Эми Текебаев соттолобу?
Кызыгы күн санап күчөп бараткан "Ата-Мекен" фракциясынын депутаттары арасында акыйнек айтышуулары акыры аларды сотко чейин жеткиргени турат. Бул фракциянын дагы бир өкүлү Болот Шер жердеш иниси Өмүрбек Бабановго "ок белекке берип" коюп, кайрадан саясий аренадан көрүнбөй калды эле, эми болсо "Текебаевди так чекеге атып салам"-деген дагы бир депутат Өмүрбек Абдрахманов, "Эл өкүлү мага кол салгандыгына байланыштуу жана кызмат этикасын сактабаганды үчүн"-деп Баш прокуратурага атайын арыз менен кайрылып, мурдагы лидерин эки жылга соттоп берүүсүн өтүнгөн катын жөнөттү. Минтип бири-бири менен соттошо беришсе жакынкы күндөрү "ата-мекенчилердин" катары такыр эле суюлуп кетчүдөй.


Арапбаевдин бизнесине "ашыктар"
Ош облусунун Араван районунда бир жумадан бери тынч жаткан элди экиге бөлүп, жолду бузуп жатасың шылтоосу менен "ата-журтчу" депутат Азамат Арапбаевдин бизнесине көзүн арткан кесиптештери Мирлан Бакиров менен Элмурат Обдуновдор куру жалаа менен ал жердеги цемент заводун токтотууга кызыгып жатышат. Себеби эң жөнөкөй. Алгач айрым адамдарды жалдап чыгарып, акырында күркүрөп иштеп турган ишкананы ээсинен тартып алуу. Анткени, бул цемент завод түштүк аймагында кирешелүү жана мамлекеттик казынага бир канча миллиондогон салык төгөт. Анын жарыгын ошол эле жергиликтүү эл көргөнүн эске алсак, бул эки депутат кесиптеши Азамат Арапбаевдин бизнесин бекер тартып алышып, "Морадерлуктун жаңы үлгүсүн жарнамалаганы" турушат.


Кайрадан спикерлик талашта
Бейчеки сүйлөбөгөн, баскан изи салмактуу азыркы "КСДПчы" спикер Асылбек Жээнбековдун жогорку бийлик сересиндеги саясий карьерасы бүтүп баратат. Жаңы коалиция түзүлүп, кызмат орундары устукандай ар кимисинин көңүлүнө жараша бөлүштүрө башталганы спикерлик орун да андай бөлүштүрүүдөн кур калган эмес. Жогору жакка экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду кызматынан кетирүүдө барандуу салым кошуп берген "Ар-Намыс" фракциясы кылган кызматтарына спикерликти сурап жатышат. Албетте, мындай кадам тар чөйрөдө мындан он күн мурда эле чечилип, ал орунга чүйлүк депутат жана мурдагы КГБчы Токон Мамытовдун талапкерлиги каралган. Азыр бул орунга татыктуу катары Токон Мамытовдун кандидатурасы жактырылып, бул депутатка токтошту. Ал ортодо чекист мырза коомчулукту дүрбөтпөөнүн амалы кылып бир жумага бүгүн алгач Арменияга, андан соң АКШга учат.


Бакиев Путинсиз келбейт
Эки жылдан бери Бакиевдерди Кыргызстанга экстрадациялоо боюнча кайрылбаган жери, кирбеген эшиги калбаган "Мекен Шейиттери" жана "Айкөл Ала Тоо" коомдук кыймылдары бул ирээт ажо Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасап киришип, "даттанып" чыгышты. Тилектери бир гана Бакиевдерди Кыргызстанга алып келип, кылмышына жараша жоопко тарттырып берүү. Мындай "даттанууга" өз кезегинде Алмаз Шаршенович жооп кылып, жакында өлкөгө орус президенти Владимир Путин келсе, Лукашенконун кылыгы тууралуу "ага даттанарын" айтты. Президенттин сөзүнө ишенсек бул ишке үчүнчү тарап катары орус бийлиги киришпесе, бизди Белорусь бийлиги чымын конгондой да көрбөй жаткансыйт.


Чыныгы мусулмандар митинг өткөрөт
Жыйырма биринчи сентябрда Кыргызстандын АКШ элчилигинин астында "Бейкүнөө мусулмандар" аталышындагы көркөм тасмага каршы митинг болот. Мунун уюштуруучусу кыргыз "Жириновскийи" Нурлан Мотуев.
Азыр дүйнөнү чатакташтырып, мусулман мамлекеттеринде бул кинонун жүрүшү чоң талкууну жаратып жаткандыгын эске алган биздин расмий бийлик да Тышкы иштер министрлиги аркылуу өз билдирүүсүн таратып, мындай чагымчыл көркөм тасмаларды көрсөткөндөрдү жана тарткандарды күнөөлөп чыкты. Ал ортодо дагы бир молдо депутат Турсунбай Бакир уулу буга каршы пикет даярдап жатат.


Соттор жаңыланды
"Соттор соогат сурай берип бул тармакты талкалашты, азыр аларга калктын сексен пайызы ишенбейт"-деген Акаевдик аксиомага ишенип алган азыркы бийлик жалпылап Жогорку сотту эки жылдан бери шал абалына алып келип койгон. Асманда асылган абалда турган Жогорку соттун судьялары толук кандуу ишке киришти. Жогорку Кеңештин, президенттин, жарандык коомдун элегинен өткөн бул жогорку орган кечээ өз төрайымын орун басарлары менен кошуп шайлап, билек түрүнө ишке кирди. Жогорку Соттун төрайымы болуп Феруза Жамашева шайланса, орун басарларына Канатбек Турганбеков, Гүлбара Калиева, Бактыгүл Аманалиевалар бекиди.


Морадерлук бүтүп, уурулук башталды
Талоончулук менен күнөөлөнүп, "Бакиевдин байлыгын талап алышкан"-деген айып менен шектелип жаткан депутат Райкан Төлөгөновдун дагы бир "кылмышы" ачылды. Кесиптеши Назарали Ариповдун айтымында мындан бир канча убакыт мурун жоголгон уулунун жана дагы эки кесиптештеринин балдарынын велосипеддери коңшусу, улуу жазуучу Касымбековдун баласынын үйүнөн табылган. Көрсө Райкан Төлөгөновдун үйүнөн өрт чыгып, аны өчүрүүгө барган кесиптештери анын балконунда катылуу жаткан "шайтан арабаларын" жетелеп кетишиптир. Бул боюнча депутат Назарали Арипов расмий түрдө билдирип, жоголгон велосипеддер Райкан мырзанын үйүнөн табылганын тастыктады.


"Кереге-ПРЕСС