кыргыз тилиндеги гезит "Кереге"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/1024_1.htm on line 79

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/1024_1.htm on line 79

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/1024_1.htm on line 79
п»ї
Сатыбалдиев. Актив. Популизм...
Күныргак
Бизде саясат көп. Саясат жасаган саясатчылар андан көп. Жасаган иштери, сүйлөгөн сөздөрү булардыкы "бурр" деп эле популизм жыттанып турат экен. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ээрге минбей, үзөңгүгө бут салбай жатып ,"Бийлик вертикалын калыбына келтирип, губернаторлорду кайра бекитем"- деген. Айтканын аткарган жок. Азыр мурдагы экс-губернаторлор "Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү" делген каамытты кийип отурушат. Азыр ал ыйгарым өкүлдөрдү кол алдындагы акимдери да тааныгысы келбейт. Жантөрө мырза ал сөзүн унутта калтырды. Өкмөт башчы адатынча дагы бир ирээт ачылыш жасап, "Сыртка чыгып кеткен акчаларды, активдерди кайра кайтарышыбыз керек" - деп Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчисин так маңдайына коюп алып үстөл муштагылады. "Кызмат этикасын сактаган" ал Финчалгындоо кызматынын жетекчиси унчукпай жер чукуп отурду. Болбосо, "Жантөрө Жолдошович, кайсы активдерди айтып жатасыз? Акаевдикинби, Бакиевдикинби?"- деген суроону капталынан коюп, андай активдер кайтарыла турган болсо, буга чейинки премьер-министрлер Атамбаев, Бабанов текей терип жүрбөйт эле демек. Жантөрө Сатыбалдиев мыкты болсо бул сөздөрдү мурда айтмак. Активдер кимдин колунда экенин, ким канча акча сыртка чыгарып жаткандарын коомчулукка жарыя салып, коомдук пикир жаратуу менен ал каражаттарды кайтарганга аракеттенмек. Анан эки журналистти бет маңдайына коюп алып, "Активдерди алып келели"-дегени бери дегенде кезектеги калп, болбосо "бурр" дей түшкөн популизм.







Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/1024_1.htm on line 121

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/1024_1.htm on line 121

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/1024_1.htm on line 121


а ­е¦Є.НҐй«