"Кокон короздор"
Илгертеден өзбек, тажик элдери көпчүлүк чогулган жерде, той-аштарда короз уруштуруп, кызыгына батып келишет. Бул салт азыркыга чейин сакталып келген. Ал тургай айрым маалыматтарга караганда, тамашанын бул түрүнүн баа-баркы көтөрүлүп, кимисинин корозу мыкты урушса жеңгенине автомашина да байге катары берилип келет.

Ал эми мыкты короздордун куну бир канча миңдеген жашыл "сөлкөбайларды" чапчыйт. Андай короздор катардагы чөп-жем менен багылбай, таруу, буудайдын жогорку сорту менен тамактанышат. (Кудум биздин Жогорку Кеңештин депутаттары элдин эсебинен жогорку маяналарды алып, мамлекеттин ак сарайларына жашап, кызматтык унаа минишип, анан жалаң күн сайын "Кул жебестерден" жешип, ак сөөк болуп алгандарындай). Бул урушта мыкты "Кокон короздору" кызык оюн салып, көрөрмандардын бүйүрүн кызытып урушкандары эле болбосо, негизинен, эч бир пайдасыз. Бул жагынан да дал ушул биздин күн алыс урушуп, талашып, нукушуп отурган депутаттарыбызга окшош. Элдин бүйүрүн кызытып урушушат, талашышат, чапан-калпак кийгизишет да, бирок, эч бир коомго пайдалары жок. Тарыхый жамаатташтык жана чек ара жагынан жакын болгондуктанбы, же азгырыгы арбынбы, айтор, биздин бир топ мурдагы-кийинки депутаттар бул "Кокон короз" оюнунун ышкыбоздору. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары менен чектеш Өзбекстан аймагынын чек ара тилкесинде бул оюн күз келгени күчөп, ар апта, же базар сайын болуп турат. Оштун өзүндө деле мындай мелдеш өтөт. Ошол оюнга катышкан айрым эл өкүлдөрүн көзүм чалып калганы да бар. Минтип бул "Кокон короздор" оюнун берилип сүрөттөгөнүмдүн себеби, биздин азыркы депутаттык корпус, ала кушту атынан атаганда учурдагы парламент депутаттары "Кокон короздорунан" айырмасы жок. Көрүүчү катары таңданып турган шайлоочуларын элес албай, популисттик кадам менен бирине бири чукчуңдоосу, алдуусу алсызына кыр көрсөтүүсү мындан башка сөз айттырбайт. Кайсы бир аксакал коомдук ишмер агабыз "Азыркы парламент цирктен айырмасы жок болуп калды. Депутаттардын деңгээлин, сүйлөгөн сөздөрүн, чокушкандарын, оң-тетири билдирүүлөрүн карап отуруп циркке баруунун деле кажети жок"-дегени бар. Болбосо мыйзам жазып, шайлоочулардын көйгөйүн чечкендин ордуна тар кызыкчылыктан чыга алышпай, бири-бирине муш кезеп, сөөмөй сунуп, мурдуларын талкалап отурушу буларга эле эмес, жалпы мамлекеттин бетине көө жаап жатат. Башкача айтканда, партиялык парламентаризмдин "Кыргызча жоругун" бүт дүйнөгө далилдеп, айрык этегибизди өзүбүз көтөрүп жатабыз. Президенттик-авторитардык бийликти мыкчып отурган КМШ мыкчыгерлери биздин жолоюбузду көрүп, жолубузга түшкөндөн үркүп турганы жашыруун эмес. Албетте, дүйнө парламентарийлери сымал конкреттүү маселелерде, позициялардын, же идеологиянын алкагында чабышып-чарпышса жалпы коомчулук колдоого алып, көп нерселердин башаты ачыкка чыкмак. Тилекке каршы, андай болбой биздин депутаттар тар кызыкчылык менен "Мандатыңды бер, сенин ордуңа башка киши келиши керек, акча бербей жатасың, лидерге каршы сүйлөбө, өз билген намазыңды окуба" сымал маанайда "Кокон короз" чокушмайын салып жатышат. Депутаттык этиканы айтпаганда да эң жөнөкөй жигиттик шарттары кечишип, "Кетем, чыгам"-деп, жатып "Ата-Журт" фракциясынын андагы лидери Камчыбек Ташиев менен азыркы лидери Садыр Жапаровдун "мордасы" азыркы өнөктөшү Алтынбек Сулайманов тарабынан "түздөлгөн". Азыр болсо Камчыбек Кыдыршаевич мурдагы партиялаш депутаты Хаджимурат Корхмазовду жекеме-жекеге чакырып жүрөт. "Ата-мекенчи" депутат Акылбек Султанов партиялашы Жоомарт Сапарбаевди суу куюлган бөтөлкө менен чаап жиберсе, ошол эле фракциянын депутаты Болот Шер укуктук-соттук негизде өз кадыр-баркын коргоонун ордуна мурдагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановго коомчулукту каратып туруп ок жөнөттү. Мындай жагдайда криминал, болбосо көчөдөгү жөнөкөй эле боз баш балдар бири-бирин дуэлге чакырары турулуу иш эмеспи. Анан калса кайрадан ошол эле фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев мурдагы партиялашы, Өмүрбек Абдрахмановду бөйрөккө согуп, "Мандатыңды тапшырып кой, мен сени кетирем"-деген өзүнө таандык гана "жести" жийиркенгенден башка сый-ургал алып келбейт. Ал эми берки Өмүрбек Абдрахманов да кезегинде жөн калбай "Эми бир жолу Текебаев мага карата атырылса, жулунса, жаман иштерге барса, мыйзамдуу тапанчам менен так чекеге атып салам"-деп, расмий билдирди. Коомдун күзгүсү болгон кыргыз парламенттеринин депутаттары ушинтип "Кокон короздорунча" бирине бири сөөмөй кезеп жатканын көргөн жалпы калайык кандай ойдо каларын эч кимиси элес албай жаткандай.
Төлөгөн Сулайманов




Бүгүнкү эл өкүлдөрүнүн жүрүм-туруму этикага сыябы?
Анарбек Усупбаев,
коомдук ишмер:
- Парламентаризмдин табигаты талашып-тартышуу. Бул туура. Депутаттардын Жогорку Кеңеште айтышып, мушташууга чейин барып, бири-бирине ок тартуулап, "Атып кетем!"-өңдүү сөздөрүнүн чыкканы жакшы. Бул нерсенин коомго ачык жарыяланып жатышы да чоң жетишкендик. Анткени, элдер кимдин-ким экенин билет. Азыр Жогорку Кеңеште тазалануу процесси жүрүп жатат. Ок тартуулап, бири-биринин уурулугун ачышууда. Айрым адамдардын "Бизге тынчтык керек, стабилдүүлүк болбой жатат"-деген сөздөрүнө кошула албайм. Эгер эл өкүлдөрү тынч жатып алып, ичип-жеп, уурдап олтура берсе мамлекетке зыянын тийгизгенден башка пайда алып келбейт. Андыктан, ачык мушташып, чыныгы жүздөрүн көргөзгөнү жакшы. Буларга кылычты колуна карматып, бирок, калкан бербеш керек. Канчалык кырылыш болуп турса, саясаттагы иштер элдин көз алдында ачык-айрым болот.


Кубатбек Чекиров,
журналист:
- Албетте, Жогорку Кеңештин депутаттарынын бүгүнкү күндөгү жорук-жосундары мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик этикасына туура келбейт. ЖК жыйындар залында бирин-бири жакалап, сөгүшүп, жаш баланын кыялын көргөзүп жаткандары жаман көрүнүш. Бир чети куттуу жерде ЖК жыйындар залында эң жоопкерчиликтүү мыйзамдарды талкуулоо жүрбөй эле, ушак-айыңдардын териштирилип жатышы эң өкүнүчтүү. Ал эми бири-бирине ок тартуулагандарында, "Атып кетем!"-деген сыяктуу сөздөрүндө жеке пикиримде эч кандай мамлекеттик кымындай кызыкчылык жок. Бул көрүнүштөр жеке өзүн коргоо, же жеке амбиция десе болот. Журналисттик тил менен айтканда, саясаттагы "пиар" жакшы иштеп жатат. Эл өкүлдөрүнүн ушундай көрүнүштөрүн жалпыга маалымдоо каражаттары болгонун болгондой ыкчам чагылдырып туруу элибизге саясий элитанын деңгээлин билүүгө жардам берет.


Рахатбек
Ирсалиев,
экс-депутат:
- Азыркы парламентти таратыш керек. Беш миллион элге жүз жыйырма депутаттын кереги жок. Депутаттардын санын азайтып, мыйзам жазууну жакшы билген алтымыш, же жетимиш депутат болушу зарыл. Ал эми эл өкүлдөрүнүн арасындагы жакалашуу, сөгүшүү бул табигый нерсе. Менин убагымда (III жана IV чакырылышта) деле андай жакалап, жулкулдашмайлар болчу. Буга эч кандай санаа тартуунун деле кереги жок. Негизи парламенттин трибунасын жеке кызыкчылык үчүн пайдалангандар көп. Мамлекеттин келечегин ойлогон адамдар аз. Мамлекет үчүн кызмат кылып, тарыхта калам деген киши түрктөрдүн Мустафа Кемалындай элине эмгек өтөөсү абзел да. Албетте, ал мүмкүн эмес. Бирок, депутат болобу, карапайым жаранбы, кай жерде жүрсө дагы өзүн маданияттуу алып жүрүшү зарыл нерсе деп ойлойм.


Улан Эсенкожоев,
"Кыргызстан жаштар кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы:
- Жеке оюмда "Бардык эл өкүлдөрүнүн жүрүм-туруму начар"-деп айтууга болбойт. Анткени, айрым депутаттардын этикасы абдан жогору. Тилекке каршы, кээ бир депутаттардын этикасы өтө төмөн болуп жатат. Парламенттин ичиндеги пикир келишпестиктерди дүйнөлүк алкактан алып караганда деле парламенттик өлкөлөрдө мындай көрүнүш болот экен. Биз түштүк Кореянын жана экономикасы артта калган мамлекеттердин депутаттары ушундай уруш-талашка барып жатканын билебиз. Бирок, биздин депутаттар өз кызыкчылыктары үчүн көбүрөөк күрөшүп жаткандарын баарыбыз эле байкап жатабыз. Эл өкүлдөрү саясий элита болгондон кийин өзүнүн этикасы менен башкаларга үлгү болушу керек эле. Кыргыз парламентиндеги айрым депутаттарда тилекке каршы, андай түшүнүк жок окшойт.


Заирбек
Жоошбеков,
ЖК депутаты:
- Жогорку Кеңештин депутаты катары мындай көрүнүштөр туура эмес деп эсептейм. Анткени биз элдин өкүлүбүз. Эл берген наамга этияттык менен мамиле кылышыбыз керек эле. Бирок, тилекке каршы, андай болбой жатат. Депутаттар да элдин арасынан чыккан адамдар. Беш кол тең эмес экен. Ар кимдин мүнөзү ар кандай. Катарында ачууга алдырып, эмоцияга берилип кеткендери да болуп жатат. Негизи ар кандай маселелер сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек эле. Ал эми жакалашуу, же сөгүшүү жалпы эл жана өзүбүздүн аброюбуздун алдында уят иш. Бири-бирине кол көтөрүү менен эч маселе жакшы жагына чечилбейт. Ошол эле маалда айтылган ар бир сөз далил менен болушу керек экендигин эл өкүлдөрү эсибизден чыгарып коюп жатабыз. Бирок, парламенттик башкарууда бардык мамлекеттерде талаш-тартыш болот. Биздики алардан айырмаланып, кызыл чеке болуп мушташканга чейин өтүп кеткени баарыбызды эле ойго салат.


Даярдаган Назгүл ЭСЕНГУЛОВА