Айгерим Тургунбаева, актриса:
"Кыргыз
маданиятын сактап, аны жайылтууга
ар бирибиз милдеттүүбүз"
Айгерим Тургунбаева кыргыздын каада-салтын чагылдырган тасмада башкы каармандын образын жаратты. Жаш актрисанын жүрөгүндө патриоттук сезимдери да күчтүү экендиги анын кыргыздын маданиятын башка элге таанытып, маданиятка өз салымымды кошсом деген жакшы тилектеринде байкалып турду.

Каада-салт көрсөтүлгөн тасмада
- "Хотеть не вредно" тасмасын тартуу иштери учурда кызуу жүрүүдө. Буюрса бул фильм октябрь айынан тарта кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. Тасмада биздин жаштарга үлгү боло турган жана аларды жакшы жолго үндөй турган тарбиялык мааниси бар сюжеттер абдан көп. Жалпысынан алганда тасма кыргыздын каада-салтынын негизинде тартылган. Кинодо азыркы Бишкектеги жаштардын жашоосун көрсөтүү менен бирге кыргыздын маданияты дагы терең чагылдырылган. Анда трагедиялуу эпизоддор дагы көп. Сценарийи тууралуу кыскача айта турган болсом, башкы каарман Айнурага кичинекей кезинде эле кудалап, кыргыздын салты менен сөйкө салып коюшат. Бирок, кийин кыз башка мырзаны жактырып калгандыктан, ортодо көп көйгөйлөр жаралат. Бул тасмада негизинен ата менен баланын, кыз-жигиттин мамилеси терең көрсөтүлгөн. Бул кыргыз үй-бүлөлөрүндө кездешкен көйгөйлүү маселелердин бири. Тасма жашоодон алынган десем жаңылышпайм.
Эмоционалдуу
эпизоддорду жаратуу кыйын болду
- Тасмада башкы каарман Айнуранын ролун жараттым. Тасмада мен үчүн эң оор учур - бул эмоционалдуу эпизоддорду жаратууда болду. Ыйлоо учуруна келгенде, ыйлай албай кыйналдым. Көзүмө дары куюп, ыйлаганга туура келди. Мен өзүм профессионалдуу актриса болбосом дагы киного тартылуу кыйынчылыктарын өз көзүм менен көрдүм. Кино тартуу биз үчүн оңой көрүнгөнү менен анын дагы өз түйшүктөрү бар экен. Тасмага тартылуу менен көп досторду таптым. Көп нерселерди үйрөндүм. Буга чейин киного тартылам деп ойлогон эмесмин. Тартылууга сунуш кылганда макул болдум. Тасмага тартылууну хобби катары эле эсептейм.
Кино базасы
абдан алсыз
- Учурда тасмага тартылган жаш актрисалар абдан көп. Менин оюмча актрисанын башкалардан айырмаланып турган индивидуалдуу харизмасы болуш керек, бирок сөзсүз түрдө талант талап кылынат. Менимче жаш актрисалар ролдорду жаратканда образдуулукту өз нугунда жеткире албай жатышат. Кыргыз кинолорунун баарын көрүп келем. Бирок, арасынан эсте калган актрисаны айта албайм. Тасманын сапаты жогору болуш керек деп ойлойм. Мен профессионал актриса катары эмес, четтен карап турган көрүүчү, же жөн гана жаран катары өз пикиримди айтып жатам. Менин оюмча кыргыз киносу өнүгүп, жогорку деңгээлге чыга алат. Ага көзүм жетет. Бирок, биздин негизги кино базабыз абдан алсыз деп эсептейм. Ар тараптуу өнүгүү бизге жетишпейт.
Алдыга койгон
максатым ишке ашты
- Мен 7-класста окуп жүргөндө Европага барып, Парижди көрүп, Эйфель Мунарасына чыгып, Луврга барсам деп максат кылдым эле. Алдыга койгон максатым ишке ашты. Жогоруда аталган жерлерди кыдырып, башка элдин каада-салты, маданияты менен таанышууга үлгүрдүм. Европага чыгуу менен адамдын интеллектуалдык деңгээли жана жашоого болгон көз карашы абдан өзгөрөт экен. Чет элдин жарандарынын жашоосу жана билим деңгээли, ошондой эле маданияты жогорку деңгээлде экенине ынандым. Өзгөчө чет жерлерге чыкканда өз мамлекетиңдин экономикасын, социалдык абалын, элдерин салыштырат экенсиң. Ошондо Кыргызстандын абалын көрүп кейиген учурларым болду. Биздин элдин түшүнүгү да башкача экен. Алдыга койгон максатты ишке ашырууга аракет кылышпайт. Күнүмдүк оокат менен алек болуп жүрүшөт. Биз башка мамлекеттердей болуп өнүгүп, алдыга койгон максаттарыбызга жетүү үчүн ыңгайлуу шарттар болушу керек. Бул албетте мамлекеттин деңгээлиндеги маселе болуп эсептелинет. Жогоруда айтылган тасмада "Жашоодо кандай кыйынчылык болсо дагы, алдыга койгон максатыңа жетүүгө далалат кыл"-деген терең түшүнүк камтылган.
Тил үйрөнүүгө
кызыгам
- Өзүм Талас облусунда төрөлгөм. Бирок, Токмокто окуп, мектепти алтын медаль менен бүтүргөм. Кийин КРСУга тапшырып, тарыхчы-антропотолог кесибине ээ болдум. Мен көбүнчө чет тилдерди үйрөнүүгө абдан кызыгам. Учурда немис жана француз тилдеринде эркин сүйлөгөнгө үйрөндүм. Европанын кээ бир мамлекеттерин кыдырып келдим. Башка элдин салт-санаасын, маданиятын үйрөнүп, билгим келет. Ал эми бир элдин каада-салтын, маданиятын терең түшүнүү үчүн ошол элдин тилин сөзсүз түрдө билиш керек экен. "Үмүт чырагы" аттуу кайрымдуулук тобунда студент кезимден тартып иштеп келе жатам. Азыркы убакытка чейин балдар үйүнө жардам берип келебиз.
Башка элдер
суктана турган
маданиятыбыз бар
- Дүйнөлүк адабиятты, дегеле китеп окууну адатка айлантып алгам. Себеби, кичинекей чагымдан тарта атам ошол системага көндүрүп койгон. Алдыда дагы көп кыялдарым бар. Чет жерлерди, мамлекеттерди кыдырсам деген тилегим бар. Жөн гана саякаттабастан бөлөк элдин маданиятын изилдегим келет. Бизде башка элдер суктана турган маданиятыбыз бар. Аны туура пайдаланып, башка элге жеткире албайбыз. Менин кыялым Кыргызстандын маданиятын башка элдерге дагы таанытуу. Учурда көп нерселер унутулуп бара жатат. Өзгөчө жаштар батыштын маданиятына ооп кетишти. Кыргыздын башка элдер суктана турган маданиятын сактап калуу үчүн ар бир жаран аракет кылышы керек. Кудай буюрса маданият тармагына салым кошом деген оюм бар.
Аялзат үчүн үй-бүлө маанилүү
- Кандай гана ийгиликтерди жаратпайлы, баары бир кыргыз кыздары үчүн үй-бүлө куруу алдыңкы милдеттердин бири экен. Бирок, эң негизгиси бул жашоодо адам бойдон калуу. Канчалык кыйынчылык болбосун бардык сыноолорду жеңип, өз максатына жетүү болуп эсептелинет. Үй-бүлө куруу менен дагы өз милдетибизди аткарган болобуз. Мага тамашакөй, жоопкерчиликтүү, адамгерчиликтүү мырзалар жагат.
Маектешкен
Нургүл ИБРАЕВА