Беш ыргай
Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер:
- Өмүр жолуңузда эмне жоготтуңуз да, эмне таптыңыз?
- Бул суроо эң кеңири жоопту талап кылып, чоң теманы камтыйт. Бирок, кыскача айта кетсем, жыйырма жылдан бери өлкөбүз өз ордун таппай, ийгиликке жетишпей келе жатат. Ошол элдердин катарында, мен дагы ушул убакка чейин эч кандай ийгилик таппай келем.


Тынара Абдразаева, актриса:
- Өзүңүз жараткан каармандын тагдыры жашооңузга дал келип калган учурлар болобу?
- Албетте, ар бир чыгарма жаралып жатканда көптөгөн жазуучулар сценарийди чыныгы жашоодон алып чагылдырышат. Ал эми кино тартыларда ошол каармандын мүнөзүнө жараша актерду тандап алып, анан иш башталат. Жеке эле бул актёрлордун жашоосунда гана эмес, кинодогу каармандын жашоосу көрөрмандарда дагы кездешип келет. Ал эми менин мүнөзүм менен каармандын мүнөзү дайыма дал келет.


Жамбыл Камчиев, куудул:
- Саясатчылардын оюнунан улам кандай сатираларды жаратуудасыз?
- Азыркы мезгилде киного тартылып жүргөндүктөн ал чөйрөгө катыша элекмин. Бирок, Рахман менен Абдылда Ош жергесин айланып "Биз кайда бара жатабыз"-деген концерт коюп жүрүшөт. Бир мезгилде экс-премьер-министр Турсунбек Чынгышев сессияда, "Жалкоолор менен келесоолор гана уурдабайт"-деп ачык айтып өттү эле. Азыр эми Ош менен Жалал-Абад шаарын оңдоп түзөө боюнча 41 миллион сом карызы бар накта ууру бийлик башына келип отурат. Өлкө башчыбызды түшүнгөн жокмун, же ууруларды сынап жатабы, же ушундай жол менен ууруларды кармайм деп жатабы? Кыскасы ушул тема менде чоң таң калууну жаратууда. Демек, жакында ушул теманын үстүндө иштейм.


Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссёр:
- Кино жаатында алпурушуп келесиз. Кыргызстанды тасмада кантип даңазалай алдыңыз?
- Азыркы убакта кино театрлардан көрсөтүлүп жаткан кыргыз кино тасмаларында, бардыгы болуп эле жетишкендиктер берилип жатат десем жаңылышпайм. Бул нерсени бир жактуу караганга болбойт, себеби кино тартылып жатканда жакшы, жаман жактарын да камтууга туура келет. Көбүнчөсү Кыргызстандын асылдыгын, жакшы көрүнүштөрүн, жаратылышын даңазалаган "Боз салкын", ошондой эле "Ысык- Көлдүн беш бармагы" кино тасмаларымда кыргыз элинин меймандостугун, каада-салтын, улуттук тамак-аш өңдүү көрүнүштөрдү даңазалай алдым десем болот.


Гүлзинат Суранчиева, ырчы:
- Келиндин кайын-журтка "жүгүнүү" салтынын мааниси кандай деп ойлойсуз?
- Биздин өлкөдө ар бир аймакта жүгүнүү салты ар кандай. Мисалы, көлдүктөр дайыма кайын журтуна жүгүнөт, ал эми түштүк тарапта жүгүнгөнүн көрө элекмин. Мен өзүм көлдүк болгондуктан жеңелерим апама жүгүнгөндө, "Кудай жалгасын"-деген батасын берер эле. Жүгүнүү-бул менин түшүнүгүм боюнча, кайын-журтка болгон сый-урмат. Өз энеңе жүгүнбөйсүң да, кайын энеңе гана башыңды ийип, сый урмат катары жүгүнөсүң. А өзүм жүгүнбөй турган жерге келин болгом.


Даярдаган Нурила ЖУМАДИЛОВА





Жол жомок
Олуттуу көйгөй,
орчундуу иш
Борбордун жана жаңы конуштардын жолдору менен транспорт көйгөйлөрү бүгүнкү күндүн талуу маселелеринен экени талашсыз. Бишкектин шаар жолдорунун жалпы узундугу 1374,4 км.ди түзөт. Анын ичинен 722,5 км. жол асфальтталган жолдор, 651 км. шагыл төшөлгөн жолдор. Мына ушул асфальтталган жолдордон учурда 120 чакырымы гана канааттандырарлык абалда, ал эми калган 602,5 км. жолдор таптакыр эскирип бүткөн...


"Ынтымак-Арча-Бешик" турак-жай массивинде узундугу 1 км. келген шагыл жол курулду. Наркы 2060,2 миң сомду түздү. Бүгүнкү күнгө жалпысынан 43,65 км. жолдор 317,624,7 миң сомго реконструкцияланды. АРИС уюму тарабынан Бишкектин "Кара-Жыгач", "Дордой", "Калыс-Ордо", "Ак-Ордо", "Ак-Өргөө", "Тынчтык" жана "Достук" 7 жаңы конуштарында жалпысынан 21,13 км. жолдор курулуп, ага кеткен каражат 21 5560,0 миң сомду түздү. Аталган акча каражаттарынын 10 пайызы республикалык бюджеттен, 35 пайызы жергиликтүү бюджеттен жана 55 пайызы АРИС уюму тарабынан бөлүндү. Мындан тышкары мэрияга караштуу ОГУКС уюму тарабынан турак-жай массивдеринде 5,02 км. жолдорго асфальт төшөлдү жана ага кеткен чыгым 73,405,2 миң сомду түздү. 3056,0 миң сомго 5,0 км. жолдун тешиктери жамалды жана 25 603,5 миң сомго узундугу 12,5 км. келген шагыл жол курулду. Жалпылай айтканда, ОГУКС линиясы боюнча 22,55 км. жол курулуп, 102064,7 миң сомдук жумуштар аткарылды. Мындан тышкары жалпы наркы 100,0 миллион сомду түзгөн 4,52 км. жолду асфальттоо боюнча тендер өткөрүлүп жатат. Албетте, бул аздык кылат, (объективдүү себептери бар) бирок, "Мэрия таптакыр жолдорду карабай жатат"-деген айрым дооматтардын айтылып жатканы негизсиз десек болот. Башкасын айтпаганда да жаңы конуштарда буга чейин дегеле асфальт төшөө деген болгон эмес. Мына буйруса, буга да жеттик окшойт. Негизи өткөн жылда шаар мэриясы жолдорду (25 км.) абдан көп курду. Көп жаңы конуштардын жолдору асфальтталды. Анткени келечекте жаңы конуштар шаардын ажырагыс бир бөлүгү болуп калууга тийиш. Жаңы конуш деген аталыш жок болуш керек. Шаар жетекчилери мына ушундай ураан көтөрүп чыгышкан. Андай болуш үчүн биринчи кезекте жол салуу керек. Жол салмайынча аякка муниципиалдык транспортту киргизүүгө болбойт, анткени, талкалап салат. Айтор кыскарта айтканда, аталган ураанды турмушка ашырууга мэрия колдон келген аракетин жасап жатат. Бирок мунун баары бир эки жылда бүтө койчу иш эмес экени түшүнүктүү да.
Борбор шаар жана анын тегерегиндеги жаңы конуштардагы транспорт көйгөйлөрү жакынкы жылдарда азаябы? Коомдук транспорт кошумча алынабы? Шаардыктарды кызыктарган суроолор мына ушулар.
Учурда борбор шаарда Кытайдан алынып келинген 400 дөн ашуун автобустар бар. Көп орундуу троллейбустарды алуу маселеси турат. Шаар мэриясы Европа өнүктүрүу банкы карап жаткан 15 миллион долларга 75 троллейбус алганы жатат. Маалым болгондой, Союздун тушунда борбор шаарга 21 троллейбустук линиялар толук тартылып калган эле. Баары даяр, иштеп турат. Электр энергиясы өзүбүздүкү болгон соң иштетүү да арзан. Учурда троллейбустарды сатып алуу боюнча тендердин биринчи этабы аяктады, ага 8 компания катышты. Буюрса келаткан октябрь айларында троллейбустар борборго келип калат. Ошондо "бусиктерди" азайтуу маселеси чечилет (учурда 44 фирма 121 багыт боюнча эл ташып жатат). "Бусиктердин" күнү бүтөрүнө аз калды"-деп жалпы сөзүн бүтүрдү, шаардын вице-мэри Т. Имашев мырза. Бирок өлкө, борбор шаар кыйын кезеңде калган 90-жылдардын башында "бусиктер" эл ташып, оор кырдаалдан чыгып кеткенге жардам бергенин калыстык үчүн айтып коюубуз керек.
Максат Жолдошбеков