PRESSKG.COM



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Арсен Эралиев, спорт чебери:
"Руслан Түмөнбаев
менен күрөшөм"
Лондон олимпиадасынын катышуучусу Арсен Эралиев олимпиада, андагы каршылаштары жана спорттогу болочок атаандаштары тууралуу окурмандар менен ой бөлүштү.

- Арсен кепти олимпиада оюндарынан баштасак. Лондон олимпиадасында бүтүндөй кыргыз эли сенден жеңиш үмүт этти эле. Тилекке каршы жеңиш буюрбады. Эмнеден улам жеңилүүгө дуушар болдуң?
- Олимпиада оюндары спорттук мелдештердин анабашы катары айтылып, төрт жылда бир ирет келгендиктен жеңиш ызасын тартып калганыма өзүм да абдан өкүндүм. Жеңилүүмө бир жыл ичинде төрт жолу салмак куугандыгым себеп болду окшойт. Лондон олимпиадасына катышып жатканда эле 10 кг.га жакын салмак куудум. Салмактан арылуу спортчу үчүн эң татаал иш. Анткени, салмак куугандан кийин күч менен энергияң кетет, кармаш учурунда бат чарчайсың, андан тышкары ден соолукка да терс таасирин тийгизет. Кайра калыбыңа келүү үчүн керектүү витаминдер менен азыктанышың зарыл. Мындайда сөзсүз түрдө кымбат баалуу дары-дармектерди пайдалануу кажет. Маселен Иран менен Россиянын балбандары биздин спортчулардан бир топ айырмаланып турат. Анткени алар спорттук каражаттарды чыгарып, өз атлеттерин камсыздашат экен. Мисалга алсак, россиялык балбандардын бирөөсү эле олимпиадага даярдануу үчүн 110 миң долларлык дары-дармекти колдонуптур.
- Аларга салыштырмалуу сен канча сомду түзгөн витамин колдондуң?
- Биз мамлекеттин жардамы аркылуу витамин алдырып, жеке өзүмө беш миң долларга жакын өлчөмдөгү витаминди пайдаландым. Демөөрчү агаларым кытайлык спортчулар колдонгон дарыларды сураштырды эле, кытайлыктар айтпай коюптур. Иран менен Россия деле кандай витамин колдонгонун сыр катары эч кимге айтпайт.
- Олимпиадада күрөшкөн атаандаштарың менен мурда да беттешкен белең?
- Ирандык балбан менен 2009-жылы дүйнө биринчилигинде күрөшүп, бир упай менен утулуп калгам. Бул ирет дагы жеңип алды. Кармаш учурунда колумду кайрып, мен үчүн чабууга ыңгайлуу болгон абалдан чыгып кетти. Ошондо колумду чыгарып алдым. Ал эми 3-орун үчүн кармашкан венгриялык балбандын күрөшкөнүн мурдатан эле байкап жүрчүмүн. Мурунку олимпиада оюндарына катышып, жетиштүү тажрыйба топтогон. Ошонун натыйжасында коло медалды илип кетти. Балким, колум чыкпаганда ирандык балбанды утпасам да, венгерди утуп алат белем деген ой келет. Анткени, аны менен күрөшүп жаткан учурда колумдун айынан аны айланта албай калып, упай жактан уттуруп койдум.
- Күйөрмандар Лондондон келгенден кийин кандай сөздөрдү айтышууда?
- Кээ бири "Азамат! Татыктуу күрөштүң!"-дешсе, айрымдары нааразы болуп жатат. Жаман деле сөздөрдү айткан адамдар жок. Балким артымдан айтса айткандар бардыр. Бирок көпчүлүгү "Эмне болду? Мамлекет жетиштүү деңгээлде көңүл бурбадыбы?"-деген суроолорун берип жатат.
- Салмак кууп жатып эле бир топ күчтөн айрылып жатыпсың. Мындан улам салмагыңды жогорулатуу тууралуу ой пайда болгон жокбу?
- Буга чейин 55 кг салмакта күрөшсөм, азыр салмагымды 60 кг салмак ченине көтөрдүм. 2013-жылдан тарта 60 кг салмак ченинде күрөшүп баштаймын. Бул салмакта Руслан Түмөнбаев болгондуктан аны менен күрөшүп, ага атаандаш болом. Ал менден оор болгондуктан мурда күрөшүп жүргөнүбүздө менден бир аз үстөмдүк кылып койчу. Эми кандай болот келерки өлкө чемпионаты көрсөтөт. Буюрса бул салмак боюнча алгачкы беттешим ноябрь айында Астанада өтө турган Нурсултан Назарбаевдин кубогунда болот. Азыр ошого даярданып жатам.
Темирбек Матаев






кыргыз тилиндеги гезит "Кереге"









??.??