PRESSKG.COM



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

канжыга
Түрктөрдү эми Текебаев коргойбу?
Социалдык түйүндөрдө "Ата-Мекен" партиясы жана анын лидери Өмүрбек Текебаевдин "Манас" эл аралык аэропортунун мунарасын куруп жаткан түркиялык "Серка" фирмасынан партиясына "кол кесер" ирээтинде эки кабаттуу жаңы үлгүдөгү автобус белекке алганы талкуулана баштады. Күлүк атка кызыкпаган Өмүрбек Текебаев, экс-премьер Өмүрбек Бабановдон айырмаланып, темир жорго алганы азырынча коомчулуктун бүйүрүн кызытып жатат. Анан калса 2010-жылга чейин жөө жүргөн партиялашы, мурдагы жардамчысы, азыркы Кореядагы элчи Дүйшөн Чотонов 90 миң долларга жол тандабас алды дешсе, дагы бир партиялашы, азыркы Адилет министри Алмамбет Шыкмаматов 15 миллион сомго элит квартирага кирди дешет. Өмүкең болсо баасы асман чапчыган хан сарай салдырып жатканы ачыкка чыкты. Эскерте кетсек, дал ушул Түрк фирмасынан мурдагы өкмөт башчы "Күлүк ат алды" делип күнөөлөнүп кызматынан кол жууган. Ал эми эмки жумада партиялашы Болот Шер экөө талап-тоноочулук боюнча "кызыл килемге" чакырылды.


Ташиев тамакты таштабайт
УКМКнын госпиталында дарыланып "курортто" жаткан депутат Камчыбек Ташиев "Ак үй менен Атамбаевди коркутканын коюп, ачкачылыктан баш тартып тамакты тартынбай иче баштады"-деп, анын жактоочулары билдирди. "Жалгыз күнөөм темир тосмодон аттап кирип бийликти алам дегеним болчу"-деген маанайда Ак үйгө таарынып ачкачылык кармаган Камчыбек мырза үч күн ичинде эле тамак ичпей койсо он эки килограм арыктап кеткенин уккан дарыгерлер, "Бул депутатыбыздын тырмагынан чачынын учуна чейин эле курсак болуп, башка эч нерсеси жокко" деп таң калып жатышат. Ал ортодо акыркы учурда кудайды көп оозанып калган ажобуз жума күнкү Курман айт намазында үч депутатка амир берип, азаттыкка чыгарат деген жоромол чыгарган партиялаштары ой келди маалымат таратып жүрүшөт.


Алай зоңк этсе акүй болк этет
Кечээ эки үч айдан бери "сүргүндө" жүргөн алайлык депутат Нурлан Сулаймановдун жердештери ажо Атамбаевге атайын кайрылуу катын жолдошуп, анда эл өкүлүн күнөөлөөнү токтотууну талап кылышкан. Кайрылуу каттарында бул Нурлан мырза депутат болгонго чейин министр кезинде жердештерине жакшы жардам бергендиги айтылып, бирок жалпы Кыргызстандын акчасын өөнөп алганы жашырылып коюлган. Анан калса Нурлан Сулайманов өтө эле жеке бизнесин өркүндөтүп жиберип мурдагы кожоюну Курманбек Бакиевдин китебин миллиондогон сомго чыгарганы, "Хаят" мейманканасында баласын үйлөндүрүп, россиялык "Премьер-министр" группасын чакырып ырдатканы, аларга 20 миң евро эки саатка төлөп бергени, үлпөт тойго чыкчу унаалардын баасынын арзаны 60 миң доллардан кем болбосун деген талабы да унут калыптыр. Алайлык туугандар ушул мисалдарды да кошуп койсо болмок экен. Азыр болсо депутат Нурлан Сулайманов бирде Минскиге, бирде Санкт-Петербургду байырлап, бул жактагы бизнесин көзөмөлдөп камырабай тирилигин кылып жатат.


Абдылдаев "Ата-Журтта" атаман
"Кумтөрдү" козгоп элге пайда келтирем"-деп барып байкоосуз жерден досу Камчыбек Ташиевге кошула калып, Ак үйдүн жетинчи кабатын элестетип жиберген "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров убактылуу лидерликти кесиптеши Мыктыбек Абдылдаевге өткөрүп берди. Үнү калабат, өңү сүрдүү көрүнгөн, билими терең, бирок, Ахматбек Келдибековду көргөндө каадасынан жазыла түшчү Мыктыбек Юсуповичти лидерликке Ахматбек Келдибеков эле атайын алып келип партия ичиндеги позициясын бекемдегенге өттү. Анткени, былтыртан бери ич ара лидерликти талашып Камчыбек Ташиев менен мамилесин бузуп алган Келдибековго бир кездеги ысык досуна кошулуп Жапаровдун камалышы да партия ичинде жеке кадырын көтөргөнгө жакшы шарт түзүп берди. Анан калса, аны тандабай Ташиевди жандап кеткен Садыр Нуркожоевичке да ичинен кекенип жүргөнүн эшиткенбиз. Азырынча "Ата Журт" партиясынын ичинде экөөнүн арааны жүрүп турган учур.


Максим Бакиев жөн эле пиарбы?

Тумандуу Альбиондо экс-ханзада Максим Бакиевдин кармалганын жар салган биздин бийликтегилер кудум өздөрү кармагандай сүйүнчүлөшкөн. Алар антип айгай салып "жетишкендиктерин" айтып ооздорун жыйганча бир күндөн соң Максим Бакиев 250 миң фунт стерлинг күрөөгө коюп боштондукка чыгып кеткен. Бирок, аны өлкөгө экстрадациялап алып келебиз жомогу Баш прокуратура менен дале коомчулуктун башын айлантып жатышат. Ал эми укук тармагын жакшы билген юристер Максим Бакиевди Кыргызстанга Лондон эле эмес Америка да бизге бериши күмөн дешет. Анткени Максим Бакиев азыр күнөөлөнүп жаткан иш 2010-жылдан кийин Америкада болуп, амалкөйлүк максатта акчаларды адалдаган жана ар кандай махинация аркылуу Латвияда катылып жаткан активдери менен асмандан миллиондорду жасап турган. Муну мурдагы өнөктөшү, Кыргызстанды сызга отургузгандардын бири Евгений Гуреевич жашыруун түрдө Американын Федералдык кызматына ачыктап берди.


Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө
Ак халатчандардын ортосундагы чуу акыры акыйкат баасын алды. Дегеним, Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчиси Амангелди Мурзалиевди мындан туура алты ай мурда 8-поликлиниканын директору Чернышова Елена паракор деп айрым ММКларга жарыялап жиберген. Өзүнүн кадыр барк, ар-намысын коргоо максатында Амангелди мырза сотко кайрылган. Кечээ алты ай бою жүргөн соттук териштирүүнүн негизинде курулай жалаа жапканы үчүн Чернышова Елена 100 миң сом айып пулга жыгылды. Эч бир далилсиз кимдир бирөөнү каралагандар ушундан сабак алгысы бардыр. Ал эми өз ар намысы үчүн талбай күрөшкөн Амангелди мырзага ийгилик каалагандардын саны арбын.


Оппозициянын көзү Мотуевге түштү
Өлкөдө жаңы саясий кыймыл түзүлдү. Аты "Кыргызстанды сактоо кыймылы". Тең төрагалыкка бекиген Нурлан Мотуевдин айтымында бул кыймыл башка саясий бирикмелерден айырмаланып алдына конкреттүү иш пландар менен чыгып жаткандыгынан айырмаланат. Маселен бул кыймылдын негизги талаптары булар; Бүтүндөй кен байлыктарды улутташтыруу, парламентти таратып эл үчүн иштеген депутаттарды шайлоо, Баш мыйзамды өзгөртүү жана апрель-июнь окуяларына күнөлүүлөрдү тез арада таап жазалоо. Мындай дымагы чоң талаптары койгонуна караганда бул Мотуевчилердин артында чоң күч бар же, ээрчиткен эли көп. Айтор кыймыл десе баш айланган Кыргызстанда көптүн бири болуп калбаса деген эле ой. Бирок, Мотуев бирдин башынан чыкчу эле...







кыргыз тилиндеги гезит "Кереге"









??.??