Кылымга кыйкырык
Кемпир качан кыз болот?
"Кемпир качан кыз болот"-деген кыйгыл суроо элде бар. Мындай карасаң суроонун өзү олдоксон болгону менен азыркы кыргыз саясатына өтө эле бап келип турат. Жумурткадан кыр издеп, кылдан кыйкым таппай эле үстүртөдөн чөп башыласак азыркы Өкмөт-парламент тиреши маалымат согушунда апогейине жетип калды. Башы күлүк ат менен башталган мындай маалымат согушу акыры премьер-министрдин кызматтан бошоосу менен соңуна чыгат окшойт.

Президент Атамбаев канчалык "Коррупция менен күрөшөм!"-деп кылымга кыйкырыгы чыкпасын тилекке каршы көшөгө артындагы санаалаштарынын көз ирмеминен алыс кете албай жаткансыйт. Болбосо күтүрөгөн күздү күтпөй эле эбак Чубак чуусундай созулган бул чууга баш мыйзамдын кепилдиги катары чекит койсо жарашмак. Бизде мыйзам иштебей жатканын ушул окуя дагы бир жолу далилдеди. Качан гана мыйзам иштеген өлкөдө туруктуулук болоорун, өнүгүп өсүү жолунда экенин тарых бир эмес бир нече жолу далилдээрине буга чейин эл безер болуп жүргөн эки ажонун тагдыры мисал болуп берди. Тилекке каршы, карапайым калк эмес бийлик сересиндегилер мыйзамга көз жумду мамиле кылышып, бирине бири жугунду куйгандан аша алышпай жатат. Президент ишенген МУКК башчысы Шамил Атаханов кызматтык териштирүү кылгандын ордуна ар бир фракция жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, "Эмне кылайын?" менен алек. Убактылуу кармалуучу жайда жаткан жума каарманы Абдулла Юсупов бир эмес, бир нече эл өкүлүнүн бетин сыйырып салды. Ага "Ата-Мекен" партиясынын жетекчилиги эле эмес, жалпы депутаттары актанып жатып шилекейлери кургады. Анткени, алар "уурдабадык" дешсе, айыпталып жаткандар "чогуу уурдаганбыз" маанисинде айтып жатышат. Ал тургай барган, тоногон даректеринен бери көргөзүп, "Баланча жерге жеткирип бердик эле"-дешсе аны жалаа катары көргөн Текебаевчилер "мунун баары калп" дешкенсип мамлекет башчысына чейин кайрылып жиберишти. Алдынан өтүп бараткан мышыкты сылап, жыландын изин баспаган мурдагы экс-спикер Акматбек Келдибеков бул окуянын башын мурда кылтыйтып коюп, чабыша турган маалда "кылычын кынынан" сууруп чыкты. Болбосо "мындай морадерчулук" менен Бабановдун иши жок эле. Сыпаты "Лондондогу олимпиада сапары" отко май тамызып берди көрүнөт. Гүлчөтайдын жүзүн ачканда депутат Туратбек Мадылбеков барып түрмөдөгүлөрдү коркутканы, беш жүз наркоман бар демиш этип "Жүзүңдү буруп, айткан айыбыңан баш тарт"-дегени ачык болду. Улуу жазуучу Төлөгөн Касымбековдун баласы Райкан мырза актанып жатат. "Лексус" машинесин мингенин ага байланыштырбай "Мурда эле мындай жол тандабас минип жүрчүмүн"-деп, айрым басылмаларды сотко сүйрөп жүргөнү менен жыртык кепичтерин манат кылгандарынын дареги жок. "Мыйзам, криминал"-деп ураан чакырышса үндөрү бүтүп калган бул эл өкүлдөрү мындайга келгенде сөөк жутуп алгансып, тескери ушаткандары коомчулук алдына көптөгөн күдүк ойлорду жаратып жатканы жашыруун эмес. Ушундан улам жалпы карапайым калк арасында "Мыйзам буларга буйлаланган төөбү?"-деген ой жаралып, кеги барлар кезметин күтүп жатышат. "Республика" фракциясынын буларга жооп кылып, өлкөдөн чыгып кетишпесин деген суроо талабында сыягы мандем бардай. Анткени буга чейин чуу куйрук атыккан азыркы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун партиялаштарынын мындай батыл кадамы "ала жатамдан" айырмасы жоктой. Кызыгы Текбаевчилер чабуулчулардын кинесине так, далилдүү жооп берише элек. Атка жеңил тайга чак "чабармандары" Жоомарт Сапарбаев, Бактыбек Калмаматов сыяктуу балапан ооз саясатчылары менен кандайдыр бир жоромол, дөдөмөл билдирүүлөрүн таратып жатат. Коомчулуктун күткөнү азыр чалынып жаткан ботконун аягына чекит коюлуп, айтылып жаткан кинелердин баарына жооп табылышы керек. Маселен өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов парага жылкы алса, талап тоноочулукка күнөөлөнгөн "Ата-Мекенчилер" да мыйзам алдында жооп берүүлөрү зарыл. Албетте, тиешелүү органдар алардын кылмышка тиешеси бар жогун тактагандан кийин. Жогоруда айткандай "Кемпир качан кыз болот?"-сыпатында коомчулукту дүрбөлөңгө түшүрүп, маалымат согушун уланта бергенден эч ким аброй топтой албайт.
Айдар Сарматов




Кыргызстандагы мыйзамдар атка минерлер үчүн иштейби?
Турат
Акимов,
журналист:
- Бизде атка минерлер мыйзамды каалагандай бурмалап, пайдаланып эле жатышат. Мисалга алсак, "Бул жер сатылбайт, "Ата-Түрк"-деген парк болот"-деп чыркырап жатышты эле жыйынтыгында жерлер сонун эле сатылып хан сарайлар тизилип салынып калды. Мунун баары чоңдордуку. Азыр кимдер бизнес жүргүзөт? Кимдер банктарды ачып, элге кредит берип жатат? Албетте чоңдор. Анан мыйзам чоңдордун иш жүргүзүүсүнө ылайыктуу болбогондо кимге ылайыктуу болот? Атамбаев, Бабановдор бийлик башына келгенден кийин "Бизге убакыт, иштегенге мүмкүнчүлүк бергиле митинге чыкпагыла! Чыксаңар салык төлөйсүңөр!"-деп айтып чыгышты. Бул мыйзамды кандай нукка бурса боло турганын далилдеп турат. ЖК депутаты Курманбек Осмонов "Элдик Курултай менен жаңы мыйзам жазыш керек!"- деп айтты. Кыскасы бизде баары болот. Чоңдордун сотторго иши түшсө үч күндө, карапайым калктын иши үч жылда чечилет.


Азиза,
Абдрасулова,
укук коргоочу:
- Кыргызстанда жакшы мыйзамдар бар. Тилекке каршы ал мыйзамдар кагаз жүзүндө эле калууда. Мыйзам алдында бардык жарандар бирдей болушу керек эле. Бирок, айрым мезгилде кызматтагы адамдар оор кылмыш кылса да кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Ал эми бей-бечаралар болор-болбос күнөөсү үчүн эркиндигинен ажырап, темир тор артында жатат. Бул мыйзам алдында адилеттүү эмес. Ал эми атка минерлерге токтолсок мыйзамды өздөрүнүн кызыкчылыгына карап пайдаланган учурлары кездешет. Мыйзам кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштебеши керек болчу. Азыркы саясий кырдаал мына ушул атка минерлердин эки жүздүүлүгүн, анан мыйзамдын чабалдыгын, же болбосо чыныгы жүзүн көргөзүп койду.


Динара
Ошурахунова,
укук коргоочу:
- Бизде мыйзам жакшы иштебейт. Ал эми атка минерлер үчүн мыйзам каалагандай иштеп жатат. Ал тургай жол эрежелерин бузуп, адамдардын өмүрлөрү кыйылган фактылар бар. Чоңдор мыйзамды аткарбайт, мыйзам бузгандын гана үстүндө. Коррупциялык кылмыштарга тиешелүү адамдардын көпчүлүгү атка минерлер жана алардын жакындары. Кимдин акчасы болсо тиешелүү органдар деле анын кызыкчылыгына маселени чечип берет. Мыйзамдар ким бийликке келсе, ошонун кызыкчылыгын көздөп оңдоп түзөлөт. Мыйзамдын кайсы бир бөлүктөрү саясатчылардын иш жүргүзгөнүнө ылайыкталып жазылып калгандыктан (депутаттык кол тийбестик ж.б.у.с.) улам терс көрүнүштөр жогорку жакта көп болот. Камакка алынса да "Карга карганын көзүн чокубайт" -болуп, бири-бирин коргошот. Андыктан бир сөз менен мыйзамдар атка минерлер үчүн кызмат кылып жатат десек да жарашат.


Табылды
Акеров,
серепчи:
- Тилекке каршы биз колдонуп жаткан мыйзамдарды жыйырма жылдан бери бийликтин таасирдүү булактарында жүргөн атка минерлер жазган. Тактап айтканда экономикалык, саясий жана башка негиздеги мыйзамдарды өздөрүнө ылайыкташтырып жазышкан. Бүгүнкү күндө да ал адамдар мамлекетти башкарышууда. Жалпы жонунан мыйзам атка минерлерге көз каранды. Мыйзамды кайрадан оңдоп, ылгап чыгууга да ал келбейт. Себеби, тилекке каршы азыркы парламенттеги депутаттардын көбү эски атка минерлер. Саясий күрөштө ушундай кырдаал болуп жаткандан кийин баарын оң жагына чечиш мүмкүн эмес. Кызматтагылар тууганчылдык, жердешчиликке салып мыйзамдын жоболорунан аттап, жосунсуз жоруктарга барышууда. Чоңдор үчүн мыйзам кызмат кылып жаткан учур десек да ашыктык болбос.


Исхак Масалиев,
экс-депутат:
- Жалпылап айтканда мыйзам атка минерлер үчүн иштеп жатат десек да болот. Кээде кылмыш иши козголгон чиновниктер, же алардын балдары деле жоопкерчиликке тартылбайт. Акчасы бар, же колунда кызматы бар адамга келгенде аларга мыйзам жеңилдетилип, кандайдыр бир жол менен болсо да эркиндик алат. Ал эми ошол жеңилдетүү эч качан жөнөкөй жарандар үчүн берилбейт. Бул жерде өкүнүчтүүсү сот системасынын атка минерлерге көз каранды болуп жатышында. Азыркы ызы-чуу болуп жаткан Бабановдун миллионго бааланган жылкысын эле мисалга алсак болот. Ал бир миллионго эмес, жыйырма миң долларга алгам деп айтыптыр. Миллиондогон жарандар сыртта мигрант болуп жүрсө Бабановдун жыйырма миң долларга ат минип жатканы айта турган деле сөз эмес. Жоопко тартылышы керек. Мыйзам мындай темп менен иштесе коомдо адилеттүүлүк болбойт. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз.


Даярдаган Назгүл ЭСЕНГУЛОВА