PRESSKG.COM



п»ї

Оморбай Нарбеков:
"Эгерде мен Сагынбаева болсом, бул кызматка келбейт болчумун"
Кыргыз журтчулугу академик Оморбай Нарбековду жакшы тааныйт. Бул инсан кыргыз медицинасына өмүрүнүн дээрлигин арнады. Азыркы күндө да өздүк медициналык борбору аркылуу калк саламаттыгына эффективдүү салым кошуп келетат.

- Оморбай Нарбекович, тажрыйбалуу медицина адиси, академик катары жалпы республикалык масштабдагы коом саламаттыгы туурасында кеп козгосок, абал кандай?
- Кайсы мамлекет менен салыштырбайлы биздин өлкө ден соолук көрсөткүчтөрү боюнча төмөндөп кетти. Жалпы жонунан караганда эгемендүүлүктү алгандан тарта бул тармакта алдыга чечкиндүү кадам жасай албадык. Төрөттөн, кургак учуктан каза болгон адамдарыбыз көбөйдү. Дары экен деп иттин, баканын, курт-кумурсканын этин жегендер андан бетер арбыды. Кыргыздар согуш маалындагы кыйынчылыкта да дарыядагы балыктарды жеген эмес. Азыр айла кеткенден, жокчулуктан улам ушундай аргасыздыкка барып жатат. Мамлекет тарабынан социалдык маселелер чечилбегендиктен улам ушундай көйгөйлөр жаралды. Акыркы кездери оорулардын баардык түрлөрү тутумдаш өстү. Айрыкча, мени ойлонткону наристелердин өлүмү менен бөйрөк дартынын басымдуулук кылып баратканы болууда.
- Чындыгында, тээ, бир мезгилдердеги "өтө коркунучтуу" делинген дарттардын түрү азыр ачыкка чыгып, көбөйүп кеткендиктен "коркунучтуу" деле болбой калды. Сиз айткан бөйрөк оорусу элге көнүмүш көрүнүш, муну токтотууга мүмкүнчүлүк жокпу?
- Бөйрөк дарты - негизинен андагы таштын пайда болуусунда. Таш дегенибиз - бөйрөктөгү минералдардын топтолуусунан келип чыгат. Демек, таш бир күндө эле таш боло калбайт. Майда кумдардан (калдыкчалардан) куралат. Аларды ушундай абалында эле керектүү дары-дармек аркылуу эритип салууга болот. Хирургиялык тазалоого жеткирбей эле алдын-ала курстук дарылануу жолу менен айыкчу жеңил дартты түшүнбөстүктөн чоң көйгөйгө айлантып алуудабыз. Буга байланыштуу бир мисал айта кетейин, 1993-жылы Кытайдан дарыгерлер тобун алып келип, бир жылга жакын иштештик. Кыргызстан менен Казакстандан келген бөйрөгү оорукчандарды текшерип, 250 адамдын ташын операциясыз жок кылышты. Болгону бир гана таасирдүү дарынын жардамы менен. Андан соң Мамакеевдин ооруканасына барып дарыгерлерибизге конференция уюштурдук. Таш болсо эле бөйрөктү же өттү кесип салыштын кажети жок. Мындайга жарандарыбызга медициналык жактан маалыматтын толук жетпей жаткандыгы бирден-бир себеп болсо, экинчиден дарыгерлер тараптан адамдардын ден соолугуна карата жасаган кайдыгер мамилеси болуп эсептелет. Канчалаган жарандарыбыз бөйрөгүнөн, өпкөсүнөн, ашказанынан айрылууда. Канчалаган жаш келиндерибиз эмчек, жатын ооруларынан жабыркашып, аялдык ариетинен ажыроодо. Мунун түпкүлүгү улут үчүн анык олуттуу көйгөй.
- Сиздин пикириңизче, элдин ден соолугун туруктуу кармоого биздин медицина кызматкерлерибиздин дарамети толук жетет экен да. Анда эмне себептен чечкиндүү аракеттер көрүлбөй жатат?
- Эгерде медицина жакшы болсо адам өлбөйт. Тескерисинче оорукчан өмүрү менен кош айтышса, анда ал жерде медицина жок деген тыянак чыгарганга толук түрдө негиз бар. Мен эки жылга чукул Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп иштедим. Бул аралыкта республиканын бардык аймактарындагы медицина кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрүп, талкууларды уюштурдук. Талкууда жергиликтүү медиктерибиз тараптан 48 сунуш түшүп, анын 42 син 2016-жылга чейин кабыл алынган ден соолук программасына киргиздик. Андан кийин министрликтин кызматкерлери ортосунда жыйын өткөрүп: "Тез чечиш керек деген кандай көйгөйлөрүбүз бар, айткыла"-деп маселени кабыргадан койдум. Алар 14 маселени тез арада чечип берүү керектигин жазып беришти. Анан окумуштууларды, министрлик кызматкерлерин, жер-жерлердеги тажрыйбалуу адистердин башын бириктирген комиссия түзүп ошол 14 көйгөйдү бөлүштүрүп, аны чечүүгө кириштик. Аймактардагы дарыгерлерге "Кандай көйгөйгө учурабагыла бизге чалгыла" деп телефон номерлерибизди күн-түн дебестен иштетип койдук. Төрөт боюнча ж.б. оорулар боюнча чалышат, мен тажрыйбалуу адистерге айтам, алар бир мүнөткө кечикпестен жетип барып, канчалаган жарандарыбызды аман алып калышты. Ошондо жарандардын өмүрүн сактап калууда жакшы жылыштар байкала баштаган эле. Тилекке каршы бул иштерди аягына чыгара албадык. Муну айтканым, эгер мамлекеттеги жалпы оорулар менен системалуу күрөш жүргүзүүнү кааласак, Саламаттыкты сактоо министрлигин эл-аралык кадыр баркы бар, мыкты адистердин командалык курамы аркылуу бекемдеп, туруктуу кармоо шарт.
- Демек, негизги маселе Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышуу деңизчи. Бирок, бизде министрликтер Өкмөттүн саясий нормаларынын негизинде чечилет да, менимче сиз ушул өңүткө басым жасап жатат окшойсуз...
- Нагызында элдин ден соолугуна өтө аяр мамиле кылуу керек. Саламаттык маселесине саясат аралаштыруунун кажети жок. Оорулуунун жалгыз мүдөөсү айыгуу болгон сыңары, медицинанын бир гана көздөгөнү дарт менен күрөшүү болгону оң. Мына, дүйнөлүк аброю бар белгилүү ортопед-травматолог Сабырбек Жумабеков аз убакытка Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектеди. Анык адис катары бир жыл ичинде сексен мамлекеттин министрлери менен жолугушууларды уюштуруп, медицина тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун көтөрүп чыкты. Эки ирет президент, премьер-министрлерибиз барып сүйлөбөгөн БУУнун алдында сүйлөдү. Он төрт миллион долларга керектүү материалдык каражаттарды алып келди. Мындай ишти уюштуруу үчүн министр дагы өз ишин мыкты билген адис болушу керек. Аны ушул министрликте алаканга салып иштетиш керек болчу. "Баланча партиянын адамы экен" деп жумуштан бошоткон менен эл эмне тапты? Азыр ал баштаган иштердин баары токтоп калды. Ошондуктан президент да, премьер-министр да, парламент дагы кадр тандоодо элдин оюн эске алышы абзел. Кызматка дайындала турган кишиден: "Бул тармакты сүйрөп кете аласыңбы? Канча убакыт керектелет? Түйшүгүн тарта албасаң жазага макулсуңбу?" дегендей суроо, шарттар менен дайындашы керек. Анткени бүтүндөй мамлекеттин ден соолугун жоопкерчиликке алуу оор маселе. Азыр Саламаттык сактоо министрлигинде бул тармакты түшүнгөн адистер жок. Министр Сагынбаева деле "КСДПнын" фракция жетекчиси Чыныбай Турсунбеков менен Дамира Ниязалиеванын көмөгү аркылуу келген. Эгерде мен Сагынбаева болсом бул кызматка келбейт болчумун. Анткени министр болгон адам бул тармакты ийне-жибине чейин түшүнүшү керек. Бул киши бир адамды дарылабаса, кайсы бир бөлүмдү жетектебесе, аны министр кылып дайындаштын кажети жок болчу. Хирургдар айлык акынын аздыгынан улам акча табуу максатында операция жасоого мажбур болуп жатышат. Албетте бул дарыгерлер тараптан адамдардын ден-соолугуна карата жасаган кайдыгер мамилеси болуп эсептелет. Эгерде айлыгың жашаганыңа жетсе анда операция кылуунун эмне кереги бар? Ошондуктан бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн министрликке медицина тармагын мыкты билген жаш болобу, кары болобу кесипкөй адистерден куралган команда барышы шарт. Элдин аң-сезимин жогорулатып, эмне болсо эле "макул" деп баш ийкеген деңгээлден көтөрүлсөк. Бакиев кезинде аксакалдар менен жолугушууга чакырып калышты. Барсак, Бакиев өзү жок. Аны менен бирге иштеген Жапаров, Конгантиев, Муйбилдаев дагы бир-экөө келиптир. Анан аларга: "Эй, Кыргызстан силердин менчигиңерби? Өнүктүрөсүңөрбү? Же ушинтип жүрө беребизби?" деп кайрылып, жарга такадык. Экинчи жолу болгон жолугушууда Бакиев өзү келген экен, ага да, "Мамлекетти өнүктүр!"-деген талапты койдук. Эгерде коом активдүү болсо анда жетекчилер да жең ичинен иш кыла албай калат.
- Медициналык борборуңуз уникалдуу дары-дармектерди калкка сунуштап келатканы маалым. Ушул ишмердүүлүгүңүз боюнча айтсаңыз, деги эле азыркы дарылардын таасири канчалык?
- Отуз жылдан бери Кыргызстандын жаратылыш байлыктарынан, табигый заттардан, минералдардан, өсүмдүк түрлөрүнөн дары жасап келе жатам. Бүгүнкү күндө 8 млн. сомдук дары-дармекти ооруканаларга тапшырып, жакшы натыйжаларга жетише алдык. Көл өрөөнү боюнча тиши ооруган миң адамды дарылап, алардын 87%ы айыгып кетишти. Ош аймагынан 1500 аялды киста, миоима ооруларынан жана 90 кишини кургак учуктан дарыладык. Мындан тышкары кант диабетине каршы дарыларды чыгардым. Азыркы тапта дүйнө боюнча 3 млрд. адам ак кан оорусунан жапа чегишет. Мендеги 2 түрлүү дары менен бул ооруну дарылап коюга болот. Жасаган дарыларыбыз жакшы жыйынтык берип жатат. Биздин дарыларга сырттан келгендер көбүрөөк кызыгуушуда. Жакында эле япондор келип, кызматташууга макулдаштык. Мунун себеби, бизде атомдук радиациалык нурдануудан жабыркагандарга жардам бере турган дары бар. Ачык эле айтып коюшум керек, азыр кыргыздын окумуштуулары бул тармак боюнча иш жасаганга даяр.
- Кечиресиз, дарыңыздан даба таап, каксыз сакайгандар барбы?
- Бар эмес, өтө көп. Бул сурооңо бир мисал менен жооп берейин. Нарын шаарынан Болотбеков Эрнис деген бейтапты алып келишти. Коляскада экен. Өпкөсүнүн рак оорусунан жабыркап, онкологиялык борборго да жатыптыр. Ага дал ушул "Кара-Ботону" жана ага кошо "Тянь-Шань мүрөгү", "Чагылган", "Скорая помощь" деп аталган дарыларды колдонуп эки айда каксыз айыгуу жолуна түшүрдүм. Эми мындай мисалдарды санап, мактанып отура берүүдөн пайда жок. Андан көрө социалдык, экономикалык жетишпестиктердин курмандыгы болуп жаткан карапайым калктын саламаттыгына масштабдуу кам көрүүнү колго алуу керек. Кыргызстан илим-билим аркылуу гана алдыга жыларын белгилей кетейин. Эгер дары-дармек жасоону мамлекет жолго салып, иштерибизди Өкмөт аркылуу жүргүзсөк, биздин экономикабызга аз эмес киреше кирмек.
Маектешкен Гүлзат Тыналиева







кыргыз тилиндеги гезит "Кереге"









??.??