Айтматов ааламында


Ушул жылдын 23-24- ноябрында Санкт-Петербург шаарында "Чынгыз Айтматовдун дүйнөсү: глобализация жана маданият диалогу"-деген аталышта чоң жыйын болгону турат. Атагы аалам жарган жазуучубуз Айтматовдун сексен беш жылдыгын утурлай бул уюштурула турган иш-чарага жакында эле Россиянын Федерация Кеңешинин төрайымы В.Матвиенко кол коюп, ага көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү катышканы турат. Биздин маалымат боюнча бул иш-чарага КМШ өлкөлөрүнөн эки жүздөй депутат, андан тышкары бир канчалаган илимпоздор катышканы жатышат. Мындай жооптуу жана жогорку симпозиумдун демилгечилери биздин депутаттар.


Баңгиби же маңгиби…


Өткөндө "Дары сатып бизнес кылат"-деп бир катар бей өкмөт уюмдар кайрылуу жасап, Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиевага чабуул коюшту эле, ал азыр "көзөнөктү" башка жактан издей баштады. Анын айтымына ишенсек учурда баңгизатын колдонгондордун расмий саны 10592 болсо, катталбагандары 25-миңден ашуун экен. Алардын жетимиш пайыздан ашыгы героин колдонсо калганы "беркисинен"-дейт, эл өкүлү. Дамира Абазкановна "Тез аранын ичинде реаблитациялык борборлорду ачып, наркомандарды дарылабасак, бул өнөкөт өнүгүп кетет"-деп жер тепкилегенине караганда депутат айым пленардык жыйынга келбей эле "алыс" жерлерде наркомандарды санап жүрөбү деген ой кетет экен. "Инсулин" жыттанган жокпу?


Машкевич менен машташкан Келдибекович


"Ата-Журт" партиясынын лидери Акматбек Келдибеков эркин гезиттердин бирине "Машкевич - Кыргызстанда төрөлүп-өскөн патриот жигиттердин бири. Дүйнөлүк аты бар жигит. Машкевич экөөбүздүн ортобузда достук, адамгерчилик мамиле бар" деп "балп" эттирди. Мына тамаша! Дал ушул Александр Машкевич эгемендиктин алгачкы жылдарында Кыргызстандагы канчалаган завод-фабрикаларды талкалап, миллиондогон тонна темирди Кытайга пулдап, натыйжада миллионерге айланып, кийинчерээк Казакстанга куйрук түйбөдү беле. Ошого карабастан, "господин" Келдибековичтин Машкевичти кыргыздын патриот жигити санаганына жол болсун. Оппозиция лидеринин түшүнүгүнө ылайык, өлкө экономикасын талкалап, карапайым калкты итке миндирген немелер патриот экен да?! Албетте, Акматбектин Александрды байдын эрке кызындай мактаганына таңгалбайбыз. Себеби, анын финансылык колдоо алуу максатында июнь коогалаңынын башкы күнөөкөрү саналган Кадыржан Батыров менен Швейцарияда жолукканы, "Азияуниверсалбанкынын" экс-төрагасы Михаил Наделди көмүскөдө колдогон имиш-жүрүшү элдин эсинен өчө элек. Бу саам да, балким, Машкевичтен миллиондогон "долларбайды" бөктөрүп, "белекке" татыш үчүн анын "адвокаты" болуп, мактап-жактамайга өткөндүр? Неси болсо да, А.Келдибековдун Машкевич менен карым-катнашта жүргөнүн эч жашырбастан айтканына рахмат дейли...


Василий Ивановичтин карааны


УКМКнын мурдагы төрага орунбасары Артур Медетбеков азыркы оппозициянын көмүскөдөгү "администраторуна" айланганы айтылууда. Анткенинин себеби, жакында "Кыргызстандын сакталышы үчүн" кыймылынын жетекчиси Мукар Чолпонбаев айтыла берип ашмалтайы чыккан: курама өкмөттү отставкага айдоо, 1993-жылдагы Башмыйзамга кайтып баруу сыяктуу талаптарды койгон митинг өткөрүшү күтүлүүдө. Буга "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун жашыруун демөөрчүлүк кылат экен. Ал эми Артур Капарович эки беренди табыштырып, "жеңелик" милдетин жүда-а аткарыптыр. Ошентип, Артур акең "администратор" атка конуп отуруп калды. Отурганы жакшы, бирок, Артур Капарович дегенде апрель окуясынан кийин жарыяланган экс-ханзаада Максим Бакиев жана анын агасы Жаныш Бакиевдин телефондогу сүйлөшүүсү эске түшөт. "Телефон-гейт" чуусунда Максим Курманбекович Василий Иванович деген ысымды бир нече жолу атап, ал бийликти басып алып, контрреволюция жасоодо чечүүчү ролду ойноорун билдирген болчу. "Кыңыр иш кырк жылда" эмес, кырк күнгө жетпей ачыкка чыгып, Василий Иванович - Артур Медетбеков экени маалым болду. Эгер реваншисттердин планы жүзөгө ашканда Артур мырза вице-премьерлик же атайын кызматтын башына конмок экен. Өзүңөр деле салыштырып баккыла: арзыбаган кызмат үчүн бакиевчилердин заказын аткарып, элдин ынтымагын ойлобой бүлүк салууну көздөгөн адамдан кантип жакшылык күтүүгө болот? Оппозиция лидерлери ушундай адамдарга таянса, анда Ак үй "абысыңдарына" ишеним артуунун зарылчылыгы канчалык, ыя?


"Дүйшөндөргө" кулак кагыш


Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы Султан Турусбеков атындагы орто мектеби кайрымдуулук марафонун өткөрдү. Марафонго айылдын тургундары жана ошол айылдан чыккан улан-кыздар, райондун акимчилиги, окуу бөлүм башчысы жана башкалар катышты. Көк-Ой айылындагы, "Султан Турусбеков"-атындагы орто мектеби 1998-жылдын 17-октябрында ишке берилген. Буга чейин айылда атайын курулган мектеп болгон эмес. Ал эми ишке берилген мектептин пайдубалы 1989-жылы түптөлүп, дубалы жарым жартылай бүтүп, иштин калган бөлүгү 1996-жылдан 1998-жылга чейин жасалган. Ошол мезгилде мектептин курулуш материалдары сапатсыз болгондон улам, учурда мектептин төбөсү, эшик терезелири эскирип, айрым жерлери оңдоп-түзөө иштерине муктаж болуп турган. Марафонго жалпы элдерден жана демөөрчүүлөрдөн тогуз жүз миң беш жүз сом акчалай, айыл өкмөтүнүн атынан Айбек Мамытбеков мектепке бир жумшак мебель, Жумгал райондун акими Абылгазы Исагулов компьютер комплектисин, интернетке кошулуу жабдыктары менен мектепке "жөлөк таяк" кылышты. Эмне дейбиз, Жашасын 21-кылымдагы Дүйшөнчүлүк! Өкмөттүн бети кызарбаса анан эл эмне кылмак эле, туурабы?


Жарыгы бүттү дүйнөнүн...


Учурда коомчулукту катуу дүрбөлөңгө салып, "Жайсаң Үмөт уулунун варианты" делген ыйык "Манасыбызды" жазып, биринчи томдугун азыркы Бүбү-Мариям Муса кызына табыштап келген Шарипкул Эсенгулов жетимиш үч жашында дүйнө салды. Режиссер, обончу, уюштуруучу бул агабыз биринчилерден болуп Жумгалда Элдик театр уюштуруп, бир канчалаган өлкөлөрдү кыдырып келеген. Ал совет мезгилинде Жумгалдан эмес Нарындан бул турган Казакстанга чыга албай жаткан мезгилде, Шарипкул агабыз тигил жагы Европанын, Азиянын дээрлик өлкөлөрүн өзү түзгөн элдик театрын кыдыртып келген. Ак калпагын башынан түшүрбөй, жолуккан кишисине кыйгыл тамаша менен сүйлөгөн эл шайыры кечээ Чаек айлында жерге берилиди.