Жай турмушта
Эл көзүндө жүргөн адамдардын кандай иштеп, эмне деп сүйлөп жатканын баарыбыз жакшы билебиз. Бирок, үйдөгү иштерге кандайча кол кабыш кылып, жөнөкөй турмушта эмнелер менен алек экендигинен кабарыбыз жок. Анда эмесе аңдап көрөлү…

Айгүл Рыскулова, Мамлекеттик
Каттоо кызматынын башчысы:
"Ырым-жырымга ишенбейм"
- Айгүл айым, ушул тушта сизди эмне бушайман кылууда?
- Кечээ эле Мамлекеттик Каттоо кызматынын башчысы болуп дайындалдым. Бул тармак мага тааныш эместигинен жумушту кантип алып кетем деп ойлонуп, бушайман болуудамын. Ар бир ишке жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек экендигинен, анын үстүнө бул тармак татаал система болгондуктан көбүрөөк санаа тартып жатам.
- Ырым-жырым дегенге ишенесизби?
- Кичине чагымда чоң апам "Шыпыргыны өйдө койгула, тебелебегиле "-деп айтып калчу. Азыр болсо андай ырым-жырымдарды көп деле кармана бербейм.
- Кийилбей калган кийимдериңизди эмне кыласыз?
- Батпай, кийилбей калган кийимдер үйдө тура берет. Качан айылдагы жеңемдер, же кайын сиңдилерим келгенде берип коём. Алар бир тууган болгон үчүн кийип, жыртып коюшат. Эски кийимдерди башка кишиге берүү уят жана бере да албайсың.


Элмурат Обдунов, ЖК депутаты:
"Чындыкты айтсаң жашооң бүтөт да"
- Экзамендеги амалкөй окуялардан эстеп көрбөйсүзбү?
- Мен жалаң бешке окугам. Экзаменге киребиз дегенде толтура шпаргалка жазып жатып эле экзаменге даярданып койчу экенбиз. Шпаргалкасыз экзаменге кирүү мүмкүн эместей боло берет. Бирок, ошол даяр нерсени алып киргени менен 90 пайыз колдончу эмеспиз. Билим, сапат абдан мыкты болчу.
- Эркектер аялына кайсы маалда калп айтат?
- Эркек кишинин калп айтышына мусулманчылыкта деле уруксат берилген. Себеби, эркектер үй-бүлөсүн сактап калышы үчүн калп айтат. Ал эми кайсы маселелер калп айттырат аны эркектер жакшы билишет. Болгон окуяны болгондой айтып салсаң жашооң ошол замат бүтөт да туурабы? Ошондуктан кайсы бир маалда калп айтуу да пайдалуу.


Урмат Барыктабасов, коомдук ишмер:
"Өтө кызганган оору деп эсептейм"
- "Махабат дастаны" фильминдеги Бегимай сулууну кимдер гана тааныбайт. Келинчегиңизди кызганасызбы?
- Албетте кызганам. Бирок өтө эмес. "Өтө эмес"- дегеним жалындаган сүйүү убакыттын өтүшү менен балдарга өтөт экен. Анан да эң негизгиси Асел экөөбүз бири-бирибизге ишеним менен мамиле жасайбыз. Өтө кызганчактык оору деп эсептейм.
- Жиниңиз келгенде кандай абалда болосуз? Сөгүнөсүзбү же мушташка өтөсүзбү?
- Ачуум тез эле тарайт. Мушташканга жеткизбейм. Акыркы жолу качан ким менен мушташканым эсимде жок. Бала кезде же жигитчилик куракта болсо керек.


Рита Карасартова, укук коргоочу:
"Пиязды төрткө бөлүп баштыкка сал..."
- Рита айым, боорсокко камыр жууруганды билесизби?
- Албетте, айылда төрөлүп өскөндөн кийин кандай гана камыр болбосун жууруйм.
- Канткенде боорсок жумшак жана даамдуу болот?
- Боорсоктун камырына бир аз суу май кошуп жиберсең жумшак болот. Шекер кошуп койсоң андан бетер сонун. Ал эми баштыкка салып жатканда бир тоголок пиязды аарчып, төрткө бөлүп баштыкка салсаң эскирбей катпай жакшы сакталат.
- Сырткы иштер менен алектенипжүргөндө үй ишиңизди ким карайт?
- Эки-үч жылдан бери балдарым үй жумуштарын жасап калды. Ага чейин кайын сиңди, сиңдилер үйдө болушчу. Балдар чоңойгондон кийин алар өз жайларына кетишти. Эс алуу күндөрү үй жумуштарын өзүм тыкчыйта жыйнап чыгам.


Надира Нарматова, ЖК депутаты:
"Келиндериме кеңешимди көп айтам"
- Надира айым, кайнене болгонуңузду билебиз, небере багасызбы?
- Неберелеримди атайын үйгө олтуруп баккан эмесмин. Дайыма иштегендиктен өз балдарымды да апам баккан. Ошондуктан келиндеримен неберелеримди алып бакпайм. Үйдөн тиешелүү материалдык, моралдык жардамды акыл-насаатымды айтып турам. Ар бир бала өз ата-энесинин колунда өскөнү жакшы.
- Үй иштеринен кайсыл жумушту мыкты жасайсыз?
- Турмушумда "Бул аялдын, бул эркектин жумушу"-деп бөлбөй, кайсыл иш болсо да сапаттуу жасаганга көнгөм.
- Ошондо, электр приборлорунан бери оңдоп жибересизби?
- Чынын айтсам, зарыл болуп турса оңдоп деле коём. Үйдө менин колум тийбеген эч бир жумуш болгон жок десем жаңылбайт болушум керек.


Рустам Маманов, ишкер:
"Мен жакшы эле уктайм"
- Өзүңүздү баймын деп эсептейсизби?
- Ооба "Баймын" -деп эле эсептейм.
- "Байлар жакшы укташпайт"- дешет. Эмне үчүн?
- Анысын билбейт экенмин. Мен жакшы эле уктайм. Кээ бир байлар коркконунан жакшы уктай алышпаса керек да, ошондон улам ушинтип айтышат болуш керек. Уйкунун качышынын себептери ар кандай болот эмеспи. Кээ биринин ден соолугуна байланыштуу, айрым адамдардыкы санаа дегендей.


Равшан Жээнбеков, ЖК депутаты:
"Карт саясатчыларга көп алдандым"
- Жубайыңыз тамак-аш жасап жатканда жардам бересизби?
- Ооба көп эле маалда жардам берем. Кээде өз алдымча тамак да жасай алам. Кичинемде чоң ата, чоң апамдын колунда чоңойгондуктан ал кишилерге жардам берип жүрүп, тамак жасаганды үйрөнүп алыптырмын.
- Костюм шымды өзүңүз үтүктөйсүзбү, же жубайыңызбы?
- Негизинен кийимдеримди жубайым ырастайт. Бирок, жумушка кийген классикалык үлгүдөгү костюм шым, көйнөктөрүмдү кырын чыгарып , кычырата өзүм үтүктөйм.
- Саясатта жүрөсүз эмне таап, эмне жоготтуңуз?
- Бул жашоодо ар бир адамдын өзүнүн орду болот экен. Анын сыңары менин ордум да профессионал саясатта деп айтсам болот. Анткени билимим, ой жүгүртүүм, жөндөмдүүлүгүм саясаттын талаптарына толук жооп берет. Саясатта жүргөндөр көбүнчө аброй табат. Ал эми жоготконум материалдык нерсе десем болот. Тактап айтканда карт саясатчыларга көп алдандым, материалдык байлыктарымды жоготтум. Эсиңиздерде болсо, 2007-жылы борбордук аянтка отуз боз үй тигилип митинг өткөн эле. Ошол боз үйлөрдү мен тиккен болчумун. Бирок, Бакиев боз үйлөрдү талкалатып таштаганда отуз үйдөн алтоо эле калган. Мына ушул сыяктуу алданып калуулар көп болот экен.


Даярдаган Назгүл ЭСЕНГУЛОВА