кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

п»ї
Боордош Босогону аттап...
Кыргыз менен Казак элинде гана "Кел" деген улуу сөз бар. Улуу кыргыз улууларды гана тааныйт. Кыргыздын улуулугун даңазалаган казак уулдары Чохан, көөнөрбөс көрк берген Абай, кечээки эле Шамшы, Макжан, Мукагали, Муктар ... Мына ушунун баары биз сыйлаган шумкарлар эле. Боор элибиз болсо Саякбайды, Сүймөнкулду, Болотту, Таттыбүбүнү, Бакенди, Советбекти сыйлачу. Анткени эл-жер, кан баары бир эле. Кечээ эле жайлоого чыксак жайытташ, кыштоого келсек короолош бир эл, бир журт элек... Кечээ өлкөбүзгө казак башчысы Назарбаев келди. Акаевди Назарбаев сыйлады, Бакиевди Назарбаев сыйлады, Атамбаевди Назарбаев сыйлайт.. Ага милдеттүү ал. Анткени эки элдин ортосунда кошуналыктан да улуу туугандык сезим бар. Ал баарынан ыйык. Баарынан улуу. Домбура комузсуз күүгө келбейт, үч тогоосуз домбуранын үнү чыкпаса керек. Биз Эр Кененди, Эр Ноорузбайды айтпайлы. Биз улуу Ормон ханды, Жантайды, Байтикти кеп кылбайлы. Анткени, алар биз үчүн тарых... Казакка да, КЫРГЫЗга да . Мурдагы Казакстандын Маданият министри, азыркы ТҮРК тилдүү өлкөлөрдөгү элчи, биздин кадимки композитор, Улуттук консерваториянын ректору Муратбек агай Бегалиевдин досу, Дүйсен Касенов айткандай "Кыргыз менен казакты бүлек десе, ал дусман".
"Кереге-ПРЕСС"













??.??