Кокуйу көп коомдо
Коррупция менен күрөшпү,
же компроматтар согушубу?
Учурда аткаминерлердин өздөрү дагы, жакындары дагы аргасыздан арттарына бир сыйрадан кылчайып карап турган чактары. "Кайсы күнү прокуратурадан санкция келип, мени кармап кетет?"-деген ой көпчүлүгүнүн мээсинде ойноп жатат. Ал гана эмес жайкы эс алууга кеткен боюнча кайрылбай жүргөндөрү да бар. Тартип коргоочулардын мындай аракетин көрүп, "Эми бир нерсе болот го"-деп, оң жагына ой жоруйсуң. Бүгүнкү күндү карап туруп, "Чын эле коррупция менен күрөш болуп жатабы, же баягы эле компроматтардын парадыбы?"-деген суроо жаралат.

Азыр элдин көбү жакасын карманып, "Кимдер бизди башкарып, кимдер менен жашап жатканбыз?"-деген ойдо жүрүшөт. Бир кездеги "тың чыкма буудандардын" минтип, элдин алдында беттери ачылып жатканы кимди болбосун ойлонтот. Мамлекетти кимдер башкарып жатканын, ага башкарылып турган эл кандай жашап жатканын дагы деле болсо түшүнө элек экенбиз. Жаратылыштын тандоо мыйзамы боюнча алдуусу алсызын жок кылып отуруп, жалаң күчтүүлөр калган коомдо гана чоң жарылуу болот эмеспи. Кыргызстан дал ушул кырдаалдын үстүндө жашап жатат. Анткени, эл эчак эле чиновниктердин жасаган иш-аракеттерине, мамлекетке карата жасаган кара санатайлык ишине жеңилип берген. Жеңүүгө күчү жетпей калган. (Эки революция бул - түпкү максатына жетпей калган саясий акт). Эми минтип, элдикин бөлүштүрүп бүтүп, (б.а. элди жеңип) бөлүп алууга эч нерсе калбай калганда, бири-бирине көз артып, ошонун аркасынан абийирлерин ачууга кез келди. Же биз муну, "Чыныгы коррупция менен күрөш башталды"-деп түшүнсөк болобу? Эгер күрөшүп жатат десек, анда күрөшүп жаткандар деле, күнөөлөнүп жаткандар деле мурдагы эле адамдар да. Ошондуктан, азырынча биз учурдагы болуп жаткан иш-аракеттерди "Компроматтардын кагылышы"-деп турганыбыз жөн болор. Эгер чыныгы күрөш болсо, анда анын да натыйжасын көрөрбүз.
Саясатта компромат деген ар кимге атак алып келүүчү бир гана оригиналдуу оюн бар. Бул башка саясий аракеттерден айырмаланып, компромат койгондорго да, ага ээ болгондорго да атак алып келет. Башкача айтканда калк ичине бат таанылат. Мындай аракет менен бири-бирин ээрден шыпыруу оңой ишке ашып келет. Ошол себептен "Компроматтардын согушу"-деген атты бербешсе керек. Анткени, бул аракеттер айрым учурда катуу жаңжал менен коштолору чындык. Кыргыз саясатында компроматтар үчүн мамлекетке чоң пайда алып келүү, коомдук турмушту оң нукка буруу негизги критерий эмес. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө бир адамга тагылган компроматтык материалдар дүйнөлүк маалымат каражаттары, басылмалар аркылуу миллиондогон тираждар менен басылып, миллиондогон акчаларга сатылат. Компроматтын негизги куралы массалык маалымат каражаттары болгондуктан, алар анын булагын билсе, далили менен тапса анда өтө чоң суммада анын ээсинен сатып алат. Бул - компроматты таба жана аны колдоно билген адамдын "табылгасы". Ал эми калган ишти мамлекеттик укук коргоо органдары акырына чыгарып, коомго пайдалуу, калыс чечим чыгарат. Кыргызстанда болсо, бирөөнө күнөө таккысы келген адам биринчи гезит, же теле менен жең ичинен макулдашып, аларга тескерисинче "Чыгарып бер"-деп акча төлөп, анан жарыя кылат. Ага салыштырмалуу биздин коомдо "компромат" деген кызматтык орундарга, чоң-чоң стратегиялык объектилерге, же болбосо, жөн гана жашыл акчаларга алмашылып тим болот. Буга "Баягыда тиги минтип айтты эле, эмне болду?"-деп аркасынан эч ким түшүп кызыкпайт дагы. Башкача айтканда күнөөнү койгон да, кайра актаган да ошол киши болуп чыга келет. Мыйзам менен жашаган өлкөлөрдө компроматы далилдүү фактыларга негизделип, аны коомчулукка алып чыгууга белсенген адамдын саясий эрки жана саясатта орду болот. Заказдык ушактар менен чыкпайт. Биринчи кезекте өзүнө бекем саясий тыл жасайт. Кызмат менен акчага алданбайт, сатылбайт. Андан сырткары компромат коюлган адам мамлекетке, же жеке адамдарга канча чыгым келтирсе, аны сот төлөтүп берет. Эң негизгиси компроматты койгон адамдын көрсөтмөсү, койгон далили бурмаланбайт, жеңилдетилбейт, же оорлотулбайт. Бул идеалдуу компроматтын жана компроматисттин образы. Биз кетирип жаткан чоң кемчилик дагы дал ушунда. Анткени, ошол эле эл алдында өзүн абройлуу сезген адамдар бири-бирине карата компроматтарды айтып чыгуу менен анын акырына чейин чыгышпайт, сөзсүз түрдө бурмаланат. Бурмаланганы аз келгенсип, айтарын айтып алышып, кайра өздөрү бузулат. Адатта, компроматтардын согушу жогортон төмөн карай башталат. Анткени, жогору жактагылардын өз ара кагылуусу, акырындык менен айылдын, уруунун деңгээлине чейин түшкөн убактар бар. Азыр компроматтардын эң популярдуусу саясий партиялар "Ата-Мекен" менен "Республиканын" ортосунда болуп жатат. Иш жүзүндө партиянын төрагасы, же "ээлеринин" ортосунда күрөш жүрүп жатат. Мындай дегенибиз, бул эрөөлгө эки партиянын бардык эле мүчөлөрү кызыкдар эмес. Анткени, партиясы ар башка болуп, мандатты эки башка ураанды карманган партиядан алганы менен саясатка барып көздөгөнү бир эле нерсе. Ал - мамлекетти жеке пайда көрүүчү ишканага, элди болсо, арзан жумушчу күчкө айландыруу. Ушундай максат коюп келген адамдар үчүн партиялардын ортосундагы тиреш чыгаша гана алып келери бышык. Азыр Бабанов менен Текебаевдин, Текебаев менен Абдрахмановдун, Исаев менен Бабановдун, Ташиев менен Коркмазовдун, ж.б ортосундагы мамиле жеке гана кызыкчылыктардын алкагында жүрүп жатат. Ошондуктан, алар өз мүдөөсүнө жеткенден кийин коюлган кинелерди кайрадан алып коюулары, же жөн эле дудук болуп калары да мүмкүн. Компроматташуу жагынан абдан алдыда баратабыз, бирок бардыгы соттун чечимин күтүп жатат. А соттор адилет чечим чыгарып береби (?), бул дагы чоң суроо.
Компраматтар ушунчалык кулач жайып жатканда, прокуратура биринин артынан бирине иш козгоп жатканда, президент Атамбаев бир да жолу үн ката элек. Бул мүмкүн анын саясаттагы тең салмактуулукту кармоо принцибидир, же коррупция менен күрөшүүнүн жүрүшү катары баалайбы? Эгер чынында ушундай болсо, анда компроматтар жана ага улай прокуратура тарабынан козголуп жаткан иштер акырына чыгарылса, жакшы. А эгер тескерисинче, кайра артка кайтарылып жаткан, же күнөөлүүлөрдү качырган фактыларга карата унчукпай турганын уланта берсе, анда бул президенттин принциби эмес, муну жөн гана "Саясий мококтук"-деп баалаш керек. Президенттин оюн уккусу келгендер азыр деле четтен чыгат.
Чындыгында, азыркы кырдаалда компроматтын мүнөзү бир адамга багытталып жатканы жана анын аркасынан министрлер кабинети бүтүндөй тарап, Бабановдун жакындары саналган Казакбаев сыяктуу бир гана Республикачыл министрлер кетип, дээрлик Өкмөттүн мурунку курамындагылардын 70 пайызынын ордунда калуусу бул коомдо суроону жаратты. Анүстүнө, министрлерди Бабанов жалгыз өзү даярдап, шайлаган эмес. Эгерде бир адамдын айыбын ачуу үчүн гана Өкмөт алмаша берсе, анда министрлик орундарды кайрадан кудалап, соодалап, коррупция менен трайбализмди андан ары өнүктүрүүнү кандай кажети бар?! Эгер компромат чыныгы фактыга жана далилге толгон болсо, премьерби, же спикерби, аны кызмат ордунан колуна кишен салып, сот күнөөсүн далилдесе болот да. Ал эми бийлик бутагына арбитр болуучу президент айтылган компроматтардын акырына чейин таза, адилет иликтенишин өзү көзөмөлгө алышы керек. Буга өлкөдөгү түзүлгөн азыркы кырдаал толугу менен жооп берет. Мыйзам токугандар менен мыйзамды турмуш жүзүнө ашыра тургандар ич ара бири-бирине сокку уруп жатат. Анын илебинде прокуратура менен УКМК да кыймылдоодо. Бирок, ич ара күрөштүн аягы парламентти таратуу менен аяктаса, анда кайрадан шайлоо башталат. Эң жоопкерчиликтүү убак ошондо келет. Анткени, парламент тарап, Өкмөт "милдетин аткаруучулардан" туруп калса, жоопкерчилик президенттин мойнуна түшөт. Парламенттин тараганы бул - депутаттардын трагедиясы эмес, бул кайрадан ар кайсы саясий күчтөрдүн, сырткы күчтөрдун активдешүүсү. Эгер азыркы жүрүп жаткан компроматтар согушу ушактын деңгээлинде калса, анда бул "Парламентти таратабыз!"-дегендерге чоң шылтоо болуп берет. Негизи эле саясаттагы компроматтын башаты бул шайлоо эмеспи. Депутаттар, саясий партиялар дайыма шайлоого даяр туруучу саясий топтор. Шайлоо бул бардык нерсени көрсөтө туруучу чоң саясий сахна. Ал эми компромат шайлоодо айтыла туруучу негизги сөз. Анын маңызы политологдордун айтуусу боюнча - адамдарга ишеним берүү жана ишенимин жоготуу, ошондой эле кыска аралыкта чоң атакка жеткизүүчү жол.
Элизат
Турсунова