Эмираттагы консул Өмүралиевдин
7 "керемети"

(Уландысы.
Башы 4-бетте)
3-"Керемети"
Эмки кезек консулдун жашоо-турмушу туурасында болмокчу. Өмүралиев жеке жашоосу үчүн мамлекетти да каалашынча соруп жатканы туурасында маалыматтар келип түштү. Ага көңүл буралы. Учурда консул Өмүралиев Дубай калаасындагы эң кымбат делген Мариотт отелинде жашайт. Өмүралиевдин бул отелде жашагандыгы үчүн консулдуктун бюджетинен бир жылга 170 000 дырхам, же 47 000 АКШ доллары сарпталат. Ал эми мурдакы консул С. Закиров 80 000 дырхам, же 21 900 АКШ долларын төлөп жөнөкөй эле үйдө жашаган. Айырманы карап көрүңүз, 90 000 дырхам, же 25 100АКШ долларынын тегереги келип чыгат. Аныгында мурдагы консул Закиров жашаган үйдө деле жашаса болмок. Атургай үйдүн кожоюну ижара акысын төмөндөтүүгө да макул болгон экен. Бирок, Өмүралиев буга макул болгон эмес. Тескерисинче Мариотт отелинде жылдап жашап келет. Дүйнөнү айтпай ак коелу, биздин бир да консул же элчи Өмүралиевчесинен эң кымбат деген отелде жылдап жашаган эмес. Эмне Өмүралиевдин алардыкынан бирдемеси артык бекен?

4-"Керемети"
Бул "кереметин" карап олтуруп эсиң эки болот. Консул Өмүралиев кызматына барып келүү үчүн Мариотт отелинен айдоочусу менен автоунааны саатына 175 АКШ долларын төлөп ижарага алып турат. Мариоттун автоунааларынын дүмүрчөк кагазы (чек, квитанция) эң кеминде бир сааттан кем эмес убакытка берилет. Өмүралиев болсо жумушуна барып, кайра үйүнө келүү үчүн гана күнүнө 300 АКШ долларын коротот. Албетте, өз чөнтөгүнөн коротсо мейли деңизчи, бирок бул акча мамлекеттин эсебинен кетээри да маселе жаратат. Аныгында, Мариотт отели менен Кыргыз консулдугунун ортосу жөө баскан кишиге үч эле мүнөттүк убакытты талап кылат. Ал эми консулдукка катталган дипломатиялык номердеги "Тойота-Камри" үлгүсүндөгү ведомстволук автоунаа атайын токтоочу жайдан таптакыр жылбайт. Балким бул да Өмүралиевдин акча жасоодогу бир жолу болуп жүрбөсүн?

5-"Керемети"
Учурда баардыгыбызга маалым, Кыргызстандык кримчөйрөнүн өкүлдөрү Дубайда экендиги. Жогорудагы эки кайрылууда тең консул Өмүралиевдин Дубайда жүргөн Кыргызстандык крим чөйрөнүн өкүлдөрү менен тыгыз байланышта экендиги ачык жазылган. Атургай мындан үч айча мурда Дубайдагы Марина-Молл соода борборунда алар менен жолугуп, сүйлөшүү учурунда башын жерге салып, нымтырап олтурганы да айтылат. Атургай консул мырза Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен крим чөйрөнүн өкүлдөрүн Дубайда жолуктуруп, депутаттарды Хабтур отелине жайгаштырганы да бар. Мына сага бул жакта крим чөйрөгө, коррупцияга каршы катаал күрөш жүрүп жатса, консулубуздун кылыгы бул. Эмне дечи эле? Ишенген кожом сен болсоң…

6-"Керемети"
Өмүралиев мырзанын аталган кызматка баруусу да бир топ суроолорду жаратат. Биринчиден, Кубанычбек мырза биз билгенден дипломат эмес, агроном болсо керек эле. Айыл чарба жаатында билим алган. Экинчиден, Эмират Өмүралиев үчүн агреман, чакыруу кагазын берген эместиги тууралуу да маалыматтар айтылат. Анан да Кубанычбек мырза кадр маселелерин өз билгениндей калчап, каалаганын алып, каалаганын коет экен. Консул Учкун Эралиевди кантип кызматтан айдап, анын ордуна жээни делип жүргөн Бакыт Түнгатаровду кандайча алып барганы туурасында Дубайдагы мекендештер маалымат топтоп жаткандарын кабарлашты. Демек, Кубанычбек Өмүралиевдин алтынчы "керемети" алдыңкы күндөрдө өзгөчө чоң сөзгө өтөт өңдөнүп калды.

7-"Керемети"
Билсеңиздер керек, Кубанычбек Өмүралиев айтылуу Темир Сариев менен "табакташ". Дегеним, Сариевдин "Ак-Шумкар" партиясынын саясий кеңешинин да мүчөсү болуп жүргөн. Балким, Эмиратка да Сариевдин аркасы менен жетсе керек. Өмүралиевдин "ишмердүүлүгүн" жогоруда учкай баяндадым. Ал эми Темир Аргенбаевич бул "табакташынын" кылык жоруктарынан кабардар болду бекен? Айтайын дегеним, Сариев "Системаны өзгөртөбүз!" деген ураанчылардын анабашындагылардан болгон. Ал эми система өзгөрүлүшү үчүн так ушу Өмүралиевге окшогон "Кереметчилерден" арылуу керек эмес беле. Андыктан аргасыз бир ой кетет экен. Темир мырза бул жакта жасалма иретинде ак карга болуп, мамлекет үчүн күйүп бышкан түр көргөзүп, ал эми анын командалаштары Өмүралиевчесинен көшөгөнүн артына туруп алып, баягы таз кейпти кайра кийип, мамлекетти соруп, тамырын кыркып жаткан жокпу? Эгер Темир мырза мындай кылык жорукка чындап каршы болсо, мамлекет үчүн десе, системаны өзгөртүүгө бел байласа, анда Өмүралиев өңдүү "беткаптарды" сыйрып, алып ыргытууга ириде өзү көмөктөшүүсү зарыл. Болбосо "Казандын жанында турасыңбы, кармабасаң да баары бир көө болосуң" деген кеп бар.

Мына урматтуу окурман, бул Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттыгындагы генералдык консулу Кубанычбек Өмүралиев туурасындагы алгачкы кеп. Ал эми бул макалага негиз болгон баардык материалдар колубузда бар. Алдыңкы күндөрү бул иш боюнча тиешелүү тармактардан жооп алууга аракет жасайбыз. Андыктан экинчи тарап да өз чындыгын айткысы келсе ММК мыйзамына ылайык аларга да сөз берилет.
Кубаныч Зайнидинов