Нурлан МОТУЕВ, коомдук ишмер:
"калпычы Бабановдун кайсы сөзүнө ишенебиз?"
- Нурлан Аманканович, камакта жаткан Абдулла Юсупов "Ата-Мекен" партиясынын бир топ өкүлдөрүн айыптаган билдирүү менен чыкты. Сиз буга ишенесизби?
- Абдулла Юсуповтун "Ата-Мекен" партиясынын өкүлдөрү боюнча айткандарына мен толук ишенем. Анткени, ошол морадерчулук жасалган күнү Текебаев, Төлөгөнов, Мадылбековтор менен каерге, кандай адрестерге барганын, Бакиевдин 30 объектисинин бүт баарын, машинелердин номерлеринен бери таптак, дапдаана айтып жатпайбы. Бакиевтердин бир жарым тонна алтынын, мешоктогон акчаларын, алтын сөйкө-шакектерин, үй-буюмдарын кантип жүктөшкөнүн, жалданма нотариус келип тигил уюштуруучууларына объектилерди кантип мыйзамсыз, бандиттик түрдө каттап бергендеринен бери канкакшап айтып бербедиби. Текебаев ошондой кыйын мыйзамчы экен, эл үчүн күйпөлөктөп күйгөн, революционер экен, эмнеге анда ал байлыктарды мамлекетке каттатпады? Текебаев саясатта башынан эле өз кызыкчылыгы менен жүргөн неме. Кара-Кечени мамлекетке кайтаруу деген революциялык идеяларыма каршы чыгып, Акаевдин коррупциячыларына бөлүшүп чыккан. Мени да СИЗОго отургузууга салымын кошкон. Бирок, мен да СИЗОдон Бакиев-Кулов тандемине Жихад жарыялаганым эсиңдедир? Мен бүт ММКларга булардын жүзүн ачып, мыйзамсыз тандемди сындырып түшкөм. А.Юсупов менден сабак алса керек.
- Өкмөт башчы Бабановду Текебаев баасы бир миллион доллар турган күлүктү парага алды деп чыкса, Бабанов "Жок, мен аны сатып алгам"-деп актанууда. Кимисиникин чын дейсиз?
- Туура Бабановтун түрк ишкеринен баасы миллион доллар турган жылкыны сатып алганын Текебаев айтып чыкты. Бул туура болушу керек. Бабанов болсо актанып жатат. Эми-и, калпычы, сүткор Бабановтун кайсыл бир сөзүнө ишенебиз? Декларация толтурганда 20 мин долларлык эле байлыгым бар дегенде өз калпычылыгын далилдеген. Мен тээ кышта эле, "Жаңы Ордо" гезитине интервью берип айттым эле. "Мобу каапыр бийлик системасы турганда АЛЛАХ өлкөбүзгө ар кандай апааттарды жибере берет"-деп. 6 ай оор кыштан малды жут алып, чөп-жемдин баасы асманды чапчып, өлбө жаным өлбө болуп кыштан араң чыктык эле. Шорубуз али түгөнбөптүр. Эми, булар мактанышкан 8 млрд. артыкбаш акчанын ордуна, 5 миллиард сом жетпей, бюджетти толтуруш үчүн пенсионерлердин ырыскысына көз арта башташты. Негизи эле, Фатиха сурасын Курандын жалпы жыйындысы деп коет. Ар бир мусулман күнүгө 5 маал намазда 34 жолу окуйт. Ошол, Фатиханын бир аятында: "адашкандар- (христиандар) жана каарынга калгандардын (еврейлер)жолуна салба"- деп жалынышат мусулмандар. Анан, христиан-еврей жолу болгон Конституция менен башкарабыз деген мобу бийликти АЛЛАХ жакшы көрмөк беле? Азыркы амалдарына жараша акыбалды да АЛЛАХ түздү да.
- Мына ушул тирештерден соң деги деги бир жагы жазаланышы керекпи?
- Имам Газали мындан миң жыл мурда эле айткан. "Эски бийликте иштеп кетип, өзүн жакшы көрсөтө албагандарды кайта мамлекеттик кызматка жолотпоо керек"-деп. Исламды "мракобесье, средневековье"-деген Шайтандын үйрөтмөсү менен жашаган каапырлардын айткан-дегендерин кыңк этпей аткарган мобу бийлик элибизди эксперимент кылуудан тажабады. Өздөрү мракобес(тунгуюктун шайтандары) болгон үчүн тээ Акаев заманынан бери келаткан жеп-ичкич чиновниктер берген параларды алып кайра кызматка коюп атат. Элибизге да баракелде дебеске арга жок. Массалык түрдө параланып, же таттуу убадаларга алданып калып атышпайбы. Андыктан, таза Исламдык десем баары бир секиресиңер, жок дегенде Исламдын өзөгүнөн алып, адилеттүү, адеп-ахлактык, кедей-кембагал, орто чарба, бай катмарлардын кызыкчылыгын көздөгөн, бузуку-каапырлык догмаларды жектеген Конституция кабыл алуубуз керек. Мисалы, падыша Омор бин Абдулазиз ушундай адилет болгон. Анын өлкөсүнө орногон адилеттүүлүк себебинен карышкырлар менен койлор чогуу жуушап калган. Бир күнү эле ошол карышкырлар койлорго кол салып киргенинен, чабан жардамчысына айтат: "Адилетүү Умар бин Абдулазиз бир нерсе болгон го. Барып, билип келчи"-деп. Айткандай эле ошол күнү , адилеттүү падыша каза болуптур. Ушу сыңары бизде да учурда адилеттүүлүк каза болуп турат.
- Өкмөттү кетирүү маселеси талкууга алынууда. Сиз кандай пикирдесиз?
- Дегеле, партиялык система дегенди жоюш керек. Ансыз деле бөлүнүп-жарылганга ыктуу элибизди ого бетер бөлүп салышты. Батыштын шайтандары бирдеме болсо эле: "Афган варианты, афгандаштыруу"- деп элдин башын айлантып атышпайбы. А аякта Түндүк Альянсы деп өзбек-тажик эле бөлүнүп кетпесе, калган пушту, дари, хазар, түркмендер чыныгы Исламга амал кылышып, бөлүнүшкөн жок. Талибан(медресе окуучусу)кыймылынын туусу алдында биригип, такыбалыктын себебинен Батыш аскерлерин жеңип чыгышты. АЛЛАХ да Куранда: "Бөлүнбөсөңөр,жеңиш берем" (Сура Анфал, мааниси)-деген. Эми, Батыш эшейип өз аскер калдыктарын 2014-жылга чейин алып кетүүгө аргасыз болууда. Өз сөзү Куранда ыйык АЛЛАХ көп жеринде айтат: "Эй, мусулмандар! Акыл-эс ээлери. Ойлонбойсуңарбы, салыштырбайсыңарбы"-деп. Бизде болсо, Европа, АКШ, Россияны сокур туураганга эле машташышкан. Жыйынтыгы эмне болуп бүтөт дебестен. "Кайра референдумга акча жок"- дебестен мобу парламент, Өкмөттү таратып, жаңы, АЛЛАХ ыраазы болгондой Конституция кабыл алыш керек.
Маектешкен Ысак КАРАЧЕВ





Төрөхан Жунусбеков, жаш саясатчы:
"Бабанов алдамчы, куу бизнесмен, популист саясатчы"
Пикир көп. Коомчулук арасында "Биз жакшы, сиз жакшы" болгону менен тилекке каршы кайчы пикирлердин, ар кандай көз караштардын ар түрдүүлүгү (плюрализм) орун алып, жакшылык менен жамандыкты, барчылык менен жокчулукту ылгай албай турубуз...

- Төрөхан мырза, Өкмөткө ишеним көрсөтпөө бонча парламенттин оюна кандай карайсыз?
- Бул парламенттин элдердин атынан алган негизги укугу, экинчиден сөз өкмөттүн эмес, Премьер-министр Бабановдун үстүнөн болуп жатат. Жеке мага мындай бир окуя эсиме келүүдө. Кыргызда "Кыздын сыры төркүнүнө маалым" - деп коет, анысы кандай Бабанов 2005-жылы парламенттик шайлоодо Талас областынын Кара-Буура районунан шайланган. Шайлоодо көптөгөн убадаларды берип, "Жолуңарды оңдойм, мектепти ремонт кылып берем, көпүрөңөрдү салам, фасолуңарды жогорку баада өткөрүп берем"-деп далай жолу алтын шилекейин чачыраткан. Эл ишенип колдоп берди. Анткени, ошол учурда Бабанов: "НК АЛЬЯНС" деген нефтекомпаниянын ээсимин, колумдан келет, өз айылыма жардам бербегенде кимге жардам берем"-деп ишендирип, ураан катары "Айттым аткарам, келдим жасайм"-деген сөздү кайталап, элдин башын айландырган. Бирок шайлоо бүтөөр замат Бишкекке кетип, аркасынан барган адамдарды кабыл албай, элдин айласын эки кетирген. Мына ушундай жоругунан кийин Кара-Буура эли Бабановго карата мындай "Кеттим келбейм, айттым аткарбайм"-деген ылакап жармаштырган.
Учурда Талас эли, анын ичинде Кара-Буура эли Бабановду алдамчы, куу бизнесмен катары санап, ага ишенбей келет. Буга далил Талас эли 2007-жылы парламенттик шайлоодо КСДП партиясындагы 1-катарда турган Бабановду көрүшүп, добуш берүүдөн баш тартышкан. 2010-жылы да Талас областынан жана Кара-Буура районунан 1-орунду "Ата-Мекен" партиясы алган. "Республика" артта калган. Эми эң өкүнүчтүүсү бүгүн Бабанов Кыргызстанды алдап олтурат.
- Тагыраак айтсаңыз, Бабанов кандайча кыргыз элин алдап олтурат?
-Менин көз карашымда, 2010-жылы парламенттик шайлоо астындагы үгүт материалдарын карап көрсөңүздөр "Акимдерди, мэрлерди биз тандайбыз. Өкмөттү башкарып электро-энергия өз баасында, газ 3-4 эсе арзан элге сатылат",- дегени үчүн карапайым эл (Талас элинен башкасы) ишенип, Бабанов революцияга катышпай Максим, Курманбек Бакиевдер менен жүрсө дагы добуш беришкен. Ал максатына жетиш үчүн убактылуу Президент Отунбаеваны колдонгон. Ошентип декабрь айында өз максатына жетип Премьер-министр болуп жатканда абдан жакшы элге жага турган программаларды, ойлорду айтып чыккан. Биз дагы ишенип, "Эл үчүн иштейт го",- деген үмүттө болгонбуз. Тилекке каршы, иш жүзүндө андай болгон жок. Андан кийин февраль айында Акимдерди дээрлик "Республика" партиясынан өткөрүүгө жетишип, министрликке Учкун Ташбаев, Шадиев, Боронов жана башка кызматтарга Максимдин балдарын отургузууга жетишти. Баардык бийликти колуна алды. Анткени 20-жылдын ичинде бир дагы Премьерге мындай ыйгарым укук берилген эмес. Бул үчүн Бабанов Текебаевге рахматын айтса болот. Анткени, Конституцияны жазганда Өкмөт башчыга ушундай чоң ыйгарым укуктар берилген. Бүгүн Бабанов эң урматтуу адамга айланмак, эгер биринчи орунда өз убадасын аткарууга аракет кылса.
- Эмне үчүн бул бүтүмгө келип олтурасыз?
- Бул кишинин биринчи ою өз бизнесин гана кеңейтүү болуп калганына бүгүн көзүбүз жетип олтурат. Буга далил катары төмөнкү мисалдарды келтирип кетким келет. Кечеги күнү КТРКдан Текебаевге жооп катарында сын айтам деп сырын айтып "Мен каалаган нерсени сатып алам, бул менин өз ишим жана эч кимге отчет бербейм"-деди. Бул сөз Премьердин сөзү эмес, бизнесмендин сөзү. Мына Бабановдун жүзү. Премьерликке шайланып жатканда "Ачык болом, элге, парламентке ар бир кылган ишим үчүн отчет берем"-деди эле, мына бүгүн минтип өлкөнү өз бизнесине айлантып жатканы ашкере болуп олтурат. Урматтуу калайык, кечээ күнү тактап айтканда 14.08.12ж. КТРКдан Манас аэропортунун кызматкери: "Айлендер уан" деген аргымак келип, самалеттон түшүргөндө жада калса жүк төлөмүн да төлөбөй кетти",-дейт. Кызматкерди жетекчиси аркылуу кысымга алып аргымакты чыгарып кеткен. Мына мыйзамды сыйлаган премьердин иши.
Маектешкен
Нурила Жумадилова