Кереге бир жашка толду


"Ачып көздү жумгуча, айтып оозду жыйгыча..." демекчи, бир жыл тоголонуп кетти. "Кереге.kg" деп аталган гезиттин жарык көргөнүнө туура бир жыл толду. Кыргызды кыргыз кылып, ысык-сууктан калкалап, тукумун өстүрүп, мамлекеттик туусун көтөрүп алганына дейре Боз үй деген ыйык үй кызмат кылбады беле. Боз үйдүн бүтүндөй салмагын кармап турган "дубалы" кереге эмеспи, ошол керегедей керилип кыргыздын керегине жарасын деп гезит атын "Кереге.kg" койгонбуз. Койгондон тарта ал асыл тилектен алыстабадык. Бир жылдык тарыхыбызда карапайым калктын ой-мүдөөсүнө ортоктош болуп, бийликтин билигин "бурап" турдук, кошоматтан, жармач ушак-шоудон, жеңил-желпи азгырыктан өзүбүздү сак-сактадык. Кыска убакытта белгилүү деңгээлде окурмандар катмарын калыптандырып, алардын азыноолак баасына татый алдык. Нуска кубалап, ыпластыкка, көрпенделикке алдырбай, көп гезиттин ичинде акырын агып келатабыз. Азырынча "отчет" ушул, ардактуу окурман...
Былтыр "Керегенин" пайдубалын түптөп атсак, "илибой" бийликтин ийнесине жамбашы даяр бир чо-оң коррупционер байкебиз: "Гезит деген өзүн актабайт, азыр гезиттен көп неме жок, эч ким окубайт, андан көрө мага "отдача" бергидей башка бирдеме болсо..." деп, кызылдай айныткан. Мээсинде керт башына гана пайда табуудан башка бир бүдүрү жок ал "акылдуу" чиновник журналист дегендин көөдөнүндө кандай жүрөк кан айлантып турарын кайдан түшүнсүн? Атүгүл жыл сайын жамгырдай дабыратып ЖОЖ чыгарып аткан журналисттер армиясын мамлекет кызмат менен камсыздай албасын да, журналист дегендин колунан соода-сатык же криминалдык пайда табуу келбесин да билбейт алиги "акылдуубуз".
Ооба, гезит көп. Ылайым көп болсун! Гезит окуган кыргыздын саны дагы көп болсун! Өсөлү...
Азамат КЫЯЗОВ







about | A Free CSS Template by RamblingSoul

30-май, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0530_1.htm on line 94

Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0530_1.htm on line 94

Warning: include(): Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0530_1.htm on line 94