Аялын өлтүрүп, өзүнө бычак сайып...
Айтып оозду жыйгыча
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында шаарыбыздын борборунда таң эрте аялын атып, артынан дагы бир адамдын өмүрүн кыйып, андан соң өз өмүрүнө кол салып, натыйжада үч адамдын өмүрүн алган кылмыш кырсык окуясы катталган эле. Айтып оозду жыйгыча эле ал окуядан таасир алганбы, же чындап жашоонун азабы сыйыртмак салганбы, айтор, Ош шаарынын тургуну да дал ушул кадамга барып, жан таттуу экен өзүнө өзү кол салган да, бирок өлбөй калган. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылындагы өз үйүндө алган жаратынан улам каза тапкан аялдын сөөгү табылган. Жергиликтүү коопсуздук органдар тарабынан бул окуя кандай башталып жана буга эмне себепчи болгондугун тактап, изилдөөнүн негизинде кылмышка шектүү делип, ошол эле үй-бүлөнүн мүчөсү табылып, кармалган адамдын үстүнөн кылмыш иши козголду.
Канга сугарылган бычак
Аталган окуя Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында болуп өткөн. Башка күндөрдөн айырмаланып, бул күнү жолдошунун туулган күнүн өткөзүүнү чечкен үй-бүлө, туулган күндү кафеде өткөзүшкөн. Үйлөрүнө келген соң, ичимдикке тоюп алган жолдошу чыр-чатакты баштап, аялынын төшүнө жана далы тарабына бир нече ирээт бычак шилтеген. Алган жараатынан улам аялы ордунда жан берген. Коопсуздук кызматкерлери келген маалда, үйдө аялынын өлүк денеси жана жолдошунун жаракат алган абалда жатканын табышкан. Тактап териштирүүлөрдүн негизинде, медициналык эксперттердин чыгарган божомолдоосу боюнча, шектүү делген адам өзүнө өзү кол салып, көкүрөк тушка бычак менен өзүн сайып салган. Бирок, үй ээсинин максаты ишке ашпай, ак халатчандар жанын арачалап калышты. Чатактын себеби кызганычтан улам болгондугу да аныкталган.
Колуң менен кылганды мойнуң менен тарт...
Учурда кылмышка шектүү болуп кармалып жаткан адам бейтапканага жаткырылып, кайтаруу менен дарылоо иштери жүрүп жатат. Кызганычтан улам бирөөнүн өмүрүн кыйып, андан соң өзүнө кол салганга үлгүргөн кылмышкерге Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголуп, тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.


Зордуктап, андан соң башын жанчып...
Ош шаардык Ички иштер министрлигинин, басма сөз бөлүмүнүн башчысы Замира Сыдыкованын билдирүүсү боюнча, 1988-жылы туулган Эркин Якубжанованын өлүк денеси Ак-Буура суусунун жээгинен табылгандыгы тууралуу кабар түшкөн. Такталган маалыматтарга таянсак, маркум Кара-Суу районуна караштуу, Жаңы-Турмуш участкасында соода-сатык менен алектенген. Окуя болгон жерге келген коопсуздук кызматкерлеринин текшерүүсү боюнча медициналык эксперттер жаш кыздын зордукталып, андан соң өлтүрүлгөндүгү боюнча жыйынтык чыгарышкан.
Ыкчам изилдөө кызматкерлери тарабынан "Жаңы-Махалла" айылынын эки тургуну окуяга шектүү делип кармалып, аталган кылмышты толугу менен моюндарына алууда.
Кылмышкерлердин тергөө ишинде эң алгачкы берген көрсөтмөлөрү боюнча экөө кызды алдап коомчулуктан алыс, адам жок жерге алып барып зордукташып, андан соң кылган кылмыштарынын бетин жабуу үчүн башын таш менен жанчып өлтүрүшүп, сууга ыргытып жиберишкен да издерин тазалаган адам катары жок болушкан. "Көрбөйт деп ууру кылба"-демекчи, эки кылмышкер алыска узабай кылтакка илинип, учурда тергөө жүрүп жатат.


Төө-Ашууда эки унаа сүзүшүп, 5 адам кайтыш болду
17-октябрдан 18-октябрга караган түнү Бишкек-Ош автожолунун Төө-Ашуу участкасында өтө оор авто-жол кырсыгы катталган. Жолдун 160-чакырымында "Honda-Stepwgn" үлгүсүндөгү унаа жүк ташуучу Камаз унаасы менен кагышып калган. Натыйжада, жеңил унаадагы Ош облусуна караштуу Ноокат районунда туулган 42-63 жаш курактарындагы 5 жүргүнчү каза тапкан. Алардын сөөктөрү Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы өлүкканага жеткирилген.
Акыркы мезгилдерде Бишкек-Ош каттам жолунда жол-транспорт кырсыктарынын көп болуп жаткандыгын белгилей кетүү керек.
Эксперттердин айтуусу боюнча, кыймылды бөлүп туруучу тилкенин -атайын жээктин жоктугунан, башкарууда бара жаткан айдоочулардын уктап кетишинен жана озуп кетүүгө аракет жасаган оң рулдуу унаалардан улам жол-транспорт кырсыктары келип чыгууда.
Жол-күзөтчүлөрдүн, ӨКМ кызматкерлеринин жана бул жол боюнча тез-тез каттап турган айдоочулардын айтуусуна караганда, тилкелердин ортосунда атайын жээктер орнотулган болсо, кырсыктын саны азаймак.


Адамды сүзгөнү аз келгенсип качып кеткен
2012-жылдын 22-октябрында саат 19.30дар чамасында Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндө ЖККнын инспектору У.П. жана ТААОнун (СОБР) кызматкери Э.С. жол кыймылын нукка салып жаткан учурда катуу ылдамдыкта келе жаткан S9127С мамлекеттик номердеги "ВАЗ 2106" автомашинасын токтотууга аракет кылышат. "Жигулинин" айдоочусу ылдамдыгын жайлатпастан катуу ылдамдыкта келип ТААОнун кызматкери Э.Сны сүзүп, кырсык болгон жерге токтобостон кете берет. Жол коопсуздук кызматынын инспектору У.П. милиция кызматкерин сүзүп качып кеткен "ВАЗ 2106" автомашинасынын артынан кууп барып, токтотууга аракет жасайт, эки жолу эскертүү иретинде табелдик куралынан асманга ок чыгарат. "Жигулинин" айдоочусу токтобосуна көзү жеткен соң табелдик куралы менен дөңгөлөккө атып токтотот. Милиция кызматкерин сүзүп качууга, ЖКК кызматкеринин бир нече жолку эскертүүсүнө баш ийбеген айдоочу Ош шаарынын Кулматов көчөсүнүн тургуну, 1956-жылы туулган Кубатов Омар Токоевич экендиги, мас абалда унаа башкарып бараткандыгы такталды.