PRESSKG.COM



п»ї

Үтүктө "үч мушкетер"
"Мезгил баатырларды эмес, баскынчыларды да даярдайт"
Ушундай жаңы макал чыгарышты элет элинин тапандары. Албетте, бул макал жыйырма күн мурун Ак үйдү басып алмакчы болуп, жоон санына шиш сайдырып алган Ташиевге же, "Кумтөр" шылтоосу менен бир саат ичинде өз бийлигин өзү басып алмакчы болгон Жапаров, Мамытовдорго анчалык деле тиешеси жок.

Себеби, бизде бир эмес эки ирээт бийлик алмашса да баары мыйзамдуу түрдө эмес, баскынчылык өңүтүндө ажолор алмашты. Ошондуктан Адахан Мадумаровго окшогон ич күптү саясатчылар, бийлик короосунан чыгып, саясий карьерасын жыдытып алган Азимбек Бекназаровдор Жалал-Абад шаарындагы митингге барып алышып, "Биз сот жообунда Атамбаев, Кулов, Отунбаева да Ташиевдер сымал сурак беришин көргүбүз келет"-деп жыландын башын кылтыйтып жатышат. Бул маселеге келгенде өздөрүн эмнегедир сот залынан көргүсү келбегендери өтө эле кызык. Анткени, дал ушул Азимбек Бекназаров өзү Ак үйдү бир эмес, эки жолу басып алууда бараандуу орунда турганын, Акаевди кубалаганга Мадумаровдун салымы да болгонун, ошонун натыйжасында вице-премьер-министр, малекеттик катчы, спикер болгонун сыягы Адахан Кимсанбаевич унутпаса керек. Эгерде болуп өткөн окуялардын акыйкатын алып карасак анда Ташиев, Жапаровдордун катарында бир эле Атамбаев, Отунбаева, Кулов эмес, дал ушул Азимбек Бекназаров менен Адахан Мадумаров да болушу шарт эле. Ошондуктан мезгил баатырларды эле эмес, баскынчыларды да даярдайт ылакабы бекер жерден чыкпаса керек. Арийне болор иш болуп, боёсу кангандан кийин ар бир жаран кылган ишине жараша жооп берүүлөрү зарыл. Жыйырма күндөн бери талкууланып, көпчүлүк карапайым калк бул "жаш баланын оюнуна" окшогон бийлик "баскынчыларын" колдобой, ал тургай табалап тургандан кийин укуктук чен өлчөм негизинде жазаларын алышы шарт. Бирок, биздин бөрк ал десе баш алган тиешелүү укук коргоочулар бул ирээт үч депутаттын "көзүнүн чылпагын алабыз деп карегин оюп алышпаса" эле болгону. Туура, мыйзамды бузушту. Элди "Кумтөр" маселесине чакырып алып, чайкоочулук кылып Ак үйдү басып ала калалы деген таризде темир тосмодон аттап өтүшүп, мушташ чыгарышкандары, жаш жоокерлерди кууп жөнөгөндөрү кылмыш. Бирок алар ири алды саясатчы, артында миңдеген шайлоочулары бар экенин да унутпашыбыз керек. Дүйнө практикасында көптөгөн эл өкүлдөрү камалат. Сот жообуна тартылат. Бирок, өз бийлигин басып алалы деп темир тосмодон секиргендери кезикпесе керек, же кезиксе да биз билбесек керек. Маселе башкада. Күн санап азык түлүк көтөрүлүп жатса, кылычын кармап кыш келсе башка иш түгөнүп калгансып үч депутаттын камалганын КТРКдан мүнөт сайын сүрөттөп отурушу акыл-эси жайындагы адамдарды кыжырдантпай койбойт. Балким азыркы бийлик башчыларынын кеңешчилери үч депутаттын тагдырын жалпы карапайым калкка байлап, аларсыз күн өтпөй калды дегилери барбы. Митинг, пикеттен эл тажады дешип ар кандай шоуларды өздөрү уюштурат да кайрадан үч депутаттын "секирчээк" өнөрлөрүн байма-бай көргөздүрүшөт. Телевизорду карап, интернет окуп отурсаң дүйнөнүн бизге окшогон чабал өлкөлөрүндө эле эмес, жетишкен маданиятуу делген өлкөлөрүндө күн сайын эмес, саат сайын андай митинг, пикеттер болуп жатат. Алар деле полиция менен кагылышып, жараат алып, талкалашып, талкаланып жатышат. Дефолтко жетип калдык делген Португалия, Испания өңдүү дөө-шаалар күндүз урушуп, кечинде футболун сүрөп отурганын көрүп, биздин Ташиевчилер кандай гана "маанилүү" инсандар болуп кеткенин эстеп алып кыргыз саясаты жалаң ушул "үч мушкатёрго" байланып калганын байкап кейийсиң. Кылаарын кылып, анан кайра догурунуп "атты, сайды" дешип капкайдагы калптарды шыпыртышкандары аз келгенсип догурунуп ачкачылык кармагандары буларга саясий упай алып келбестен тескерисинче табалоо гана жаратып жаткандарын түшүнбөй жатышкандай. Азыр үтүктү сайсаң деле бул үч эл өкүлүнүн азыркы абалы талкууланып калды. Алардын ден-соолугу, кармаган ачкачылыгы коомчулукка эч кандай деле азырынча кызыгуу жаратпаса керек. Бирок, депутаты болобу, карапайым адамбы айтор ар бир инсан мамлекет алдында кылган күнөөсүнө жараша жоопкерчилик тартышы зарыл. Болбосо мезгил баатырларды эле эмес баскынчыларды дагы даярдап жиберип, Ак үйдүн астынан өтүп бараткан боз баш балдар деле "темир тосмодон секирип", азыркы ажонун "мазесин" ала бериши мүмкүн.
Айдар Сарматов




Соболтөр
Митинг-пикеттердин коомго болгон таасири кандай?
Табылды Акеров,
серепчи:
- Нааразычылык акциялары бир багыттуу, бир максатты көздөгөн, коомго пайда алып келе турган маселе болсо гана митингдерди уюштурууга болот. Ошол учурда дагы мыйзамда жазылгандай демократиялык негизде бардык нормаларды сактап өтүшү зарыл. Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күндө обу жок пикеттер көбөйдү. Алар кайсы бир саясатчынын кызыкчылыгын көздөп, алардын таламын талашат. Эгер кайсы бир саясатчы камалып калса аны мыйзам жүзүндө күнөөлүү, же күнөөлүү эместигин сот далилдеп жыйынтык чыгарышы керек. Дагы бир жагдай бийлик өкүлдөрү таптакыр элдин сөзүн укпай бара жатса оппозициянын биринчи милдети Өкмөттү көзөмөлдөп туруу болуп саналат. Андыктан оппозиция мыйзамдын негизинде нааразычылык акцияларын өткөрүүгө болот.


Бермет Букашева,
журналист:
- Митинг-пикеттер бул демократиянын бир көрүнүшү, элементи. Элдин нааразылык акцияларга чыгууга укугу болушу керек. Кеп, кайсы учурда чыгыш керек. Мына ушул жакта жатат. Бизде болсо, бирөө кызматтан кетсе эле, элди көтөрө бергенди адат кылып алышты. Мындай нерсе коомго жакшы таасир калтырбайт. Азыркы убакытта эл чарчады. Эки революциядан кийин митингдерди элибиз жек көрүп калды. Көптөгөн адамдар материалдык чыгымдарды тартты. Азыркы убакта кайсы бир саясий фигураны коргоп пикетке чыгып жол тоскон учурлар көбөйдү. Мындайга мүмкүнчүлүк бербешибиз керек. Мыйзам иштеши зарыл. Ушундай учурларда ишибизге жана экономикабызга зыян келет. Ар кайсы кылмышкердин, же саясатчынын тууган уругу жол тосо берсе баш аламандык болот. Мамлекетибиз эч качан өнүкпөйт. Андыктан ар бир митингге чыккан адам маселени таразалап, түшүнүп алса дейт элем.


Улукбек Маматаев,
"Ак калпак"
партиясынын
төрагасы:
- Кыргыз саясатчылары митингден колдору бошой элек. Алдыда кыш келе жатат, аны эч ким ойлоно элек. Былтыр кыш болбойт деп жатып кыштын узактыгы беш жарым ай болду. Түштүк жергесин суу каптап, түндүк жергебизде кургакчылык болду. Кыштын камын, андан кантип чыгуу керек экендигин ойлобостон саясий пропагандага алданып, митинг уюштуруп көчөдө жүрөбүз. Түрмөгө камалып калган кайсы бир саясатчылардын күнөөсү барбы, жокпу(?), билбей эле митинг кылуудабыз. Ал эми камалгандар деле буга чейин оорубай, дардайып, дени-карды соо жүргөн жигиттер түрмөгө түшөр замат рак болуп чыга келишти. Оппозиция менен позиция маңдай-тескей олтуруп сүйлөшсө чечиле турган маселе. Ал эми табигый кырсыктар менен ким сүйлөшөт. Анын алдын алуу зарыл, аны билбей кыштын камын ойлобой эле кыйкырып көчөдө жүрөбүз.


Мирослав Ниязов,
коомдук ишмер:
- Бүгүнкү күндө элдин көтөрүлүп митингдерге чыгып жатканынын себеби бар. Азыр Кыргызстандын финансылык, экономикалык абалы өтө оор. Бюджет талкаланып бүттү. Ички жана тышкы карыздар тууралуу тескери көргөзмөлөрдү берип жатышат. Кыргызстанга азыр бир да мамлекет сокур тыйын бергиси келбейт. Финансылык кризисти жоюу абдан кыйын. Бүгүнкү парламенттик система чала бышкан система. Аны өздөрү деле билбейт. Азыркы парламент 700 млн. сомду жеп жатат. Деги эле ушундай башкаруунун бизге кереги бар беле? Ал эми оппозиция бийликтен эч айырмасы жок, бийлик талашмай менен алек. Мындай абалда кризистен эч кандай чыга албайбыз. Анан муну көргөн эл пикет-митингдерди уюштурбаганда эмне кылмак эле. Айласы кеткенде үнүн бийликке жеткириш үчүн ушул жолду тандап жатпайбы.


Анарбек Усупбаев,
коомдук ишмер:
- Митинг-пикеттер негизинен керек. Эгер ал болбосо атка минерлердин көзүн май басып кетет. Ансыз да эч нерсени укпай калган атка минерлерге эскертүү болот. Бирок, тилекке каршы, азыр коомдук маселени жамынып алып саясий кызыкчылык көздөгөндөр көбөйдү. Мисалы, Кумтөр маселеси эң олуттуу нерсе. Муну айтып, талап койгонубуз туура эле. Анткени, биз ушул жайда Жети-Өгүз, Тоң райондорун кыдырып, эл менен пикир алышып келдик. Анда жергиликтүү жашоочулардын 100%ы Кумтөр кенинин жабылышын каалайт. Анткени, алардын зыяндан башка бир да пайдасы жок экенин айтышууда. Муну жамынган саясатчылардын арты эмне болду, аны баарыбыз көрдүк. "Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" акыры ушак болуп олтуруп ал чындыкка айланып, жерлерибиз сатылып кетип жатат. Муну эл бир гана пикет-митинг аркылуу бийликке айтып жеткизет.


Даярдаган Назгүл ЭСЕНГУЛОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Кереге"









??.??