Каптагы шибеге
Гүлнара Жоробаева, Байысбек Тажыматовдун апасы:
"Бир телефон үчүн
баламды
өлтүрүп коюшту"
Үстүбүздөгү жылдын 24-июль күнү УКМКнын 64479-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 19 жаштагы жоокер Байысбек Тажыматов каза болгон. Жоокердин сөөгүн соттук экспертиза текшерип чыгып, "Сууга чөккөн, башка катуу нерсе менен чапкан"-деген жыйынтык чыгарган. Жыйынтыкка Байысбектин ата-энеси макул эместигин билдирүүдө. Бул тууралуу Байысбек Тажыматовдун апасы Гүлнара айымдын өз оозунан угалы...

- Гүлнара айым, уулуңуз Байысбек армияга качан жөнөдү эле?
- Уулум армияга келгенине 2 айдын жүзү болгон. "Үйгө жакын"-деп Улуттук коопсуздук кызматынын аскердик бөлүгүнө бергенбиз. Ал жерде 64479-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан.
- Кырсык болгонун качан уктуңуздар?
- Балам кайтыш болгондон бир саат өткөндөн кийин уктук. Бизди Фучик көчөсүндөгү №1 ооруканага чакырышты. Ал жерге он мүнөттүн ичинде бардык. Барсак балам кайра жандандыруу бөлүмүнүн коридорунда жаткан экен. Жалбарып, "Жардам бергиле?"-десек, "Биз эч кандай жардам бере албайбыз, бала өлүп келген"-дешти. Биздин макулдугубуз жок эле өлүкканага сойгонго алып кетишти. Справкасына дем ала албай калып, жүрөк кан тамырлары жабыркагандыктан каза болгондугу маалымдалды. "Балаңардын талмасы бар, жүрөгү ооруйт экен"-деп аскердик бөлүктүн мурунку командири Бакыт Тыналиев менен Рыскул Анарбаевдер айтышты. Биз буга таптакыр каршыбыз.
- Эмне үчүн соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгына макул эмессиздер?
- Биз аскердик бөлүктөн эки жүз метр аралыкта жашайбыз. Биздин балкондон аскердик бөлүктүн ичи бүт бойдон көрүнүп турат. Ошон үчүн ушул жерге бергенбиз. Аскердик бөлүктөгүлөр балам сууга түшүп, ары-бери сүзүп "Мен кыйналдым"-дегенде эле суудан чыгарып койгондорун далилдегенге аракеттенип жатышат. Бирок, бул версияга таптакыр ишене албайм. Баламдын сууга чөгүп өлүшү мүмкүн эмес эле. Ал беш жашынан баштап бассейнден сууга сүзгөндү үйрөнгөн. Керек болсо агын сууга түшүп жүрчү. Биз сөөктү көргөнүбүздө баш сөөккө сокку болгону, көздөрү көгөргөнү, бетинин тытылганы билинип турат. Булар баламды уруп, эс-учун жоготкондо сууга салышыптыр. Бала ошол жерден өзүнө келбей эле өтүп кетиптир.
- Ишти экинчи тергөөчү карап жатыптыр. Эмне себептен тергөөчү алмаштырылды?
- Мурунку тергөөчү экспертизанын жыйынтыгын бизден он беш күн жашырыптыр. Биз өзүбүз чалып, сурап жатып араң жыйынтыгын уктук. Анан КР Аскердик прокуратуранын прокурору Марат Эшперовго арыз менен кайрылдым. Ал "Кылдат текшерилсин"-деп, анын буйругу менен ишти тергөөчү Жалынбек Калкожовге дайындады. Азыр ошол киши карап жатат. УКМК төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыковго да кайрылдым. Ал киши кабыл алып "Материалдык жардамдар көрсөтүлсүн"-деди. Бирок, мен уулум каза болгону бир сом акча алган жокмун. Мага кереги да жок. Бизге болгону ишти акыйкаттык менен карап, болгонун болгондой иликтеп, кылмышка шектүү делген жоокерлер жоопкерчилик тартса дейт элем. Себеби, азыр экинчи айдын жүз болду, жыйынтык жок. Уйкум качты, баламдын санаасы менен таң атырып, күн батырам. Жашоом токтоп калгандай болуп жатат. Мындай кордукту бир да энеге каалабайт элем. Чындыкты, акыйкаттыкты издейм. Эркин эксперттерге, жактоочуларга кайрылып жатам. Акыйкаттык, чындык сыртка чыкса. Армияда аскер кылмыш кылып коюп, күнөө офицерлерге жабылып калат экен. Кылмыш кылган жоокерлер убактысы бүткөндө сыртка чыгып кетип калат. Эгерде армия ушул боюнча калса кантип иш оңолмок эле? Эч ким баласын мындай жерге жибербейт.
- Буга чейин Байысбектин ден соолугу кандай эле?
- Балам спорт менен машыгып жүрчү. Эркин күрөш боюнча көптөгөн сыйлыктарды алган. Бокска да катышып жүргөн. Юридикалык академиянын үчүнчү курсунда сырттан окучу. Мектепти "4", "5" деген баалар менен бүттү эле.
- Байысбектин өлүмүнө эмнелер себеп болду деп ойлойсуз?
- Армияда тартип жок экен. Биз аскердик бөлүккө жакын жашайбыз деп айтпадымбы. Ошондуктан балама ант берер күнү күрүчүмдү басып, тамак-ашымды алып барган элем. Ошондон кийин баламдын үйү жакын экендигин билип, "деддер" ар нерселерди тамеки, насвай, телефон талап кыла башташыптыр. Аны биз билген жокпуз. Бирок, балама барган достору Байысбектин айткан нерселерин акырын алып кирип беришчү экен. Баламдын кайтыш болгонуна "дедовщина"күнөөлүү. Анткени, балам бир нече жолу досторунун жардамы менен аларга телефон алып кирип бериптир. Ошол күнү да телефон талап кылып, айткан убагында телефон таап бере албай балам токмоктолуптур. Балам кайтыш болгондо аскердик бөлүккө барып чогуу кызмат өтөгөн жоокерлерге жолуктук. Алардын да айрымдарынын денелеринде көгөргөн, токмоктолгон, тамекини күйгүзүп, чогун баскан издери бар экен. Угуп олтуруп жанымдан түңүлдүм. Ошол жоокерлердин айтымында "жаш жоокерлерди кыйнап "Өбүшкүлө"-деп да буйрук берген учурлары да болот экен. Бул эмне деген шумдук. Мындай көрүнүштөр болуп жаткан жерди армия деп атоого болобу? Сөзүмдүн акырында менин үнүмдү уккан УКМКнын аскердик бөлүгүнүн командирлерине, Аскер прокуратурасына эртерээк чара колдонушса дейт элем. Себеби, жакынкы айларда баламды уруп-соккон "деддердин" кызматы бүтүп, үйлөрүнө кетип калышат. Ошондуктан иштин тез арада акыйкаттык менен чечилишин талап кылат элем.
Маектешкен
Назгүл ЭСЕНГУЛОВА