Темир жолдогу териштирмей
Аргын Малабаев, "Кыргыз темир жолу"
мамлекеттик ишканасынын жетекчиси:
"Раимбердиев 1000 рубль үчүн Москвага бомбанын муляжын алпарам деп..."
Азыркы тапта "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын тегерегинде бир канча талаш маселелер пайда болуп, ал иштер Жогорку Кеңеш депутаттарынын "алакандарын кызытууда". Ушуга улай биз аталган ишкананын жетекчисине чакан суроолор менен кайрылдык.

- Аргын мырза, маегибизди сиздин ишмердүүлүгүңүзгө байланыштуу ЖКда көтөрүлгөн маселеден баштасак. Мындай чуулгандуу талкууларга эмне себеп болду?
- Бул иштердин баары эки жылдан бери болуп келе жатат. Кимдир бирөөгө менин кызмат ордум керек болуп калгандан улам ыплас иштерди жасап, мени каралоо максатында ушундай кадамдарга барууда. Анткени "Ата-Журт" фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиевге жолдонгон катта мага нааразылыгын билдирген Багуда, Раимбердиев, Осмонжанова, Оморов аттуу адамдардын арасынан Багуда менен Оморов мен келгенге чейин эле мыйзам бузгандыгы үчүн жумуштан айдалган экен. Багуда Нариман Түлеев башкы директор болуп турган кезде жүргүнчүлөрдү тейлөө филиалынын жетекчиси катары эмгектенип, мыйзам бузгандыгы үчүн өз ордун тапшырып кетүүгө аргасыз болуптур. Ал эми Оморов болсо өз эрки менен жумуштан бошогон экен. 2010-жылы 12-майда өткөн митингди Багуда "Малабаев уюштурду"-деп ар кайсы жерлерге жазып, маалымат берген. Бул боюнча териштирүүлөрдү жүргүзгөн башкы прокуратура мени актап чыккан соң, Багуда келип жумушка алышымды өтүндү. Мен ага "Орун жок" деп, каршы болдум. Ошондон кийин эле Багуда мага карата каршы иштерди баштады. Ал эми Оморов болсо мен жетекчиликке келгенге чейин эле жумушка кирип, кайра бошоп жүргөн. Раимбердиев узатуучу болуп иштеген. Ал МУККтун терроризмге каршы жүргүзгөн үйрөтүү иштеринин учурунда, коопсуздук кызматкерлери тарабынан берилген бомбанын муляжын Москвага чейин алпарууга макулдугун берип, ал кызматы үчүн 1000 рубль алган. Бул тууралуу МУККтан бизге "Раимбердиев аттуу кызматкериңер ушундай иш кылды"-деген маалымат келген. Андан тышкары 110 кг уулуу затты жүргүнчүлөр жүргөн вагондо алып келгени аныкталып, сот иштеринен соң жумуштан бошотком. Ал эми Осмонжанова дагы узатуучу болуп иштеп, жумушка беш күн себепсиз келбей койгондугу жана он билетсиз жүргүнчүнү күзөткөндүгү үчүн кармалып, кылмыш иши козголгон. Ошондон кийин жумуштан бошотком. Бул иштердин баары Жогорку соттун чечиминин негизинде аткарылган.
- Демек, бул иштердин баары жумуштан айдалган кадрлардын кайрадан жумушка орношуусу үчүн жасап жаткан аракети деп түшүнөбүзбү?
- Ооба, азыр алар: "Эгерде жумушубузга кайрадан орноштурсаң, бул иштердин баарын токтотобуз"-деп айтып жатат. Мен: "Кеттиңерби? Кайра келбей эле койгула!"-деп атам. Чындап бул иш боюнча соттошо турган болсок, менде деле керектүү далилдер бар.
- Уулуу заттар жүргүнчүлөр жүрүүчү каттамдар менен ташылганбы?
- Бул заттардын баары жүргүнчүлөр жүргөн каттамдан табылып, темир жол полициясы тарабынан колго түшүрүлгөн. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сот тарабынан Раимбердиевге 110 миң сом айып пул салынган.
- Айтсаңыз, эмне үчүн темир жол тармагында кызмат талашуу күч же эл ичинде айтылып жүргөн "Узатуучу болуп иштөөгө 3000-8000 долларга чейин пара берет" дегендин чындыгы барбы?
- Бул кызматка 2010-жылдын 8-апрелинде келдим. Жалпысынан 700гө жакын кызматчы эмгектенип, алардын 170и ашыктык кылат экен. Ошондон улам 70 ке жакын кызматкерди ар кандай мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн кызматтан бошоттук. Эки жарым жыл ичинде апрель революциясынын алты баатырын, президенттен жолдонгон каттын негизинде кызматка алдым. Андан башка бир да адамды ар кандай өлчөмдөгү пара сунуштаганына карабастан жумушка алган жокмун. Узатуучу болгон адам айына 12-15 күн эле иштейт. Андан тышкары Казакстан менен Россияга мыйзамсыз жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү ташып "көмүскө" акча иштегенге кызыгышат. Ошондон улам бул ишке орношкусу келгендер көп. Мен ушул нерсени жөнгө салуу максатында айлыктарын элүү пайызга көтөрдүм. Азыр эмгек тажрыйбасы көп жана сааттары толук кызматкерлер айына 15-16 миң акча алат.
- Реформа жасоо ар жетекчинин милдети да, ушул аракеттерден кандай натыйжаларды байкай алдыңыз?
- Мыйзам бузуп, билетсиз жүргүнчүлөрдү ташыгандарды жумуштан бошоткондон кийин көпчүлүк күзөтүүчүлөр жумушуна жоопкерчилик менен мамиле кылып калышты. Мурун 15-20 билетсиз жүргүнчү салып алган деген актылар келсе, азыр 1-2 билетсиз жүргүнчү салып алган деген актылар түшүп жатат.
- Коомчулукта "Иса Өмүркуловдун тушунда темир жол тармагы жабыркаган, Нариман Түлеевдин жетекчилигинде оңолуу жолуна түшкөн"-деп көп эле айтылып жүрөт. Ошолорго салыштырмалуу кандай иштерди жасадыңыз, сиздин аркаңызда кандай сөз айтылат деген ойдосуз?
- Мурунку жетекчилердин жасаган иштерине баа берүү мен тараптан туура эмес болуп калат го. Эл көрүп атат, коомчулук бааласын. Жасап жаткан жумушума кайрылсам өсүш бар. Буга эки жылдын ичинде кирешебизди мурдагы жылдарга салыштырмалуу 1 млрд. 800 млн. сомго көтөрө алганыбыз далил. 2011-жылы 526 млн. киреше менен чыктык. 2010-жылы болсо 515 млн. киреше тапканбыз. Буюрса быйылкы жылы кирешебизди дагы көтөрөбүз деп турабыз. Анткени, азыркы көрсөткүчтөр жакшы. Мындан тышкары локомотив жана темир жолдорду оңдоону баштадык. 50 км темир жолдун шпалдарын алмаштырдык.
- Шпалдар демекчи, бетон шпал менен жыгач шпалдарды алмаштырып жатканда кемчиликтерди кетирипсиз го?
- "Ата-Журт" фракциясына жолдонгон катта бул тууралуу да жазылыптыр. Рельс менен шпалды бириктирген "фосфо" деген бекитме болот. "Бекитмени кытайдан алып келип, ага Германиядан чыкты деген документ жасап, Малабаев акча өөнөп калууда"-деп айтып чыгышты. Бул боюнча Эсеп палатасынан текшерүү жүрүп, баары мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн такташты. Ушул кызматка келгенимден бери кырк ирет текшеришти. Эч кандай мыйзам бузуу болбогондуктан ордумда отурам да. Эгерде мен тараптан паракорлук жолдор болгондо анда азыр түрмөдө отурбайт белем. Андыктан мага байланыштуу айтылып жаткан каралоолордун баары негизсиз. Мурда Россиядан келген шпалдар менен алмаштырчу экен. Алар 6-7 жыл турган соң чирип, жараксыз болуп, кайра эле алмаштырууга туура келчү. Ал эми биз алмаштырып жаткан шпалдар темир бетондон жасалып, элүү жылга чейин кызмат кылат. Баасы да жыгач шпалга салыштырмалуу 500 сомго арзан келип, аны Бишкектин өзүндө чыгарып жатабыз. Анүчүн ишкана директору менен сүйлөшүп, шпал чыгара турган 150 адамды жумушка алдык. Былтыр 40 миң шпалды алмаштырсак, быйыл да 40 миңди чыгарып, анын 5 миңин түштүккө, калганын бул жактагы темир жолдорго пайдаландык.
- Казакстандан алынып келген локомотивдердин тегерегиндеги 3 млн. пара алган деген сөздү да каралоо катары жокко чыгарасызбы?
- Бизде иштеп жаткан локомотивдердин 90 %ы колдонуудан чыккан. Бир чоң локомотивди 18 жыл, кичинекейин 25 жыл пайдаланууга уруксат берилсе, биз 30-35 жылдан бери аларды жаңылай элекпиз. Эскилиги жеткендиктен дагы 1-2 жыл гана иштеп бериши мүмкүн. Азыркы тапта локомотивдерди жаңылабасак болбойт. Анткени Казакстандан ташыла турган жүктөрдүн саны өсүп, убактысы келер замат аларды ташып туруу зарыл. Кичине эле кечиксең Казакстан тарап айып пул салып коюшу ыктымал. Биз иштетип жаткан тепловоздор жетишпейт. Ошондон улам Россиянын, Украинанын, Казакстандын теппловоз чыгарган заводдору менен сүйлөшүп, Казакстан тарап 8 % үстөк менен он жылга насыяга бере турган болгон. Анан орто жолдон "Малабаев Бабанов экөө тепловоз алабыз шылтоосу менен 3 млн. долларды жегени жатат" деген кептер чыгып, бул иш токтоп калды. Ө. Бабанов дагы: "Болду албай эле токтотуп кой" деп токтоттуруп койду. Ошол бойдон бул иш жыла элек. А бирок, локомотив керек. Айрымдар ал локомотивдерди да "Америкалыктардын жарактан чыккан локомотиви экен"-деп айтып чыгышты эле журналисттер журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп, алардын маалыматын төгүндөдү. Анткени, Казакстандан чыгарылган тепловоздор казактардын өзүндө гана кураштырылып, Тажикстанга, Эстонияга, Россияга чейин экспорттолгон. Алар бизге жардам иретинде берип жатса, орто жолдон чыга калган сөздөр бул иштерди токтотуп койду. Азыркы тапта Казакстан чыгарган локомотивдин 70%ын Россия, калганын казактар өздөрүндө алып калууга аракет кылып жатат. Эгерде биз бир жыл ичинде локомотивдерди алып калбасак, Россияда дагы локомотив чыкпай калгандыктан алар сатып алып, локомотивдердин баасы дагы жогорулайт. Биз бир локомотивдин баасын 4 млн. 700 миң сомго сүйлөшүп, бешти сатып алалы деп жаткан элек. Бул иштер эки тараптын тең мамлекеттик ишканалары тарабынан жүргүзүлүп жаткандыктан "3 млн. доллар" кайдан чыга келгени таң калычтуу.
- Бу суроомду бир эсе тамаша, бир эсе чындыкка жакын кабыл алыңыз, сиз наркобаронсузбу?
- Менин дарегиме баңгизатын да чаптап жиберишти, айла жок... Баңгизатты ташууга каршы баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте иштерди аткаруудабыз. Кезинде Тажикстан буга каршы Москва-Душанбе каттамын сегиз жылга чукул иштетпей койгон. Эгерде биз дагы алардын бул жолун жасоого бет алсак, анда Россия менен Казакстанда жүргөн мигранттарыбызга эле кыйын. Ошондуктан чек ара кызматы менен биргеликте баңгизат табуучу иттерди даярдап, кинологдор борборун ачканбыз. Алардын жардамы аркылуу нечендеген баңги ташыган адамдарды кармадык. Ошондон улам поезд менен баңгизат ташыган адамдардын саны да өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл азайгандай. Ал эми баңгизатка байланыштуу сөздөрдү менин дарегиме багыштаган адамдар жооп берет. Бул иштер боюнча сот иштерин жүргүзүп, аягына чыгарабыз.
- Ушундай кырдаалда жумуштан бошоюн деген ойго кептелбедиңизби?
- Албетте, ар кандай сөздөрдөн улам кетейин деген ой болот. Бирок, темир жол тармагын жөнгө салып, кызматкерлердин маянасын көтөрүп, ишкананы мамлекеттик ишканалардын алдыңкысы кылып жаткандан кийин эмнеге кетишим керек? Эгерде текшерүүлөрдүн биринде кыпындай мыйзам бузуу табылып же кызматкерлерди кыйнасам анда өз эрким менен кетмекмин.
- Мындай суроо бергенимдин себеби, чоң кызматтан тажагандар саясатка кетишчү эле, сизде да саясатка барам деген ой жокпу?
- Саясаттан алысмын. Болгону темир жолчумун. Алган билимим да ушул тармакка багытталып, башка билим алган эмесмин. Бул жерге сантехник катары жумушка орношуп, акыры башкы директорлукка чейин жеттим. Кокус бул кызматтан бошоп калсам деле ушул кесибим боюнча иштей берем. Өткөндө жамаат арасында мени башка кызматка котороруу тууралуу кеп тарап, темир жол тармагында кесиптик кошуундардын мүчөлөрү планерка өткөрүп, "Эч жакка кетпейсиң! Иштейбиз! Аягына чейин турасың!"-деген талаптарын коюшту. Андыктан иштеш керек.
Маектешкен
Анарбек АБАЗБЕКОВ