Тибиртке башка жериңе
Тил мурас эле эмес, байлык дагы...
Кыргыз тилин аксакалыбыз Турдакун Усубалиев Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп турганда ошол кездеги Кремлде отурган орус шовинисттерине басып берген, ошондон бери бутуна тура албай жатат.

Ыраматылык Исхак Разаков биринчи катчы мезгилинде андагы Фрунзе, азыркы Бишкекке кыргыз бала бакчаларын ачтырып, орус мектептерине кыргыз тили сабактарын көбөйттүрүп койду эле, тилекке каршы, бул өз мекенинин чыныгы уулу эли үчүн жасаган иштери кийин өз башына муш болуп берди. "Улутчул" жалаасы менен кызматынан айдалып, бир кезде өзү өстүргөн кадрлары айгак чыкканда эч кимибиз коргоого алганга жарабадык. Айтылуу акыныбыз Байдылда Сарнагоев "Ак калпак" китебин жазып, тил маселесине токтоло кетти эле, аны да токмокко алып отуруп үйүнөн алыс чыккыс кылганбыз. Эгемендик шарданы келип, опурулуп, улуттук дөөлөттөр, анын ичинде тил маселеси да өзгөчө талкууга алына баштаганда канчалаган жылдар тил көйгөйүн көтөрүп келген Түгөлбай Сыдыкбеков менен Камбаралы Бобуловдун сөөлөттүү сөздөрү бир кулагыбыздан кирип, экинчисинен чыгып жатты. Кайран гана эки залкар "Кыргыз тили"-деп жүрүп өтүп кетишти. Мына жакында дагы туура мындан жыйырма үч жыл мурун кабыл алынган мамлекеттик тил күнүн белгилөөнүн астында турабыз. Бирок, анын көйгөйүн, жеткен муратын али күнчө ооз толтуруп айткыдай сөз кыла элекпиз. Мурдагы Союздук республикалардын тутумунда турган Прибалтика өлкөлөрүнүн калкынын саны биздикинен аз болсо да улуттук-мамлекеттик тилдерин өнүктүрүү үчүн жан үрөп, элинин саны жыйырма-отуз эсе көп орус тилин чанып, ал тургай ар кандай акцияларына да моюн бербей, өзөктүк тилин сактоонун амалын кылууда. Ал эле эмес коюн-колтукташ, пикирлеш Украина мамлекети да орус тилинин үстөмдүгүнөн арылууну азыр башкы максаты катары мамлекеттик деңгээлде көтөрүп жатышат. Ал эми биздин күн карама депутаттар, ошол эле бир кездеги жана азыркы өз элинин чыгаан патриоту катары бейнесин тарттырып жүргөн Өмүрбек Текебаев 2000-жылы президенттик шайлоодо азчылыктын добушун алуу үчүн орус тилине расмий макам берүү мыйзам долбоорун парламенттен өткөрүп, тилибиздин кедергисин кетиргенге опол тоодой эмгек жасаган. Ошол мезгилден али күнчө кыргыз тилине учкашып алган орус тили ансыз да чала сабат бир ууч чиновниктерибиздин тилин чайнатып, натыйжада өз ойлорун жеткиликтүү эне тилинде, же бөтөн тилде жеткире албаган саясий элитаны даярдап жатат. Ушул өңүттөн алып караганда биз өз тилибизди өңгөлөр үйрөнсүн деп талап кылуунун өзү олдоксондук болуп жаткандай. Болбосо, учкашкан тилди кабыл албаган коңшу Өзбек, Тажик мамлекеттеринде учурда кадимкидей башка тилдердин кадырынан улуттук тилдин, башкача айтканда титулдук улуттун тили өнүп-өсүп жатат. Албетте, дүйнө бир күндө эмес, бир саатта өзгөрүп, маалыматтык технологиялар кылымы камчысын чаап турганда кыргыз тилинин тегерегинен чыкпай калалы деген бул бери дегенде дөөпөрөстүк. Ошентсе да биз аз эл, бирок мамлекеттик бардык атрибуттарыбыз бар өлкө катары саналгандан кийин биринчи кезекте тилибиздин баа-баркын, дараметин көтөргөнгө болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек эле. Тескерисинче, Мамлекеттик тил комиссиясын жөн гана көркү, же кимдир бирөөнү сооротуучу кызматтык курал катары пайдаланып, бир жылга төрт миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүүдөбүз. Мындайча айтканда, бир жакшы машиненин баасын бүтүндөй улуттук тилдин наркы менен байлап салдык. Тил маселесин өнүктүрүп, изилдеген окумуштууларыбыз болсо университеттерде кирип-чыгып алган айлыгына, эки китепти кошуп көчүрүп, үчүнчү китебинен кандидаттык диссертация жактаган кандидат, окумуштууларды даярдап, алардын берген тамагына ыраазы болуп жүрүшөт. Мыкты окумуштуу, тил илимине күйгөндөр болсо саналуу гана, же жокко эсе болуп баратат. Ушундан улам өз эне тилинде ыр окугандарды, бакылдап "Улуу Манас" баяныбызды айткандарды көргөн жаштар аларды качандыр бир мезгилдеги эски доордун калдыктары, же музей экспонаттары катары көрүшөт. Көптөгөн көөнө сөздөрдү угушканда кадимкидей эле так секиришет. Албетте, бул улуттун эң чоң кемчилиги. Парламентте, Өкмөттө, Ак үйдө отурган чиновниктер ар бир сөзүндө "эмелеп" сүйлөгөнүн көргөн келечек ээлери мындан башка болушу да мүмкүн эмес. "Канча тил билсең ошончо кишисиң"-деп, адамзат алпы Чыңгыз Айтматов эң туура айткан, бирок өз тилиңди билбесең, жерисең, анда маңкуртсуң.
Төлөгөн
Сулайманов




Соболтөр
Кыргыз тили мамлекеттик тил боло алдыбы?
Назаркул Ишекеев,
профессор:
- Кыргыз тили мамлекеттик тил болду деп салыштырмалуу айта алам. Себеби, Совет доорунда бул маселе көтөрүлчү эмес, көтөрүлүшү да мүмкүн эмес эле. Ушул жаатынан алганда азыр тил маселесинин көтөрүлүп жатканы азаттыктын чоң жемиши. Ошол эле маалда көп көйгөйлөр бар. Атай кетсек, билим берүү, медицина, күч структураларындагы иш кагаздарынын расмий тилде иш жүргүзүшү чоң кемчилик болуп жатат. Өзгөчө орус тилдүү мектептерден билим алып калган жарандар кыргыз тилин билбей калат. Айрым тоң моюн адамдар орус мектептен окуганын шылтоо кылат. Кээ бири кайрадан кыргыз тилин окуп, үйрөнүп, аракет кылышууда. Кыргыз тилинин өнүгүп-өсүшүнө патриоттук сезими жок жарандардын залакасы тийүүдө. Кыргыз тилинде сүйлөй билүү жана тилди сыйлоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Жөнөкөй сөз менен айтканда жаштарды азыктандырып, кыргыз тилинде сүйлөөнү "модага" айландырышыбыз керек.


Рыскелди
Момбеков,
Мамлекеттик тил
комиссиясынын
төрагасы:
- Азырынча толук кандуу боло элек. Кыргыз тилинин мамлекеттик макам алганына 23 жыл толуп олтурса дагы толук кандуу иштер жүргүзүлө элек. Кыргыздар менен "киргиздердин" күрөшү ар дайым жүрүүдө. "Чала молдо дин бузат дегендей"-чала кыргыздардын залакасы тийүүдө. ЮНЕСКОнун тараткан маалыматына ылайык кыргыз тили жок болуп бара жаткан тилдердин катарына кирет экен. Муну менен эмнени айткым келет. Азыр биздин өлкөдөн 1млн. жаран мигрант болуп сыртта жүрөт. Ошол адамдардын балдары да кыргыз тилдүү мектептер болбогондон кийин, тилин жоготуп жатат дегенди түшүндүрөт. Экинчи маселе орус тилин расмий тил атоонун шылтоосу менен азыр көпчүлүк иш кагаздар, мамлекеттик жыйындар расмий тилде өтүүдө. Андыктан, мындай тоскоолдуктар менен күрөшүү кыйынга турууда.


Алым Токтомушев,
журналист:
- Азыр мамлекеттик тил деп аталып жатканы менен аты бар, заты жок болуп жатат. Бирок, Кыргыз мамлекети болгондон кийин кыргыз тили мамлекеттик тил деп аталышы шарттуу. Азырынча мамлекеттин бюджетинин чама-чаркы жетпейт. Толук кыргыз тили мамлекеттик тил болушу үчүн көп нерселер талап кылынат. Мисалы, жөнөкөй эле мектепте кыргыз тилиндеги окуу куралдарынын жетишсиздиги далил болуп бере алат. Официалдуу жана официалдуу эмес иш кагаздары дээрлик орус тилинде жүргүзүлөт. Анын баарын кыргызчалоого мамлекет да, элдер да даяр эмес. Бирок, акырындык менен кыргыз тилине которулуп жатканын байкоодобуз. Буга убакыт керек. Ал эми экинчи чоң маселе маалымат мейкиндиги орус тилинде кеңири тараган. Кыргыз тилинде маалыматтар аз санда. Барыбыз маалыматты орус тилинде алуудабыз.


Сыртпай Мусаев,
филология
илимдеринин
доктору:
- Тилдин өнүгүүсүнө элдер жана эл башчылары кам көрбөсө тил эч убакта өнүкпөйт. Тил илиминин тарыхында тилдин жаралышы элдин муктаждыгын канааттандыруу үчүн келип чыккан. Тилдин ээси эл. Биздин мамлекетте кыргыз тилине толук ыйгарым укук берилип, токтом кабыл алып коюу менен маселе чечилип кетпейт. Ошону түшүнүшүбүз керек. Толгон-токой мыйзамдар жазылып жатат. Кеп анын жазылышында эмес, мыйзамдын аткарылышында болуп жатпайбы. Азыр айрымдар айтып жаткан орус тили бай жана башка деген жасалма көз караштар илимий жактан туура эмес. Кыргыз тили макамына ылайык көтөрүлө албай келет. Буга биринчиден эли-жерин ойлобогон, мекенин сүйбөгөн, улут үчүн күйбөгөн кыргыздар, эл башкарган маңкурт чоңдор кыргыз тилинин өсүп-өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип жатат.


Каныбек
Иманалиев,
ЖК депутаты:
- 1990-жылга салыштырмалуу боло алды десек болот. Эң негизгиси Чүй, Бишкектен башка алты областын калкы 100% кыргыз тилинде сүйлөп, иш кагаздары мыйзамда жазылгандай кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө. Кыргыз тилинин өнүгүүсүнө тоскоол болгон төрт фактор бар. Биринчиси, кыргыз тилин үлгү катары алып жүргөн интеллигенциясы болушу керек. Акын, жазуучулар, мыкты жазган журналисттер, сүйлөө маданияты жогору теле-журналисттер бүгүнкү күндө жокко эсе. Экинчиси, каражат жагы, мисалы, китеп чыгаруу үчүн кыргыз тилинин методикасын окуп үйрөтө турган китептерди чыгаруу зарыл. Үчүнчүдөн, кыргыз элинин улуттук аң-сезимине байланыштуу маселе. Тилге жоопкерчилик менен мамиле кылып, өзүбүз жакшылап окуп, үйрөнүп башкаларга да үйрөтө билүүбүз зарыл. Төртүнчүдөн, тил илимин өнүктүрүү керек. Азыр филология илимдеринин кандидаты көп, бирок, тилдин өнүгүшүнө негиздүү салым кошкон илимий эмгекти көрө элекмин.


Даярдаган Назгүл ЭСЕНГУЛОВА