PRESSKG.COM



п»ї

"Miss Fashion Kyrgyzstan" жана
"Кыргыз Сулуусу"
Венера жана Чынара Пратовалар эже-сиңди кыргызстандык кыздар. Учурда алар Москва шаарында модель болуп иштешет. Биздин кээ бир мекендештерибиз Москвага иштегени, окуганы барса бири жакшы жашоо издеп барат эмеспи. Ал эми Чынара менен Венера башкалардан айырмаланып подиумда белгилүү дизайнерлердин колунан тигилген кийимдерди көрсөтүү менен модель болуп эмгектенишет. Өздөрү ЖОЖдордо окушса дагы сулуулар сынагына катышууга да үлгүрүшөт.

- Канча убакыттан бери Москвадасыңар?
Венера:
- Москвага биринчи жолу кыргыз көркөм гимнастика тобу менен келгенбиз. Бирок, ошол убакытта мен Москвада окуп калам деп такыр ойлогон эмесмин. 2006-жылы мектепти аяктагандан кийин Москвадагы Жогорку окуу жайдын бирине тапшырып, студент болуп окуп калдым. Ал эми менин сиңдим Чынара мектепти аяктагандан кийин ата-энебиз менен кеңешип, Москвадагы университеттин бирине документ тапшырууну чечтик. Ал 2009-жылы студент болуп окуп баштады.
- Анан кантип модель болуп калдыңар?
Чынара:
- Моделдик бизнести биз хобби катары кабыл алабыз. Биринчи курста окуп жүргөндө эч кимди таанычу да эмесмин. Шаарды жакшы билбегендиктен эжемдин аркасынан эле ээрчип жүрчүмүн. Бир жолу эжем курбу кызы менен моделдер арасындагы кастингке катышууга келишти. Мен ошондо капыстан эле моделдер жүргөн көшөгөнүн артына баш багып калдым. Ошондо моделдердин жумуштарына өз көзүм менен күбө болгом. Профессионал моделдердин арасында бирөө ооруп калгандыктан анын ордуна мени чыгып берүүмдү суранып калышты. Мен жок дей алган жокмун. Ошондон тартып, модель болуу каалоом ойгоно баштады. Ал эми Венера болсо кастингтен өтүп, ошол жерде иштеп калды. Анда ал экинчи курста окучу.
- Ушул убакытка чейин эмнеге жетише алдыңар?
Венера:
- Өзгөчө мактанып айтчу ийгилигибиз деле жок. Бирок, белгилей кетчү нерселер бар. Сиңдим экөөбүз тең, МУЗ-ТВда "Мы умеем зажигать" шоу программасында иштеп жүрдүк. Ассоль Молдокматова Москвага келип өзүнүн коллекциясын көрсөткөнда катыштык. Москвадагы бир нече моделдик агентстволор менен биргеликте иштешебиз. Экөөбүздүн ишибиз эки бөлөк деп айтсам болот.
- Силерде сулуулук сынагына катышуу мүмкүнчүлүгү болду беле?
Чынара:
- Венера 2010-жылы февраль айынын аягында Кыргызстанда өткөн сүрөт жана подиум моделдеринин сынагына катышкан. Бул сынакка катышуу үчүн атайын Бишкекке да учуп барган. Анын эмгеги текке кеткен жок десем да болот. Өзүнүн аракетине жараша эки сынактан тең жеңүүчү аталды. Биринде "Miss Fashion Photo KG" сыйлыгын алса, экинчисинде "Miss Fashion Kyrgyzstan" титулуна ээ болгон. Өзүбүздүн жердештерибизден мындай сыйлык алуу абдан кубанычтуу экен. Ал эми жакында эле Москвада "Кыргыз сулуусу" сынагы болуп өттү. Ага мен катыштым. Менин мындай сынака катышышыма Венеранын жеңишке жеткени түрткү болду деп ойлойм. Ошол сынакка катышуу университетте зачет тапшыруу учуруна дал келип калды. Эки жакка тең жүгүрүп жүрүп, аягында үзүрүн көрдүм. Зачетторумду өз убагында тапшырып, сынактан жеңүүчү аталдым. Менин жеңишке жетишиме эжемдин жана апамдын, ошондой эле жакын досторумдун салымы өтө чоң.


Даярдаган Нургүл Ибраева







кыргыз тилиндеги гезит "Кереге"









??.??