Сатып эле жатышат…


Ошентип өткөн жуманы жалаң жакшы "жаңылыктар" коштоду. Өлкө башчысы Кытайга барып акча сураса, өкмөт башчы Түркияга барып карыздын үстүнө дагы карыз алып келди. Бул ирээт аз эмес, жүз алты миллион доллар. Буга чейин "Түрк боордоштор элүү бир миллион доллар карызыбызды кечип салды"-деп, ажо бир мактанса, андагы спикер Ахматбек Келдибеков "Мен сүйлөшүп келдим"-деп, эки мактанган. Ал бүтпөгөн карызды азыркы өкмөт башчы Бабанов да барып сүйлөштү. Сыягы, "Эми мен бүтүрдүм"-дейт окшойт. Ажобуз "Датка-Кемин" подстансиясын курууга Кытай тараптан 300 миллион доллардан ашык каражатты жыйырма жылдан кийин төлөй тургудай кылып карыздап келди. Эсептеп көрсөк жыйырма жылдан кийин биз бул акчага 500 миллион доллар үстөк төлөйт экенбиз. Эми акчасы "көп" өлкөгө айла жок да. Ал ортодо асманда асылган дарбыз кейиптенген "Жер-Үй" алтын кенин кайрадан сатыкка чыгармай болгонун өкмөт башчы жар салды. Кантсе да "табакташ" эмеспи, аны улай өкмөт алдындагы Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Учкун Ташбаев "Терек-Кан", "Терек", "Тоголок", жана "Терек-Сай" кендери аукционго коюлганын айтты. Кайсы "колу түктүү" алары азырынча ачык эмес, бирок алам дегендер арбын экен. Булар сатып жатышат, ажо акча сурап жүрөт…
"Кереге-ПРЕСС"





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

13-июнь, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0613_1.htm on line 91

Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0613_1.htm on line 91

Warning: include(): Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0613_1.htm on line 91