаңы кызматка кирип жатса, кызматы ал үчүн таптакыр түнт токой болуп турса, анан эле 30, 40 жылдык эмгек тажрыйбасы бар адамдарды "Кызматын аткара албайт"-деп жумуштан айдап, алардын ордуна Кыргыздын энергетика тармагын талкалап, куруткан Ширшовдун командасын ошол бойдон бир учурда балп эткизе кызматка коюп салса… Же бизде баары боло береби?
Андан да кызыгы берки жакта жатат. Москва райондук РЭСтин начальниги болуп турган Ибраимов Бакыт деген адам да Ширшовдун командасынын кызматка келиши менен жумушунан айдалды. Себеби баягы, "Кызматын аткара албагандыгы үчүн"-деген шылтоо. Анык себебин аңдап көрсөк, кеп таптакыр башка жакта жатыптыр. Көрсө Ибраимов Бакыт аталган райондун начальниги болуп иштеп турганда райондун аймагында жайгашкан "УРСУС" сүт заводунун светке болгон акчасын учурунда сыгып алып турчу экен. Ал эми "УРСУСтун" ээси болсо "Түндүк Электрдин" азыркы жетекчиси Кадыркулов Искендер. Учурунда Ибраимов Бакытта кетпес кеги калган Искендер мырза акыры кызматынан пайдалануу менен эски кегин кууп, Ибраимовду кызматтан алып тынды.
Байкадыңызбы, "Зоотехник жетекчи" ушул орун алмаштыруулардын баардыгын эмне үчүн жасады? Чындап мамлекет, элдин кызыкчылыгы үчүнбү? Балким, айтылуу Ширшовдун жеке кызыкчылыгы болуп жүрбөсүн? Анан да Кадыркулов ушул кадамдардын бардыгын өзү жасадыбы? Же ал кимдир бирөөлөрдүн көрсөтмөсү менен иштеп жатабы? Эгер андай болсо көмүскөдөгү кожоюн ким? Мына маселенин түйүнү ушул жакта жатат.
Көмүскөдөгү Бабанов,
тымпыйган
директорлор кеңеши,
тынчыбаган Ширшов…
Албетте, "Түндүк Электрдин" "Зоотехнигин" Республика партиясы койгону ырас. Андыктан, бул иштер боюнча сөз жок аталган партиянын лидери Өмүрбек Бабанов тааныш. Болбосо, мындай чоң ишканага артында калбыр тургай, килтейген дөңгөч сүйрөгөн Ширшовдун кадрларын Кадыркулов Искендер өзү билип кызматка кое алмак эмес. Демек, бул жерде көшөгөнүн артында туруп алып оркестрди Бабанов ойнотуп жатканы жашыруун деле эмес. Анүстүнө Өмүрбек Бабановдун мурунку бийлик эгелерине жакындыгы бар эмес беле. Ошондуктан Ширшов бул оюнду Бабановдун колу менен жасап жатат десек да окшошот.
(Уландысы 6-бетте)







кыргыз тилиндеги гезит "Кереге"









??.??