Клара Ажыбекова,
"Кыргызстан коммунисттер" партиясынын лидери:
"Мени көп ирээт ууландырып, өлтүрүүгө аракет жасашты"
Тагдырды жакшы нукка буруп татыктуу жашоодо өмүр сүрүүгө ар бир жаран далалат кылат. Бирок, жашоо өз өкүмүнөн кайтпай, айрымдар тагдырга моюн сунуп кол куушуруп олтуруп берсе, кай бири ошол кыйынчылыкты жеңип, башын бийик көтөрүп, жашоодо күрөш жүргүзүшөт. Бүгүнкү каарманыбыз Клара айым да тагдыр жолу, андагы жеңиштер жана күрөштөр туурасында айтып отурду. Анда, кеп кезеги менен болсун.

- Клара айым, өмүрдө эң кымбат нерсе эмне деп ойлойсуз?
- Эң алды менен ден соолук кымбат деп айтат элем. Ден соолугуң чың болсо баарына жетишесиң. Дени кардың соо болбосо, байлыгың да, бийлигиң да бир тыйынга татыбайт.
- "Аялды "Апий"- деп ооз ачырбаган ушак, ушак эмес!"-дешет. Деги эле ушак-айыңга кандай карайсыз?
- Айым катары ушак айткандарды жактырбайм. Адам болгондон кийин ар кандай кеп-сөздөр боло берет. Анын баарына маани берип, көңүл бура берген да туура эмес. Ар ким өз деңгээлине карап ушак айтат деп ойлойм. Ал эми өзүм көргөнүмдү жана аналитикамдын негизинде жасаган ойлорду гана айтпасам, бирөөдөн уккан имиш сөздөрдү айтпайм.
- Сиз жөнүндө жагымсыз сөздөр тараса кандай акыбалда болосуз?
- Албетте жашоо турмушта ар кандай кырдаалдар болот экен. Жеке эле өзүң эмес, сенин жакындарың жөнүндө да жагымсыз сөздөрдү уксаң, жаман абалда каласың. Мындан бир нече жыл мурун сиңдим Гүлсара көлдө эс алып жүргөн кезде үйүнө ууру кирип сейфин, азем буюмдары менен маданият борборун тургузам деп чогулткан акчасын, Москвадан келген кинематографисттердин акчасын уурдап кетишип, кайра Гүлсаранын өзүнө жалаа жабышкан. Мына ошол окуяда кайсы бир саясатчылар менден өч албастан, сиңдим аркылуу өч алганга аракет кылышты. Менден өч алайын дешсе үч бөлмөлүү үйүмдөн бөлөк эч нерсем жок болсо, эмнемди уурдашмак эле. Андыктан сиңдимдин үйүнө ууруга киришиптир. Биз ак эмгегибиз менен жашаган адамдарбыз, аларга каршы туруштук бере алдык. Алардын абийирин эки жүздүүлүгүн ачтык, акыйкаттыкка жетиштик.
- Артка кылчайып караганда убакыттан уттурган учурлар болду беле?
- Чынымды айтсам жаш кезимде койгон максаттарыма жетиштим. Бирок, кийинки жыйырма жылда илимден саясатка ооп кеттим. Ошондо саясаттын жаман жактары мени өкүндүрдү. Кээ бир жарандарга жардам берсең алар эмгекти билбей сатып кеткенде "Ошолорго корогон кайран убакыт, кайран эмгек "-деп тилимди тиштеген мезгилдер көп болду. Андыктан убакытты жана болгон окуяны артка кайтарып алууга мүмкүн эместигин ойлоп азыр нааразы болом. Ал эми жашоомдо, жеке турмушумда, кылган ишиме толук канааттанам. Кандай гана илимдүү адамдар менен жолугуп, СССРдин, Кыргызстандын, ал тургай дүйнөнүн илимпоздору менен кызматташып, жан дүйнөм байыды. Көп нерселерди көрдүм. Тарыхый окуялардын күбөсү болдум. Өзгөчө бийик адамдардын жанында чыныгы коммунисттердин арасында күрөштө болдум.
- Кыргыз элинин менталитетинде көбүнчө "Аялзатынын орду коломтодо"- дешет. Сиз мындай пикирдеги адамдарга эмне ой айтат элеңиз?
- Азыр заман өзгөрдү, демократиялык коомдо айымдар тең укуктуулугун жоготпошу керек. Бүгүнкү күндө аялды үйгө камап, иштетпей коюу туура эмес. Айымдар коомдун эң күчтүү куралы. Кайсы тармак болбосун ишти мыкты билген айымдарды кездештирүүгө болот. Эмне үчүн алар иштеп, өзүнө жана коомго пайдасын тийгизгенге болбосун? Колунан келип турган кезде иштеши керек. Аял бала төрөп, наристенин жытынан рахат алып, энелик мээримин төгүп отурчу убакыт болот. Ал мезгилде албетте, ымыркайын карап, аны аман-эсен чоңойтуу башкы милдет. Бирок, бала чоңойгондон кийин да үйүндө камалып отура берүүнүн кажети жок. Ошого мамлекет жардам бериши керек эле. Бизде андай мүмкүнчүлүк жокко эсе болуп калды. Совет доорунда аялдарга абдан жакшы жардамдар берилчү. Мамлекет иштегенге шарт түзүп берип, анан талап да коюучу. Алар кааласа өзүнүн профессионалдык ишине, же коомдук иштерге аралашчу. Азыр да бизге ушундай система зарыл болуп турат.
- Кызматыңыз жеке жашооңузга зыян келтирген жокпу?
- Чынымды айтсам саясат жаатында көп саясий оппоненттерди таптым. Ошол оппоненттерге убагында аябай жардам берген элем. Алардын айрымдары жеке өзүмө гана эмес, үй-бүлөмө да залакасын тийгизди. Кээде айтканга да ооз барбайт. Алар (кимдер экенин өздөрү жакшы билет) ден соолугума олуттуу зыян келтирди. Мени көп ирээт ууландырышты, өлтүрүүгө аракеттеништи. Бирок мен эрким, медициналык билимим, акылым менен баарын жеңип, майтарылбай туруштук берүүдөмүн.





Рысбай Исаков, манасчы, акын:
"Айрымдар ушул наам деп,
Абийир сатты, ар сатты"
"Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат"-деген кеп алмустактан бери айтылып келет. Албетте, адам ашыкча өнөр билимдин пайдасын гана көрбөсө зыянын эч убакта көргөн эмес. Көрбөйт дагы. Бүгүнкү биздин каарманыбыз жараткандан берилген талантты туу тутуп, манасчылык өнөрдү аркалап жүргөн жигиттердин бири Рысбай Исаков мырза. Манасчынын колуна калем алып ыр жазып коймой да таланты бар.

- Рысбай мырза, ар бир кылган иш жаш куракка байланыштуу болот дешет. Жалындуу жаштык кезиңизде эмнеге жетишип, эмнеден утулдуңуз?
- Боздуктун доорун куп сүрдүм,
Бойдоктук кезден арман жок.
Жайдаңдап жүрүп а бирок,
Жаштыгым байге алган жок.
- Учурда поэзиянын артынан кууп эмгектенесизби, же эргүү келген кезде шилтеп коёсузбу?
- Туу кырын көксөп Парнастын,
Тулпардай ойго жандаштым.
Артынан кууп кетпедим,
А бирок чанып салбасмын.
- Жакшы ыр деп кандай ырды айтса болот?
- Жакшы ырдын болот жалыны,
Жалпыга тийет жарыгы.
Кулактын курчун кандырып,
Кумарды жазат аныгы...
-Ыр үчүн түн уйкудан кечип, шам алдында ыр курап олтурган күндөр болду беле?
- Таба албай бир сөз түйшөлүп,
Таң тоскон күндөр бир башка.
Жаңы ырды жазып бүткөндө,
Жашарат өмүр бир жашка...
- Коомдук иштер менен жүргөн маалда чыгармачылык унутта калбайбы?
- Коомдук иш деген курусун,
Кой деген жакшы мунусун.
Өксүтүп кыйла максаттан,
Өнөрдүн бузат угутун...
- Ырчылар "заказ" менен ыр жаздырып жүрүшөт. Сиз да ушундай сунуштарды кабыл аласызбы?
- Ар жакта болсо "запасың",
Аткарыш жеңил заказын.
Көп эле жаздым андайды,
Көмүскө кайда катасың...
- "Акын болуш үчүн мыкты адам болуш керек"-дешет. Эмне үчүн?
- Акындык өнөр жөн болбойт,
Акынга ырлар жөн конбойт.
Адамдык сапат болбосо,
Айтканың журтка эм болбойт.
- "Маданият кызматкерлерине бериле турган наам, сыйлыктардын баркы түшүп кетти"-деген сөздөр көп айтылууда. Дегеле сиздин оюңузда ушул пикирлер туурабы?
- Атакты, наам, мансапты,
Алуунун өзү максатпы?!
Айрымдар ушул наам деп,
Абийир сатты, ар сатты.
Ушинтип түйшүк салгыча,
Баарысын алып салсакчы!

Бетти даярдаган Назгүл ЭсенгулоВА