Эшимкановду эскерип...
Тилектештик күндөгү тиреш
8-сентябрь - журналисттердин эл аралык тилектештик күнүндө МЕЛИС ЭШИМКАНОВ атындагы фонд журналисттер жана чыгармачыл адамдар арасында бильярд жана шахмат боюнча турнир өткөрдү. Турнир "Дасмия" эс алуу борборунда болуп, ага бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Бильярд боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү болуп:
1-орун Ренат Турганалиев, НБТ
2-орун Тынчтык Алтымышев, "Алиби" гезити
3-орун - Бахтияр Тукеев, КТРК
Кыздар арасында:
1-орун Гүлнур Асанова, ырчы
2-орун Сымбат Максүтова, "Эркин тоо" гезити
3-орун Аскер Сакыбаева, "Жаңы Агым" гезитинин баш редактору табылды.

Шахмат боюнча алдыга чыккандар:
1-орун Асыкбек Оморов, жазуучу
2-орун Түгөлбай Казаков, КТРК
3-орун Курманбек Турумбеков, эркин журналист
Турнирге катышуучулардын өтүнүчү менен Фонд кесиптештер арасында ынтыкмакты чыңдоо максатында мындай спорттук мелдештерди жыл сайын өткөрүп турууну көздөйт.
Быйыл белгилүү коомдук ишмер, таланттуу журналист Мелис Эшимканов 50 жашка толмок. Бул датага карата Мелис Эшимканов атындагы фонд бир катар иш-чараларды өткөрүп келет. Жай башында фонд кичи футбол боюнча Мелис Эшимканов кубогун өткөргөн.


Асель Эшимканова:
"Адам ар кандай болот экен"
- Асель айым, Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд түзүп, бүгүнкү күндө ар кандай сынактарды, спорттук таймаштарды өткөрүүдөсүз. Фонд кандай максатта түзүлдү жана кимдер колдоо көрсөтүүдө?
- Фонд Мелис өтүп кеткенден кийин түзүлдү. Фонддун салтанаттуу ачылышына бардык кесиптештерин, журналисттерди, ошол эле саясатчыларды чакырганбыз. Биз идеяны көтөрүп чыгып, өзүбүз, достору, Ф. Кулов, К. Байболов өңдүү саясаттагы пикирлештери колдоо көрсөтүп беришти. Атап айтсак, К. Байболов ошо фонддун кызматкерлери үчүн иш кеңсебизди камсыздады. Ал эми сиз айтып жаткан сынактарды, спорттук беттештерди өткөрөр алдында биз досторуна алдын ала айтып коёбуз. Келип колдоо көрсөтүп турушат.
- Мелис аганын дүйнө салганына билинбей эле жыл айланып калды. Эстелигин тургузуу, ашын өткөрүү кандай жолго коюлууда?
- Ушул айдын аягында Мелистин ашын өткөрөлү деп жатабыз. Эстелигин Мелистин көзү өткөндөн кийин эле "Ат-Башы" коому мойнуна алып, тургузуп берели дешкен. Ал эми мамлекет тарабынан эч кандай сунуш да, колдоо да болгон жок. Биз дагы жардам сурап, кайрылган жокпуз.
- Жолдошуңуздун көзү тирүүсүндө жандап жүргөн достору менен үй-бүлөлүк катышты улап келесизби?
- Тилекке каршы, адам ар кандай болот экен. Мелистин арты менен бир топ адам саясатка аралашып калган. Атүгүл, Мелистин көзү тирүүсүндө жанынан айланчыктап чыкпаган достору, саясаттагы пикирлештери бүгүн таптакыр тааныбаган адамдай мамиле кылып келишет. Бирок, аларга таарынбайм деле. Мүмкүн, алар да көр тирликтен бошобой жатышкандыр.
- Фонд алдыга кандай иштерди максат кылууда?
- Буга чейин жакшы саамалыктарды баштап койгонбуз. Эми акырындык менен баарын иш жүзүндө аткарып баштадык. Фонддун атынан калеми курч, окуяны так жана туура чагылдырып, анализдеген таланттуу журналисттерге сынак жарыялаганбыз. Бул сынак жыл аягында жыйынтыкталып, жеңүүчү акчалай байгеге ээ болот. Андан тышкары фонддун интернетте www.eshimkanov.kg ырасмий сайты да иштеп жатат. Аталган сайттан биздин алдыдагы иш-чаралар жана аткарган иштер тууралуу маалымат алып турсаңыздар болот.
Анарбек АБАЗБЕКОВ





Бала бакчада
Чыт
курсактар чыры

- Бейчи?
- Бейбейм.
- Бе-ейчи, суяп атам го...
- Ики, бейбейм! Меңки!
- Ме сага, бейбесең!
- Ох-х... неңдуяйын... имне муштайсың?!
- А имне өзүң бийинчи тийишесиң?!
- Качан мен тийиштим? Сен баштабадыңбы...
- Эй, сен бийинчи баштабадыңбы!
- Мына сага баштаган!.. Чуволуш десе!..
- И-ий, көсү-үм аай, нең-ңди десе... Хадж байкеме айтам!
- Менчи аныңдычы ийе, Камчы байкеме айтып, жанчытам!
- А менинчи ийе, писталетим бар да! Ошо менен "тарс" деп атып таштайм.
- А менин Фелик байкем сатыпейген военний самалетум бай. Байыңайды бомбалап салам!
- Калп айтпа! Аны деген оюстайга сатып ийген деп Камила эжем айткан.
- Сатканмес, ишенбесең Асил байкемен суя.
- Сен ууюсуң!
- Өзүң ууюсуң! Апйиелде бүт ууйдагансың!
- Сен деле и-иттей толтуя алтындайды, акчалайды ууйдагансың!
- Сени элдин баайы билет, сен килейге-ен, мо-ондай чоң коюппсийонейсиң!
- Билесиңби, сен келесоосуң!
- А сен жиндисиң! Ме, сага!.. Чекеңди жаям!..
- И-ий, ох-х-х... Апа-а, башымды жайды-ы! Жылдызкан апа-аа!!!
- Гүңдүганагөрүйүн, чечектер! Дагы эмне болуп кетти силерге!
- Мойеки мени уйуп атат.
- Өзү бийинчи меникин талашып баштады.
- Баскыла, жаагыңарды! Ансыз да элге уят кылып бүттүңөр! Горшогуңарга түз отуруп, мыйзамыңарды жазгыла!..

АЗАКЕ