Кеп кезек
Адил Турдукулов, "Прогресс" фондунун төрагасы:

"ТИМ ишин билбегендерди элчи кылууда..."


- Адил мырза, сиз Жапониядагы Кыргыз элчилигинде дипломат катары 3 жыл иштеп келдиңиз. ТИМдин бүгүнкү ишмердүүлүгү тууралуу кандай пикир айта аласыз?
- Жаны өкмөттүн башкы каталарынын бири бул миграция маселелерин Тышкы иштер министрлигине (ТИМге) берип койгону болду. Азыркы учурга чейин миграция маселесинде болгон өкмөттүн саясатын айтпай эле коелу, эл аралык так мамилеси аныкталган эмес. ТИМдин милдети өзүнүн тышкы өкүлчүлүктөрү аркылуу биздин жарандарыбыздын укугун коргоо боюнча иш жүргүзүш керек. Бирок, ТИМ биз күткөндөй иш аткара албай жатканы өкүнүчтүү. Акыркы маалыматтарга таяна турган болсок, Орусиянын жаранын алган кыргыздардын саны жарым миллионго чамалап калыптыр. Бул эбегейсиз чоң сан. Биздин бийлик төбөлдөрү "Адам ресурстары биздин эң башкы байлык"-деп тынбай айтып келсе дагы, тышкы мигранттарды мамлекетке алып келүү боюнча эч кандай аракет байкалбайт.
- Биз сөз кылып жаткан ТИМдин кадрдык маселесинде одоно мыйзам бузуулар болууда дегендер бар. Чын эле кадрдык маселелерди чечүүдө чоң кемчиликтер кетирилүүдөбү?
- Туура, кадрдык маселеси аксаган бойдон калууда. Жапонияга мамлекеттик кызматта бир жыл да иштебеген адамды, алып барып элчи кылып дайындап коюшту. Ал адамдын коюлушунун себеби, Тышкы иштер министринин орун басарынын күйөөсү экен…
- Ким экендигин тактап айтып кете аласызбы?
- Кемелова Динара Амантуровна деген ТИМдин орун басарынын күйөөсү Молдогазиев Рысбекти Жапонияга элчи кылып дайындап коюшту. Бул сыяктуу кадрдык саясаттын аркасында акыркы кездеги Жапония менен болгон экономикалык мамилебиздин өсүшү байкалган жок, өсүш болбойт дагы. Бир сөз менен айтканда ТИМ өз ишин мыкты билбеген адамдарды элчи кылып жөнөтүүдө. Биздин бажы кызматынын берген маалыматы боюнча 2011-жылдын ичинде Кыргызстандан Жапонияга, болгону 145 миң долларга бааланган буюмдар жөнөтүлүптүр. Бирок, Жапониянын маалыматына таяна турган болсок, биз айтып жаткан көрсөткүч сан 14 эсеге көбүрөөк, тактап айтканда, 2 млн. 40 миң доллар. Демек бул жерде биздин бийликтегилердин бажы тармагындагы көз боемочулугу, коррупцияга малынгандыгы иш жүзүндө мурунку абал боюнча калып жатканы даана көрүнүп турат. Үстүбүздөгү 2012-жылы Кыргыз мамлекети менен Жапония мамлекетинин ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын түзүлгөнүнө 20 жыл толот. Андыктан, быйыл президент Атамбаевдин ал өлкөгө расмий иш-сапары күтүлүп жатат. Мындай шартта Жапонияга эч кандай саясий деңгээли жок элчини коюу, бул Жапон мамлекетине карата көңүл кош мамиле жасагандык.
Маектешкен
Амантур Мусагулов




Чындык чыркырап...

Пирматовду жоопко тартууга негиз жокпу?


Башпрокуратура тарабынан эл өкүлү Исхак Пирматовго кылмыш иши козголгону маалым. Ошондой эле аталган орган "республикачы" депутатты мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу сунушун парламентке жолдогон. Мындан улам, ар бир фракциядан экиден өкүл кирген атайын комиссия түзүлүп, ал өткөн жумада жыйынтыгын чыгарды. Натыйжада комиссия Исхак Айтпаевичтин күнөөсү жоктугун аныктап, аны жоопкерчиликке тартууга макулдук берген жок. Бул окуяга карата пикир айткандар "Азаттык" үналгысына чыгышты. Айрымдары мынаке…


Галина СКРИПКИНА, атайын комиссиянын төрайымы, КСДП фракциясы:
- Башпрокуратура бизге берген негиздемесинде Пирматовго байланышкан фактылар далилденген жок. Биз эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгабыз. Биздин комиссиянын алдына бул иш менен таанышып, справка даярдоо милдети коюлган эле. Биз аны даярдап, эми депутаттардын кароосуна коюп жатабыз. Алар чечим кабыл алышы керек.
Улан ИСАКБЕКОВ, ЖКдагы "Республика" фракциясынын
басма-сөз катчысы:
- Бул комиссия эки жумадан ашык иш алып барды. Бул убакыт ичинде Пирматовго коюлган күнөөлөрдү козголгон беренелерге туура келеби, бул кишинин ишиндеги мыйзам бузууларды карап чыгышты. Бирок эч кандай далил таба алышкан жок. Ошондуктан, кылмыш иш козгоого негиз жок деген жыйынтык чыгарышты.
Кубатбек КОЖОНАЛИЕВ,
башпрокуратуранын ардагери:
- Бул органда (башпрокуратура) ишти билбеген адамдар отурат. Иштин жөнүн билген адамдар болсо башкача болмок эле. Алар саясий оппоненттерге козгогондой эле шыр-шыр козгоп жиберсе жыйынтык кандай болмок эле? Коррупцияга күрөш деп эле ишти чала-була изилдеп алышып, козгоп киришти. Мындай жол менен сотко барса деле жеңилет. Мындай жол менен Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөш деген саясатына түп-тамырынан балта чабышат.





кездүйнө


Сирияда бүт эркекке "үй түрмө"
Сирия өкмөтү 18-42 жашка чейинки эркек жарандарына мамлекетти таштап чыгууга тыюу салды. Мындай чечимди Сириядагы жергиликтүү журналдардын бири өлкөдө соңку жылдары болуп жаткан баш аламандыкка байланыштырган. Анткени, эгерде баш аламандык күч алса, мамлекет согушка жарамдуу мырзаларды мобилизациялашы зарыл болот. Илгерирээк эки жылдык аскердик кызматты өтөбөгөндөр жана аскер комиссариятынан атайын уруксат баракчасын алган жарандар гана өлкөдөн чыга алышчу, Эми армияда кызмат өтөгөндөрү да, өтөбөгөндөрү да сыртка чыгуу укугунан ажырады.

Россия АКШнын душманыбы?
Республикачылар партиясынан АКШ президенттигине талапкер Митт Ромни Барак Обама менен Дмитрий Медведевдин Сеулда өткөн саммиттеги сүйлөшүүлөрү тууралуу пикирин айтып жатып, "Россия Американын башкы душманы"-деген билдирүүсүн таратуу менен бирге ажо шайлоодогу атаандашы Барак Обаманы катуу сынга алды. Белгилей кетсек АКШ менен Россия президенттеринин жолугушуусунда Америка президенти Обама орус ажосу Медведевге АКШ Россия менен ракетага каршы коргонуу стратегиясындагы талаш-тартыштар боюнча бир пикирге келерин, бирок, шайлоодон соң гана мындай чечимдерди кабылдашын кыйыткан. Америка президентинин мындай билдирүүсү бир эле анын саясий атаандаштарын таң калтырбастан журналисттерде да бир топ суроолорду жаратты. Айрым маалымдоочу каражаттар "Бул сөздү Барак Обама президент болуп шайланганга чейин гана айтып жатат, ажолукка өткөн соң айткан сөздөрүн ошол замат унутат"-дешсе, кээ бирлери "Обама бийликке жетиш үчүн сырткы күчтөрдөн жардам суроого өттү"-деген. Дагы башкалары, "Мындай пикири менен Обама президенттик карьерасына чекит койду"-деген маалыматын таратышты. Ал эми Ак үйдүн басма сөз катчысы Джей Керни: "Ромни этияттанбастан сүйлөп, катачылыктарды кетирип алды. Россия менен Америка ракетага каршы коргонуу тууралуу таптакыр башка пикирлерди карманса да, баары бир өнөктөш катары кала берет. Душмандык жок"-деген сөздөрүн таратты.

Доминик сойкулар менен соо эмеспи?
Франциянын Лилля шаарынын прокуратурасы Дүйнөлүк Валюта Фондунун мурдагы башчысы Доминик Стросс-Канды сутенерлук менен алектенген деген айып менен доого жыгууда. Тергөөчүлөрдүн маалыматында Стросс-Кан Париж, Лилля, Вашингтон шаарларындагы мейманкаларга жеңил ойлуу кыздарды алып келип саткан. Алтургай мындай иш менен шугулданган бир нече шылуундар менен да мамилеси бар. Ошолор менен бирге ойго келгис иштерди жасаган деген маалыматтар айтылып жатат. Бул кылмышы аныкталса, Доминик мырза 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал эми анын жактоочусу Ришар Малька: "Менин кардарым өзүн күнөөлүү деп эсептебейт. Ага коюлуп жаткан айыптар негизсиз. Балким аны менен бирге бир кездерде "Карлтон" мейманканасында болгон кыз-келиндер сойку болушу мүмкүн" - деген пикирин билдирип 100 миң еврону күрөөгө коюп, аны убактылуу бошотуп алган. Бирок, буга карабастан Доминик Стросс-Канга байланыштуу дагы бир кылмыш иши Нью-Йорк шаарында козголо турган болду. Ал жакта мейманканада иштеген айымдардын бири "ДВФнун мурдагы жетекчиси мени зордуктаган"-деген айып менен сотко кайрылып, компенсация төлөп беришин талап кылууда.
Даярдаган Темирбек Матаев